Categories

Премьер-министр М. Абылгазиев: “2019-жылы ИДПнын өсүшү 4 пайыз болушу болжолдонууда

«2019-жылы ИДП реалдуу өсүшү 4 % деңгээлде болжолдонууда, ал экономиканын тейлөө, курулуш, айыл чарба жана өнөр жай сыяктуу тармактарынын салымы аркылуу камсыздалат», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө.

Өкмөт башчы маалымдагандай, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП көлөмү 520,9 млрд сом суммасында болду, ал эми экономиканын реалдуу өсүү темпи 3,5 %дык болжолдуу көрсөткүчтө 4,6 %ды түздү. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «2018-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн башкы себеби – өлкөнүн макроэкономикалык болжолунун такталышы менен балансталган бюджеттин маселелерин чечүүгө жана негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы түзүлгөн тенденцияларга байланыштуу болду. Жаңыртылган 2018-жылдын бюджетинин негизинде ИДПнын көлөмү 558,4 млрд сомду түзүп, өсүш 2,8% менен бекитилип жатат. 2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 млрд сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат, бул бекитилген бюджеттен 1,1 млрд сомго көптүк кылат. Администрациялоону жакшыртуунун эсебинен: салыктык кирешелерди 2,7 млрд сомго көбөйтүү болжолдонууда. Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши аймактарды өнүктүрүүгө жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталат», – деди.

 
Categories

Араван районунда жылына 1 миллион тонна цемент өндүргөн завод ачылды

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Араван цемент заводунун ачылышына катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Биздин максатыбыз — инвесторлорду, менчикти соттордун экономикалык маселелер боюнча мыйзамсыз чечимдердин кабыл алынышынан коргоо. Жакын арада мамлекеттик органдарда ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту иштей баштайт. Өлкөнүн ири финансы институттарынын каражаттары региондордогу долбоорлорго түрткү берүүгө багытталган. Бүгүнкү саамалык биздин мамлекетибиздин турмушундагы эң маанилүү окуялардан. Бул завод келечекте өлкөнүн өнөр жайынын флагманы болот.

Мындай ири ишканалардын ишке берилиши менен жаңы жумушчу орундар түзүлөт. Заводдун курулушунун жүрүшүндө 1000ге чукул жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болуп, заводдо иштин башталышы менен 450дөн ашуун жумушчу орун түзүлөт. Заводдун курулушуна жалпысынан 86 млн. АКШ доллары жумшалды. Бул курулушту сөздүн түз маанисинде интернационалдык курулуш десек жарашат. Завод достуктун, өнөктөштүктүн, бири-бирибизге болгон ишенимдин заводу деп айтсам жаңылышпайм! Анткени заводдун курулушуна жана ишке берилишине беш өлкөнүн — Кытай Эл Республикасынын, Россиянын, Түркиянын, Голландиянын жана Кыргызстандын банктары жана ишкерлери катышты”- деди.

Долбоорду ишке ашырууга Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фонду, Синома корпорациясынын Тяньжинь цемент иниституту, Нанжин Лонг-В энержи консервейшн инжиринг компаниясы, Демир Кыргыз Интернешнл банкы, Демир Халк Банк Голландия компаниялары жана банктары колдоо көрсөтүштү. Курулушка «Араван цемент заводу» жоопкерчилиги чектелген коому 48 млн. долларга жакын өздүк каражатын салды.

Араван цемент заводу жылына 1 миллион тонна цемент өндүрөт. Мамлекеттик казнага жана жергиликтүү бюджетке 400 миллион сомдон ашык салык жана социалдык төлөмдөр түшөт. Завод толук кандуу иштей баштаса, Кыргызстандын түштүгүн цемент менен камсыздоо маселеси чечилет. Завод заманбап технологиялар менен жабдылып, толук автоматташтырылып, бүткүл технологиялык процесстер Борбордук түйүндөн башкарылат.

 
Categories

35 миң жумушчу орундуу индустриалдык-логистикалык парктын курулушу башталды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушу жүргүзүлчү жерге капсула коюу салтанатына катышты.

