Categories

Иштебеген эрежелердин эртеңи

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинде коомдук тамактануу жайларында карантин эрежелерин жумшартуу маселеси каралууда.
Буга чейин пандемия шартында бардык санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактоо менен коомдук тамактануу жайларында бир учурда элүү адамдан ашырбоо каралган болчу.
Эми бул санды жүз кишиге чейин көтөрүп, тыштагы спорт аянчаларында да кишилердин санын көбүрөөк катыштырган иш чараларга уруксат берүү талкууланууда.
Бирок буга чейин эле тыйуу салынган карантин эрежелери толук сактабай келүүдө.
Андыктан иштебеген эрежелердин эртеңин эмес бүгүнкүсүн катуу көзөмөлдө учурдун талабы болууда.

 
Categories

Пандемияда алынган карыздар

Бүгүн вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өлкөбүз пандемия башталган март айынан бүгүнкү күнгө чейин эл аралык финансылык институттарынан баш аягы 338 миллион АКШ долларын алган.
Анын теңинен көбүрөөгү насыя катары алынса азыраагы грант катары алынган.
Алынган акча каражатынын 207 миллион доллары сарпталып, калган 131 миллион доллар улуттук банктын эсебинде турат.
Алынган акчалар бюджеттин тартыштыгын жоюуга жумшалган.
Тактап айтканда мамлекеттик бюджеттен айлык алгандардын айлык маяналарына жана жөлөк пулдарга коротулган.

 
Categories

Ички аба каттамдар жанданат

Кыргызстандын жарандык авиация департаментинин маалыматына караганда 15- сентябрдан тартып Жалал-Абад шаарына, 18- сентябрдан Баткен шаарына аба каттамдары жанданып, учактар уча башташат.
Март айынан бери таажылуу вирус пандемиясына байланыштуу ички аба каттамдары толук токтотулуп, июлдун аягында Бишкек жана Ош шаарларына ички аба каттамдары жанданып баштаган.

 
Categories

Бороновдун “бороонун” эч тоготпой жатат

Премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын кезектеги жыйынында алдыдагы парламенттик шайлоо өзгөчө учурга туш болгондугун айтты. Анткени таажылуу вирус пандемиясынын шартында шайлоо өткөрүү түйшүгү түйшөлтүп жаткандыгын белгиледи.
Партиялардын шайлоочулар менен жолугушууларында бардык санитардык эрежелердин так сакталышын катуу көзөмөлдөө зарыл деди.
Анткен менен саясий иш чараларга келгенде эле өкмөт өктөмдүккө сала бербей, күндөлүк жашоо тиричиликтеги баш аламандыктарга катуу көңүл буруу керек.
Маселен дале болсо той аштар, ысык суук мааракелер кадимкидей эле өтүп жатат.
Тойканаларда Куран окутуулар улам көбөйүп, тескерисинче күчөп баратат.
Кейиштүү жагдай ошол тойканалар жык жыйма эл киргизип мааракелерди өткөрө бар болгону 3000 сом айып пул салынат экен.
З00 киши кирген жерге 3000 сом деген эмне?
Болгону үч кишинин эле жеген тамагы.
Муну ким тоготот?
Жок дегенде 30 миң сом айып пул салып, экинчи ирет кайталаса жарым жыл, бир жылга жаап сала тургандай кылбайбы.
Коомдук транспорттордо болсо көпчүлүк бет кап кибей, бут койгонго жер жок тыгылышып жүрөт.
Кана ошолорду көзөмөлдөгөн орган?
Демек премьер-министрдин айткандары аткарылбай эле калып жатат…

 
Categories

Кыргызстанда акыркы эки суткада таажылуу вирустан адам өлүмү катталган жок

Республикалык ыкчам штабдын билдирүүсүнө ылайык кечээ жана бүгүн таажылуу вируска байланышкан адам өлүмү катталган жок.

Кыргызстанда акыркы эки суткада таажылуу вирустан адам өлүмү катталган жок

06.09.2020
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар

⚡️Бишкек – 16
⚡️Ош – 2
⚡️Чүй облусу – 10
⚡️Ош облусу – 11
⚡️Талас облусу – 4
⚡️Нарын облусу – 1
⚡️Ысык-Көл облусу – 7
⚡️Жалал-Абад облусу – 16
⚡️Баткен облусу – 20

🔺Акыркы суткада аталган илдетти жаңы жуктургандардын саны 87 адамдан аныкталып, кечээкиден эки кишиге аз болгон.

Кыргызстанда акыркы эки суткада таажылуу вирустан адам өлүмү катталган жокКыргызстанда акыркы эки суткада таажылуу вирустан адам өлүмү катталган жокКыргызстанда акыркы эки суткада таажылуу вирустан адам өлүмү катталган жок