Categories

YouTube компаниясында ок аткан аялдын ысымы белгилүү болду

Сан-Брунодо YouTube компаниясынын башкы кеңсесинде ок аткан аял Калифорния штатынын жашоочусу Насим Агдам экени аныкталды. Бул тууралуу Си-Эн-Эн компаниясы укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен билдирди.

Алардын айтымында, Агдам Калифорниядагы Риверсайд жана Сан-Диего шаарларында жашаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, анын YouTube компаниясы менен кандайдыр бир байланышы болгон эмес. CNBC билдиргендей, Агдам 39 жашта. Ал пистолет менен куралданган.

Буга чейин Сан-Бруно полициясы ок аткан аял өз жанын кыйганын маалымдаган. Кол салуудан төрт киши жаракат алды, алардын үчөө ооруканага жаткырылды. Жарат алгандардын биринин абалы оор. Сан-Бруно полициясынын башчысы Эд Барберини кол салуунун себеби аныктала электигин айтты.

Бийлик окуянын терроризм менен байланышы жок экенин билдирүүдө.

Categories

Сауд ханзаадасы: израилдиктердин «өз жеринде тынчтыкта жашоого» укугу бар

Израил жашоочуларынын «өз жеринде тынчтыкта жашоого укугу бар». Мындай пикирин Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Салман америкалык The Atlantic басылмасына берген маегинде еврей мамлекети болушу керекпи деген суроого жооп берип жатып билдирди.

Палестиналыктардын дагы ушундай эле укуктары бар экенин белгилеген ханзаада бул үчүн жакынкы чыгышта жаңжалдашкан тараптар ортосунда тынчтык келишими түзүлүшү керектигин айтты.

Сауд Арабиясы Израилди расмий тааныган эмес жана аны менен эч кандай мамилеси жок. Бирок байкоочулардын көбү ханзаада Мохаммеддин ысымын акыркы кездери жалпы кызыкчылыктар (аймакта позициясын бекемдеп жаткан Иранга каршы туруу) үчүн Израил менен кызматташууга багыт алган Эр-Рияддын саясатындагы бурулуш менен байланыштырышууда. Ханзаада The Atlantic басылмасына берген маегинде эгер Израил палестиналыктар менен тынчтык тууралуу макулдаша алса, анда «Израил менен Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктары көп болорун» билдирди.

Reuters агенттиги белгилегендей, Сауд Арабиясы учурда жакынкы чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы мамиленин үстүнөн иштеп жаткан Ак үйдүн аракеттерин колдоодо.

Categories

Акүй: АКШ жана Орусия президенттери ыктымал жолугушууну талкуулашты

Трамптын администрациясынын басма сөз катчысы Сара Сандерс эки лидердин 20-марттагы телефондук сүйлөшүүсүндө ыктымал жолугушууну өткөрүү үчүн бир нече имарат, анын ичинде Ак үй тууралуу да сөз болгонун айтты.

Сара Сандерс ыктымал жолугушуунун датасын атаган жок, жакынкы келечекте болушу мүмкүн экенин билдирди.

Буга чейин Кремлдин жогорку кеңешчиси АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинди Ак үйгө келип кетүүгө чакырганын билдирди. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 2-апрелде жаңылыктар агенттиктерине кабарлагандай, Трамп мындай сунушун өткөн айда Путинди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганы чалганда айткан.

Дональд Трамптын Путинге телефон чалганы карама-каршылыктуу пикирлерди жараткан. Себеби анын алдында Трамптын кеңешчилери орус шайлоосундагы мыйзам бузууларды жүйө кармап, Путинди куттуктабоого үндөгөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Өткөн аптада Кремлдин маалымат кызматы орус президенти Владимир Путин АКШдан 60 орус дипломатынын чыгарылышына карабай, Дональд Трамп менен жолугууга даяр экенин, бирок “бардыгы америкалык кесиптештерге көз каранды” экенин маалымдаган.

Categories

Өзбекстанда иштен мыйзамсыз алынган медайым өз жанын кыюуга аракет кылды

28-мартта Өзбекстандын Үчкудук районундагы Тоо-металлургия комбинатынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн медайымы Гулрух Дустова өз жанын кыюуга аракет кылган.

Маалыматка караганда, ал мындай кадамга жетекчиликтин медайымдыктан кетирип, пол жуучу болуп иштөө сунушунан кийин барган.

– Былтыр октябрда биздин бөлүмгө бир киши халатсыз кирип келген. Мен анда ымыркайлар бар экенин айтып, халатсыз кирүүгө болбой турганын айткам. Бирок анын артынан кирген башкы дарыгердин орун басары мени урушуп, жумушта калтырбай турганын айтып кыйкырган. Ошол окуядан кийин мени жазалооөнөктүгү башталган», — деди учурда райондук оорукана жаткан Гулрух Дустова.

Ал жумуштан мыйзамсыз алынганына даттанып жогорку бачкычтарга, анын ичинде президенттин порталына дагы кайрылганын, бирок эч ким көңүл бурбаганын кошумчалады.

Мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Эркин Нормуродов медайымга системалуу түрдө басым жасалып келгендиги жана анын жумуштан мыйзамсыз алынгандыгы боюнча Дустованын айыптоолорун четке какты.

(Сүрөт интернеттен алынды)

NBC: Трамп курал-жарак жарышында Путинден ашарын билдирди

Эгер жаңы курал-жарак жарышы башталса, анда АКШ жеңишке жетет. Бул тууралуу Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен 20-мартта телефондо сүйлөшкөн маалда айтканын NBC телеканалы Ак үйдөгү өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, Трамптын кеңешчилери Орусия менен алаканы оңдоо үчүн президентти катаал мамиле керек экенине көндүрүшкөн. Булактын билдиришинче, Украинага ракетадан коргонуучу Javelin комплекстерин жеткирүүгө да дал ушундай мамиле негиз болгон.

NBCнин көз карандысыз эки булагы кабарлагандай, Путиндин өзөктүк куралдын жаңы түрлөрү тууралуу 1-мартта Федералдык жыйындагы билдирүүсү Трампка катуу тийген.