Categories

Азирети Муфтий Абу-Даби шаарында V форумга катышууда

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бириккен Араб Эмирликтеринин Абу-Даби шаарында өтүп жаткан «Мусулман коомчулуктарында тынчтыкты бекемдөө» аталышындагы  V форумга катышууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык форум алкагында катышуучулар азыркы Ислам үмөтүнүн биримдиги, дүйнөлүк баалуулуктарды жайылтуу сыяктуу маселелер боюнча пикир алмашууда.

«Мусулман коомчулуктарында тынчтыкты бекемдөө» аталышындагы  V форумга дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн дин аалымдары, серепчилер жана конфессия өкүлдөрү катышып, экстремизмдин алдын алуу, тынчтыкты орнотуу жана биргеликте иш алып баруу маселелери каралууда.

 
Categories

Окумуштуулардын айтымында түйүлдүктө жаткан баланын ДНКсын өзгөртүүгө болот

Кытайлык окумуштуу Хэ Цзянькуй түйүлдүктө жаткан кезинде  ДНКсы өзгөртүлгөн дагы бир наристе жарыкка келери тууралуу жарыялады. Аалымдын айтымында, төрөлүүчү баланын апасы кош бойлуулуктун акыркы айларында, мындай учурда алдын ала бир нерсе  айтуу  кыйын.

Associated Press агенттиги 28-ноябрда берген маалыматында, мындан мурда да  Хэ Цзянькуй ДНКсы өзгөртүлгөн эгиз кыздардын туулгандыгын айткан.

Цзянькуйдин айтымында, ал эгиз кыздардын ДНКсын өзгөчө технологиянын жардамы менен өзгөртүп, атасынан өткөн ОИТВ оорусунан аарылтууга жетишкен.

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө гендерди мындай изилдөөлөргө колдонууга тыюуу салынган, бирок Кытайда бул нерсеге уруксат берилген.

Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо улуттук комиссиясы Хэ Цзянькуй өткөргөн изилдөөлөрдүн канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин текшерүү керек деп билдирген.

 
Categories

Сиам эгиздеринин бири Гита Резаханова 30 пара Куранды жаттап алган

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Ош шаарындагы Саида Хадича кыздар медресесинде окуп, Куран жаттаган Сиам эгиздеринин бири  Гита Резахановадан кабар алды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Гита Резаханова Саида Хадича кыздар медресесинде билим алуу менен биргеликте араб тилин дагы мыкты деңгээлде  өздөштүрүүдө. Муну менен катар ал китеп окуу боюнча бир нече конкурстарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Сиам эгиздеринин бири  Гитаны зыярат кылуу учурунда Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын атынан акчалай жардам жана китеп белек кылды.

Акимжан ажы Эргешов: “Ош облусундагы диний окуу жайлардагы кошумча кесиптик билим берүү долбоорунун ишке ашуусун көзөмөлдөө жана тажрыйба алмашуу учурунда атайын Гита айымды зыярат кылып, анын ал абалынан жана окуусунан кабар алдым. Гита айым абдан жакшы окуп жаткандыгына күбө болуп, өзүм аябай ыраазы болдум. Эң жетишкендиги 30 пара Куранды жаттап алыптыр. Гита айым кээде түгөйү Зитанын түшүнө кирип, Куран жаттагынына ыраазы болгондугун укканымда көзүмө жаш тегеренди”,-деди.

 
Categories

Кыргызстандык ойлоп табуучулар жасалма кол жасашты

Кыргызстандык программисттер дарыгерлер менен бирге уникалдуу бионикалык протез кол иштеп чыгышты.

Авторлор протез, азыркы мезгилде чыгарылып жаткандардан ыңгайлуу жана баасы кыйла арзан экенин айтышууда. Учурда адамдын колу аткара турган функцияларды толугу менен протез колго өткөрүү аракети тынымсыз уланууда. Илимпоздор муну менен эле токтоп калчудай эмес.

