Categories

Данияр Акматов Инвестиция илгерилетүү жана коргоо боюнча агентигинин директору болуп дайындалды

Акматов Данияр Барпыевич Кыргыз Республикасынын Инвестиция илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин бул агенттигинин директор кызматын  Адилбек уулу Шумкарбек аркалап келген, 22-октябрда берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотуу буйругуна  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С. Жапаров кол койгон.

 
Categories

Тилек Токтогазиев министр болду

  • Жогорку Кеңеш Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды
 21-10-2020 19:14

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги сунушталды. Аны бул кызматка президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров көрсөткөн.

Эл өкүлдөр айыл чарбасын көтөрүү боюнча Тилек Токтогазиевдин пландарына, тажрыйбасына кызыгышты. Депутат Үмбөталы Кыдыралиев “Сиз мурда мамлекеттик кызматта иштеген белеңиз?” деген суроо берди.  Тилек Токтогазиев бул суроого жооп берип жатып ТИМде тажрыйбадан өткөнүн айтты. Ошондой эле айыл чарба министрлиги менен бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырганын кошумчалады.  Учурда ИДПда айыл чарбасынын көлөмү 10%га да жетпей калганын белгилеп, депутат Үмбөталы Кыдыралиев  ушул оор тармакты өнүктүрүү боюнча кандай кадам жасай турганын сурады.  Тилек Токтогазиев айыл чарбасына жаңы технологияларды алып келүү, майда чарбаларды бириктирүү, тармакты санариптештирүү, тышкы рынокко чыгуу жана дыйкандардын кирешесин жогорулатуу максаты бар экенине токтолду.

Бир катар депутаттар мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок экенине карабай, реформа кылам деген демилгелүү жаштарга мүмкүнчүлүк берүү зарыл деген пикирлерин билдиришти.

Талкуу жыйынтыгында парламент Тилек Токтогазиевди Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине дайындоого макулдугун берип, атайын токтом кабыл алды.

Буга чейин аталган талапкерди Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери колдогон.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 
Categories

Башкы прокурор К. Зулушев болду

Жогорку Кеңеш Башкы прокурорлук кызмат ордуна Курманкул Зулушевдин талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна сунушталып жаткан Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралды.

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев менен Акылбек Жапаров талапкерден саясий куугунтукту токтотуу жаатындагы пикирине кызыгышты. Өз кезегинде Курманкул Зулушев саясий куугунтукка жол берилбей тургандыгын белгилеп: “Мен өз башыман саясий куугунту өткөргөм. Андыктан, өч алуу максатында же саясий көз карашта иш жүргүзбөйм”, – деди.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Курманкул Зулушевдин талапкерлигине 84 депутат макулдугун берип, бирөө каршы болгон.

Натыйжада Жогорку Кеңеш Башкы прокурорлук кызмат ордуна Курманкул Зулушевди дайындоого макулдугун берип, атайын токтом кабыл алды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 
Categories

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору дайындалды

Түмөнбаев Турусбек «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын сунушу менен Түмөнбаев Турусбек Тогузбаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек буга чейин бул мекемени Марат Пирназаров башкарып келген, бүгүн 21-октябрда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Пирназаров Марат Туголбаевич берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотуу  буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койгон.

 
Categories

ИИМГЕ ЖАҢЫ ОРУН БАСАРЛАР ДАЙЫНДАЛДЫ

Ички иштер министринин эки жаңы орун басары дайындалды. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, 21-октябрда министрликтин жеке курамына жаңы орун басарлар Октябрь Урманбетов жана Эркебек Аширходжоев таанаштырылды. Аларды дайындоо тууралуу буйрукка өкмөт башчы кол койгону кабарланды. Жаңы орун басарларды тааныштырып жатып вице-премьер министр Максат Мамытканов өлкө үчүн оор кырдаалда милициянын ишинин маанилүүлүгүн, кызматкерлердин өз милдетине болгон жоопкерчилигин белгиледи. Урманбетов буга чейин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп 2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын январына чейин иштеген. Аширходжоев ИИМдин Тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы болгон. Ички иштер министринин орун басарлыгынан алынган Алмазбек Орозалиев бул кызмат ордунда 2015-жылдан бери иштеп келген, Бишкек шаарынын коменданты болуп турган.