Долбоор Өкмөт тарабынан кабыл алынган Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программасын аткаруу алкагында ишке ашырылуда. «Silk Way» Индустриалдык паркы» ЖЧК башкы директору Адилет Кубанычбеков Өкмөт башчыга маалымдагандай, парктын аймагында тигүү, текстилдик жана бут кийим продукциясын өндүрүү боюнча 112 профилдик фабриканын курулушу пландаштырылууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, бүгүн чоң майрам орун алууда, алсак, 70 га аянтта жайгашкан жана 35 миң жумушчу орунду түзө турган аймактагы көлөмдүү индустриалдык-логистикалык парктын курулушу башталууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын ишке ашыруу алкагында Өкмөт тарабынан калктын жашоосун жакшыртуу, атамекендик өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы жумушчу орундарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынууда. Жаратмандык – бул күнүмдүк талыкпаган эмгек. Бүгүн эгемендүүлүк жылдары ичинде алгачкы ирет жергиликтүү ишкерлер жеке инвестицияларын өлкө ичиндеги экономикалык долбоорлорго тарта алуу мүмкүндүгүн көрсөтүп жатат. Масштабдуу долбоорго тартылган каражаттын көпчүлүк бөлүгү – бул жергиликтүү ишкерлердин инвестициясы. Аларды Кытай жана Түркиянын инвесторлору колдоого алды. Жалпысынан алганда аталган индустриалдык-логистикалык парктын курулушуна 200 млн АКШ доллары багытталат», – деди.

 
Categories

Кетирген кемчиликтери үчүн Финансы министри А.Касымалиевге сөгүш жарыяланды

Премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев Өкмөтүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында  2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча маселе каралды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө талкууга коюлган маселе боюнча Финансы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасап, аталган багытта аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудагы  жана 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө  Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын»  аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн Финансы министри Адылбек Касымалиевге  сөгүш орун басары  Мирлан Байгончоковго катуу сөгүш жарыялады.

Жыйынтыгында 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча» Өкмөтүнүн Токтомунун долбоорун бекитүү чечими кабыл алынды.

 
Categories

39 миллион евронун 5 миллиону консультанттардын айлыктарына жумшалган

Бүгүн ЖКда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болду. Жыйында айыл чарбасына сырттан келип жаткан кредиттер, гранттар талкууга алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

КР Финансы министри Адылбек Касымалиев “Агрардык өндүрүштүк сатып-өткөрүү чынжырчасын каржылоо” долбоору менен айыл чарбасы боюнча чакан жана орто ишканаларга кредит берилерин чечмелеп берди. Мында алынган насыялар айыл чарба продуктыларын өндүрүп, сактап жана экспортоого багытталышы шартталган.

Долбоордун жалпы бюджети 39 млн еврону түзөт:

– 9 млн евро грант түрүндө акысыз негизде Германия өнүктүрүү банкынан (KFW) (бүгүнкү күндө долбоор ишке ашырылып жатат);

– 22 млн евро кредиттик каражат Европа инвестициялык банкынан (ЕИБ) (кредиттин шарттары: 12 жылга берилет, жеңилдетилген мөөнөт 3 жыл, Еврибор пайыздык ставкасын кошуу ЕИБ маржасы);

– 5 млн евро Европа Союзунун Борбор Азия үчүн Инвестициялык фонд тарабынан кош каржылоо гранттык каражаттары;

– 3 млн щвейцария франкы Экономикалык кызматташтык боюнча Швейцария мамлекеттик Катчылыгынын гранттык каражаттары.

Талкууда комитет мүчөлөрү 39 млн евронун 5 млн евросу эле (13-15%) консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө жумшаларын, бул сумма өтө жогору экендигин сынга алышты. Эл өкүлдөрү кредиттик насыялар банктарга берилсе, банк кызматкерлери дыйкандардын долбоорлоруна ылайык кредит берсе, эми ага үчүнчү жак катары консультанттардын кандай зарылчылыгы бар деген маселени коюшту.

Депутаттар бул кредиттин жакшы жагы катары айыл чарбасына берилип жаткандыгын жана улуттук валюта (сом) менен берилишин атап, ошол эле маалда консультацияга делген 5 млн евронун өтө эле көптүгүн белгилешти. Талкуун жыйынтыгында тараптар менен сүйлөшүүлөргө кимдер катышкандыгын жана мындай өтө кымбат сумманын консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө багытталышына эмнеге макулдук берилгендигин тактап берүүнү талап кылышты. Ошону менен катар бул маселе сессияга чыкканда талкууга «Айылбанк», РСК банктарынын өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоо тапшырмасы берилди.

Жыйынтыгында ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

 
Categories

Кыргызстанга 1 миллиард 744,2 миллион доллар, сыртка 336,2 миллион доллар которулган

Кыргыз элинин турмушунда, өлкөнүн экономикасында эмгек миграциясынан келген каражаттар ири мааниге ээ экендиги белгилүү. Өлкөбүздө доллардын курсунун кармалып турушу да дал ушул сырттан келген акча бирдиктерине байланыштуу.

Арийне,  жыл башынан бери мигранттар 1 миллиард 744,2 миллион доллар которушкан. Тактап айтканда,  сегиз айдын ичинде ушунча каражат которулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Бул көрсөткүч 2017-жылдын сегиз айына салыштырмалуу 163,4 миллион долларга көп. Россияда иштеген мигранттар  1 миллиард 712,3 миллион доллар. Андан кийин АКШда иштеген мекендештер 16,8 миллион доллар которушкан.

Ошол эле учурда Кыргызстандан сырткы мамлекеттерге сегиз айдын ичинде 2018-жылы 336,2 миллион доллар жөнөткөн.

 
Categories

Энергетикага алынган 100 млрд. сом кайда жумшалганы белгисиз

Эсептөө палатасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында энергетика тармагы үчүн тыштан 128 миллиард сом насыя алынып, анын 28 миллиард сому гана кайтарылганы аныкталган. Калган каражат кайда жумшалганы белгисиз.

Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитети чет элдик кредит, гранттардын пайдаланышы тууралуу маалыматты укту. Анда текшерүү жүргүзгөн Эсептөө палатасы бир катар фактылардын бетин ачканы белгиленип, бирок, өкмөттө тыштан алынган ири суммадагы каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөгөн орган жок экени белгилүү болду

 
Categories

Доллардын курсу жогорулады

Эки айдан бери АКШ долларынын курсу акырындап жогорулап келет. Улуттук банктын учурдагы маалыматына караганда, банктар аралык валюта соодасында доллардын наркы 0,02 пайызга жогорулап, акча алмаштыруу жайларында 69,22 сомду түздү.

Евронун курсу 0,13 пайызга төмөндөп, 1 евро 79,43 сомго бааланды.

Теңгенин наркы 0,59 пайызга жогорулап 0,18 сом болууда.

Ал эми рублдин курсу 0,49 пайызга төмөндөп, 1 рубль 1,03 сомдон сатылууда.

 
Categories

2018-жылга бюджеттен тышкы карызды төлөөгө 13 миллиард 81,2 миллион сом каралган

Мамлекеттик карыз 4 млрд. 395,2 миллион АКШ долларын түздү. Бул 2018-жылдын пландаштырылган ички дүң өнүмүнө салыштырганда, анын 56,4 пайызына барабар. Анын ичинен тышкы карыз – 3 миллиард 797, 38 миллион АКШ доллары. Бул ички дүң өнүмдүн 48,7 пайызын түзөт. Ички карыз болсо 597, 64 миллион долларга барабар. Бул ички дүң өнүмдүн 7,7 пайызын түзөт. 2018-жылга биздин бюджетте тышкы карызды төлөөгө 13 миллиард 81,2 миллион сом каралган.

Азыркы күндө тышкы карыздын өлчөмү киши башына бөлгөндө 1443 доллардан деген маалыматтар да жок эмес.

 
Categories

“Росинбанктагы” баш аламандык, же анын башында кимдер турган?

Элибизде “кайсы бирин айтасын” деген сөз айтылат. Ушул сөздү улап, Убактылуу өкмөт Кыргызстандын башына келип бийлей баштагандан берки ишмердүүлүгүн кайсы бирин  албайлы дээрлик баары эле пайдасыз, ал эмес зыяндуу болгонун көрөбүз.

Жакында эле Атамбаев, мен бийлик жүргүзүп турганда башталган баардык долбоорлор Кыргызстанга пайдалуу болгон, коомчулук ошону туура түшүнгөнгө деңгээли жетпей эле мени күнөөлөп жатышат, экономикадан сабаты бар киши мындайча эсептейт маанисинде өзүнүн билдирүүсүн таратканы эсибизде…

Апрель окуялары башталаары менен банк уячалары таланып-тонолот, анан эле “Мегаком”, “Залкар” банкы, Кумтөр, Жерүй, “Манас” аба майданындагы АКШынын транзиттик борборун чыгаруу, Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ), Улуттук тарых музейиндеги ремонт, Нарын дарыясына жаңы ГЭСтерди куруу, Датка-Кемин, Балыкчы-Корумду, Түндүк-Түштүк авто жолдору – сыяктуу иштердин кандай максатта башталып, “төбө чачты тик тургузган” каржы-экономикалык кылмыштар кандай жүргөндүгү эми гана аз-аздан ачылып жатпайбы.