Билек микрохирургу жана ойлоп табуучу Султан Тукешов “Биз бул ишти практика жүзүндө кыздын колуна тагып көрдүк. Колдун кыймылдаганын, аткарган ишин көргөндө ал жерде тургандардын баарынын көзүнөн сүйүнгөндөрүнөн жаш агып кетти. Андан кийин бул доолбоорду аягына чыгаруу зарыл экенин, биз туура иш жасап жатканыбызды дагы бир жолу билдик. Колду тагынган адамда жашоого башкача көз караш пайда болот. Мындайча айтканда үмүт пайда болот.

Бул ишти эки программист жана төрт дарыгер жыл башында биригип, баштаганбыз. Алгач чет элдик тажрыйбаларды изилдеп чыктык. Андан кийин ишти баштаганбыз. Эмгегибизден минтип ийгилик жаралып отурат”- деди.

 
Categories

Муфтият 11-10 ноябрда диний окуу жайлардын мүдүрлөрүн Бишкекте окутат

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2018-жылдын  10-11-ноябрь күндөрү  Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» медресесинде өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн  «Диний билим берүүнүн коомдогу орду» аталышында окуу семинарын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Окуу семинардын ачылыш салтанатына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев,  «Бүткүл дүйнөлүк Куран жана Сүннөт» уюмунун өкүлү  доктор  Ахмад Сайфуддин Туркистаний катышмакчы.

Семинар республикалык мааниде болуп жаткандыктан бул күнү келчи коногубуз пайгамбарыбыздын САВ акыйкат пайгамбар экендигин таанытуу, пайгамбарыбыздын САВ сүннөт жолун жайылтуу жана пайгамбарыбызды САВ коргоо туурасында өзүнүн сабагын өтөөрү күтүлүүдө,-деди КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов.

Муну менен катар семинар алкагында окутуунун жаңы усулдары, окуу программасын жакшыртуу жана бирдиктүү окуу программасын тереңдетип үйрөтүү, билим берүү сапатын жогорулатуу менен студенттердин кызыгуусун арттыруу, заманбап технологияларды колдонуу менен диний окуу жайлардын шарттарына көтөрүү маселелери кармалмакчы.

 
Categories

Ж. Турускулов: “Плагиат докторлор, кандидаттар пайда болду”

Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов окумуштуулардын илимий иштери жасалма болуп жатканына көңүл бурду.

Ж. Турускулов: Азыркы кезде жасалма докторлор, кандидаттар пайда болду. Айрым кыргыз окумуштууларынын илимий эмгектери плагиат экенин  россиянын “Диссернет” коомчулугу айтып чыкты.

Жогорку аттестациялык комиссиянын курамында 13 киши бар экен. Аларды алмаштыруу керекпи? Бул маселени караш керек. Бишкек шаарынын вице-мэри  Эркинбек Исаковдун илимий эмгеги плагиат экендиги айтылган. Ал киши экономика илимдеринин кандидаты.

Эске сала кетсек, “Диссернет” коомчулугу  Э. Исаковдун илимий эмгеги , Дагестандык окумуштуу, Россиянын президенттик администрациясынын кызматкери  Магомедсалам Магомедовдун эмгегинен көчүрүп  алынгандыгын белгилеген.

 
Categories

Москва шаарында Эл аралык Куран жарышына Жалил уулу Шергазы катышууда

Москва шаарында өтүп жаткан XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышууда. Учурда 30дан ашуун мамлекеттен келишкен каарылар ыйык Куранды жатка билүү боюнча ат салышып, жеңүүчүлөр «Хафиз» наамына ээ болушмакчы. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ал эми XIX Эл аралык Куран жарышынын жыйынтыгы 21-октябрь күнү Москва шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында өтүп, анда көрүүчүлөр Орусия Муфтийлер Кеңеши тарабынан чакырылган  «Афганистандын алтын үнү» Абдуль-Кабир Хайдари, ыйык  Харам мечитинин имамы Шейх Хасан Бухари жана белгилүү каары шейх Амир аль-Мухальхаль сыяктуу дүйнөгө белгилүү хафиздердин Куран окууларына күбө болушмакчы.

