Categories

Ислам Кылычбек уулу “Чет жактан алган билимимди өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам деймин”

 Учурда чет өлкөгө жумуш издеп кеткенден дагы, билим алып жүргөн жаштардын саны арбын. Алар алган билимин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам деп ниет кылат. Дал ошондой чет жактан алган билимин, Кыргызстанга келип пайдалансам деген жаштардын бири Ислам Кылычбек уулу. Ал учурда Түндүк Кипр өлкөсүндөгү алдыңкы университеттердин биринде билим алууда. Келечек пландары, ал жактагы жашоосу жөнүндө маек курдук.

Саламатсызбы Ислам мырза? Мекениңизден алыста жүргөнүңүзгө канча жыл болду? 

Саламатчылык! Билим сапары менен чыгып, өлкөдөн алыста жүргөнүмө 2 жылга чукулдап баратат. Учурда Түндүк Кипр мамлекетинде илим алуу жолундамын. 

Ислам Кылычбек уулу "Чет жактан алган билимимди өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам деймин"

Башка өлкөнүн жашоо шартына көнүү кыйын болгон жокпу? Окууга кандай программа менен өттүңүз?

Алгач келгенде бир аз кыйынчылыктар болду, убакыттын өтүшү менен бардык нерсеге көнөт экенсиң. Азыр көптүн катарында жашап атабыз. Мен бул жакка конкурс аркылуу тапшырып келип калдым. Бул окуу жай гранттык негизде чет өлкөлүк стутенттерге сынак  жарыялайт. Аны интернеттен тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Талаптары абдан эле оор болду, бирок ага карабастан жараткандын буйругу менен өтүп кеттим. Буйруса быйыл аяктоо алдында турам.

Ислам Кылычбек уулу "Чет жактан алган билимимди өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам деймин"

Кыргызстанда кайсы окуу жайда билим алдыңыз? Ал жактын билим берүүсү менен салыштырууга болобу?

Кыргызстанда  ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун дин-таануу бөлүмүн аяктадым. Салыштырууга болбойт деп айта албаймын, Кыргызстанда деле айрым жогорку окуу жайларда билим берүү сапаты өсүүдө. Бирок Кипрде окутуу ыкмасы  биздикинен айрымаланып турат. Негизи ар ким бир нерсени өз убагында кечиктирбей кыла билүүсү шарт. Окууда изденүү жана өз алдынча аракеттенүү алдыңкы  талаптардын бири. Студенттин окууга катышуусу менен кошо, анын оюн угуу профессорлор үчүн маанилүү. Башкача айтканда, студенттердин барына мотивациялык жана индивидуалдуу кадам жасалат. Бул албетте алардын жакшы окуусуна шарт түзөт.

Ислам Кылычбек уулу "Чет жактан алган билимимди өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам деймин"

Кайсы багытта билим алуудасыз? Окуудан сырткары эмне менен алектенесиз?

Жакынкы Чыгыш Университетинде коммуникация бөлүмүнүндө магистратура багытында билим алуудамын. Окуудан сырткары, эл аралык студенттер борборунда менеджерлик кызматта иштеймин. Ошо эле учурда, Кыргызстандык студенттер биримдигин негиздедик. Учурда студенттердин башын чогултканга аракет жасап жатабыз, ай сайын семинар уюштуруп турабыз. Түндүк Кипр мамлекети ,саясий себептерден улам таанылбаган өлкө болуп эсептелет эмеспи. Ошол себептүү расмий ыйгарым укуктуу элчилик жок, андыктан кыргыз  студенттердин башын бир жерге топтоого өбөлгө  бололу деп түздүк.

Ислам Кылычбек уулу "Чет жактан алган билимимди өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам деймин"

Кыргызстандын билим берүү тармагына кандай реформа жасоо керек деп ойлойсуз?

Билим берүүдө өзгөчө региондордогу мектептерге көңүл бөлүнсө, анткени айылда окуган бала менен шаар жеринде окуган баланын айрымасы аябай чоң эмеспи. Айталы, Баткенден 11- классты бүтүп калаага келип билим алуу кыялы болсо, Бишкектеги 11- класстын окуучусу АКШга  билим алганы кетип аткан болот. Шаардагы болгон айрым мүмкүнчүлүктөр, элет жерлеринде да болсо, айылдагы балдар үчүн пайдалуу болмок.

Канча тил билесиз? Тил үйрөнүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?

“Жети элдин тилин бил, жети түрлүү билим бил”,-дейт эмеспи. Андыктан орус, арап, түрк, жана англис тилин учурда өздөштүрүп жатамын. Адам баласы аракет кылса баарын кыла алат. Анткени канча тил билсең ошончо адамсын дейт эмеспи. Тил сенин жан дүйнөңдү байытат жана жашоону ар кайсы терезеден байкоого өбөлгө түзүп берет. Колдонгон ыкмаларым жөнөкөй эле, жаңы сөз жаттап аны практика да колдономун.

Келечекте пландарыңыз кандай? Ошол жакта каласызбы же келип өлкөбүздө эле алган билимиңизди өнүктүрүүгө жумшайсызбы? Кыргызстандагы айлыктын аздыгынан көп жаштар билим алган жагында калып жатат эмеспи?

Ислам Кылычбек уулу "Чет жактан алган билимимди өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшасам деймин"

Пландарым алгач магистратурамды ийгиликтүү бүтүрүп алсам деген ойдомун.  Азырынча чечим чыгара элекмин, кыска бир убакыт чет өлкөдө иштеп тажрыйба топтосом дейм. Башка жерде султан болгончо, өз жериңде ултан бол дейтко. Бул жактан алган билимимди жана тажрыйбамды келечекте туура колдонуп, өлкөмө ак кызмат кылсам деп тилек кыламын. Албетте айлык акы өтө маанилүү нерсе, казынабызга жараша айлык берип жатат да мамлекет деле. Айлык аз деп барбай жүрө берсек, болбой калатко. Биздин өлкөдө тааныш билиш акча сурамай ж.б нерселер бар эмеспи, ошолор көрүнүштөр кейитет. Акча сурабай  чет өлкөдөн окуусун бүтөрүп барган студенттерге мамлекет жакшылап көңүл буруп койсо жакшы болмок.

Кыргызстанды 10 жылдан кийин кандай элестетесиз? Кайсы тармагын өнүктүрүүгө салым кошсом дейсиз?

Советтер Союзунан бөлүнүп чыкканыбызга 30 жылдын жүзү боло элек. Ошентсе да эгемендүүлүктү алгандан кийин, жаштардын өз алдынча ой жүгүртүүсү креативдүү жана бир прогресс бардай көрүнөт. Жаштар учурда кандай болсок, келечегибиз ошондой болот. Андыктан жакшылыктан үмүт үзбөймүн, учубуз куру эместей, мыкты азаматтардын мууну келе жатат. “Кул жеймин дейт куйрукту, кудайым берет буйрукту”, дейт эмеспи. Кайсыл тармак болсо да, эң башкысы адилеттүүлүк менен элдин акысын жебей, татыктуу мамлекет үчүн кызмат кылсам деймин.

Маегибиздин  соңунда кичи мекениңиз тууралуу айтсаңыз.  Кайсы жерде туулуп өстүңүз?

