Categories

Украинанын Винница шаарында кыргыз-украин бизнес-форуму өткөрүлдү

Украинанын Винница шаарында Кыргызстандын ын Украинадагы Элчилиги,  Соода-өнөр-жай палатасынын Украинадагы өкүлчүлүгү жеңил өнөр-жай багыты боюнча биринчи кыргыз-украин бизнес-форумун өткөрдү.

ТИТМИден алынган маалыматка караганда, элчи Ж.Шарипов  Кыргызстандын инвестициялык абалын жана жеңил өнөр-жайдын өнүгүүсү жөнүндө маалымат берип, украиналык компанияларды биздин улуттук экономикага инвестиция жасоого жана кыргыз өнөктөштөр менен биргелешкен өндүрүш ишканаларды ачууга үндөдү.

Ошондой эле, катышуучулар Кыргызстандын жана Украинанын эки тараптуу өнөктөшүүсүндө ийгиликтерди жаратуучу келечектеги алдыңкы долбоорлор жөнүндө маалыматтарды жана презентацияларды көрсөтүштү.

Украинанын бизнес чөйрөсүндөгү ишкерлер менен В2В жолугушуулар уюштурулду. Кыргыз ишкерлерине Украинанын тажрыйбасы менен танышуу жана үйрөнүү максатында Винница областындагы ири текстил тармагындагы «Володарка» жана «Калина» ишканаларына экскурсия уюштурулду. Бизнес-форумдун катышуучулары Киев шаарында өткөн «Kyiv Fashion» жана «Ukrainian Fashion Week» Эл аралык көргөзмөлөргө катышышты.

Бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ЖИА бизнес-ассоциациясы менен Украинанын жеңил өнөр-жай ишканаларынын ассоциациясы «Укрлегпром» ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

 
Categories

Кытай компаниясы Кыргызстандан кургатылган мөмө жемиш өндүрүүчү өнөктөштөрдү издөөдө

Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги кытайлык «BG International (Hong Kong) Co. Ltd» компаниясынын сатып алууну уюштуруу менеджери менен жолугушту.

Жолугушуунунун алкагында кытайлык «Guangxi Beibu Gulf International Port Group Co., Ltd» корпорациясынын туунду «BG International (Hong Kong) Co. Ltd» компаниясынан кыргыз ишкерлери менен кургатылган мөмө жемиштердин соода сатык итерин жүргүзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Аталган компания кыргыз ишкерлери менен төмөндөгү продукцияларды сатып алууга даярдыгын билдиришти.

-кургатылган бадам;

-кургатылган тазаланган же тазаланбаган мисте;

кургатылган тазаланган же тазаланбаган жаңгак;

-ачуу жана таттуу бадам;

-мейиз;

-кургатылган (өрүк, кайналы ж.б.)

Ошол себептен кызматташууга кызыкдар болгон ата мекендик ишканалардын өздүк жана коммерциялык маалыматтарын «BG International (Hong Kong) Co.Ltd» компаниясына жиберүү өтүнүчүн билдиришти. Ошондой эле Кытайлык компания Кыргызыстандан ишенимдүү, ортомчулук иш алып барбаган жана келишимге жараша үзгүлтүксүз жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар өнөктөш табууга тилектеш экендигин билдирди.

Буга байланыштуу Айыл чарба министрлиги «BG International (Hong Kong) Co.Ltd» компаниясына тийиштүү маалыматтарды жиберүү максатында көрсөтүлгөн “анкетаны толтурууну” сунуштайт.

