Categories

Индияда жол кырсыгынан 29 адам көз жумду

Индиянын түндүгүндө жайгашкан Агра шаарындагы каналга автобус кулап, 29 адам каза болду. Бул тууралуу Индиянын жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Уттар-Прадеш штатынын полициясы Твиттердеги баракчасы аркылуу билдиргендей, жол кырсыгы айдоочунун уктап кеткенинен улам болгон. Лакхнаудан Дели шаарына бараткан автобус 4,5 метр бийиктиктен чоң каналга кулап түшкөн.

Автобустун ичинде 46 адам болгон. Куткаруу кызматы окуя болгон жерден 29 адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Дагы 17 адам ар кандай жаракат алган.

 
Categories

Учактан жасалган лимузин унаасы (видео)

АКШнын Миннесота штатында жайгашкан Jetsetter компаниясы бизнес класс учактан лимузин жаратты.

Жаңы лимузиндин узундугу 12,8 метр, туурасы 2,4 метр жана бийиктиги 3,5 метрди түзөт. Учактын канаттары алынып таштап, ордуна унаанын кыймылдаткычтары жайгаштырылган. “Limo Jet” деп аталган лимузиндин салмагы 5,5 тоннаны түзсө, баасы 5 миллион доллар деп бааланган.

 
Categories

Кытайда дүйнөдөгү эң чоң аба майдан курулуп бүттү (видео)

Кытайдын Пекин шаарында курулуп жаткан дүйнөдөгү эң чоң Дасин аэропортунун курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

​Аталган аба майданга 60 миллиарддай доллар сарпталган. Ал 2014-жылы 26-декабрда түптөлүп, курулуш иштери 2016-жылы 15-мартта башталган.

​Аэропорттун ачылыш аземи Кытайдын 70 жылдыгынын алдында 30-сентябрда болот.

 

 
Categories

Конгодо Эбола вирусунан кайтыш болгондордун саны 1550гө жетти

Конго Демократиялык Республикасында Эбола жугуштуу илдетинин айынан былтыркы жылдын июль айынан бери 1553 киши каза болгон. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

«2019-жыл 28-июндагы эсеп боюнча: жалпы 2297 илдетти жугузгандар, 1553 каза болгон жана 641 илдеттен айыккандар катталган»,- деп жазылат маалыматта.

Дарыгерлердин айтымына караганда, илдетке чалдыккан балдардын үчтөн экиси, чоң адамдардын 50 %ы каза болууда.

Эске салсак, Эбола эпидемиясы Батыш Африкада 4 жыл мурун жайылып баштаган. Ошондой эле, Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерия өлкөлөрүн каптаган. Ал эми Конго Республикасына эпидемия былтыркы жылдын июль айынын соңунда башталган.

 
Categories

Мексика чек арасындагы ата-кыздын өлүмүнөн кийин Трамптын миграция саясаты сынга алынды

Америка Кошмо Штаттарында америка-мексика чек арасындагы Рио-Гранде дарыясын сүзүп өтүүгө аракет жасаган сальвадорлук ата-кыздын өлүмүнөн кийин Дональд Трамптын миграциялык саясаты сынга алынды. Бул тууралуу БОрбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Сүрөттөн 25 жаштагы Оскар Альберто Мартинезди жана анын футболкасынын астында атасын мойнунан кучактаган кызды көрүүгө болот. Аны алгач мексикалык La Joranda гезити жарыялаган, кийинчерээк сүрөт дүйнөлүк агенттиктер арасында тараган. Маркумдун аялы Таня Ванесса Авалос дарыянын Мексика бөлүгүндө аман калган.

Сальвадор атайлап киши өлтүрүү, манзат жана кылмыштуулук боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

Президент Трамп шайлоо алдында мыйзамсыз миграция менен күрөшүүгө убада берген. Анын администрациясы ырааттуу түрдө миграция эрежелерин катаалдаштыруу боюнча реформаларды жасоо аракетинде. Трамп АКШнын Мексика менен чек арасына дубал тургузуу менен Түштүк жана Борбордук Америкадан келген миграциялык агымды токтоткусу келет.

 
Categories

12 жаштагы өспүрүм ок атуучу курал менен эгизин атып алды

АКШда 12 жаштагы өспүрүм эгизин атып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалым болгондой, окуя 24-июнда АКШнын Сан-Бернардино шаарында катталган. Үйдө жалгыз калган эгиздер ата-энесинин бөлмөсүндө жайгашкан ок атуучу куралды алып чыгып ойноп жаткан учурда кокустан бирөөсү түгөйүн атып алган. Натыйжада бала ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калган.

Катталган окуянын алкагында “балдарды коркунучка калтырган” деп полиция кызматкерлери тарабынан 45 жаштагы эгиздердин апасы кармалган.

 
Categories

Жапонияда “Чоң жыйырмалык” саммити башталат

Бүгүн, 28-июнда Жапониянын Осака шаарында “Чоң жыйырмалык”- G20 саммити башталат. Иш-чара эки күнгө созулат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Ага дүйнөдөгү эн ири жыйырма өлкөнүн лидерлери катышат. G20 тобунда АКШ, Орусия, Франция, Кытай, Индия, Жапония жана Мексика бар. Саммиттин алкагында АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугары күтүлүүдө.

Буга чейин орус президентинин өкүлү тараптар стратегиялык туруктуулук жана аймактагы жаңжалдар тууралуу кеп козгошорун билдирген. Анын ичинде Украина, Сирия, Корей жарым аралы, Ооганстан жана Венесуэладагы абал жана “иран программасы” бар. Өткөн жылдын аягында “Чоң жыйырманын” Буэнос-Айрестеги саммитинде АКШ менен Орусиянын президенттери жолугары бир канча жолу айтылганы менен ал жолугушуу болбой калган. Ага Керч кысыгындагы украин-орус деңиз аскерлеринин чатагы себеп болгон.

 
Categories

Ангела Меркелдин денесин кайрадан калтырак басты (видео)

Германиянын канцлери Ангела Меркелди кайрадан калтырак басты. Ал  президент Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуу учурунда өзүн жаман абалда сезген. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Белгилей кетсек ,буга чейин да Украина президенти Владимир Зеленский менен болгон жолугушуусунда  Меркелдин абалы начарлап, денесин калтырак баскан. Анда ысык аба ырайы жана сууну аз ичкендиги менен түшүндүргөн эле.

 

 
Categories

Шымкентте бийликке нааразы арыстыктар жол бууду

Шымкент шаарына көчүрүлгөн Арыстын жүздөн ашуун жашоочулары “Акмешит” мечитинин жанында жолду жаап, бийлик өкүлдөрү менен жолугушууну талап кылышты. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Чогулгандар өкмөт жардам бербей жатканынан нааразы. Алардын айрымдары Арыстагы бузулган үйлөрүнө кайтпай турганын айтышып, башка аймактардан турак-жай жана жер тилкелерин берүүн талап кылышууда. Арыстыктар 2009-жылдан бери төрт жолу жарылуу болгон аймакта жашоону каалабай турганын кошумчалашты.

Нааразы тарап менен жолугушууга келген Шымкент шаарынын башчысы Габидулла Абдирахимов өкмөт Арыс шаарынын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө каражат бөлүүнү пландап жатканын айтты. Абдирахимов Арыс шаарынын тургундары үчүн Шымкенттен турак-жай жана жер тилкесин берүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Анын айтымында, Шымкентте үй үчүн 150 миң киши кезекте турат.

24-июнда 42 миңдей киши жашаган калаада аскерий кампадан өрт чыгып, ок-дарылар жарылган. Аймак тургундары шашылыш түрдө көчүрүлгөн. Алардын көбү Шымкент шаарындагы мектептерге жана мечиттерге жайгаштырылган. Жалпысынан дарыгерлерге 165 адам кайрылган, алардын 89у ооруканага жаткырылган. Жарылуудан үч адам мерт болгон.

 
Categories

Өзбекстан Орусиядан ок өтпөс унааларды сатып алды

Өзбекстандын  куралдуу күчтөрү Орусиядан «Тигр» үлгүсүндөгү ок өтпөс унааларды сатып алды. Бул тууралуу Москвада өткөн Эл аралык аскердик-техникалык «Армия-2019» форумуна катышкан Өзбекстандын өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө таянып, ТАСС агентиги жазды.

«Тигр» ок өтпөс техникасын Орусиянын милиардери Олег Дерипаска таандык «Русские машины» холдинги чыгарат. Бир унаанын баасы 160 миң долларды түзөт.

Эске салсак, 2015-жылы Америка Кошмо Штаттары Өзбекстанга «Ашыкча куралдарды өткөрүү» долбоорунун негизинде  150 миллион доллардык  300 ок өтпөс аскердик  техника белекке берген.