Мен алыскы айтылуу Аксы районунун Жерге-Тал айылында жарык дүйнөгө келдим. Ошол жердин абасын жутуп, суусун ичип балалыгым өттү. Айылдын чаң баскан көчөлөрүндө , ат чабып, талаада кой кайтарган күндөрдү эңсеп, сагынамын.  Айрыкча чет жерге чыкканда ал сагыныч, кусалык уламдан улам көбөйүүдө. 

Окууларыңызга ийгилик! Чооң раxмат!

Маектешкен: Гүлзада Абыраxманова

 
Categories

“Ийгилик мен үчүн эмгектин каймагы” – дейт, чемпиондордун апасы Падишахан Султаналиева

Кыргыз ашпаган ашуу, бел аз чыгар. Кыйырга чейин жетип, кыйла ийгилик жаратып жүргөн мекендештерибиз арбын. Алардын бири, Падишахан Султаналиева 30 жылдан бери чет жакта жашап, иштейт. Чемпиондорду тарбиялап, өстүрүп келет. “Ийгилик мен үчүн эмгектин каймагы” деген Султаналиева биздин маек төрүбүздүн коногу болду. Технологиянын өнүккөн заманында Канада жашаган мекендешибиз менен интернет желеси аркылуу баарлаштык. Отуз жылдан бери чет жакта жашаса да нукура кыргыз тилин унутпаганы мени суктандырды. Себеби азыр Кыргызстанда жашап туруп, эне тилин билбеген киргиздер көп эмеспи.  Чемпиондордун апасы биздин узаткан суроолорго кыска-нуска жооп берсе да, кызыктуу маек болду.

 Саламатсызбы Падишахан айым? Чет жакта канча жылдан бери жашап, эмгектенесиз?

  Саламатчылык! Менин мекенден алыстап, чет өлкөнүн тузун татып, нанын жеп, абасын жутуп жүргөнүмө 30 жылдын жүзү болуп калды. Орусиянын Москва шаарына окууга келип, 25 жыл жашап андан кийин Канадада 5 жылдан бери жашап жатамын.  Торонтодо жашап калганым, өзүмдүн жумушума, кызымдын спорттук карьерасына байланыштуу болду. Мисалы, менин профессиям жашоо шартка байланыштуу алмаша берет. Адам күнү бүткөнчө окууга болот, эч качан билим ашыкча болбойт. Кыргызда айтып коет эмеспи, “Ашыкча дөөлөт баш жарбайт” – деп.  Азыр да Спорт Академияда студентмин.

“Ийгилик мен үчүн эмгектин каймагы” – дейт, чемпиондордун апасы Падишахан Султаналиева

Кыргызстандын кайсы өрөөнүндө төрөлүп, өстүңүз?  Кичи мекениңиз, ата-энеңиз жөнүндө айтып берсеңиз?

Айтылуу Аксы районунун кызы боломун.  1971- жылы 1- майда  Итагар айылында жарык дүйнөгө келдим. Биздин айыл өтө кооз, жаратылышы бир өзүнчө жомок. Айылдан ары карай, жайлоолору жайкалып жатат. Дал ошол жердин чаңына бөлөнүп, тикенеги бутума кирип, бактылуу балалыгымдын күндөрү өткөн. Атам билимдүү кат тааныган, эсеп кысапты өтө жакшы билген соодагер, эмгектен ардак медаль алган чабандардын бири эле. Апам айкөл Манастын жери, кең Таластын кызы болчу. Абдан жөнөкөй, акылдуу,  айым эле.

“Ийгилик мен үчүн эмгектин каймагы” – дейт, чемпиондордун апасы Падишахан Султаналиева

Мыкты спортчулардын  апасы экендигиңизди билебиз, балдарыңыз, үй бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

 Чемпиондордун энеси болуу өтө оор жана кызык. Тыным жок көп окуп көп иштейм. Эң негизи чемпиондор төрөлө электе, турмуштук жигит табыла электе өзүмө өзүм шарт түзүп алгам, биринчи кезекте Москвадан квартиралуу болуп, бардык шарттарды түзүп, анан чемпиондордун атасын издегем. Албетте акыры табылды, көп адашсамда. Канаатташ казак элинин уулуна турмушка чыкканмын. Балалуу болууга  шашылбагам, келечектеги балдарыма кайсы жерде тарбиялап чоңойтом деген проблеманы чечүүгө шашылганмын.

 

“Ийгилик мен үчүн эмгектин каймагы” – дейт, чемпиондордун апасы Падишахан Султаналиева

Чемпион уул-кыздарды өстүрүү үчүн ата-энелерге кандай кеңеш бересиз? Бала тарбиялоодо кандай ыкманы колдоносуз?

  Кудайга шүгүр бир уул, бир кыздын энесимин. Экөөсү тең олимпиада отторун жаккан чемпиондор. Бала тарбиялоодо мен эч качан кысмакка алып эне бийлигин көрсөтпөйм. Уулум менен кызыма жөн гана досмун. Эч нерсе жашырбайт балдарым менден. Анткени мен азыр да бала кыялмын, кокустан балдарым жаңылса урушуп башын оорутпайм. Өзүм да өнүгүү жолунда көп адашкамын. Жөнөкөй эле чечип коём көп проблемаларын. Жолдошум да өтө түшүнүктүү өтө билимдүү , терең сабырдуу  инсан.

“Ийгилик мен үчүн эмгектин каймагы” – дейт, чемпиондордун апасы Падишахан Султаналиева

Сиз үчүн ийгилик эмне? Ийгиликтин сыры эмнеде деп ойлойсуз?

 Мен үчүн ийгилик эмгектин каймагы.  Эки олимпиадага катыштык. Жаштар олимпиадасында коло медаль уттук, Азия кышкы оюндарында коло медаль уттук, кырктан ашык эл аралык турнирлерде 15 алтын медаль, 10 күмүш, 8 коло алдык.  Кыбыраган кырды ашат деп тарыхта Орто Азия элдеринин биринчи карлыгачы аталды Элизабет Турсынбаева. Казакстандын желегин желбиретип келет. Чоң спорт- чоң саясат. Күрөшүү өтө оор. Али көп ийгиликтер алдыда. Кудай буйруса кыргыз элибиздин инсандары көп ийгиликке жетишет деп ишенемин.  Эшикте 21-кылым. Ар бир башыңа түшкөн оорчулукка, керт башың менен жооп берчи заман келди. Сезген сезип, төшөккө карап бут сунат. Эч ким күнөөлүү эмес сени тагдыр таарынтса. Өз тагдырың, ийгилигиң өз колуңда.

“Ийгилик мен үчүн эмгектин каймагы” – дейт, чемпиондордун апасы Падишахан Султаналиева“Ийгилик мен үчүн эмгектин каймагы” – дейт, чемпиондордун апасы Падишахан Султаналиева

Тилди кантип үйрөндүңүз? Кандай ыкма менен бат үйрөнүүгө болот?

Москвага илгери кеткенде орус тилин таптакыр билбей кеткемин. Ал учурда айылда жакшы  орус тилин жетиштүү деңгээлде эмес болчу. Өзүм да анчейин жактырбачумун  орус тилин эмнегедир. Мисалы, азыр да сүйбөйм орус тилин. Муктаждыктан улам үйрөнүүгө туура келген. Көп тилди билсем да кыргызча гана ой жүгүртүп жашайм. Кыргызча гана жан дүйнөм сезет көп нерсени. Эмнегедир орусташып же Канадалашып кетпедим.

