Categories

Кумтөр быйыл 18,2 тонна алтын өндүрөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушту. Жолугушууда кендеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды. Эгерде 2018-жылдын 9  айында ишканада 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл ушул убакыттын аралыгында 14,04 тоннаны түздү.  Жылдын аягына чейин алтынды өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү болжолдонууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кыргызалтын» ААКга дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир ирет көтөрдү.

Скотт Перри «Centerra Gold Inc.» компаниясынын түзүмүндөгү Кумтөр кенинин маанилүүлүгүн белгилеп, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көтөргөн маселелер жакынкы арада «Centerra Gold Inc.» компаниясынын Директорлор кеңешинин кароосуна киргизилерин кошумчалады.

 
Categories

Казакбаев: Инвестиция тартууда министрликтердин ишинде башаламандык бар

Инвестиция боюнча көп маселелер айтылып жатат. Инвестиция тартууда министрликтердин ишинде башаламандык бар. Канча жылдан бери биздин элчиликтерди, консулдарды туура корлдонуу боюнча кайрылып келе жатабыз. Мындай пикирин эл өкүлү Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутат Руслан Казакбаев: “Элчиликтер, консулдарга  айыл чарба же башка тармактардын кайсы багытына инвестиция алып келүү боюнча багыт берилиши керек. Долбоорлор англис, арап тилдерине которулуп берилиши зарыл.

Президент жазында элчилер менен болгон жолугушууда аларды маалымат менен камсыздагыла деген. Тийешелүү министрликтер даяр бир нече жүздөгөн долбоорлор бар экенин айтышкан. Чындыгында министрликтерде эч кандай долбоорлор болгон эмес. Бөлөк тилдерге которулбаган. Элчиликтерден сурагыла аларга долбоорлор барбай жатат”,-деди.

 
Categories

Аалы Карашев: Облустарга келген инвестициялардан чыгып кеткен инвестициялар бир нече эсе көп

Президентибиз эки жылы катары менен аймактарды  өнүктүрүү жылы деп жарыялап жатат. Аймактар өнүксө Кыргызстан өнүгөт. Мен ушуга байланыштуу инвестиция тууралуу айтайын деп жатам.

6 алты айда Ош облусуна 174 миң АКШ доллары инвестиция келген. Ошол убакта бир нече  эсе көп инвестиция 6, 06 млн. доллар чыгып кетип жатат. Талас облусуна 28,5 миң. доллар инвестиция келген.  Чыгып кеткени 3,5 млн. доллар. Нарынга 98 миң доллар инвестиция келген. 230 миң доллар чыгып кеткен.  Мындай пикирин депутат Аалы Карашев Жогорку Кеңештин жыйнында айтты.

Эл өкүлү Аалы Карашев: “Жалал- Абад облусуна 255 миң. доллар инвестиция келген. Бир гана ушул облуста азыраак чыккан.  Өкмөт буга катуу көңүл бөлүүсү керек. Ошол эле учурда сууга  бааны көтөрөбүз деп жатабыз. Кандай кылып көтөрөбүз”,-деди.

 
Categories

Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» донордук конференциясы өтөт

2019-жылдын 19-ноябрында Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук конференциясы өтөт. Анын ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Конференцияга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоого катыша турган 25 эл аралык уюмдардан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр чакырылган. Региондорду өнүктүрүү, инвестициялык климат, адам капиталын өнүктүрүү, суу ресурстарын комплекстүү башкаруу, климат жана өзгөчө кырдаалдар маселелери сыяктуу темалар аныкталганын белгиледи.

Ошондой эле донорлор менен биргелешип жасалган иштердин жыйынтыгы талкууланат. Бул багытта бир катар инфраструктуралык долбоорлорду макулдашуу жана ратификациялоо процедуралары жүргүзүлдү, бул биринчи кезекте суу менен камсыз кылуу тармагына байланыштуу. Мындан сырткары, Евразия өнүктүрүү банкынан кошумча 200 млн АКШ долларын тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан региондорду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду даярдоо иши башталды, алгач 60 млн АКШ долларга Ош облусунда ишке ашырылат, ал эки кластерге — агроөнөр жай комплексин жана региондун туруктуу туризмин өнүктүрүүгө багытталат.

 
Categories

Кытай карызынын сыры эмнеде?