Анда эмесе биз ошол экс-ажобуздун экономика тармагын бийлеп турган көздөй кадры Нурсулуу Ахмедова (азыр деле президент аппаратында каржы, экономикалык бөлүмду жетектеп келет) айымдын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Нурсулуу айым эл аралык уюмдагы жумушунан 2010-жылы кантип мамлекеттик кызматка келип калгандыгын, “Новые Лица” басылмасына 2015-жылдын 25-майында берген интервьюсунда, – апрель окуяларындагы мородерчулукту өз көзү менен көрүп, өмүрүндө биринчи жолу өлкөбуздүн келечегине кабатырланып, корккондугун, анын эртеси 8-апрелде Алмазбек Атамбаев Нурсулуу айымга телефон чалып, иштешүүгө сунуш кылгандыгын, анан жолукканда “Хватит сидеть там, в проектах, кто-то должен работать, поднимать страну”, деп шыктандырганын, ошентип мамлекеттик кызматка өткөндүгүн, айткан экен.

Атамбаев командасынын Бишкек ТЭЦиндеги жаңылоо, оңдоо иштерине укуктук баа бериле баштаганда Сапар Исаков менен бир катарда биздин каарманыбыздын аты да кытайлык ТВЕА компаниясына байланыштуу документтерден чыгып, уу-дуу сөздөр болгон. Негедир Нурсулуу Ахмедованын бул иштер боюнча кийин тиешелүү органдарга жок дегенде  күбө катары чакырылып көрсөтмө бербегендиги тушүнүксүз…

Сөзүбүздө кичине чегинүү жасап, Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин улутташтырган Азияуниверсалбанк (АУБ) жана ушул банктын проблемасыз активдеринин негизинде түзүлгөн “Залкар”  банктын кийинкиси жөнүндө уласак…

Ошентип, 2011-жылы жаңыдан түзүлгөн “Залкар” банкына 100 %  ДЕБРА  (Банктарды кайра түзүү жана карыздарды жойуу  агентствосу – Агентства по реорганизации банков и реструктуризации долгов) кожоюндук кылып калат. Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарын камтыган 36 филиалы бар “Залкар” банк түзүлгөн күндөн тартып чет өлкөлүк тышкы донорлор (инвесторлор) банкты менчиктештирүү (б.а. сатуу) сунуштарын койушат. Талапка жараша сатуу боюнча иштерди ошол кездеги банктын жалгыз кожоюну катары ДЕБРА жүргүзөт.

Эл аралык адистердин (оценщиктердин) чыгарган тыянагына ылайык “Залкар” банкы 1 миллиард 200 миллион сомго бааланган. Ошол кездеги АКШ долларынын куну орточо 47 сомдун тегерегинде болсо, Банктын баасы 25 миллион АКШ долларына барабар болгон. Өзгөчө тактап койчуу жагдай – банктын ошол кездеги балансындагы негизги каражаттары (основные средства- же банк мүлктөрүнүн баасы) эле 670 миллион сомго барабар болгон.

Бирок, ар кандай себептерди негиздеп отурушуп, “Залкар” банктын баасын 2013-жылы 293 миллион сомго (б.а. 6 млн. 200 мин АКШ доллары) чейин түшүрүп,  Россиялык «Инвестторгхолдинг» сатып алат. Ошентип, “Залкар” банк эми россиялык «Росинбанк» болуп аталып калды. Жаңы пайда болгон Орусиянын банкына Кыргыз Республикасы 620  миң доллар же 29 млн. 140 миң сом кошуп, 10% дык үлүшкө ээ болот (аталган банктагы – 10% дык үлүшү үчүн Кыргызстан 5 жылдан бери 50 сом дивиденд алганы да күмөн).

Ошол кезде банктын сатылышын КР Президентинин аппаратынын экономика бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова туздөн-түз көзөмөлдөп турганын баары эле билишчү. Буга далил катары, банкты сатып алган Орусиялык «Инвестторгхолдингдин» кожоюну В. В. Гудковду Н. Ахметова бир канча жолу кабыл алып, Президент А. Атамбаевге чейин жолугуштурганын айтсак  болот. Н. Ахметова В. Гудковду бардык жерде орусиянын  «Эң мыкты банкири» наамынын ээси деп тааныштырып жүрдү. Кыскасы Н. Ахметова «Залкарбанкты» сатуу боюнча чечимдерди кабыл алуу борбору болуп калганы чындык.  Н. Ахметова жактап-мактап алып келген В. Гудков, 2017- жылы РФнын расмий органдары тарабынан кылмышкер катары таанылып, Монако княжествосунда качып жүргөн жеринен кармалат. «Инвестторгбанктын» лицензиясы шылуундук иштери (отмывание средств) үчүн РФнын Борбордук банкы тарабынан тартып алынды. В.Гудковго таандык РФдагы областтык маанидеги өтө чоң эмес дагы бир банктын лицензиясы да алынган. Ушундай кылмыштуу иштерге байланышы бар деген доомат менен 2018-жылы КР Финансы полициясы «Росинбанктын» Төрагасынын биринчи орун басары А.  Гойхманды камады (Андрей Гойхман – В. Гудковдун жээни).