 

“Ийгилик мен үчүн эмгектин каймагы” – дейт, чемпиондордун апасы Падишахан Султаналиева“Ийгилик мен үчүн эмгектин каймагы” – дейт, чемпиондордун апасы Падишахан Султаналиева

 

 
Categories

Москвда иштеген айым: – Чет жактагы бизди ойлоп, биздин маселелерибизди билген жогор жакта бирөө барбы?

“Менин атым Махабат. Мен Москвадагы супермаркеттердин биринде мерчендайзер болуп иштейм. Иштеген графигим 6/1, 12 сааттан. Канчалык көп саат иштесем, ошончолук айлыгым көбүрөөк болот.
Жолдошум каза болгон, 3 баланы жалгыз багам. Тапканыма наалыбайм, Кудайга шүгүр балдарымдын курсактары ток, кийимдери бүтүн. Тагдыр экен, ага айла жок. Президентти да башкаларга окшоп күнөөлөбөйм, ушинтип талаалап жүргөнүмө.

Загранпаспортумдун срогу аяктап баратканына байланыштуу, Элчиликке паспорт алмаштырганы келдим эле. Ушуну менен жумушуман суранып 3-жолу келишим. Бирок, тилекке каршы алган талонумдун кезеги жетпей, кайра тапшыра албай жумушума кетип жатам.
Мага окшоп ушул маселе менен келгендер көп экен.
Документтерди эртең мененки 9дан 13:00го чейин кабыл алышат. Бирок ошол убакытта кабыл алып жаткан кызматкер 10-15 гана жаранды тейлей алат экен. Ошентип, үмүттөнүп кезек күткөндөр кайра кайтабыз, кайра эртеси таң атпай 06:30-07:00до эртерээк келип, эртерээк талонду алганга шашылабыз.
Кээде иштеген ишибиздеги жетекчилик түшүнбөй, олчойгон штрафтарды да илип коет мойнубузга ушинтип иш убагында суранып, кеткенибиз үчүн.

Загранпаспорт боюнча 1 эле кызматкер. Мындайда Элчиликке арызданайын десең аларды да түшүнсө болот. Алар эмнени чечет эле? Биздин жумуштагыдай эле айлыкка чейин аванс алайын десең, 5-10 начальник кол коюлмайынча берилбегендей эле кеп да.

Айтайын дегеним, биз мигранттар чет жакта туруп бүтүндөй Кыргызстандагы туугандарыбызды багып, экономикага эбегейсиз салым кошуп жатабыз, туурабы?

Анан бизди да ойлоп, ушундай маселелерибизди чечкенге жогорку жактагылар ойлонсо жакшы болот эле.
Туура, биз мигранттар көппүз, демек кайрылган киши да көп. Анан Консулдук бөлүмдөгү кызматкерлердин штаттын көбөйтүп, бизге кам көрсө кандай сонун болот эле. Бизди ойлогон киши барбы?

Анда-санда интернеттен көрүп калабыз кайсы бир чиновник келип кеткенин. Деги алар эмне максат менен келип, анан кандай маселени чечкенге жардам бергенин кайсы жерден окусак болот?
Же ” для галочки” баланча киши келди жолугушууга деп элден “лайк”топтогону чыгарабы соцтармактарга?
Куру сөз эмес, кылган иш-аракети менен бизге жардам берсе болот эле.

Чет жактагы бизди ойлоп, биздин маселелерибизди жогорку жактагыларга жеткирген бирөө барбы? ”

PS: Facebook социалдык желесиндеги баракчадан өзгөртүүзсүз берилди

 
Categories

Чет өлкөгө тил билбей барып,фирма ачууга жетишкен Айзада Жээнбекова

Эл катары жакшы тилек максат менен чет жерге кеткен мекендештерибиздин арасында Айзада Жээнбекова дагы бар.  Ал ” Чет өлкөдөгү мекендеш” рубрикабыздын  бүгүнкү коногу болду. Түркияга алгач баргандагы башынан өткөргөн күндөрү, кандай жумуштар менен алек болгону туурасында аябай кенен ой бөлүшүп айтып берди. Майда кыйынчылыктардын аркасында тоодой ийгиликтер бар экендигине маектин соңунда сөзсүз ишенесиз.

Чет өлкөгө тил билбей барып,фирма ачууга жетишкен Айзада Жээнбекова
Саламатсызбы Айзада айым? Канча убакыттан бери чет жактасыз ? Алгач барганда кыйынчылыктар болбой койбосо керек ? 

   Баарыбызга эле маалым болгондой өлкөбүздө жумуш орундары жок, айлык аз. Ошол себептен 2010-жылы мен дагы чет өлкөгө кетүүгө бел байлап, Түркиянын Анкара шаарына келгем. Алгач барганда 6,7 ай тил билбей аябай эле кыйналдым. Мен ишенип келген кыргыз эже иш таап берчү бир фирмага киргизип койду. Ал жерде жумуш жок үч, төрт күн күтүп калдым. Бир күнү бир үй-бүлөнүн баласын кароо үчүн ишке кирдим. Бир жарым ай иштеген соң, айлыгымды бербей, же кийим-кечемди бербей чемоданымды кошо алып качып кетишти. Аларды таппай калдым, тилин билбесем, же шаарды жөндү билбесем анан кайдан издемек элем. ” Багы жокко, дагы жок ” деп отуруп калдым. Мен алып келген эжеге жок дегенде кийимдеримди таап бериңиз,тил билесиз го же фирма менен сүйлөшүңүзчү дедим. Өздөрүнчө эле ич-ара Түркчө сүйлөшүп эле, эч нерсе айтышпайт. Акыр аягы табылган жок, ошентип жүрүп карыз да болуп кеттим. Иш таап берген фирма паспортумду алып койгон 400 доллар алып келип алып кетесиң деп, ишенген эжеме жалдырап биринчи айлыгымды ага бере турган болуп башка жерге ишке кирдим. Адал тамактын уяты жок эмеспи, чаң сүртүп, пол жууп иштедим. Кеминде 4 айлыгым эле карыздарыма кетти. Ал күндөрдүн бирин да ата-энеме айткан жокмун. Апам менен телефондо сүйлөшкөндө баары жакшы деп, өчүрүп алып аябай өңгүрөп ыйлачумун. Себеби, кой кызым аз айлык болсо деле өзүнө жеткирип иштей бер десе болбой көгөрүп кеткенмин. Өзүм чет жакты көргүм келип, турмуштук тажрыйба да топтогум келген. Бир үйдүн эрке кызы болуп жүрүп, чыныгы жашоону ушул жактан көрдүм. Ошентсе да жаман жолго азгырылбай, кыйналсам да тырышып жүрүп иштеп ал күндөрдү жеңип кеттим.

Чет өлкөгө тил билбей барып,фирма ачууга жетишкен Айзада Жээнбекова

Кыргызстандын кайсы жеринен болосуз? Түркияда учурда  эмне жумуш менен алектенесиз?