 
Categories

Максатбек ажы Токтомушев Каирде өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышууда

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк фатва берүү секретариатынын «Практика менен теориянын ортосундагы фатваны жаңыртуу» аталышындагы 4- эл аралык конференцияга катышууда.Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык конференцияны Египет мамлекетинин дин иштери боюнча башкармалыгы уюштуруп, ага 73 мамлекеттен Азирети Муфийлер, дин аалымдары катышып, дүйнө жүзүндө салттуу Ислам дининдеги фатванын орду, фатванын жаңылануусу темаларынын алкагында докладдарын окушууда.

Эл аралык конференция 3 күнгө созулуп, анын алкагында бардык катышуучулар фатва маселесине тиешелүү суроолорду талкуулашып, анын коомду ордун жана тынчтыкты сактоодогу максатын терең карап чыгышмакчы.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын октябрь айыда Каир шаарында өткөн «Фатванын стабилдүүлүктү сактоодо ролу» аттуу эл аралык конференциянын алкагында дүйнөлүк фатва берүүчү аалымдардын курамынан турган бүткүл дүйнөлүк фатва берүү секретариаты Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди мүчөлүккө кошкон. Бүткүл дүйнөлүк фатва берүү секретариатынын курамы Ислам борборлору, муфтийлер жана дүйнөдөгү фатва берүү мекемелеринин мүчөлөрүнөн куралган.

 
Categories

Кыргыз окумуштууларынын илимий эмгектери плагиат экендиги айтылды

Буга чейин кыргызстандык окумуштуулардын илимий эмгектери боюнча сын пикирлер айтылып келгени маалым. Орусиялык окумуштуулардын эмгектерин көчүрүп алуулар болгондугу маалымат каражаттарында каңгууланган болчу.

Эми Кыргызстандык окумуштуулардын диссертацияларында плагиат табылгандыгын орусиялык “Диссернет” уюму маалымдоодо.

Ал маалыматтарга караганда, “Диссернет” уюму Орусияда миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн. Иликтөөчүлөр кыргыз окумуштууларынын 600дөй диссертациясын текшерип, көчүрүп алынганын аныкташкан. Кыргызстандык илимпоздордун көбү аткаминерлер.

Алар плагиат эместигин айтышууда. Ал турсун иликтөө жүргүзгөн орусиялык “Диссернет” уюмун алдамчы деп аташууда.

Ошол эле учурда Кыргызстандык окумуштуулардын айрымдарынын пикирине караганда, Кыргызстанда илимий эмгектерди жактоо жана илимий макам алуу – коррупцияга белчесинен батып калган.  Ал диссертациялык кеңеш мүчөлөрү талапкерлерден акча аларын белгилейт. Илимий даража канчалык жогору болсо, тариф дагы ошончолук кымбат.

 
Categories

Эл аралык симпозиум «Орто Азиядан чыккан аалымдардын ислам цивилизациясына кошкон салымы»

Бишкекте «Орто Азиядан чыккан аалымдардын ислам цивилизациясына кошкон салымы» аталышында эл аралык симпозиум башталды .

10-12-октябрь күндөр аралыгында борбор калаа Бишкекте уюштурулган симпозиумга чет мамлекеттен келген жана жергиликтүү окмуштуулар катышууда.

Семпозиумда Хоросан жана Мавераннахрдан (Орто Азия) чыккан аалымдардын ислам дүйнөсүнө кошкон салымдары, калтырып кеткен баа жеткис эмгектери, илимий изилдөөлөрү жана ошондой эле медицина, астрономия, математика сыяктуу табигый билимдердин өнугүүсүнө кошкон салымдары чет мамлекеттен келген окмуштуулар жана жергиликтүү илимпоздор тарабынан  талкууланууда.

Симпозиумга АКШ, Казакстан, Кыргызстан,Өзбекстан, Татарыстан жана Түркиядан келген илимпоздор катышып жатат. Семинарда берилген баяндамалар, китеп болуп басылып чыгарылат.

Бердибек  Шекербек уулу