Categories

Ички дүң продукт 5,7 пайызга өстү

2019-жылдын январ-апрелинде ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 150 миллиард сомго жакынды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук стат комитеттин маалымат кызматы билдирди.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январ-апрелинде, ички дүң продуктунун көлөмү 131 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга пайызга өстү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январ-апрелинде 84 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 16,0 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн (1,4 эсеге) металл рудаларын казып алуунун ( 1,3 эсеге пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (26,4 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (16,5 пайызга), текстил жана кийимдерди (21,2 пайызга) өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,8 пайызды, курулушта жана дүң жана чекене соодада өсүү  4,3 пайызданды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

 
Categories

Өзбекстан алтын сатуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

Өзбекстан быйылкы жылдын биринчи чейрегинде алтын сатуу боюнча дүйнөдө лидер болду. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) билдиргендигин Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Кеңештин баяндамасына ылайык, Өзбекстан январь-март айларында 6 тонна 200 килограмм алтын саткан. Экинчи орунда Монголия турат – 3,4 тонна алтын экспорттогон, 1 тонна алтын сатуу менен үчүнчү орунга Тажикстан чыккан.

Маалыматтарга караганда, Орусия алтын импорту боюнча биринчи орунда, 2019-жылдын үч айында 55,3 тонна сатып алган. Экинчи жана үчүнчү орунда Түркия (40 тонна) менен Кытай (33 тонна) турат. Апрелде Өзбекстандын Борбордук банкы 2019-жылы чет өлкөлөргө 80 тонна алтын сатарын жарыялаган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 10 тоннага көп. Борбордук банктын маалыматы боюнча 80 тонна алтын экспорттоо менен Өзбекстан 3,4 миллиард доллар киреше табат.

 
Categories

С. Келдибаев: Россия Кыргызстанга акча которгонго чек койду

Мындан 20 күн мурда Россия Кыргызстанга акча которгонго чек койду. Бир айда 100 миң сом которо турган кылды. Мындай билдирүүнү депутат Сагындык Келдибаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. 

Сагындык Келдибаев: “Андан сырткары өзү менен кошо 300 миң рубль алып өткөнгө болот. Мурда он миң долларга чейин уруксат бар болчу. Бул Евразия экономикалык биримдигинин келишимине туура келеби? Биздин тигүү өнөр жайынын товарлары бул жактан сатып алынып, Россияга кетет. Бул кадам кыргыз бизнесмендерине чоң көйгөй жаратып жатат. Экономикага урулган сокку болду”,-деди.

 
Categories

Бүгүн М. Абылгазиев ЖКда өкмөттүн жасаган иштери тууралуу маалымат берет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жылы ичинде жасалган иштери тууралуу маалымат бериши күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, М. Абылгазиев буга чейин ЖКнын көпчүлүк коалициясында маалымат берген. Анда ИДПда бир жыл ичинде 5 пайызга чейин өсүш болгондугу айтылган.

 
Categories

Б. Жээнбаева: «Карыздардын өсүшү бюджетти кыйын абалга алып келүүдө

Кыргызстандын тышкы жана ички карыздарын тейлөө көлөмүнүн тездик менен өсүшү 2020-жылдын жана андан кийинки жылдардын бюджетин түзүүнү кыйындатып жатканы чындыгында эле Өкмөттү тынчсыздандырууда. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга болжолунун долбоору каралып жатканда билдирди Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Андан тышкары, министр Кыргызстан алган насыянын чоӊ бөлүгү насыянын инфратүзүмүнө жумшалгандыктан, ал бюджетке кайтып келбейт. «Ошону менен бирге, алынган насыялар бюджетке кошумча чыгымдарды да алып келет. Мисалы, жол курсак, андан кийин аны пайдаланууга берүү керек, аны тейлөө керек. Алардын чыгымдары мурда алынган милдеттемелерде аныкталган эмес. Мына, мугалимдердин эмгек акысын көтөрөлү деп жатабыз, ал үчүн кошумча каражат табуу керек», – деди ла.

Бактыгүл Жээнбаева: “Ошондон улам, министр фискалдаштыруу долбооруна жана салык жыйыноо боюнча талдоолорго аяр мамиле жасоого чакырды. «Салык жыйыноо жаатында азыноолак резервдер бар, быйылкы чыгымдарды эптеп жаба алабыз. Ага анча-мынча гранттык каражаттар да жумшалат. Бирок, андан кийинки жылдары кыйла кылдат ойлонууга туура келет», – деди.

 
Categories

М. Бакиров: Көмүскө экономика болжол менен 40-60 пайызды түзүүдө

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында  Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө  Премьер-министрдин отчету тууралуу маалымат угулду. Жыйынга вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова баштаган Өкмөт мүчөлөрү, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын (ички дүӊ продукциянын) көлөмү 557,1 млрд сом суммасында болду жана реалдуу өсүш темпи болжолдуу мааниде 102,8 болсо, 103,5%ды түздү (2017-жылы реалдуу өсүш 104,7%ды түзгөн).

Мындан сырткары, А.Өмүрбекова түз инвестициялардын келиши 7%га кыскаргандыгын, регионду өнүктүрүү боюнча кабыл алынган пландар 90%га аткарылгандыгын, атамекендик продукцияларды сыртка чыгаруу, электрондук кызмат көрсөтүүлөр жана башка иштер жасалгандыгын кошумчалады.