Мен өзүм кереметтүү Ысык-Көлдүн Тоң районунан боломун. Жылына эки жолу барып келип турамын. Учурда Анкара шаарында жашаймын, буйрук насип экен ушул жакка турмушка чыкканмын. Өзүмдүн жеке фирмам бар, ачканыма 3 жылга жакындап калды. Жумуш таап берүү багытында иш жүргүзөт. Менин бул фирмамды ачуума өзүм келгенде көргөн күндөр себеп болду. Иштетип алып акчамды бербей, же паспортумду бербей койгон ишканалар болгон. Анан калса кыргыздар иштегени көп келет. Иш издегендер көбөйгөн сайын фирмалар да адамдарды тандап баштайт, өздөрүнүн талаптарына жооп бергендерин алып, калганын сыртка чыгарып койгондор бар. Ошентип келген көп эле мекендештериме иш таап бердим. Кийин эмнеге кыргыз кыргыздарга иш таап бере албасын деп, закондуу түрдө фирма ачууга аракет кылып ачтым. Түрк фирмалар аябагандай көп, Анкарада кыргыздардан азыр менин эле фирмам бар. Кыргыздардын колунан эмне келмек эле дегендей кылып кетип, түрк фирмаларга алданып калгандар да жок эмес. Азыр фирмам Кыргызстанда да иш алып барат. Тил билбей келген адамга чынында кыйын, ошол себептүү биз алгач окутуп, закондуу түрдө ишке киргизип иштешебиз. Биздин фирма менен келип бутуна туруп, ыраазычылыктарын билдиргендер кудайга шүгүр көп.

Чет өлкөгө тил билбей барып,фирма ачууга жетишкен Айзада Жээнбекова

Анкарада кыргыздар көпбү? Ал жактын бизге окшоштук жактары барбы?

    Түркия Орусиядан кийинки эле орунда турса керек кыргыздардын көптүгү жагынан. Иштейм деп келип максатына жетип, үй-жай күткөн кыргыздар көп. Билим алып жүргөндөрдүн да саны арбын. Ал эми эки элдин окшоштук жактары көп деле эмес бирок бар, кээ бир эски салттары окшошуп кетет. Биз ал салт-санааларыбызды азыр деле колдонобуз, ал эми түрктөрдүн көп нерсеси Европалашып кеткен. Анан айрым сөздөрү бизде кандай айтылса, буларда да ошондой колдонулат. Ал эми маданияты жагынан таптакыр башка. Дагы бир окшоштугу биз сыяктуу мусулман болгону.

Чет өлкөгө тил билбей барып,фирма ачууга жетишкен Айзада Жээнбекова

Тил үйрөнүүдө кандай ыкмаларды колдондуңуз? Канча убакыт сарптадыңыз?

  Түрк тили негизи биздин тилге аябай  жакын. Эгер аракет кылып үйрөнсө бат эле, бир айдын ичинде анча-мынча сүйлөп калса болот. Тил үйрөнүүдө эң негизгиси эле практика. Тартынбастан көп сүйлөшүү керек. Мен келген кыргыздардын көбүнө айтам, уялбай сүйлөшүп, сурай бергиле деп. Түрктөр таптакыр эринбеген калк келет, билбегениңди сурасаң күлбөйт. ” Билбегенди сураган уят эмес, сурабаган уят” дейт эмеспи, андыктан тартынбай эле аракет кылуу керек. Эч ким эч нерсени билип төрөлбөгөн эмеспи. Баары эмгектин аркасында.

Чет жакка чыкканда алгач эмнени сагынып, куса болдуңуз?

Албетте, алгач эле ата-энемди, мекенимди, жакындарымды сагынып кыйналгам бир топ эле. Бир канча убакыттан кийин барып, кусалыгымды таркатып келгем. Бара бара көнүп деле калдым. Анын үстүнө азыр тез-тез барып турамын. Мурда Түркия десе мен Арабия сыяктуу эле динди катуу карманган өлкө элестетчүмүн. Жаңы келгенде аэропорттон түшүп, автовокзалга барганда ал жерде элдер караса аябай ыңгайсыз болгом. Булар эмне карашып атат адам көрбөгөндөй деп. Жылаңбаш жүргөн аялдарды жаман көрөт го, чачымдын учу көрүнүп калса керек деген ой кеткен. Көрсө бизди алар кытай, корей улутундагыларга окшоштуруп караша берет экен да. Анан көчөдө кайсы жумуш болбосун көбүнчөсү эркектердин иштеп жатканын көргөм. Аялдар чанда гана, мындан улам алгач жубайлары, кыздары үйдөн чыкпайт турбайбы деп ойлоп тартынгам. Бирок мен ойлогондой эмес экен, заманбап эле өлкө экен. Негизинен аялдарын иштеткендер өтө аз, көп аялдар үй иштери, бала-чака менен алектенет . Эми гана аялдар кошо иштешип калды.

Чет өлкөгө тил билбей барып,фирма ачууга жетишкен Айзада Жээнбекова
Жогоруда түрк улутундагы жигитке турмушка чыккам дедиңиз, үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз? Башка улутка турмушка чыгам дегениңизге ата-энеңиз каршы болгон жокпу?

   Турмушка чыкканыма үч жылдын жүзү болду, бир кызыбыз бар. Жолдошум өзү куруучу инженер. Америкада окуп, иштеп жүргөн кезинде интернет аркылуу таанышканбыз. Мен ал учурда Түркияда эмгектенчүмүн. Сүйлөшүп жүрүп, келип эле үйлөнөлү деди. Ата-энеси менен тааныштырды, алар макул болду. Негизи бул жакта деле биздегидей башка улутка турмушка чыгып, же үйлөнүүгө каршы чыгат. Биз мусулман болгонубуз үчүн дагы эч кандай тоскоолдук болгон жок. Көлгө алып келип мен да жакындарым менен тааныштырдым, кеңештим. Сен бактылуу болсоң болду, каршылыгыбыз жок дешти. Кудайга шүгүр бири бирибизди түшүнүшүп, сыйлашып эле жашап келе жатабыз.

Чет өлкөгө тил билбей барып,фирма ачууга жетишкен Айзада Жээнбекова
Чет жакка чыккысы келген жаштарга кандай кеңеш бересиз ?

   Негизи чет жакка чыккан деле жакшы, дүйнө таанымың өзгөрүп, ой-чабытың кеңейет, көзүн ачылат. Азыр мүмкүнчүлүктөр аябай көп, дүйнөнү төрт айланып келсе болот. Кайсы жакка баргысы келсе алгач таанып, билип барганы жакшы. Технология өнүккөн заманда интернеттен деле көп нерсени окуп билсе болот. Эң негизгиси тилди үйрөнүү зарыл. Тобокелчикке салып эле кетип калса анда сөзсүз кыйынчылыктар аябагандай көп болот. Андыктан баарынан кабардар болгон соң, анан барганы туура болот.

Чет өлкөгө тил билбей барып,фирма ачууга жетишкен Айзада Жээнбекова

Чооң рахмат! 

Маектешкен: Гүлзада Абдырахманова

 

 
Categories

Калыгул Жунушбеков: ” Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат “

“Жети элдин тилин бил, жети түрдүү билим бил” – деген сөздүн тамыры тереңде жатат. Дал ошондой жети түрдүү билим алуу үчүн чет жакта окуп жүргөн жаштарыбыздын саны арбын. Алардын бири Калыгул Жунушбеков. Ал билим кербенин улап Европа өлкөлөрүндө жүрөт. Чет жактагы жашоосу, окуусу, максаттары жөнүндө маек курдук. 

