Categories

Москвада дайынсыз жоголгон кыз турмушка чыгып алган

Москвада бир нече айдан бери туугандары менен кабарлашпай дайынсыз жоголгон Кыргызстандын 18 жаштагы тургуну кайда экендиги аныкталып табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, 2019-жылдын 17-июнь күнү дайынсыз жоголгон Т.Б. Москвадан табылган. Т.Б. аттуу өзүнүн түшүнүк катында Россиянын жараны, Баткен облусунун тургуну 2000-жылы туулган С.Б. аттуу менен жашап жаткандыгы, бирге чарбачылык менен алектенип жатышкандыгын билдирген. Ошондой эле ал жолдошу экөө үйлөнөбүз дегенди эки тараптын туугандары каршы чыгышканын, байлынышты үзүп сүйлөшпөй коюшкандыгын маалымдаган. Ошондуктан, ал туугандарын тынчтандыруу максатында кабарлашкан эмес. Бирок энеси Москвага келип калаарын ойлогон дагы эмес.

Териштирүүдөн кийин жашы жете элек кыз Москвада өзүнүн жарандык жолдошу менен калып, энеси болсо 2019-жылдын 18-июнь күнү мекендештеринин колдоосу менен кайра Кыргызстанга учуп келди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жогорудагыдай фактыны болтурбоо жана жакындарын адаштырып, күмөн ойлорду жаратпоо үчүн түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Ошондой эле ага ар убак туугандары менен байланышып туруусу сунушталды.

 
Categories

Чет өлкөгө качып кеткен судьяга издөө жарыяланды

Чүй облусуна караштуу Москва райондук сотунун мурунку төрагасы Марлес Феликс Кыргызстандан качып кетти. Бул маалыматты УКМК тастыктап, ага издөө жарыяланганын билдирди.

Феликс Марлес пара берүүгө айыпталып, өткөн жылдын күз айында кызматынан четтетилген. Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу макулдугун берген. Бирок тергөө иштеринин жыйынтыгында айыпкер өлкөдө эместиги аныкталган.

4-майда Биринчи май райондук сотунун судьясы шектүүнү сыртынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

 
Categories

Питер метросундагы теракт иши боюнча кыргызстандык жаранга издөө жарыяланды

Москванын Басман соту 16-апрелде Кыргызстан жараны Исламбек Тургуновду камоо боюнча сыртынан санкция салды. “Интерфакс” кабарлагандай, ал Петербург метросундагы терактка шектелгендердин бири. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Шектүү Орусияга жеткирилгенден же кармалгандан кийин эки айга камалат. Тургуновго “Террордук уюмга катышуу” беренеси боюнча айып тагылды. Ал эл аралык издөөгө алынды. 2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жардыруу болгон, андан 16 киши каза таап, жүздөй киши жабыркаган.

Жардырууну Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов ишке ашырганын Орусиянын укук коргоо органдары билдирип, Борбор Азиядан барган он чакты киши кармалган. Тергөөнүн версиясына караганда, 22 жаштагы орус жараны Акбаржон Жалилов 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросуна колго жасалган жарылуучу «бомба» алып кирген. Ал Кыргызстанда туулган өзбек улутундагы жигит. Ал бир «бомбаны» метронун платформасына таштаган, бирок ал жарылган эмес. Кийин полиция аны зыянсыздандырган.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Жалилов эки станциянын ортосунда вагондо экинчи «бомбаны» жардырган.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттигинин жазганына караганда, Аброр Азимов «чабуулду уюштурган» деп аныкталган, ал эми калган 10 киши «ага көмөктөшкөн» деп табылган. Аларга «террордук топко мүчө болгон жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жасап саткан» деген кине коюлду.

 
Categories

Волгоград полициясы качып кеткен аюну издеп жатат

Бүгүн эрте мененки саат 10 дон 45 мүнөт өткөндө жергиликтүү полицияга клетканы сындырып, качып чыгып кеткен аюу боюнча маалымат түшкөн. Мындай маалыматты  “Интерфакс-Юг” жазды.

Учурда жергиликтүү 15 полиция кызматкерлери автомат менен куралданып алышып, аюну издешүүдө. Качып чыккан жерден 5 чакырым алыстыктан анын изи табылганы кабарланууда. Ал болгону бир жарым жашта. Алексеев районунун егеринин үйүндө кармалып турган болчу.

 
Categories

Бишкекте Дастан Нурматов изделүүдө

Бишкек шаарында 2002-жылы төрөлгөн Дастан Нурматов аттуу бала изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, өспүрүм 19-февралда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Дастанды көргөн билгендер болсо Октябрь РИИБдин  төмөнкү номерлерине: 0312 54 41 84, 0555 01 17 17, 0550 10 22 38, 0554 10 21 47, 0553 10 28 39 чалып кабарлап коюну суранат