Categories

Ташиев менен Ятимов жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтүүдө

Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу башталды. Кыргыз тарапты комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажик тарапты Саймумин Ятимов жетектеп жатат. Жолугушуу Кыргызстандын аймагында болууда

 
Categories

Ташиев менен Ятимов жолугушууда

Бүгн саат 10.00гө белгиленген жолугушуу түштөн кийин саат 15.30да башталды.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз – Тажик чек аралары боюунча эки тараптуу өкмөттүк комиссиялардын отуруму өтүп жатат.

Анда эки өлкөнүн улуттук коопсуздук боюунча мамлекеттик комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов сүйлөшүп жатышат.

Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы чек ара жаңжалы күчөп турган чакта өтүүдө.

Бүгүн эки өлкөнүн мамлекет башчылары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөшүшүп, кырдаалды тынчтык жолу менен тезирээк жөнгө салууну макулдашышкан.

Талаштуу чек ара тилкелерин тезирээк тактап, делимитация иштерин улантуу бүгүнкү отурумдун негизги өзөгүн түзөт.

 
Categories

Каракчылар менен жыргап турган губернатор Р. Ахмадзадо

28-апрельде кыргыз тажик чек арасын бузуп, кыргызстандык жай тургундарга ок чыгарган тажик жарандарынын куралчан сүрөтү интернетке тарады. Алардын катарында Согди облусунун губернатору Раджабой Ахмадзадо да бар. Аскер кийимчен губернатордун куралчандардын арасында күлүп-жайнап маанайы көтөрүңкү экенин байкоого болот.

 
Categories

ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН САНЫ 160ТАН АШТЫ

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыркагандардын саны 1-май саат 13:00гө карата 163кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өкүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, набыт болгондордун саны 33кө жетти.

«Бишкектин ооруканаларында 49 жабырлануучу бар. Үч адамдын абалы оор. Дарылар жетиштүү. Психиатрлар жана психологдор жардам көрсөтүшүүдө. Эвакуацияланган жарандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп жатат », – деди Ализа Солтонбекова.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдиргендей, 1-май, саат 12.45ге карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра чыңалып, тажик аскерлери жай тургундардын үйлөрун аткылап жатат.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешти. Тажикстандын расмий бийлиги комментарий бере элек.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү аза күтүү күндөрү деп жарыяланган.

 
Categories

Дагы жоготуу болду

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Лейлекте дагы эки адам окко учкандыгын маалымдады.
Министр учурда калааба болгон айылда медкызматкерлер менен бирге иштеп жаткандыгын билдирди.
Окко учкан эки киши качан жана кандай абалда курман болушкандыгын атайын мед экспертиза аныктаарын айтты министр.

 
Categories

С. ЖЭЭНБЕКОВ: ЭЛ КАЙГЫСЫНЫН АРТЫ МЕНЕН ӨЗ АТЫН ЧЫГАРЧУ МЕЗГИЛ ЭМЕС

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу пикирин фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ал мамлекетиин жетекчилигинин, чек арачылардын, күч органдарынын, Баткендеги мекендештердин аракетин жапырт колдоого чакырды. Жээнбеков элдин кайгысынын арты менен өз атын чыгара турган мезгил эмес экенин айтты.

“Урматтуу мекендештерим!
Азыр баарыбыздын жүрөгүбүз Баткенибизде болуп жаткан окуялардан улам канталап турат.
Кайтыш болгон мекендештерибиздин бейишин тилейбиз. Алардын жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жараат алган мекендештерибиз тезинен сакайып, айыгып кетсин.
Урматтуу мекендештерим, азыр чагымчылдыкка алдырбай, биримдикти баарынан жогору кое турган учур болуп турат.
Эл кайгысынын арты менен өз атын чыгарчу мезгил эмес.
Мамлекетибиздин жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын, күч органдарынын, Баткендеги мекендештерибиздин аракетин жапырт колдойлу! Ыйык Орозо айында ар бирибиз сабырдуу бололу.
Чыр-чатакка эмне себеп болгонун иликтегенге убакыт болот. Азыр элди козутпайлы. Биздин жарандык негизги колдообуз – мына ушул.
Жараткан Кудай элибизге амандык, жерибизге тынчтык берсин!”
 
Categories

ТАЖИК ЖАРАНДАРЫ КЫРГЫЗ АЙЫЛЫНЫН БАШЧЫСЫН БАРЫМТАГА АЛЫШТЫ

Тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди барымтага алып алышты. Кабарды Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.

“Интернационал айылындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” участкасындагы кыргызстандыктардын турак жайларын тажик аскерлери ээлеп алган. Ошол участкага жакын аймакта эки кыргыз жараны каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы барган учурда тажик жарандары аны барымтага алышкан”, – деп айтылат билдирүүдө.

Соңку маалыматка караганда, Баткендеги айрым айылдар толук өрттөлдү, май куюучу жайлар, дүкөндөр тонолуп, талкаланды, кеминде беш чек ара тозоту жабыркады. Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти. Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады.

Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду. Чек ара тозотторунун бешөөнө ок тийип, өрт чыккан. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

 
Categories

ЧЕК АРА ЖАҢЖАЛЫ: БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырында жараат алган бир адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал адам Баткен облустук ооруканасына түшкөн.

Жалпысынан жараат алган кыргызстандыктар 17ге жетти. Алардын бирөөсү үйдөн дарыланууда.

 
Categories

ЧЕК АРА: САДЫР ЖАПАРОВ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ ЧАГЫМЧЫЛДЫККА АЛДЫРБООГО ЧАКЫРДЫ

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты козутпоого чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы өзүнүн фейсбуктагы баракчасына билдирди.

Жапаров Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка жана араздашууну козутпоого чакырды.

“Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз. Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам”, – деп жазат президент.

 
Categories

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ГЕРМАНИЯДАН БҮГҮН ТҮНҮ УЧУП КЕЛЕТ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн кайра Кыргызстанга учуп келет. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Ташиев кечээ, 28-апрелде Германияга дарылануу үчүн учуп кеткенин бүгүн УКМКнын маалымат кызматы кабарлаган.

“Урматтуу Кыргыз элим! Мен кечээ 28.04. эрте менен ден соолугумду каратуу учун Германияга учуп кеткен элем, бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым, ооруканага жетпей кайттым, буюруса, түнү менен жетип барам. Баарыңыздарга сабырдуулук тилеймин, Мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта баарын жеңебиз!” , — деп жазган Ташиев.

Баткенде учурда абал курч экени кабарланууда.