Categories

ГҮЛНАРА-КЛАРА САМАТ КР ОРУСИЯДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ БОЛДУ

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдады. Гүлнара-Клара Самат 2018-жылы май айында “Ата Мекен” партиясынан мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна депутат болуп келген.

 
Categories

Дипломаттар жолугушуусу

2020-жылдын 10-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиев менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн министрликтеринин координацияланган жана натыйжалуу ишинин натыйжасында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө олуттуу оң динамика бар экендигин белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдерди талкуулашып, тез арада практикалык иш-чаралардын планына (Жол картасына) кол коюу зарылдыгын белгилешти.

Өзбек тарап кайра иштетүү чөйрөсүндө, мөмө-жемиш,текстиль продукцияларын, айыл чарба техникаларын, курулуш материалдарын биргелешип экспорттоодо жана фармацевтика жаатында соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга даяр экендигин билдирди.

Мультимодалдык ташууну өнүктүрүү максатында транспорттук-логистикалык тармакта, Ош шаарында логистикалык борборду куруу боюнча кызматташтыкты улантууга, ошондой эле Ош-Сарыташ-Иркештам  жолунун айрым участокторун реконструкциялоого өзбек тараптын катышуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуу билдирилди.

Ошондой эле, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш маселелерин активдештирүү маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, туризм жаатында кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын жана чек ара аймактарынын башчыларынын Кеңешинин отурумун эртерээк өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

 
Categories

Олуттуу иш болбосо Орусияга убара болбо

Teenage boy struggling to close suitcase; Shutterstock ID 84052918; PO: The Huffington Post; Job: The Huffington Post; Client: The Huffington Post; Other: The Huffington Post

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бүгүн 11-августта билдирүү таратып, олуттуу иштер болбосо Орусияга келем деп убара болбогула деди.
Анткени ушул күнгө чейин туруктуу аба каттамдары жандана элек.
Ошондой эле Казакстан менен Орусиянын чек арасы толук ачылган эмес.
Мүмкүн болсо Орусиядагы мекендештерибиз да зарыл болбосо Кыргызстанга баруудан кармана турууну сунуштады.

 
Categories

Түркия Кыргызстанга авиа каттамдарын жандантты

 

Түркия Кыргызстанга авиа каттамдарын жандантты
Бүгүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги ” Түрк аба жолдору” авиа компаниясы 5-августтан баштап жумасына эки ирет каттам ачылгандыгын билдирди.
Бирок каттамдарда айрым тактоочу жагдайлар бар экендигин эскерткен. Ал учурларды билет сатып алып жатканда кошумча тактап алууга болот.

 
Categories

Элчи элге кайрылды

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусияда эмгек миграциясында жүрүшкөн мекендештерибизге кайрылып, Кыргызстанга кетүүгө ашыкпай сабыр кылып, бирааз чыдап тургула деди.
Анткени Орусиянын эмгек рыногунда Кыргызстандыктар үчүн жетиштүү жумуш орундары бар экендигин айтты.
Элчиликтин маалыматы боюнча пандемия маалында Орусиядан 19 миңдей эмгек мигранттары өлкөбүзгө кайткан.
Маалыматтар боюнча Орусияда жалпысынан 1млн.200 миң кыргыз мигранты бар.
Алардын 500 000 миңи Орусия жарандыгын алышкан.

 
Categories

Жапония жардам берет

Жапония жардам беретСоциалдык өнүктүрүү программасынын алкагында Жапония өкмөтү Кыргызстанга 4 млн. 600 миң доллар жардам бермекчи болду.
Мындай келишимге Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки мырза менен КРнын каржы министри Бактыгүл Жээнбаевалар кол коюшту.
Аталган каражат таажылуу вирус пандемиясы менен натыйжалуу күрөш жүргүзүүгө медициналык жабдыктарды алууга жумшалмакчы.

 
Categories

Улуу Британия бизге пандемияга байланыштуу жардам сунабы? Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов министр Уэнди Мортон менен жолукту

Улуу Британиянын Европадагы коңшулаштык жана Америка иштери боюнча министри Уэнди Мортон Кыргызстанга коронавирустан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

Бул тууралуу ал Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын абалы жана келечеги талкууланган.

Ошондой эле Британия пандемия менен күрөшкө эл аралык жардамдын бир бөлүгүн кайра бөлүү чечимин кабыл алганын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму баш болгон эл аралык уюмдарды активдүү каржылап жаткандыгын министр белгилеп кеткен.

 
Categories

Элчи Аликбек Жекшенкулов Якутияда элчиликтин кеңсесин ачууну талкуулады

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Саха  Республикасынын делегациясы менен жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин жана экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар, туризм, миграция, билим берүү чөйрөлөр алкагында кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашуулар болду.

Тараптар  Саха  Республикасындагы кыргыз диаспоралык уюмдар, аларга кам көрүү тууралуу маселелерди талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Саха Республикасындагы жана Саха Республикасынын Кыргыз Республикасындагы күндөрүн өткөрүү сунуштары айтылды.

Якутия делегациясынын башчысы, Саха (Якутия) Республикасынын РФнын Президентинин алдындагы Туруктуу өкүлү А. Федотов эки тараптуу мамилелердин өсүү динамикасын жана тыгыз байланыштарды жогору белгиледи.  Якутияда Элчиликтин Кеңсесин ачуу боюнча  уюштуруу маселелер талкууланды. Якутия тарабы Кеңсенин ачылышына керектүү көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Саха Якутиянын ортосунда достук мамилелерди мындан ары да бекемдеп, өнүктүрүү жана муниципалдык башкармалыктар ортосунда байланышты орнотуу тууралуу келишимге келишти. Кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара пайалуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеп кетишти.

 
Categories

Мукашев Кыргызстандын Сан-Маринодогу, Жумабаев БАЭдеги Элчиси болуп дайындалышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Мукашев Данияр Муратбекович Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы, Италия Республикасындагы, Лихтенштейн Княздыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Сан-Марино Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Ал эми ушундай эле буйрук менен Абдилатиф Жумабаев Кыргызстандын БАЭдеги Элчиси болуп дайындалды.

 
Categories

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.