Кереметтүү Ысык-Көлдөн Европага болгон билим сапары…

Калыгул Жунушбеков: " Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат "

Атым Калыгул, өзүм Кыргыздын бермети аталган Ысык  Көл районуна караштуу, Темир айылынан болом. 6-класска чейин окуумду айылдагы орто мектептен окуп, кийин Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Сапат лицейин бүтүргөм. Мен алгач мектепти аяктаганга чейин эле чет мамлекетте окуу кыялым болчу, ошентип ал максатым мектептеги окуумду бүтөр жылы ишке ашты. Бакалаврга Румынияга тапшырып, үстүбүздөгү жылы ийгиликтүү аяктадым. Андан кийин Германияга магистратуралык даражаны окуганы келип, учурда окуп жаткан чагым.

Калыгул Жунушбеков: " Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат "

Европанын мамлекеттери кооз, бири биринен өтөт. Бирок ошолордун ичинен Румыния менен Германия мен үчүн өзгөчөрөөк. Румынияда бакалаврды окуп жатканда, Германияга 6 ай окуп келүүгө жолдомо утуп алгам. Мурда 7 айдан ашык жашап кеткем , учурда да бул жактамын. Бул жакта чындыгында  мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Аталган өлкө технологиянын, индустриянын мамлекети болгон үчүн, тышка абдан чоң көлөмдө өндүрүм  экспорттойт. Өндүрүм компаниялары көп болгон үчүн, жумушчу орундары да бар. Эгерде немис тилин жакшы деңгээлде билсең, бул жакка келип иштөөгө, окуунун жолдору арбын. Башка мамлекеттен келген, өз кесибин жакшы билген адистерге  жашоого жеңилдетилген шарттар түзүлгөн. Себеби Германия мамлекети ар тармактуу кесиптин ээси болгон адамдарга муктаж.

Мекенден алыста жашоо, сагыныч, кусалык…

Калыгул Жунушбеков: " Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат "

Кыргызстандан тышка чыкканыма буйруса 4 жылга жакындап калды. Эн сагынганым бул ата-энем. Аларды кантип ыраазы кыла алам, кантип үмүтүн  актай алам, деп көп ойлоном.  Төөнүн өркөчүндөй, бири-бирине уланган ак мөңгүлүү тоолорду, кереметтүү Көлүмдү сагындым. Тамак-ашын да албетте сагынбай койбойсун. Бул жакта биздикиндей аш-той деген түшүнүк жок.

 Немистер өзүлөрүн  абдан тартипке салышкан, баардыгы мыйзам  түрүндө.  План менен жашаганды үйрөнүп, убакытты аябай барктайсын. Университеттеринен кадимкидей академиялык чөйрөнү байкайсың. Студенттеринин арасынан окууга болгон атандашуу да аябай күч, бул нерсе мага жакты.  Эртең менен китепканаларына барсаң, ачыла электе эле студенттердин катарга туруп калганын көрөсүң. Сабактарда да немис студенттеринин күчтүүлүгүн байкайсың, себеби көп нерсени мектеп курагында эле өздөштүрүп коюшкан эле. Алар бир окуса, биз аларга жетиш үчүн алардан да көп окууга туура келет. Бул көйгөйдү чет мамлекетте окуган  көбүнчө студенттерибиз сезсе керек. Мындай көрсөткүчтөр аркылуу мамлекетибиздин билим берүү системасын айгинелей алсак болот.

Эң көп берилген суроолордун бири Мамлекетибизге кайтып келесизби” – деген.Ат айланып казыгын табат”- дегендей, убагы келгенде кайтып барамын. Чет өлкөнүн теориясын окуп, ишин үйрөнүп анан барайын деп буюрса пландап жатам.

Эң алгачкы эстен кеткис элестер…

Калыгул Жунушбеков: " Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат "

Бир жолу  Франкфурттан өзүм жашаган шаарга билет алып, башка шаарларды айланып өтүүчү туура эмес поездге отуруп алыпмын. Чынында эки поезд тең мен жашаган шаарга барат, бирок башка багыттар менен. Мен туура эмес багытты алганымды поездден билетимди текшергенде гана билдим. Абалымды түшүндүрсөм ” Мен болгону ишимди аткарып жатам. Аны темир жол (Deutsche Bahn) комиссариятына чалып же онлайн түрүндө жазышып көр”- деп 60 евро же 4800 сом өлчөмүндөгү  жаза төлөө керектигимди айтып кетти. Онлайн  түрүндө  жазышып, абалымды  түшүндүрүп  берсем “Сиз бактылуу адам экенсиз! Темир жол комиссиясы 60 евро жаза төлөөңүздү жокко чыгарды, күнүңүз жакшы маанайда  өтсүн” – деп жооп беришти. “Ой- тобоо – деп таң калып отуруп калдым.

Чет жерде бир туугандай болгон мекендештер…

Калыгул Жунушбеков: " Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат "

Азыркы тапта Германияда Кыргызстандын каттоосунан 4860 жаран өткөн. Ал эми немистердин статистикасы боюнча 8575 адам жашап, эмгектенип келет. Элчилик  футбол, концерт жана башка иш чараларды уюштуруп турат. Ошондой эле ар кайсы региондордо уюмдарыбыз бар. Жакында эле 27-октябрда Kyrgyz club Germany уюмунун Франкфурт шаарындагы майрамдык кечесине барып келдим. Германиянын ар кайсыл тарабынан, жана башка Европа өлкөрүнөн 130дай Кыргызстандык топтолдук. Патриоттук сезимдерди ойготкон  “Көк Бөрү” тасмасын да көрдүк. Мындай кечелер башка шаарларда да болуп турат. Кыргызстандыктар арасында ынтымак жакшы денгээлде деп айта алам. Жалпысынан октябрь айында жана ноорузда чогулуп турабыз.

 Тил билсең кор болбойсуң…

Калыгул Жунушбеков: " Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат "

Менин окуум негизи англис тилинде, бул тилди эң жакшы билемин. Ал эми немис тилин керектүү даражада, буйруса дагы өнүктүрүүнүн аракетиндемин. Бир тилди  практика  аркылуу абдан жакшы  үйрөнөсүң . Практика кылуу үчүн да башында эрежелерди, бир канча сөз да билишиң керек анан англис тилинде сүйлөгөн бир дос күтүп ошо менен  сүйлөшүүнү сунуштайт элем. Биз уялчаак калк келебиз,бирок билим алууда уялбаш керек. Көп ката кетирсек да тартынбай сүйлөп алдыга карай умтулуу зарыл.

Калыгул Жунушбеков: " Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат " 

Бул жактын билим  берүүсүнө дагы деле суктанып бүтө албайм. Ошол эле учурда ичим да аябай ачышат. Мамлекетибиз экономикалык жактан артта калса мейли, бирок билим жактан да аябай артта болгонубуз абдан өкүндүрөт. Европада билим берүү тармагы эң жогорку деңгээлде. Ар бир окуучу, студентке мамлекет  жетишээрлик  кам көрөт.  Эгерде ата – энеси баласынын окуусун камсыздай албаса, жоопкерчиликти мамлекет өз мойнуна алат. “ Сен оку, шартты биз түзүп беребиз ” – деген сөз  өлкөнүн девизиндей. 

