Categories

АЙДАНА ОТОРБАЕВА ӨЗГӨЧӨ СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ

Дүйнөлүк Кесипкөй футболчулар ассоциациясы кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаевага “Баатыр” деген атайын сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды. Оторбаева Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын 2020-жылдагы сыйлыгына талапкерлердин бири катары көрсөтүлгөн. Ассоциация 18-февралда талапкерлердин арасынан жеңүүчүлөрдү тандап, “Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык” сыйлыгына илинбей калган кыргызстандык футболчуга өзгөчө наам ыйгарышты.

FIFPROнун сайтында спортчу кыздын Кыргызстанда пандемия күчөп турган маалда ыктыярчылардын тобун түзүп, өмүрүн тобокелге салып, элге жардам берген каармандыгы айтылган. Тандоо комиссиясы анын каармандыгы өзгөчө наамга татыктуу экенин белгилешкен.

Айдана Оторбаева – Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөсү катары бир нече эл аралык оюндарга катышып, ийгилик жараткан. Ал учурда өзүнүн футбол мектебин ачкан. Ал – Кыргыз Республикасынын футбол боюнча спорт чебери.

 
Categories

АТАКТУУ ФУТБОЛЧУ АЙТКАНЫН КЫЛБАДЫ

Заманыбыздын эң атактуу футболчуларынын бири аталган Аргентиналык Леонел Месси акыркы айда футбол күйөрмандарынын арасында абдан чоң шум жаратты.
Анын себеби Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында “Барселона” футболдук клубу “Бавария” футболдук клубуна абдан чоң 2-8 эсебинде жеңилиши болгон.
“Барселона” жана анын күйөрмандары мындай кайгылуу окуяга акыркы кырк жылдан бери туш боло элек болчу.
Ошондон улам Леонел Месси тойдум байдын кызына дегендей “Барселонадан” эми биротоло кетемин” деп аябай катуу жарыя кылып айткан болчу.
Ал ушинтип ишенимдүү айткандан кийин анын күйөрмандары аталган клубдан кетпешин өтүнүшкөн.
Ошондой эле Каталониянын президенти баш болуп ” Барселонаны” Мессисиз элестетүү мүмкүн эмес дегенчеликке барган.
Жада калса Месси “Барселонанын” президенти Жозеп Бартомеунун кетишин талап кылган.
Натыйжада эч нерсе өзгөргөн жок.
Месси да калды, Бартомеу да калды.
Месси өзүнүн калышын көп жылдан бери ойноп келген клубу менен соттошууга батына албагандыгын жана үй бүлөсүнүн Барселона шаарынан көчүүгө каршы болгондугу менен түшүндүрдү.
АТАКТУУ ФУТБОЛЧУ АЙТКАНЫН КЫЛБАДЫ

Не деген менен буга чейин да бир нече жолу “кетем” деп кетпей кала берген атактуу футболчу бул ирет да канчалык катуу айткандыгына карабай кайра эле калып калды.
Ортодо Европанын канчалаган байманалуу футболдук клубтары көздөрүн кытыштырып, колдорун ушалап күтүшүп кала беришти.
Бул жагынан Мессиге караганда “атаандаштар” аталган дагы бир атактуу футболчу Криштиану Роналду чынында эр экен.
Анткени ал мындан эки жыл мурун “Реал” футболдук
клубунун президенти Флорентино Перес менен пикир келишпестиктен улам аталган клубду таштап, Италиянын “Ювентус” клубуна баса берген.

АТАКТУУ ФУТБОЛЧУ АЙТКАНЫН КЫЛБАДЫ