 
Categories

Эркебек Аширходжаев Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

21-октябрда Аширходжаев Эркебек Жумабекович Ички иштер министринин орун басары болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө иштери боюнча жетекчисинин орун басары Памир Асановдун ордуна дайындалган. Тиешелүү жарлыкка Президенттин м.а, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Буйрукту Ички иштер министри Улан Ниязбеков жазган. Бул тууралуу коопсуздук күчтөрүндөгү булактар ​​кабарлашты.

Белгилей кетсек, Ашырходжаев Алмазбек Атамбаевдин ишин иликтеген ыкчам-тергөө тобунун башчысы болгон.

 
Categories

Октябрь Урманбетов Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Урманбетов Октябрь Жолдошевич Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды, деп билдирди 21-октябрда  күч түзүмдөрүндөгү булактар.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Алмаз Орозалиевдин ордуна дайындалган.

Урманбетов Октябрь Жолдошевич
Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын экс-башчысы
1970-жылы туулган
50 жаш
Туулган жери Бишкек
Тил билүүсү  кыргыз, орус

 
Categories

УКМКНЫН 9-КЫЗМАТЫНА ШАБДАНБЕКОВ КЕЛДИ

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басарынын рангында болот. УКМКнын 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

 
Categories

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды
Борбор калаа мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев борбор калаанын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Эске салсак, бул кызматты Алмаз Бакетаев ээлеген, эми ал турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр кызматын ээлейт, өз кезегинде Алимбек Абдылдаев мэрдин кеңешчиси болуп калды.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек – ​​сүйүктүү шаар!

Түлеев Нариман Ташболотович

Өмүр баян

1963-жылы 24-декабрында Бишкек шаарында туулган.

Улуту кыргыз.

Билими жогорку.

1985-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун “инженер-куруучу” адистиги боюнча аяктаган.

Ишмердүүлүгү

Өзүнүн эмгек жолун 1985-жылы Нарын МККсында мастер болуудан баштаган. 1986-1990 жылдары КР ЛКСЖсынын Тянь-Шань районунунда комсомолдук иште, Кыргызстан ЛКСЖсынын Ысык-көл ОКсында, ВЛКСМдин Оренбург ОКсында иштеген.

1990-2001-жылдары жеке ишкананын жетектеген. 2001-2005-жылдары башкы инженер “Темир” мамлекеттик ишканасынын директору болуп иштеген. 2005-жылдан 2008-жылдын июлуна чейин “Кыргызтемиржолу” “Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасын н жетектеген.

2008-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясында Н.Т.Тюлеевдин талапкерлиги Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлиги бир добуштан кабыл алынган.

2010-жылдын октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.

“Чек ара кызматташтыгын бекемдиги үчүн” КРнын чек ара кызматынын медалы менен сыйланган. 2007-жылдын апрелинде “Даңкы медалы менен сыйланып, 2008-жылдын майында “Ардактуу темир жолчу” наамын алган.

КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн темир жол транспорту боюнча кеңешинин Баку шаарында болуп өткөн 47-жыйналышында катышкан. Нариман Тюлеевдин Кыргызстан темир жол транспортуна гана эмес, бүтүндөй бардык тармактарга, ошондой эле соода-өнөр жай байланыштарын өнүктүрүүгө кошкон салымын “НК КТЖ” МИсынын ошол учурдагы жетекчиси, “Россия темир жолдору” АКсынын башкы директору Владимир Якунин белгилеп, Россия темир жолунун 170 жылдыгынын урматына карата ардактуу медаль менен сыйланган.

2008-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен, ”Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси” класстык чени ыйгарылган. 2009-жылдны октябрынан Кыргызстан архитекторлор бирлигинин ардактуу мүчөсү, ошондой эле 2009-жылдын 19-ноябрында Жогорку Кеңештин уюшулгандыгынын 70 жылдыгына арналган юбилейлик медаль менен сыйланган.

 
Categories

«Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору дайындалды

Аленов Бахпурбек Абдыкарович «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койгон.

Аленов Бахпурбек буга чейин NewTV телеканалынын атайын программалар бөлүмүндө редоктору кызматын аркалап, элдин көйгөйүн чагылдырган “ЭЛ БИЛСИН” көрсөтүүсүн элге тартуулап келген.

«Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору дайындалды