Ааламдашуу доорундабыз…

Калыгул Жунушбеков: " Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат "

Азыр ааламдашуу доору абдан тез  жүрүп жатат. Бул доорду башка мамлекеттер жакшы деңгээлде колдонуп жатат. Биз,  ошону эч пайдалана албай келебиз. Ушул макаланы окуп жаткан окурмандарга, инилериме, карындаштарыма айта турчу эң биринчи насаатым – кесипти туура тандагыла. Изилденгиле. Кийинки 10- 20 жылдыкта  көптөгөн кесиптер жоголуп, жаңылары пайда болот. Силер ошол доорго ылайыктуу кесиптерди тандагыла. Азыр информациялык технологиянын заманы болуп жатат. Ким окуп билим алса – дүйнө демек аныкы. Көбүнчөсү IT, программист, биотехнология, финансист жалпысынан технологияга багытталган кесиптерди тандасаңар болот. Англис тилинен эл – аралык TOEFL,IELTS, SAT жана немис тилинен TestDaf, DSH тесттери бар, ошолорго даярданып тапшыргыла. Аракет аркасында берекет бар. Мезгил бизди күтпөйт андыктан жетишип жашоо керек. Жаңыча  жашоону азыр баштагыла. Китепти көп окуган адам эч качан караңгыда калбайт.

Маектешкен: Гүлзада Абдырахманова 

 
Categories

Афганистанда Улуу Памирде жашаган кыргыздарга жардам жеткирилди

Өкмөт тарабынан түзүлгөн экспедиция  Афганистандагы Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жүк жеткирди. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Афганистанда Улуу Памирде жашаган кыргыздарга жардам жеткирилди

Экспедициянын жүрүшүндө памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүк продуктулары, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жеткирилди.

Афганистанда Улуу Памирде жашаган кыргыздарга жардам жеткирилди

Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирге аталган гуманитардык жүк 7 оор жүк ташуучу унаа менен жеткирилген, жүктүн жалпы салмагы болжол менен 60 тоннаны түзөт.

Афганистанда Улуу Памирде жашаган кыргыздарга жардам жеткирилди

Памирлик кыргыздар Өкмөткө жана жалпы кыргыз элине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

Экспедицияга  дарыгер-кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог жана  “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын чыгармачыл тобу катышты.

 
Categories

Гүлсана Сарногоева “Улуу акындын кызы болгонума сыймыктанам”

Гүлсана Сарногоева "Улуу акындын кызы болгонума сыймыктанам"

Байдылда Сарногоев деген ысымды билбеген кыргыз жок чыгар. Ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк таап, көзү өтүп кетсе да калктын калың катмары атын өчүрбөй сактап келет. Дал ошол улуу акындын кызы, маек төрүбүздүн коногу Гүлсана Сарногоева.  “Кайра куруу” доору башталып, кыйынчылык күндөр кучагын жайып турганда Италияны көздөй бет алып кетип, иштеп, жашап калган.  Улуу акындын кызы менен Италиядагы жашоосу, жана атасы жөнүндө азын оолак кеп кылдык.

Саламатсызбы Гүлсана айым? Алыста болсоңуз мекенди сагынсаңыз керек?  Италияда канча жылдан бери жашайсыз? 

Саламатчылык! Туулуп  өскөн жерин сагынбаган адам болбосо керек. Албетте, Ала-Тоомду, кооз Кыргызстанымды сагынамын. Жыл сайын  сагыныч, кусаны таркатып, барып келип турамын. Азыр заман кыйла өңүгүп калбадыбы, күн сайын апам, бир туугандарым менен интернет аркылуу баарлашып турабыз. Анан калса бул жерде кыргыздар көп, алардын бир тобу менен байланышып, мамилебиз жакшы. Мекендештеримдин кең пейилдигине суктанамын, баары ынтымактуу,биримдиктүү. Бул жакта кыргыз кечелери, майрамдар уюштурулуп турат.  

Италияда көп жылдардан бери жашаймын. ” Кайра куруу” заманы жаңы эле башталганда өлкөбүздө чоң өзгөрүү болгон. Ал кезде мен кино тармагында эмгектенчүмүн. Залкар кинорежиссер Төлөмүш Океев жетектеген ” Келечек” киностудиясы менен биргелешип Американын, Италиянын режиссерлору ” Чынгызхан” аттуу тасманы тартабыз деп калышты. Мен атактуу актер Орозбек Кутманалиев агам менен бирге массовка менен иштеп калдык. Тасманы тартып бүткөндө мен Италияны көрүп келейин деп кеткем. Кайтып келгенимде иштейин десем иш жок, ата-энем, бир туугандарым да кыйынчылыкта жашап калган учур экен. Мен терең ойлонуп, Италиядагы кино тармагында иштеген тааныштарымдан иш сурап көрөйүн дедим. Ошолордун жардамы менен Италияга келип калып калдым.

Чет өлкөлүк жаранга турмушка чыккандыгыңыздан бир аз кабарыбыз бар.  Үй-бүлөнүз, жолдошуңуз жөнүндө айтып берсеңиз?  Жыйырма, он беш жыл мурда чет өлкөгө турмушка чыгуу мында турсун, Оштук кыздын Көлгө турмушка чыкканы кээ бир ата-энелер үчүн өөн көрүнүш эмес беле. Бул нерсени сиздин ата-энеңиз, жакындарыңыз кандай кабыл алды? 

 “Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт”– дегендей ар кимдин жашоосу ар башка да. Маңдайга жазган тагдырдан эч ким качып кутула албаса керек. Туура айтасыз, андай ата-эне үй-бүлөлөр азыр деле бар болсо керек. Биздин үй-бүлөдө андай мыйзам дээрлик жок болчу. Мен турмушка чыкканыма он жылдан ашуун убакыт болду. Турмушка чыгуу чынын айтканда оюмда деле да жок болчу. Жолдошум менен таанышканымда жашоо турмушу тууралуу айтып берген.  Мурунку жубайы жаман оорудан каза болуп, 3-5 жаштагы балдарын өзү багып, чоңойтконун айтып берген. Балдары чоңоюп өз алдынча окуп, иштегенче бир да аялга көңүл бурбаптыр. Экөөбүз таанышканда көп ойлорубуз дал келди. Буйрук, насип экен бирге түтүн булатып калдык.

Белгилүү акын Байдылда Сарногоевдин кызы экендигиңизди билебиз, белгилүү адамдын кызы болуу сыймыкпы? Атаңызды эстегенде оюңузга эң биринчи эле эмне келет? Мыкты акын экенин билебиз, кандай ата эле?

Байдылда Сарногоевдин кызы болуу чоң сыймык жана жоопкерилик! Өзүмдөн мурда атамдын атына так түшүрбөсөм экен деп абайлап турамын. Тагдырга  миң ирет ыраазымын. Атамды эстегенимде көп ойлордун ичинен эң биринчи эле ушул  нерсе эсиме түшөт. “Буйурса өлкөбүз чоң даражага жетет” – деген сөздү көп айтчу. Ошол ойлогон тилегиңиз орундалса экен деп ичимден ойлоп коемун. Атам кең пейил адам, мыкты ата эле. Жаш баланыкындай жан дүйнөсү таза, бирөөгө жамандык каалабаган адам атам болчу. Улуу-кичүү дебей баарына жакшы мамиле жасачу. Шаарда турабыз, айылдагы туугандардын балдары студент болуп жүрүшкөндө биздин үйгө келип жашашчу. Эки комнаталуу үйдө, 9, 10 адам болуп тыгылып жашай берчүбүз.  Бир да жолу аларга башка жактан жай тапкыла деп айткан эмес. Адам пейилин кенен кылса, баары жакшы болот дечү.