Анкетаны толтуруу- https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdneu9WKgRqogXGZRIaJjhvO4_V9xiIisfozLuhJzkBCfGrIw/viewform

«Guangxi Beibu Gulf International Port Group Co., Ltd» корпорациясынын официалдуу сайты

http://www.bbwgw.com/cms/category/446.dhtml

 
Categories

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду быйыл ишкерликти каржылоону көбөйтөт

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду  2020-жылы ишкерликти каржылоонун көлөмүн 105 млн. АКШ долларына чейин жеткирүүнү максат кылууда. Мындай маалыматты Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Эркин Асрандиев: “Жалпысынан бизнес-чөйрөдө активдүүлүк тенденциясы байкалууда. Түзүлгөндөн бери Фонддун колдоосусунун жалпы көлөмү 379 млн АКШ долларына жетти. Алардын ичинен каражаттын үчтөн эки бөлүгү артыкчылыктуу багыттарга — агроөнөржай комплексине, өндүрүш тармагына жана туризмге багытталууда», — деди.

Ал 2019-жылы Баткен, Талас жана Нарын облустарында үстүбүздөгү жылы бүтүрүлө турчу стартап-каржылоо боюнча атайын долбоорлор ишке киришкенин кошумчалады.

Мындан тышкары, Фонддун 2020-жылга карата өзгөчө максаты кластердик программаларды каржылоо болуп саналарын белгиледи. Кластер — өз ичине айыл чарба продукциясын өстүрүүдөн баштап, дүкөнгө жеткенге чейинки этапты камтыган өзүнчө сектор.

 
Categories

Азия өнүктүрүү банкы “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбооруна 100 млн доллар бөлөт

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда насыялык жана гранттык макулдашуулардын долбоорлору боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Өкмөттүн маалыматына караганда, Азия өнүктүрүү банкы “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууга 100 млн доллар көлөмүндө каражат бөлөт, анын ичинде жеңилдетилген насыя – 60 млн доллар, гранттык каражат – 40 млн доллар. Насыя 1, 5 үстөк пайызы менен 32 жылдык мөөнөткө берилүүдө.

Өнөр жай жана энергетика комитетинин өкүлү бул каражатка Үч-Коргон ГЭС толугу менен кайра курулуп, 35-40 жыл аралыгында 216 МВт көлөмүндө электр энергиясын өндүрө алат. Белгилей кетсек, Үч-Коргон ГЭСи – Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын алгачкысы – 1961-жылы пайдаланууга берилген. Анын кубаттуулугу – 180 МВт. Электр энергиясын орточо жылдык иштеп чыгаруусу – 1 млрд 20 млн кВт/саат. Өткөн 57 жылда негизги курулмалар менен жабдуулар толугу менен эскирди. Ошондон улам, ГЭС модернизациялоого муктаж. Анын алкагында негизги курулмаларды калыбына келтирүү, гидромеханикалык жана электротехникалык жабдууларды, ошондой эле көмөкчү жабдуулардын бөлүгүн  калыбына келтирүү зарыл.

 
Categories

Кыргызстан 25 жылдын ичинде 2 млрд. 873 млн доллар грант алган

Кыргызстан 1993-2018-жылдар аралыгында 10 млрд. 193 млн. доллар көлөмүндө гранттык жана насыя каражаттарын алган, анын ичинде насыялар – 7 млрд. 320 млн. доллар, гранттар – 2 млрд. 873 млн. доллар. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 1993-2018-жылдары  өкмөтү тарабынан алынган кредиттердин жана гранттардын пайдаланышы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Акылбек Жапаров:  “Ал эми техникалык жана гуманитардык жардамдар жаатынжа эмнегедир бирдиктүү маалымат жок. Ошондой эле, Өкмөт тарабынан алынган насыялык жана гранттык каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган болгон эмес», – деди.

 
Categories

Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолун Сауд Арабия өлкөсү каржылайт

Бул тууралуу Президентик Аппараттын стратегиялык  өнүктүрүү, экономика жана финансы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев маалымдады. Мындай келишим президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабия Королдугуна болгон сапары учурунда түзүлгөн.  Данияр Иманалиев: “«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар, анын ичинде Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолу,Түп-Кеген жолу менен бул трассаны байланыштыруучу Корумду айылынан Балбай айылына чейинки бөлүк боюнча да документтерге кол коюлду. Түп-Кеген жолу, белгилүү болгондой, негизги артериялардын бири болуп саналат жана келечекте Казакстан менен Кыргызстанды байланыштырат. Бул Ысык-Көл облусу менен жалпы өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», — деди.