2013-жылдын июнь айынан тартып иштей баштаган “Росинбанктын” 2018-жылдын июнь айында 36 филиалынан 12си гана калды. Кардарларга жакын, ыңгайлуу жайларда жайгашкан бир топ флиалдарынын кеңселерин жаап, имараттарын чекесинен чыркыратып сатты (“Росинбанктын” расмий интернет сайтында дагы 12 филиалынын имараттарын сатуу боюнча жарыя илинип турат).

“Росинбанк” Бишкектин Москва көчөсүндөгү борбордук кеңсесин РСК банка 2 млн. АКШ долларына сатканы тууралуу маалыматтар айтылып келет. Ал эми “Росинбанк” өзү чоң акча төлөп, ижарада отурганы түшүнүксүз-шектенүүнү жаратат.

Кыргызстандагы региондордун эн маанилүү проблемасы – бул аймактарда банк кызматынын жетишпегендиги. Муну Н. Ахметова беш колдой билет. Бирок, Н. Ахмедова колдоп келген “Росинбанк” аймактардагы филиалдарын жаап, имараттарын чекесинен сатып жатканда ал жана Улуттук банк кайда карап отурганы түшүнүксүз.

Жакында эле КР Президенти С. Жээнбеков ишкерлер менен жолукканда аймактарды көтөрүү, аларга каржылык колдоо тууралуу сөз кылган. Ушул жерде суроо туулат Атамбаевдин каржы-экономикалык саясатын жүргузүп келген  Н. Ахметова атайын эле азыркы Президенттин саясатына каршы иштеп жатканыбы? Же ал киши экономиканын мыйзамдарын жана бүгүнкү кырдаалды Атамбаевдин көзү менен гана көрөбү? Президент Жээнбеков банк тармагындагы, жалпы эле каржы-экономикалык жаатагы ушундай кырдаалды билеби же кабары жокпу? Анда кайсы күчкө, кайсы ресурска таянып, региондорду көтөрөбүз деген ураан чакырабыз? “Залкарбанк” сатылганда сырттан келген инвесторго ушундай маселе коюлган эмес беле, же койгонду билген эмеспи же эптеп эле сатып, өз кызыкчылыктарын канаатандырууну көздөшкөнбү?

“Залкар” банктын сатылышынын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын банк системасындагы «Кумтөрү» жана «ТЭЦи» болду.

“Росинбанк” Кыргызстанга инвестиция алып келбей эле кесепет алып келди. Жергиликтүү ишкерлерге кредит берүүнүн ордуна, атайын эле орусиялык ишкерлерге кайтарымы күмөн болгон кредиттерди  бергендей (муну банктын расмий сайтындагы сатууга коюлган орусиялыктардын кредит алүү үчүн койгон күрөөлөрү  (залогдор) тастыктоодо – себеби, ал жерде күрөөгө коюлган мүлктөрдү сатып, берилген кредиттин суммасын кайтарууга эмес, дегеле сатууга мүмкүн эмес мүлктөр коюлган, м: трассалардан алыстагы кичинекей айылдардагы 3 май куйуучу жайлар банктын сайтында сатуу үчүн жарыяланган). 5 жылдан бери чет элдиктерге кредитти бергенде коюлган күрөөлөрдү КР Улуттук банкы көрбөдүбү? Улуттук банктын бул жерде жоопкерчилигин ким аныктайт? (“Росинбанктын” кожоюну баш болуп, жетекчилери четинен камалып жатканын жогоруда жаздык). Инвестиция алып келүүнүн ордуна, болгон акчаны кожоюндары чыгарып кетип жаткандыктан аталган банкта ушундай проблемалар пайда болду. “Росинбанкта” ликвидность деген коэффициент ушунчалык жапайылык менен бузулгандыктан, аргасыздан КР Улуттук банкынан 810 млн. сом карыз алды. Демек, Улуттук банк дагы бир проблемалуу банктын пайда болгонун көрүп туруп ушундай иштерге барып жаткандай.

“Росинбанктын “ ушундай алешем ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү айланып келип, жүз миңдеген кыргызстандык аманатчыларга проблема жаратып, экономикабыздын стабилдүүлүгүнө доо кетирип жатат. Мына ушунун баарына, өлкө келечегине 7-апрелдеги маредерлорду көрүп биринчи жолу кооптонгон Ахмедова айым, баш болгон Атамбаевдин кадрлары жооп бере турган мезгил келди деп ойлойбуз.