Categories

Алматы менен Ташкент дүйнөнүн эң арзан шаарларынын катарына кирди

The Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун версиясы боюнча, Өзбекстандын борбору Ташкент менен Казакстандын Алматы калаасы дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын катарына кирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Изилдөө борбору жыл сайын Worldwide Cost of Living баяндамасын жарыялап, дүйнөнүн ири шаарларындагы жашоонун баасын аныктайт. Ал үчүн бирдей айлык алган адамдар турак-жай ижарасы, транспорт, азык-түлүк жана зарыл товарлар үчүн канча акча корото тургандыгы эсептелинет.

Быйыл Алматы менен Ташкент Индиянын Бангалор, Сириянын Дамаск жана Венесуэланын Каракас шаарлары менен бирге тизменин эң аягына жайгаштырылган. Изилдөө борборунун эсептөөсү боюнча, азыр Ташкент менен Алматыдагы жашоо Нью-Йорктогуга салыштырганда дээрлик үч эсеге арзан.

Баяндаманын авторлору Казакстандагы жашоонун арзандашын улуттук валютанын девальвациясы менен түшүндүрүүдө. Өлкө бийлиги 2015-жылдын аягында теңгенин курсун эркин кое берген. Акыркы бир жылдын ичинде теңге доллар, евро жана башка туруктуу валюталарга карата дээрлик 50 пайызга арзандаган.

Economist журналынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө орточо эсеп менен Алматыда бир килограмм нан болгону бир доллар турат. Бул Сеулга салыштырганда 15 эсеге, Париж менен Женевага салыштырганда алты эсеге арзан. Ал эми тамекинин кутусу Алматыда Парижге караганда дээрлик 10 эсеге, Сиднейге караганда 20 эсеге арзан болуп, баасы бир доллардан ашык. Казакстандын бул шаарында бензин дагы Батыш Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу үч эсеге арзан.

Өз кезегинде Ташкент акыркы жылдары рейтингдеги эң арзандаган шаар деп табылды: бир жылдын ичинде андагы жашоонун баасы 14 баскычка төмөндөгөн. Ташкенттен да жашоо көбүрөөк арзандаган шаарлардын катарында Венесуэла менен Дамаск гана бар.

Ал эми Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург, Украинанын Киев, Чехиянын Прага шаарларындагы жашоо бир жылдын ичинде тескерисинче кымбаттаган. Economist Москва менен Петербургдагы жашоонун кымбатташын рублдин бекемделгени менен түшүндүрүүдө.

Өткөн жылы дүйнөнүн эң кымбат шаары деп Сингапур, Гонконг, Париж, Цюрих, Женева, Осло, Сеул, Копенгаген, Тель-Авив жана Сидней калаалары табылган.

 
Categories

Якутск шаарында учурда абал тынч

Якутск шаарында учурда абал тынч. Бул тууралуу аталган калаада эмгектенип жүргөн мекендешибиз Бектемир Бешбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мындай окуя болгон эмес.

“Учурда бизде күндүзгү саат 12:27 болду. Азыр жеке иштерим менен шаар аралап жүрөмүн жашоо өз нугунда уланып жатат. Кээ бир кыргыз ишканалары ишин улантып жатат, бирок айрымдары убактылуу жабык турат. Мен үй-бүлөм менен Якутск шаарында төрт жылдан бери жашаймын. Эч бир мындай окуяларга күбө болгон эмесмин. Башынан эле мигранттарга мамиле жакшы. Айрым ММКлар аша чаап кетип жатышат”,-дейт Бешбаев.

Эске салсак, Якутиянын Якутск шаарында 17-март күнү кечке жуук мигранттарга каршы борбордук аянтта 200дөй адам катышкан митинг өткөн. Ага шаар тургуну зордукталганы боюнча месседжерлерде маалымат тараганы себеп болгон. Зордуктагандар борборазиялык үч киши экендиги айтылып, алардын бири колго түшкөнү кабарланган. Ошондой эле нааразычылык акцияга чыккандар кечээ,18-март күнү да “Триумф” спорт комплексинде 5 миңдей адам чогулуп өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Алар элди тынчтанууга үндөп, зордуктагандар мыйзам чегинде катуу жазасын аларын айтышкан.

 

 
Categories

Тажикстанда базардагы атышуудан милиция офицери жараланды

Тажикстандын түштүгүндөгү Бохтар калаасындагы “Ходжи Шариф” базарындагы атышуудан үч адам, анын ичинде милициянын бир офицери жаракат алды. Атышуу жекшемби күнү болгон, кылмыш иши козголгон, тергөө башталды. Бул тууралуу Бохтар шаарынын прокурору Иброхим Нусратуллозода билдиргендигин Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

17-март күнү кечинде Хатлон облустук ооруканасына милиция майору Довар Солехов, анын тууганы Масрур Солехзода жана жергиликтүү жашоочу Бахтовар Саъдуллоев жеткирилген. Алардын баарына ок тийген.