 
Categories

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү көбөйдү

2019-жылдын январь-сентябрында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 67,3 пайызга көбөйдү жана 576,8 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 63,3 млн.долларга (2018-ж. январь-сентябрында – 16,8 млн. долларга) ашты. Статистикалык комитеттин маалыматына караганда, тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (96 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган.

Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого – 3,3 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 2,3 эсеге, дүң жана чекене соода ишканаларына – 25,0 пайызга көбөйдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйдү, бул негизинен алардын Канададан (22,3 эсеге), Улуу Британиядан (2,9 эсеге), Кытайдан (1,7 эсеге) жана Нидерланддан (17,8 пайызга) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 37,3 пайызы), Канадага (19,9  пайызы), Улуу Британияга (13,2 пайызы), Нидерландыга (8,1 пайызы) жана Түркияга (4,4 пайызы) туура келет.

 
Categories

Кумтөр быйыл 18,2 тонна алтын өндүрөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушту. Жолугушууда кендеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды. Эгерде 2018-жылдын 9  айында ишканада 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл ушул убакыттын аралыгында 14,04 тоннаны түздү.  Жылдын аягына чейин алтынды өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү болжолдонууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кыргызалтын» ААКга дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир ирет көтөрдү.

Скотт Перри «Centerra Gold Inc.» компаниясынын түзүмүндөгү Кумтөр кенинин маанилүүлүгүн белгилеп, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көтөргөн маселелер жакынкы арада «Centerra Gold Inc.» компаниясынын Директорлор кеңешинин кароосуна киргизилерин кошумчалады.

 
Categories

Казакбаев: Инвестиция тартууда министрликтердин ишинде башаламандык бар

Инвестиция боюнча көп маселелер айтылып жатат. Инвестиция тартууда министрликтердин ишинде башаламандык бар. Канча жылдан бери биздин элчиликтерди, консулдарды туура корлдонуу боюнча кайрылып келе жатабыз. Мындай пикирин эл өкүлү Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутат Руслан Казакбаев: “Элчиликтер, консулдарга  айыл чарба же башка тармактардын кайсы багытына инвестиция алып келүү боюнча багыт берилиши керек. Долбоорлор англис, арап тилдерине которулуп берилиши зарыл.

Президент жазында элчилер менен болгон жолугушууда аларды маалымат менен камсыздагыла деген. Тийешелүү министрликтер даяр бир нече жүздөгөн долбоорлор бар экенин айтышкан. Чындыгында министрликтерде эч кандай долбоорлор болгон эмес. Бөлөк тилдерге которулбаган. Элчиликтерден сурагыла аларга долбоорлор барбай жатат”,-деди.

 
Categories

Аалы Карашев: Облустарга келген инвестициялардан чыгып кеткен инвестициялар бир нече эсе көп

Президентибиз эки жылы катары менен аймактарды  өнүктүрүү жылы деп жарыялап жатат. Аймактар өнүксө Кыргызстан өнүгөт. Мен ушуга байланыштуу инвестиция тууралуу айтайын деп жатам.

6 алты айда Ош облусуна 174 миң АКШ доллары инвестиция келген. Ошол убакта бир нече  эсе көп инвестиция 6, 06 млн. доллар чыгып кетип жатат. Талас облусуна 28,5 миң. доллар инвестиция келген.  Чыгып кеткени 3,5 млн. доллар. Нарынга 98 миң доллар инвестиция келген. 230 миң доллар чыгып кеткен.  Мындай пикирин депутат Аалы Карашев Жогорку Кеңештин жыйнында айтты.

Эл өкүлү Аалы Карашев: “Жалал- Абад облусуна 255 миң. доллар инвестиция келген. Бир гана ушул облуста азыраак чыккан.  Өкмөт буга катуу көңүл бөлүүсү керек. Ошол эле учурда сууга  бааны көтөрөбүз деп жатабыз. Кандай кылып көтөрөбүз”,-деди.