“Аккан арыктан суу агат”- деген сөз бар эмеспи, сиздин да ырга шыгыңыз барбы же чыгармачылыктан таптакыр эле алысызбы?

Мен кичинемде ыр жазып калчумун, 20 жашымда болсо керек атама көрсөтпөй, ” Ленинчил жаш” деген гезиттин редакциясына ыр жибергем. Атама текшертсем мүмкүн оңдоп берет эле же болбосо жарабайт ыр жазганга шыгың, таланттың жок деп айтат беле деп эми ойлоп коем. Анан бир күнү редакциядан жооп келди, ыр саптарыңызды окудук, көркөмдүүлүгү жагынан начар деген. Ошондо катуу шагым сынып, каалоом жоголуп кеткен. Андан кийин колума калем албай калдым. Кийин бир таанышым айткан:” Атаңа ыр саптарыңды окутпай кемчилик кетиргенсиң”- деп.  Балким анда жаштык кылсам керек. 

 Атанызга жакын белеңиз? Улуу акын өмүрүндө эмнеге кубанып, эмнеге өкүндү эле?

Атама аябай жакын болчумун. Чыгармачылык менен алектенген жеке кабинети бар болчу,кээде кирип калганымда комуз чертип берчү. Анан китеп текчеде  тизилип турган китептерди көрсөтүп: “Гүкүтай, карачы бул китептерди окуп чыксаң дүйнө жузү менен жакшы таанышып чыгасың ”- деп өзгөчө бир сыймык менен айтчу. Тарых, маданият, өзүнүн башынан өткөн окуяларды айтып берүүдөн эч тажачу эмес. Атам жакшы жаңылыктын баарына абдан кубанат эле. Эмнеге өкүнгөнүн бизге таптакыр айтчу эмес. Жөн эле комузун колуна алып, муңдуу күүлөрдү чертип отуруп калганында түшүнчүбүз. Балким бизди аяса керек. Атамдай адам дүйнөдө аз чыгар.

Чооң раxмат! Аман болуңуз!

Маектешкен: Гүлзада Абдыраxманова

 
Categories

Бактыбек Оңолбаев “Америкага жаңы келгенде жарым жылдай кыргыз көрүүгө зар болгом”

“Чоочун жерге коноор менен учагың,

Чогулгандыр ичте күчү кусанын.

Бөпөлөбөйт билем… бирок, боордошум,

Бөтөн өлкө ачты бекен кучагын” Максат Жангазиев

Чет жакка жакшы жашоо, жаркын келечек издеп кеткен мекендештерибиз миңдеп саналат. Көксөгөнүнө жетип, иши илгерилеп, ити чөп жегендери андан, барып келе албай жүргөнү мындан көп. Аз айлык акынын айынан Америкага кетүүгө аргасыз болуп, бактыга жараша иши оңунан чыгып, өз арабасын өзү тартып, бутуна турган мекендештерибиздин бири Бактыбек Оңолбаев. Технология өнүккөн заманда океандын ары жагындагы адам менен интернет аркылуу маңдай-тескей олтургандай эле маектештик. Төмөндө АКШдагы боордошубуздун маеги.

Алыскы Калифорниядан салам! Америкага мындан алты жыл мурда туз, насиби тартып , тур виза аркылуу келип калгам. Жараткан ырыскысын кайда чачса, пендеси ошол жакта эмеспи. Менин бул жакка келүүм дагы буйрук деп ойлоймун. Анан калса өлкөбүздө мамлекеттик кызматтарда жарытаарлык маяна жоктугу чет жакка кетүүгө түрткү болгон.

Бактыбек Оңолбаев “Америкага жаңы келгенде жарым жылдай кыргыз көрүүгө зар болгом”

Мекениңдин кадырын билүү үчүн андан алыска кет. Бул сөздүн түпкү маани, маңызын чет жакта жүрүп билдим. Менин кичи мекеним Айтылуу Аксы районунун, Тегене айылы. Жер соорусу аталган Аксыда эстен кеткис балалык чагым өткөн.  Келгенимден  бери бара элекмин, ата-энемди, туулган жеримди, кен пейил элимди, бийик тоолорду, жайлоону аябай сагындым.  

Бактыбек Оңолбаев “Америкага жаңы келгенде жарым жылдай кыргыз көрүүгө зар болгом”

Учурда Американын Калифорния штатындагы, Сакраменто шаарында 3 кыргыз бала чогуу турабыз. Шаардагы чон соода борборунда турмуш,тиричилик техникаларын (телефон,  компютер) оңдоп эмгектенүүдөмүн.

Бактыбек Оңолбаев “Америкага жаңы келгенде жарым жылдай кыргыз көрүүгө зар болгом”

 Кыргызстанда Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин өз кесибин менен жумушка кирүү аябай оор, анан калса айлык аз.  Мен дагы катардагы жарандардай Казакстандын Караганда шаарына барып калдым. Ошондо биринчи жолу мекенден чет жакка чыгып, же жанымда тыйыным жок, бир күн көчөдө түнөп калганым эч качан эсимден кетпейт.

Бактыбек Оңолбаев “Америкага жаңы келгенде жарым жылдай кыргыз көрүүгө зар болгом”

 АКШга жаңы келгенимде такыр бир башка ааламга келип, роботтор менен эле жашагандай сезимде жүрдүм. Себеби, мен жашаган жерде кечки саат 22:00дөн кийин көчөдө бир да жан жок болчу, эртең менен жумушка кетип кечинде келип, ашыкча эч бир кыймыл көрбөчүмүн. Ошол күндөр мен үчүн таң калычтуу жана кызык болгон. Жаңы келгенмин шаарды деле жарытылуу билбейм дегендей. Ошентип жүрүп жарым жылдай кыргызча сүйлөгөн адамга , кыргыз көрүүгө зар болгом. Учурда кыргыздар көбөйүп, бутуна туруп, үй, машина алгандар арбын.

Бактыбек Оңолбаев “Америкага жаңы келгенде жарым жылдай кыргыз көрүүгө зар болгом”

Алгач тилден бир топ эле кыйналдым. Себеби, англис тилин мектептин базасында эле билет элем. Бул жактан бир аз курска каттап окудум. Андан кийин иштеген жеримде сүйлөшүп жатып эле үйрөнүп кеттим. Адамда ошол тилге муктаждык күч болсо, анан баарлашуу күч болсо тез эле сүйлөп, түш жоруп калат. Бул ыкма менин жеке тажрыйбамдан улам.

Бактыбек Оңолбаев “Америкага жаңы келгенде жарым жылдай кыргыз көрүүгө зар болгом”

Асылбек деген бир тууган иним да бул жакка келип, 2 жылдан кийин Кыргызстанга барып үйлөнүп, кайра келиним экөөсү өтө албай кыйналышкан. Акыры Мексика аркылуу кыйынчылык жолдор менен Америкага кирип келишкен.  Ошондон кийин кеңеш сурап кайрылгандар аябай көп болду. Колдон келишинче жардам бергенге аракет кылабыз.

