Орусия президенти Путиндин март айынын аягында Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапарын кыргыз бийлиги чыдамсыздык менен күтүүдө. Себеби, Путиндин  Кыргызстанга өткөн жылдын күз айларында эле келиши күтүлгөндөй болгон. Мындай маалымат ошол күндөрү  Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан айтылган менен күнү так белгилене электиги маалымдалган болчу. Путин өткөн жылдын октябрь айында Өзбекстанга жана Казакстанга келип,  үч президент Казакстандын Сарыагач шаарында жолугушкан.

Кыргызстанга келет- келбейт болуп, кыйгап өтүп кеткен. Андан соң жыл жаңырып келээри айтылган. Бирок, мындан кандайдыр бир кыйкым издеп кереги жок. Анткени, эки лидердин жолугушуусу үчүн алдын ала даярдыктар керек экенин эске алганда мыйзам ченемдүүлүк катары кабыл алышыбыз кажет.

Маселе, Кыргызстан үчүн канчалык пайдалуу болот дегенде? Анткени, буга чейинки эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдерде  жана Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ичинде Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбай калган деген кептер арбын айтылып келе жаткандыгы талашсыз.

Миграциянын деңгээлинде калган кызматташтык

Орусия – Кыргызстан кызматташтыгын эстегенде эле кыргыз чиновниктеринин эсине эмгек мигранттарыбыз эске келет. Атайын расмий түрдө жарым миллион деп айтылса, бир миллионго жакын атуулдарыбыз ал жакта оокат кылып жүрүшөт. Алардын эсебинен Кыргызстанга 2 млрд АКШ доллар жыл сайын келүүдө. Айрым саясатчылардын маалыматына караганда, ИДПнын өсүшүндө да которулган акчанын үлүшү бар экендиги айтылып келет. Бирок, тилекке каршы мындай маалыматка тийешелүү мамлекеттик мекемелер так жооп бербей келишет.

Эми биздин айтайын дегенибиз, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык да миграция маселесинен тыңгылыктуу жогору көтөрүлө албай келе жатканында. Кара тизме деген балээге баары барып байланып калгандай таасир калтырат.

Эмгек мигранттарга жеңилдик берилип жатат деген менен ал деле анча байкала бербейт. Учурда Казакстандык эмгек мигранттары менен биздин эмгек мигранттарыбызга ал жакта бирдей эле шарт  экендиги айтылып келет.

Путиндин келиши менен жергебизде аскердик багыттагы ишкананын ачылышына шарт түзүлөрүн эске албаганда, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун кайра баштоо, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бизге караганда Орусия үчүн кызыкчылыктуу экендиги талашсыз. Айрыкча жогорудагы темир жолдун курулушунун бир топ жылдардан бери кармалып келе жаткандыгынын негизги себеби да Орусиянын кызыкчылыгын эске алуу болуп келгендиги талашсыз. Президенттибиз Сооронбай Жээнбеков да Кытай- Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда Орусиянын көз карашы менен эсептешүү керек экенин айтканы бар. Кичинекей өлкөбүз үчүн мындай кадамга баруу зарылчылыгын четке кагууга болбойт.

Ал эми азырынча кыргыз бийлиги  Путиндин Кыргызстанга болчу сапарынын негизги жемиши катары орусиялык 500 гө чамалуу ири жеке ишкерлердин катышусунда форум өтөрүн жар салышууда. Маселе,  форумдан кийин канчалык ири долбоорлого кол коюуга жетише алабыз?

Инвесторлордун кызыгуусу артабы? Же болбосо Орусия лидери менен келип, кайра кете береби? Бул да азырынча суроо болуп туру.

Өткөн жылдын аягында Путиндин Өзбекстанга болгон сапары коңшуларыбыз үчүн бир топ жемиштүу болуп, жалпысынан 20 млрд доллардан ашык суммага бааланган долбоорлорго кол коюлду.

Өзбек туугандар 11 миллиарддык Атомдук электрстанциясын куруу долбооруна кол коюшту.

Ал эми жергебиздеги «Дастан», «Шквал», «Нур» өңдүү мурда аскердик куралдарды чыгарган заводдорду эске алганда аскердик ишкана ачууга анча деле ири инвестиция жумшалбашы белгилүү.