Кытай өлкөсү акыркы убакта инвестиция берүү жагынан алдыга оозуп чыкты. АКШнын  Center for Global Development уюмунун эксперттеринин маалыматына караганда, Азия, Африка, Европа өлкөлөрүнүн Кытайга болгон карызы 8 триллион АКШ долларына жеткен. Жалпысынан 68 өлкөдө ар кандай долбоорлорду каржылоодо. Анын ичинде кедей өлкөлөрдүн төлөм жөндөмдүүлүгү төмөндүгүнө карабастан карыз берүүнү улантып келет. Башкы инвестордун мындай саясатына башы каткан саясатчылар да көп. Биринчиден, Кытай кайсы өлкөгө, эмнеге инвестиция салып жатканын абдан жакшы билет.Тымызын кызыкчылыктары айтылбаган менен өздөрүнө белгилүү.

Бир жагынан караганда, анын себеби деле жөнөкөйдөй сезилет. Акыркы жылдары катуу өнүгүп жаткан Кытай өлкөсүнө жаратылыш байлыктары, соода жолдору керек экендигин окумуштуулар айтып келишет. Экинчиден, жарды мамлекеттерге кубаттуу инвестор зарылдыгы кендирди кесип жатканы маалым. Каржыдан көзү карайлап турган өлкө үчүн бир курсагымды тойгузуп алармын, анан аркысын дагы көрө жатарбыз дегендей эле көр пенделик менен карыз алып жаткан мамлекеттер да жок эмес. Мындай учурлар  Кытайдын инвестиция берүү тарыхында көп эле учураган жана учурап келет. Элибизде тоок туурга жакын кукулуктайт дегендей карызды төлөө учуру келгенде “кукулуктап” калган өлкөлөр көп.

Алардын бири катары Шри- Ланка өлкөсүн мисалга алсак болот. Бүткүл Дүйнөлүк Валюта фондусунун маалыматына караганда, 2017 – жылы аталган өлкөнүн сырткы карызы 48,3 млрд. долларга жеткен. Ички дүң продукциянын 80 пайызына барабар. Анын ичинде Кытайдын карызы 8 млрд. АКШ доллары.

Учурунда Шри – Ланканын бийлиги карызын бере албай калып,  негизги делген Хамбантота портун китайдын China Merchants Port Holdings мамлекеттик ишканасына 99 жылга ижарага берүүгө аргасыз болгон. Ал үчүн Кытай тарап 1,1 млрд. АКШ доллар карызын гана кечкен. Муну дүйнө коомчулугу “карыз тору” деп атаган. Бул порт учурда Кытайдын негизги энергетика коопсуздугун сактап турат. Сыртка нефтинин экспорту да дал ушул маршурут аркылуу өтөт. Аймак Индиянын негизги соода жолдоруна жакын экендиги менен маанилүү.

Ушул эле учурда Кытай сырткы карыздарын кечип койгон учурлар кездешип келет. Буга чейин 35 Африка өлкөлөрүнүн 2,85 миллиард долларын кечкен. 2007 – жылы азиянын эң жакыр, өнүкпөгөн 49 өлкөсүнүн карызын кечкен. Анын ичинде Монголиянын карызын кечкен. Бирок, аларды кандай шартта кечкендиги ачыкка чыгарылган эмес.

Эми акыркы отуз жылдын ичинде өз эгемендүүлүгүнө жетишкен Борбордук Азия өлкөлөрү да Кытайдын инвестициясына муктаж болгондордун катарына кирет. Бул өлкөлөрдүн ичинен Казакстандын Кытайга болгон карызы  11млрд. доллар. Өзбекстандын карызы 3 млрд. доллар. Кыргызстандын карызы 1,7 млрд. доллар. Тажикстандыкы 1,2 млрд доллар. Бул ИДПнын 20 пайызына барабар.

Албетте Борбордук Азия өлкөлөрү өзүнүн аймактык жагынан жайгашкан орду менен айырмаланып келет. Ошондой эле суу, кен байлыктарына ээ болуу менен Кытай өлкөсү үчүн жаңы транспорттук байланыштарды түзүүдө кызыгууларды жаратары шексиз.  Башкаларын айтпаганда да Кытайдын Улуу жибек жолун кайра жаңыртууну каалаган “ Бир алкак-бир жол” долбоору үчүн Борбордук Азиянын мааниси канчалык экенин айтып түгөтө албасак керек.

“Бир алкак – бир жол” долбоору 60 мамлекет менен алака-катышты өнүктүрүүнү көздөйт. Бул соңку жылдардагы эң амбициялуу инвестициялык программалардын бири болуп калды. Анда Кытайдын алюминий, болот өнөр жайына, курулуш жана башка тармактарына жаңы рынокторду өздөштүрүү максаты жатат. Ал үчүн Европа менен соода жүргүзүүнүн жаңы маршруттары каралууда. Кытай аталган долбоорду ишке ашырууга миллиардаган каражаттарды болүп баштады.

 
Categories

Сынак комиссиясы 155 млн сомдон ашуун суммага 19 долбоорду жактырды

Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча сынак комиссиясы кезектеги жыйынында республикалык бюджеттен аймактарды өнүктүрүү максатында бөлүнгөн 2 млрд сомдун алкагында жалпы суммасы 155 млн 459 миң сомго 19 долбоорду жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сынак комиссиясынын төрагасы, вице-премьер-министри Замирбек Аскаров: “Ар бир аймактын өнүгүү үчүн өз дарамети бар. Алсак, Нарын облусунда биз мал чарбачылыгына басым жасайбыз, Ысык-Көлдө туризмге. Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында милдеттер жетиштүү. Башкылардын бири – жаңы ишканаларды ачуу. Бул чечим кошумча жумуш орундарын түзүп, аймактарды өнүктүрүүгө дем берет. Долбоорлордун санына эмес, сапатына көңүл буруу зарыл. Долбоорлордун сапатынан алардын кийинки натыйжасы көз каранды. Буга байланыштуу, сынак комиссиясы ар бир долбоорду талдап жатышат», – деди.

Кезектеги жыйындагы Сынактык комиссиянын кароосуна Баткен, Талас, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жалпы суммасы 600,0 млн сомдон ашуун 39 бизнес-долбоор сунушталган.

 
Categories

“Арал-Суусамыр” автожолун куруу үчүн инвестиция тартуу ыкчамдатылат

Бүгүн, 1-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Арал-Суусамыр” (узундугу 92 км) автожолун реабилитациялоо долбоору жана сметалык документтердин долбоорун иштеп чыгуу үчүн инвестиция тартуу маселеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында транспорт жана жолдор министринин орун басары Бактыбек Бердалиев Суусамыр  менен Арал айылдарынын ортосундагы жолдун узундугу 79,6 километрди, ал эми Бишкек-Ош трассасына чейин 92 километрди түзөөрүн белгиледи. Анын айтымында, азыркы тапта Транспорт министрлиги долбоорлук документтерди даярдап жатат. Ага ылайык, аталган жол Бишкек-Ош жолу менен Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун ортосунда туташтырма далис катары кызмат кылат.

Б.Бердалиев:  «Азыр биз Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун бүткөнгө чейин «Арал – Суусамыр» маршруту боюнча курулуш иштерин баштоо тууралуу донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз»,- деди.

Өз кезегинде бул маселени кароону демилгелеп чыккан депутат Тынчтыкбек Конушбаев  Өкмөттүн көз карашына нааразычылыгын билдирди.

Депутат Т.Конушбаев: «Парламентке келгениме 4 жылдын жүзү болду. Бул мезгил аралыгында аталган көйгөйдү бир нече ирет көтөрүп чыктым. Бул аралыкта бир топ министрлер алмашып кетти. Алардын баары бул долбоор жакын арада ишке ашырыларын, анын техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) иштелип чыккандыгын, болгону инвестор издөө маселеси калгандыгын билдиришкен эле. Эми болсо силер долбоорлук документтерди гана иштеп чыкканыӊарды айтып жатасыӊар. Кимге ишенебиз деги? Мындай мамилеӊер менен силер жолдорду эч качан куруп бүтө албайсыӊар»,- деди. Ал Транспорт министрлигин аталган долбоорду ишке ашырууну ыкчамдатууга чакырды.

Министрдин орун басары Б.Бердалиев аталган жолдун ТЭНи иштелип чыккандыгын, бүгүнкү күндө «Арал – Суусамыр» жолун реабилитациялоо долбооруна деталдуу план иштелип, ошондой эле донор уюмдар издеп жатканын тактады.