Депутат Мирлан Бакиров Өкмөт көмүскө экономика боюнча тереӊ ойлонуусу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда көмүскө экономика болжол менен 40-60%ды түзүүдө. Депутат буга токой чарбасын мисалга тартты. Ошону менен катар Өкмөт тышкы карызды төлөөнү приоритет катары кабыл алып, иш алпарышы керектигин кошумчалады.

 
Categories

Украинада ИДПнын 4 пайызы IT-индустриясына туура келет

Учурда дүйнө өндүрүшүнүн маалыматтык технологиялар индустриясына болгон муктаждыгы өсүүдө. Экономикасы жакыр өлкөлөр эле эмес бай мамлекеттер да өндүрүштүн аталган тармагына инвестиция салууну максат кылышууда. Мындай дегенибиз, Украинанын Ички Дүң Продукциясынын 4 пайызы  IT-индустриясына туура келерин Биринчи вице-премьер- министр Степан Кубив өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган тармакта 150 миң киши жогорку маяна алуу менен эмгектенет. Жарым жылдан кийин бул көрсөткүч 200 миң кишини камтыйт. Өкмөт мындан ары агроөнөржай тармагына, туризмге, маалыматтык технологиялар индустриясына инвестицияларды арбын жумшамакчы. Ал эми өткөн жылы өкмөт IT-индустриясын өнүктүрүү фондун түзгөн.

 
Categories

Ички дүң продукт 5,3 пайызга өстү

2019-жылдын январ-мартында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 104 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3 пайызга жогорулады. Мындай маалымат Улуттук стат комитетти өткөргөн маалымат жыйында айтылды.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январ-мартында, ички дүң продуктунун көлөмү 91 миллиард сомго жакынды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 пайызга пайызга өстү.

Анын ичинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январ-мартында 64 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 14,2 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү металл рудаларын казып алуунун (2,2 эсеге пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (29,5 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (16,9 пайызга), негизги металлдарды өндүрүүнүн (40,1 пайызга) жана кийимдерди өндүрүүнүн (29,2 пайызга), ошондой эле башка металл эмес минералдык продуктулардын (9,3 пайызга)  өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,8 пайызды, курулушта өсүү 3,1 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 4,2 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

 
Categories

Кыргызстанда «Дүйнөлүк акча жумалыгы» башталды

Өлкөдө 2019-жылдын 8-апрелинен тартып мектеп окуучуларынын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган «Үйрөн, Топто, Иштеп  тап» чакырыгы алдында Дүйнөлүк акча жумалыгы старт алды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Мындай иш-чара өлкөнүн бардык аймагында 14-апрелге чейин улантылат. Акча жумалыгы – бул, ар кандай интерактивдик иш-чаралар аркылуу балдарды жана жаштарды акча каражатын туура пайдаланууга, үнөмдөөгө үйрөтүүгө, алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган таасирдүү кампания.

Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Алмаз Сыдыков маалымат жыйынында келечек ээлеринин финансылык сабаттуулугу жогору болууга тийиш экендигин жана мына ушундай иш-чаралар жаштарды акчага сарамжал мамиле жасап, үнөмдөөгө үйрөнүүсүнө, жыйым топтоо канчалык маанилүү экендигин тереңден түшүнүүсүнө өбөлгө түзө тургандыгын баса белгиледи.

Бир жума ичинде Улуттук банк, коомдук жана эл аралык уюмдарды, коммерциялык банктар, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар мектептерде ачык сабактарды өткөрүү, жогорку окуу жайларында лекцияларды, Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсияларды, мамлекеттик органдарда ачык эшик күндөрүн уюштуруу сыяктуу бир катар кызыктуу иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда. Мындан тышкары буга чейин эле мектеп окуучулары жана жаштар арасында жарыяланган улуттук сынактардын ( сүрөт тартуу, эссе жазуу жана акча топтоо) жыйынтыгы чыгарылат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 2019-жылдын 16-апрелинде Жаштар борборунда салтанаттуу түрдө тапшырылат.

 
Categories

Т. Икрамов: Биз Кытайга жүк ташыган хаб өлкөгө айланышыбыз керек

Учурда Жогорку Кеңештин биргелешкен жыйынында ар кандай маселелер депутаттар тарабынан айтылууда.

Тазабек Икрамов: “Жакында Россиянын президентти Путин баштаган ири делегация келип кетишти.  6 млрд. АКШ долларлык келишимге кол койду. Бул абдан жакшы болду. Өкмөт эми ошол инвестицияларды ишке киргизүү үчүн кандай аракеттерди көрөт?

Учурда чек арада Казакстан менен абал жакшы эмес. «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны бир нече жумадан бери пайда болуп келет.

Ошондуктан Россиялык ишкерлер менен сүйлөшүп, жергебизге логистикалык борборлорду куруп, товарларды Кытайга киргизүүгө катуу аракеттерди көрүүбүз керек. Биз кытайга жүктөрду, товарларды  ташыган хаб өлкөгө айланышыбыз керек. Ага толук шарт бар. Биздин республиканын жайгашкан орду жагынан да мындай кадамга ыңгайлуу.  Бизде салыктар жеңил. Өкмөт тез арада муну колго алыш зарыл. Эгерде россиялык инвесторлор келбей кала турган болсо өкмөттөн сурашыбыз зарыл”,-деди.