“Майор Солехов башынан жараланган. Жарасы жеңил, өмүрүнө коркунуч жок. Калган экөө Макаров пистолетинен атылган октон жараланган. Октун бири Бахтовар Саъдуллоевдин ичине тийген, ок анын кабыргасын тешип кеткен”, – деди облустук оорукана кызматкери.

Бохтар шаарынын прокуратурасынын маалыматы боюнча милиция офицери жумуш маалында жараланган.

Тажикстан Ички иштер министрлиги базарда болгон атышууга байланыштуу пикир билдире элек. Укук коргоо органдарындагы өз булактын кабарлашынча, атышуу карыз кайтаруу маселесинен улам келип чыккан.

“Ходжи Шариф” базары 2011-жылы ачылган жана 14 миң ишкерге ылайыкташкан. Базар Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жакын мамиледеги Сохибовдордун үй-бүлөсүнө таандык деген маалыматтар бар.

 
Categories

Индонезияда нөшөрлөп жааган жаандан 68 киши каза тапты

Индонезияда нөшөрлөп жааган жаандан улам ташкындаган суу бир нече адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-мартта Папуа провинциясында 68 киши каза болуп, 74 киши жабыркаган.  Жүздөгөн үйлөр суу астында калып, убактылуу баш калкалоочу жайга 4 миңден ашык адам көчүрүлдү.

Жолдордун жана көпүрөлөрдүн бузулушу куткаруу иштерине тоскоолдук жаратып жатат. Аталган провинцияда эки жума мурда өзгөчө кырдаал абалы киргизилген.

 
Categories

Казакстандын башкы прокурору алмашты

Казакстандын башкы прокурору болуп Гизат Нурдаулетов дайындалды. Ал буга чейин башкы прокурордун орун басары кызматында иштеп келген. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Президент Нурсултан Назарбаев кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөнүн башкы көзөмөл органын 2017-жылдан бер башкарып келген 53 жаштагы Кайрат Кожамжаров “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” кызматтан алынды.

55 жаштагы Нурдаулетов 1996–1997-жылдары Казакстандын Мамлекеттик тергөө комитетинде иштеген. 1997-жылы бул орган жоюлгандан кийин эмгек жолун Улуттук коопсуздук комитетинде (УКК) уланткан. 2007–2017-жылдары УККнын Алматы облусу боюнча департаментин жетектеген. 2017-жылдан июлунан бери башкы прокурордун биринчи орун басары кызматында иштеп келген.

 
Categories

АКШда 9 мүнөттө 6 эм жарыкка келди

АКШнын Техас штатынын тургуну 9 мүнөттө 6 эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар The Woman’s Hospital of Texas клиникасынын маалыматына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар 15-мартта жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4:59да төрөлгөн. Наристелердин экөөсү кыз, төртөөсү уул болуп, алардын салмагы 800 граммдан 1,3 кг чейин. Алты эмдин энеси Тельма Чиаканын учурда абалы жакшы.

Маңдайы жарыла кубанган аял кыздарына Зина жана Зуриель деген ысымдарды тандан койгонун айткан. Ал эми уулдарына азыр ойлонуп жатат.

Төрөт үйүнүн кызматкерлери белгилегендей алты эмдин жарык дүйнөгө келиши өтө сейрек кездешет.

 

 

 
Categories

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Жаңы Зеландиядагы кол салуу мусулман үммөтү үчүн орду толгус кайгы

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Ал-Нур» мечитинде жана Линвуд шаарынын чет жакасындагы мечиттерде жума намазы учурунда болгон кол салуудан 49 жаран көз жумду. Бул каргашалуу окуяга байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана өзүмдүн атымдан маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Бул кол салуу мусулман үммөтү үчүн оор жоготуу жана орду толгус кайгы. Сабырдуулук касташуудан алыстоого умтултат. Биз Жараткандан мусулман үммөтүнүн тынчтыгы, биримдиги жана ынтымагы үчүн дуа кылып, болгон окуянын мындан ары кайталанбашы үчүн жалпыбыз Алла Тааладан тилешибиз керек.

Ал эми 20 ашуун жарат алган бир туугандарыбызга Алла Тааладан шыпа жана  тез сакайып кетүүнү тилейбиз.

Терең кайгыруу менен көңүл айтып,

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев

 
Categories

Өзбекстанда ишкер “жылаңач” каршылык акциясына чыкты

Анжиян облусунун Асака шаарында  ишкер жылаңач чечинип алып, асфальт жолго жатып алган. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

“Бул Асака шаарынын башчысы Хурсанд-хожи Paynet күркөсүнүн ээсине келип, аны түрттүрүп саларын айткан күнү болду. Бул жигит психикалык жактан соо. Болгону ушундай ыкма менен жападан жалгыз киреше булагынан ажыратып жаткан бийликке каршылык көрсөткөн” , – деди окуяга күбө болгон жергиликтүү ишкер.

