Бээжин Бишкекке 450 миллион юань кайтарымсыз грант бермей болду
Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү Кытайга алгачкы расмий сапар менен барат. Анда эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюлушу күтүлүүдө.
Президенттин сапарынын алдында Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрү эки келишимге кол коюшту. Анын алкагында Бээжин Бишкекке 450 миллион юань өлчөмүндө (70 миллиондон ашык доллар) кайтарымсыз грант бермей болду. Бул маалыматты Экономика министрлиги билдирди.
Анын көпчүлүгүнө Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот. Бир азыраагы Кочкор районунун Кум-Дөбө айылындагы, Мынакелди жана Бурана шаарчаларындагы археологиялык казуу, реставрациялоо, консервациялоо иштери үчүн жумшалат.
Атайын маалыматтарга караганда, Бишкектеги жолдор үч фаза менен оңдолору, азыр биринчи баскычтагы жумуштар жүрүп жатканын маалымдалууда. Быйыл башкалаада 50дөн ашуун көчө оңдолот. Алардын жалпы узундугу 105-чакырым.