 
Categories

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында 1564 мекеме интернетке туташтырылды

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында «Кыргызтелеком» ААК мектептерди, айыл өкмөттөрдү, медициналык мекемелерди, почталык байланыш бөлүмдөрдү Интернет түйүнүнө кошуу үчүн була-оптикалык кабель тартуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Учурда Кыргызстанда 660 мектеп Интернет түйүнүнө туташтырылды

Санариптешүүнүн алкагында өлкөдөгү аймактык медициналык мекемелер бүткүл дүйнөлүк маалыматтык түйүнгө жеткиликтүү болот. Бүгүнкү күндө 643 медициналык мекеме (оорукана, бейтапкана, ГСМ, эмкана) кошулду. Бул дарыгерге электрондук түрдө жазылуу, так диагноз коюу үчүн анамнезди берүү (оорунун тарыхы жөнүндө маалымат, бейтаптын жашоо шарты, кандай илдет менен ооругандыгы ж.б.у.с,) жеринде  жаш медициналык кызматкерлер арасында семинарларды уюштурууну шарттайт. Жылдын аягына чейин 900гө жакын медициналык мекемени Интернет түйүнүнө туташтыруу пландалды.

Интернетке 292 айыл өкмөтү кошулду, жыл аягына чейин дагы 161 айыл өкмөт туташтырылат

«Кыргызтелеком» ААК Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн була-оптикалык байланыш линиялары боюнча Интернет түйүнүнө төмөнкүлөр кошулду:

– Башкы прокуратуранын 71 аймактык түйүнү;

– КР ИИМдин 113 пункту;

– КР ЖАМКтын 28 түйүнү;

– КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин 176 пункту,  аскер комиссариатынын 56 түйүнүн кошкондо;

– КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаменттин 115 аймактык пункту:

– Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 20 түйүнү.

Учурда КР ИИМдин алыскы аймактардагы 10 аймактык пунктун Интернетке туташтыруудагы техникалык мүмкүнчүлүктөрүн издөө боюнча жумуштар жасалууда. Ошондой эле  КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармылыгы маанилүү делген постторуна видеокамераларды орнотууга негиз боло турган  32 түйүндү Интернетке туташтыруу боюнча жумуштар жасалууда.

Кыргызтелеком 2019-жылдын аягына чейин 402 почталык байланыш бөлүмүн була-оптикалык кабель боюнча Интернетке туташтырууну пландап жатат. Почталык болүмдөрдү Интернет менен камсыз кылуу аркылуу КРдин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүсүнүн кулачы кеңейет (төлөмдөрдү кабыл алуу, электрондук почта жана башкалар).

 
Categories

Түз инвестициянын басымдуу бөлүгү Кытайдан келүүдө

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2018-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөн.  Бул негизинен Кытайдан 7,4 пайызга, Нидерланддан 2,2 эеге, Түркиядан 1,4 эсеге, Улуу Британиядан 23,8 пайызга жана Швейцариядан 5,9 пайызга  өсүшүнүн эсебинен жүрдү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетти билдирди.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң көп үлүш Кытайга туура келет. Кытайдан келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялар 69,8 пайыз, Нидерландга 7,6 пайызы, Улуу Британияга 4,3 пайызы, Түркияга 3,3 пайызы жана Швейцарияга 3,0 пайызы туура келет.

 
Categories

Түз инвестициялардын келип түшүү агымы 48,9 пайызга көбөйдү

2019-жылдын январь-мартында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 48,9 пайызга көбөйдү жана 176,7 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 6,9 млн.долларга ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы  билдирди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу резидент эместерден алынган кредиттердин, ошондой эле соода кредиттеринин көлөмдөрүнүн көбөйүшү белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (92 пайыздан көбү) геологиялык чалгындоого, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, маалымат жана байланышка, дүң жана чекене соодага, иштетүү өндүрүш ишканаларына, ошондой эле, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого – 4,4 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 4,1 эсеге, маалымат жана байланыш – 2,1 эсеге, дүң жана чекене соода ишканаларына – 22,9 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта инвестициялар  иштетүү өндүрүш ишканаларына – 6,0 эсеге төмөндөдү.