Categories

Таажылуу вируска чалдыккан 320 адам ооруканаларда дарыланууда

Кыргызстанда таажылуу вирус жуктурган 353 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, илдетти жуктурган 6 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат.

66 бейтаптын абалы орточо оор, 248 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-майга карата таажылуу вирус жуктурган 6 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө ооруну жуктурган учурлардын саны 1117ни түзөт. Алардын ичинен 783 адам илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Вирус жуктурган 14 адам каза болду.

 
Categories

“РСК Банктын” 2 кызматкери вирус жуктуруп алган

«РСК Банктын» 2 кызматкери таажылуу вирус жуктуруп алгандыгы аныкталды.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Ссламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында ооруну жуктурган банк кызматкерлеринин бирөөсү Бишкек шаарында катталган. Ал бейтап дарыланып, айыгып чыккан.

Экинчи учур Чаткал районунда болуп, ал жакта банктын филиалынын кызматкери ооруп калган. Ал бүгүнкү күнү ооруканада дарыланууда.

 
Categories

Кыргызстанда вирусту жуктургандардын 68 пайызы айыкты

Кыргызстанда дагы 23 бейтап вирустан айыкты.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 9, Нарын облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 2, Ош облусунда – 1 бейтап бар.

Учурда оорудан айыккандардын саны 527ге жетти.

Бул көрсөткүч вирусту жуктургандардын 68 пайызын түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-майга карата вирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө илдетти жуктурган учурлардын саны 769ду түздү.

 
Categories

Ооруканада жаткан бейтаптардын абалы айтылды

Таажылуу вирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен 5 адам реанимацияда жатат.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда вирус жуктурган 244 адам бейтапканаларда дарыланууда.

41 бейтаптын абалы орточо оор. Ал эми, 192 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-майга карата таажылуу вирус жуктурган 10 жаңы учур катталды.

Өлкөдө илдетти жуктурган учурлардын саны 756ны түзөт.

Алардын ичинен 504 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

8 адам вирустан улам каза болду.

 
Categories

Кыргызстанда дагы 13 адам вирусту жуктуруп алды

28-апрелге карата дагы 13 жарандан таажылуу вирус аныкталды.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган 13 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2 учур бар.

Өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 708ге жетти.

 
Categories

Жалал-Абадда 85 жаштагы бейтап вирусту жеңди

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда вирус жуктуруп алган 85 жаштагы бейтап ооруканадан чыгарылды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бейтаптын айтуусунда, ал жөтөл жана дене табынын жогорулашы сыяктуу оорунун белгилерин байкаган эмес.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган жаран март айынын ортосунда кичи ажылыктан кайтып келген жарандардын катарында болгон.

Бишкекке учуп келгенден кийин андан жана аны менен чогу келгендерден ПЧР-анализ алынган.

Анализдин жыйынтыгы оң чыгып, 85 жаштагы бейтап стационарга жаткырылган.

Ажылыкта аны коштоп жүргөн келининин анализи таза чыккан, бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы обсервацияга жаткырылган.

Учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары жакшы экендиги жана карантиндик чараларды так сактап жаткандыгы айтылган.

 
Categories

26-апрелге карата 25 бейтап вирустан айыгып чыкты

26-апрелге карата 25 бейтап таажылуу вирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинде Бишкек шаарында – 10, Нарын облусу – 6, Жалал-Абад облусу – 6, Ош облусу – 1, Ош шаары – 2 бейтап бар.

Учурде илдеттен айыккандардын жалпы саны 370 кишиге жетти.

 
Categories

Вирус жуктургандардын теңинен көбү айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 23 бейтап таажылуу вирустан айыгып чыкты.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Өлкөдө пандемияга кабылгандардын жалпы саны 665 кишини түздү.

Алардын ичинен 345 бейтап оорудан айыгып, 8 адам каза болду.

 
Categories

Таажылуу вирустан айыккандардын саны 322ге жетти.

24-апрелге карата өлкөдө 20 бейтап таажылуу вирустан айыгып чыкты.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы айыккандардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында – 8, Жалал-Абад облусунда – 8 адам бар.

Илдеттен айыккандардын жалпы саны 322ге жетти.

 
Categories

Кыргызстанда дагы 25 киши вирус жуктуруп алды

24-апрелге карата Кыргызстанда таажылуу вирус жуктуруу боюнча 25 жаңы учур аныкталды.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Учурда илдетке кабылгандардын жалпы саны 656 кишини түздү.