Бактыбек Оңолбаев “Америкага жаңы келгенде жарым жылдай кыргыз көрүүгө зар болгом”

Америкага келүүнүн жолдору көп. Ал биринчиден насип, маңдайга жазган болсо эбептен, себеп болуп эле келип калат. Негизинен адамдын жаш курагы, үй-бүлөлү абалы, окуу же жумуш аркылуу виза алуу жолдору бар.

Бактыбек Оңолбаев “Америкага жаңы келгенде жарым жылдай кыргыз көрүүгө зар болгом”

Аллах насип этсе, кийинки жылы жаз айларында мекениме кайтамын деген жакшы ниетим бар. Сиздерге чооң рахмаат, жооп берип жатып мекенимди бир ирет эстеп алдым.

Маектешкен: Гүлзада Абдыраxманова

 
Categories

Америкада жүрүп тоолорду анан тойлорду сагынган бир кыргыз

“Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган,
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган”, деген саптар капилеттен эле чыкпаса керек. Себеби, дүйнөнүн төрт бурчунан тең кыргызды табууга болот.  Алардын көпчүлүгү иштеп, окуп, жер кезип кеткендер. Балдарынын жаркын келечеги үчүн Америкага барып орун алып калгандардын бири Камит  Савай. Ал менен Американын күнгөй- тескейи жөнүндө  технология өнүккөн заманда интернет аркылуу баарлаштык.

Саламатсызбы Камит мырза? Америкага кантип барып калдыңыз?

Саламатчылык! Мындан 6 жыл мурда  ойдо жок жерден эле грин-кард лотереясын утуп алып  Америкага келгенбиз. Чоң кызым биз келгенге чейин эле Америкада университетти бүтүп, иштеп калган болчу.

Америкада жүрүп тоолорду анан тойлорду сагынган бир кыргыз

Америкада канча жылдан бери жашайсыз? Кандай жумуш менен алектенесиз?

 Тынч океан жакта, Вашингтон штатында Сиэтл шаарында турабыз. Мен Американын эң ири интернет тейлөөчү “Comcast” компаниясында инженер болуп иштеймин. Чоң кызым атактуу “Google” компаниясында, экинчи кызым “T-Mobile” компаниясында иштешет, уулум колледжде окуйт.

Америкада жүрүп тоолорду анан тойлорду сагынган бир кыргыз

Фейсбук баракчасында белгилүү блоггерсиз, көбүн эсе кыргыздар жөнүндө жазасыз. Бул мекенге болгон кусалыктан улам жазылган ой-толгоолорбу же бош убактыңыз көпбү?

Бош убактым аз эле, ошого карабай жанталашып күнүгө бир саатка Фейсбукка кирип турамын. Интернетке көп убакыт сарптайсың деп байбичем кээде жемелейт. Өзүм жазганды жакшы көрөм, күнүгө бирдемке жазбасам башым ооруйт кадимкидей. Мага эргүү эмнегедир Америкага келгенде кошо келди. Кыргызстанда жүргөндө эч нерсе жазчу эмесмин. Азыр 3 китебим жарык көрдү. Кыргыз болгон үчүн, мени кыргыздын тарыхы аябай кызыктырат. Фейсбукта “Кыргызым” деген тайпам бар, ошол группада бүт кыргыздын тарыхынан эски сүрөттөрдү издеп таап жарыялап турамын. Дайыма, “деги биз кимбиз” деген ойлор  келип жооп издейм.  Ошол ойлорумду топтоп “Кыргызым” деген китеп жаздым, жакында эле басмадан чыкты. Алыс жерде жүргөндө балким мекенге болгон сагынычтар, сезимдер башкача туюлуп, мекенде жүргөндө билинбеген нерселер башкача көрүнүп калат окшойт.

 

Америкада жүрүп тоолорду анан тойлорду сагынган бир кыргыз

Америкада жүрүп Кыргызстандын көбүнчө эмнесин сагынасыз?

Биринчиден, тоолорду сагынам, биз жашаган штатта деле тоолор бар, бирок биздикиндей эмес, эмнегедир окшошпойт. Анан  элимди сагынам, айрыкча айылдаштарым менен отуруп аңгемелешип, өткөн-кеткенди сүйлөшкөндөрдү көп эстеймин, кээде чучук, сары май кадимкидей  көздөн учат. Жада калса Кыргызстандагылар тажап жүргөн тойлорду да сагынам, элдердин маанайы жакшы болуп сүйлөшкөн чактар жагат.

Америкага жаңы баргандагы кандай окуялар эсиңизде калды?

Мага биринчи келгенде тааныбаган адамдар саламдашып ал-абалымды сураганы таң калдырган. Анан, көчөлөрдүн тазалыгы, канча бассаң да батинкеңдин чаң болбогону да оозумду ачырган.

Ал жакты Кыргызстандан артыкчылыгы жана кемчилиги?

Албетте артыкчылыгы деле, кемчилиги деле толтура. Экономикасы өнүккөн, инфраструктурасы мыкты, улуттар аралык толеранттык, мыйзамдуулук, тейлөө индустриясы сонун, иши кылып артыкчылыктары толтура. Кемчиликтери, той-топурлар аз, бирөөнүн үйүнө жөн эле баралбайсын, көчөдө туруп сүйлөшкөн киши жок, үргөн иттер угулбайт ж.б. Америкада көргөн билгендеримди топтоп “Америка бир кыргыздын көзү менен” деген да китеп жазып чыгарганы жатамын. 

 

Америкада жүрүп тоолорду анан тойлорду сагынган бир кыргыз

Тил үйрөнүүдө кеңешиңиз, өзүңүз кандай ыкмаларды колдондуңуз?

Тил үйрөнгөнгө эң жакшы ыкма интернеттен үйрөнгөн жакшы, англис тилде мультфильм, кинолорду көрүп, албетте англисче китеп окуу абзел. Башында кыйын болгон менен үзбөй такай алектенсе сөзсүз натыйжа болот. Ошол тилде сүйлөгөн адам менен сүйлөшүү да эфекттивдүү . Мен биринчи жылдары Америкага келгенде ойлончумун, “бул тилге тишим өтпөйт ко карыганда” деп. Бирок үйрөнүп кеттим. Алгач курстарга бардым, жылыш болду бир аз, бирок эң көп жардам  англисче өзүм которуп китеп окуп, интернеттен мультфильм, кинолорду көргөндө болду деп ойлойм. Кийин такси кызматында иштеп, элдер менен баарлашып жүрүп жакшы жыйынтык болду.

Америкада жүрүп тоолорду анан тойлорду сагынган бир кыргыз

Кыргызстанга келүү максатыңызда барбы же Америкада каласызбы? 

Албетте, эртеби кечпи кайтабыз. Балдарыбыз бутуна туруп алса биздин Америкадагы миссиябыз бүтөт. Америкага келгиси келген жаштарга кеңешим, англис тилин үйрөнгүлө, окугула. Бул жактагы университет, колледждер менен жазышкыла. Эгерде жакшы мамиле түзүп алсанар өздөрү окууга чакырышат, жеңилдиктерди беришет.

Чооң рахмат! Ишиңизге ийгилик!

Маектешкен: Гүлзада Абдырахманова