Окуя ички иштер органдары тарабынан каттоодон өткөн эмес. Күркөнүн ээси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Асака шаарынын башчысы Хурсандбек Юлдашев Нажмиддин Кубро көчөсүндө жайгашкан Paynet күркөсүн мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү иш-чараларынын негизинде түрттүрүүгө аракет жасаганын түшүндүрдү.

Асака шаарындагы чиновниктердин биринин айтымында, калаа бийлиги Paynet төлөмдөрүн кабыл алуу күркөсүн түрттүрүү демилгесинен баш тарткан. “Бийлик сестенди, себеби мындай “жылаңач” акция Өзбекстанда биринчи жолу болуп жатат. Жергиликтүү аткаминерлер түшүнүп турат, эгер бул маалымат президентке жетсе, көптөгөн “баштар” ыргыйт”, – деди ал.

 
Categories

Жаңы Зеландияда мечитке кол салуудан 40 киши өлдү

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке куралдуу кол салуу болуп, кеминде 40 киши каза болду. Дагы ондогон адам түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министр Жасинда Ардерн билдиргендигин Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

The New Zealand Herald гезитинин маалыматына караганда, кол салууга шектелген төрт адам, анын ичинде бир аял кармалды. Алар жанаша жайгашкан мечиттерге кирип барып, андагы адамдарды аткылашкан. Колго түшүрүү маалында алардын жанынан курал-жарактар жана жардыруучу заттар табылган. Азырынча бул чабуулга канча адам катышканы так белгисиз.

Жергиликтүү басылмалар кабарлашкандай, кол салгандардын бири австралиялык. Чабуулдун алдында ал мигранттарга каршы көз карашын билдирип, манфест жазып калтырган. Анда «Бул террордук акт», деп жазылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча чабуулга катышкандардын биринин аты-жөнү Брентон Таррант. Ал мечитке кол салууну интернетте түз эфирде көрсөткөн.

Өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн кол салууну болуп көрбөгөндөй зомбулук актысы деп атады. «Бул өлкө тарыхындагы эң оор күндөрдүн бири болуп калат», — деди ал.

Бул окуядан кийин коопсуздук максатында Жаңы Зеландиядагы бардык мечиттер убактылуу жабылды.

 
Categories

АКШнын Улуттук чалгын кызматы орус президентинин жеке байлыгын изилдейт

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Кремлдин агрессивдүү саясатына каршы турууга багытталган жана Орусия президенти Владимир Путиндин ишмердүүлүгүнө байланышкан коррупциялык иштерди иликтөөнү талап кылган мыйзам долбоорлордун топтомун жактырды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

KREMLIN Act деп аталган мыйзам долбоору Орусиянын кийлигишүүсүн болушунча азайтуу жана орусиялык чалгын түйүндөрүн чектөөгө багытталган. Документ АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчысы Дэн Коутстан 90 күндүн ичинде «Орусиянын саясий жетекчилигинин ниети» жана Москва тараптан АКШ менен НАТОго келе турган ыктымал коркунучтар тууралуу баяндама даярдоону талап кылат.

Кечээ кабыл алынган дагы бир мыйзам долбоору америкалык чалгындан Орусия президентинин кирешелери менен мүлктөрү тууралуу маалыматтарды талап кылат. Документтин авторлорунун бири, Республика партиясынын өкүлү Элис Стефаник Владимир Путин менен анын коррупциялашкан союздаштары дүйнөдөгү демократияны алсыздандырууга жана саясий көзөмөлдү этикага туура келбеген ыкмалар менен бекемдөөгө аракет кылып жатканын билдирди. Стефаник алар жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт. Документке ылайык, мыйзам күчүнө киргенден кийинки 180 күндүн ичинде АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчысы мамлекеттик катчы жана финансы министри менен биргеликте орус президентинин жеке байлыгы тууралуу баяндама даярдап берүүгө милдеттүү болушат.

Мурдараак Кремль бул мыйзам долбоорун «русофобдук демилге» деп атап, аны көңүлгө албоого чакырган.

2017-жылы июлда Hermitage Capital фондунун жетекчиси Уильям Браудер АКШ Сенатынын комитетиндеги угууларда Орусия президенти Владимир Путинди дүйнөдөгү эң бай адам деп эсептей турганын айткан. Орусияда каржы кылмыштарына айыпталып жаткан Браудер анда Путиндин байлыгын 200 миллиард доллар деп баалаган.

Былтыр январда АКШнын Финансы министрлиги санкция киргизилиши мүмкүн болгон Владимир Путинге жакын адамдардын тизмесин жарыялаган. 210 кишиден турган ал тизмеде орус өкмөтүнүн бардык мүчөлөрү, Путиндин администрациясынын кызматкерлери, мамлекеттик корпорациялардын башчылары, укук коргоо мекемелеринин жетекчилери жана олигархтар болгон.