3 АДАМ КАЗА БОЛУП, 107 КИШИГЕ ВИРУС ЖУКТУ
Таажылуу вируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 27-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан 3 адам каза болуп, 107 кишиге вирус жукканы маалым болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча таажылуу вирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1405 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 175 адамга жетти.
Стационарда 607 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 6 адам канааттандыраарлык абалда, 366 адам орто, 210 киши оор, 25 адам өзгөчө оор абалда жатат. Ал эми үйүнөн 900 бейтап дарыланып жатат. Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4168, алардын ичинен 4080и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты.