Categories

«УБАКТЫМДЫ ЖК ИШИНЕ АРНАЙМ»

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев эмне себептен отставкага кеткен президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын түшүндүрүп берди. “Учурдагы коомдук-саясий кырдаалды эске алып жана парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү юридикалык жактан аяктап бара жатканына байданыштуу КР президентинин милдетин аткаруу укугунан баш тартам. Мен өз убактымды, күч-аракетимди парламенттин иштерине арноону туура көрдүм”, — деди Исаев. Кыргызстандын Башкы мыйзамынын 68-беренесине ылайык, президент өз ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда баш тарта, анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек болчу.

 
Categories

ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫНА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛДЫ

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарын тез арада шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу депутат 13-октябрдагы кезексиз жыйынында билдирди. Ал парламенттин жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаевге кайрылып, Жогорку Кеңештин жыйындарын уюштуруу керектигин айтты. Сулайманов кырдаалдан чыгуу үчүн мыйзамга ылайык парламенттик шайлоону өткөрүүнү атады. Депутат шайлоого чейин №2 форма менен добуш берүүгө тыюу салуу, шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү, партиялардын шайлоо фондун 1 миллион сомго түшүрүүнү керектигин билдирди.

 
Categories

Саясатчылар элди ойлойбу?..

Соңку күндөрү өлкөбүздө саясат жогорку чыңалууда турат.
Парламенттик шайлоону ыплас мыйзам бузуулар менен өткөргөн бийлик эл тарабынан жарым жартылай жазаланды.
Мындай дегеним президент Сооронбай Жээнбеков Акүйдөн куулганы менен дачасына жашынып иштеп жатат.
Өлкөбүздөгү кырдаал турукташып, баары мыйзам талаасына түшкөндө кызматымдан кетем деген президентти айрым саясатчылар менен жакын адамдары айткан сөзүнөн кайтууга үндөп жатат.
Эгер андай болсо анын кесепети канчалык кайгылуу жана өкүнүчтүү болоорун президент сезбей жатса анда чын эле абдан кейиштүү.
Кечээ Канат Исаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлоого жетишкен президент жана анын жан жөкөрлөрү кайра күчтөнүп баштадык дешсе чоң жаңылышат.
Парламенттен премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаровго жарлык чыгаруудан баш тартып, артка кайтаруусу чоң чырдын башталышына жол ачпаса болду.
Анткен менен президенттин антип артка кайтарууга укугу жок. Баш мыйзамда андай норма каралбаган.
Баш мыйзамда президент дайындайт же дайындабайт деген эле так эреже бар.
Үч күн ичинде президент кол койбосо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелип өкмөт иштей берет.
Демек Садыр Жапаровдун өкмөтү мыйзамга ылайык ишке киришти.
Демек президент жаңы эреже тапты.
Ушундан улам президент кырдаалды турукташтырмак түгүл кайра курчутууга жол ачты.
Өкүнүчтүү…
Анткени элдин маанайы такыр башка.
Жээнбековдун эл арасындагы кадыр баркы төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.
Демек анын мындан ары өлкөнү башкарууга такыр моралдык укугу калбады.
Ал азыр жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп коюуп кетем деген ойго келди.
Өткөн парламенттик шайлоону дал ушул президент таза, ачык өткөрө албай шерменде болдуго.
Анан эми кантип кайра шайлоо өткөрүүгө укуктуу болмок.
Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан борбордук аянтка чогулууда.
Кайрадан кооптуу абал жаралууда.
Саясатчылар бир пикирге келип, бардык саясий оюндарды токтотпосоңор болбойт.
Элди кыйнабагыла!
Элдин жашоосун, өлкөнүн экономикалык абалын ойлонгула!
Ансыз да көйгөйлөр өтө көп…

 
Categories

Үмүтбек! Жаркын элесиң эч качан унутулбайт!

Үмүтбек! Жаркын элесиң эч качан унутулбайт!

Бүгүн 9-октябрда Алтынбек уулу Үмүтбек, туулуп өскөн жери Лейлек районунун Кара-Булак айылында жерге берилди.
Үмүтбек 6-октябрда, Бишкек шаарында КР Жогорку Кеңешине шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан эл арасында болуп, орун алган баш аламандык учурунда жараат алып, 19 жаш курагында каза болду.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун жана жалпы Баткен элинин атынан, Үмүтбектин үй бүлөсүнө, жакындарына, терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Келечектен көптү үмүттөндүргөн билимдүү, таланттуу, жаркын келечекке умтулган, ынтызар жигитибизден айрылуу биз үчүн орду толгус оор жоготуу болду.
Кош бол Үмүтбек!
Кабыргасы кайышып, каңырыгы түтөп артыңда элиң калды.
Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.
Жаркын элесиң, кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Үмүтбек! Жаркын элесиң эч качан унутулбайт! Үмүтбек! Жаркын элесиң эч качан унутулбайт! Үмүтбек! Жаркын элесиң эч качан унутулбайт! Үмүтбек! Жаркын элесиң эч качан унутулбайт!

 
Categories

БЕКЕШЕВ ДЕПУТАТТЫК ИШИН ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кызматтык унаасын тапшырганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал бул жумада иш бөлмөсүн да бошоторун кабарлады. “Келерки жумада шайлоодо алдын ала уткан партиялар Жогорку Кеңештеги иш бөлмөлөрүн бөлүштүрө баштайт. VII чакырылыштын депутаттары расмий ант берген күндөн тарта VI чакырылыштын депутаттары ишин токтотот. Менде көп план жана милдеттер бар, мамлекеттик кызматта 14 жылдык тажрыйба топтодум”, -дейт Бекешев.

 
Categories

Кол жоолукка айланган депутаттык мандат

Акыркы эки айда Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтүп бараткан алтынчы чакырылышынын депутаттары мөөнөтүнөн мурда мандаттарын тапшыруулары абдан өөн учурай баштады.
Анткени партиянын кийинки тизмеде кезек күтүп отургандарга эки ай, бир ай калганда мандатын берүү өтө эле жагымсыз жагдай болуп калды.
Алардын максаты эптеп эле өмүр баянына ЖКнын депутаты болгон деген эле керек болуп турат.
Мына мындан төрт ай мурун мандат алган Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Жаныбек Жоробаев кечээ мандатын тапшырып берди.
Эми анын ордуна тизмеде турган бирөөсү эки жумалык мандат алат.
Балким жаңы мыйзам кабылдап Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтү аяктап калган үч айда жаңы мандат берилбейт деген чек киргизүү учурдун талабы болуп калды окшойт.
Антпесе депутаттык мандат кол жоолукка айланып калды.