Categories

Орозо айт майрамына байланыштуу Кытай-Кыргызстан чек аралары убактылуу жабылат

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын чек арасы Орозо айт жана Дуань-у цзе — беш эсе көп (поэт күнү) майрамдарына байланыштуу убактылуу жабылат.  Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал маалыматтарга караганда, Кытай тараптын сунушу менен 15-июндан 18-июнга чейин «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл өткөрүү-бекеттерине убактылуу чектөө киргизилет.

Каттам кайра 19-июндан тарта жанданат.

 
Categories

Кадамжай районунун тургундары өзбекстан чек арачылары менен жайлоо талаш боюнча ЖКнын депутаттарына кайрылуу жолдошту

Кадамжай районун Кызыл Булак айылынын тургундары Кара Дабан, Шалан деген жайлоолорубузга өзбек жарандары ээлеп алышты дешип, үч жүз элүү жарандын колу коюлган кайрылууну ЖК депутаттарына беришкендигип тууралуу билдирүү таратышты.

Кайрылууда “Өзбекстандын Шахимардан анклавына жакын жердеги жайлоолорду кылымдар бою ата – бабабыз жердеп келген. Азырынча жергиликтүү бийлик органдарынан эч кандай аракет жок экендигин өкүнүү менен белгилейбиз. Андыктан жогорку жактагыларга кайрылууга аргасызбыз. Жер маселебизди чечип беришет деп үмүт кылабыз” – деп, айтылат.

Кайрылууга кол койгондордун бири, “Молдо Нияз – Кызыл Булак” коомунун төрагасы Канат Мурзахалиловдун маалыматына караганда, үч жүз элүү жарандын колу коюлган кайрылуу ЖК депутаттарына берилген. Анда кыргыз жарандары илгертен көчүп-конуп келген жайлоолорду өзбек чек арачылары акырындап ээлеп жатканы айтылып, тез аранын ичинде чара көрүүнү суранышкан.

Ошону менен катар эле жергиликтүү бийлик бул окуяга башкача түшүндүрмө берүүдө. Абдыманап Жакпаров Кадамжай районунун акиминин орун басары: “Нааразылыктар түшүнбөстүктөн улам чыгууда. Шахимардан анклавы менен чектеш аймактар тактала элек болгондуктан кошуна элдер бири-бири тарапка өтүү, кайра кетүүсү адатка айланган. Эл жөн эле дүрбөлөңгө түшүп жатат. Өзбек жарандары эч кандай жерди ээлеп алган жок. Муну айыл өкмөт дагы айтып жатат. Аким баш болуп барып, эл менен жолугуп келдик, буюрса ушул ишемби дагы жолугабыз. Түшүндүрүү иштери керек. Учурда чек араны тактоо аракеттери жүрүп жатпайбы. Дагы иликтеп, анан дагы кошумча маалымат беребиз”- дейт.

 
Categories

Кыргыз – тажик чек арасына 77 даана камералар коюлат

Эл аралык уюмдар чек ара кызматкерлерин заманбан видеотехника менен камсыз этишкендиги маалымдалууда.  Баткен облустук чек ара башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Кыялбек Төлөнбаев Кыргыз Тажик чек арасына видео камера орнотуларын кабарлады.

Ал: “Ушул тапта эл аралык уюм тарабынан келген 77 даана чакан видеокамераны дал ушул кыргыз-тажик чек арачыларына таратабыз. Чек арада чыр-чатак катталган маалда кайсы тараптан тартип бузуу катталгандыгын ырастоо абдан кыйынга турган. Мындан ары аталган видеокаттагычтар ушунун баарын жазып турат” – деди.

Жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасында эки ирет чыр катталды. Анда кайсы тарап чек ара тартибин бузгандыгын аныктоо чоң кыйынчылык жаратты.

Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан Республикасы менен чектешкен аймагындагы ар бир кыймыл-аракет мындан ары видео каттагычка түшүрүлөт. Анткени, чек ара аймагындагы талаш-тартыштуу учурларды, чырлуу маселелерди териштирүү маалында чыныгы далил менен болуусу үчүн эл аралык уюмдар чек ара кызматкерлерин заманбан видеотехника менен камсыз этишти.

Эске сала кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасынын узундугу 970 чакырым. Мунун ичинен 450 чакырымга созулган тилке тактала элек.

 
Categories

Кыргыз – Тажик чек арадагы кырдаал ЖККУнун парламенттик ассамблеясында талкууланат

Кыргыз-тажик чек арасында кечээ болгон окуя бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында да айтылды.

Эми бул кырдаал ЖККУнун парламенттик ассамблеясында талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Ал жалпы коопсуздук келишими бар экенин, бирок ага карабастан чек арада жаңжал чыгып жатканын айтты. Ошондуктан ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын келерки отуруму Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы тууралуу болот.

Эске салсак, 4-июнда Лейлек районундагы Максат айылындагы «Футбол аянтчасы» деген жерге, Кыргызстандын аймагына 20га чукул тажик жоокерлери кирип келип, жаңы ачылган базарды жабуу талабын коюшкан. Эл буга каршылык көрсөткөндүктөн жаңжал чыккан.

 
Categories

Чек арадагы чыр жөнгө салынды

Кечээ кечке жуук чек арадан кармалган 3 тажик жоокери Тажикстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабаралашты. Талдоочулар окуянын күчөп кетишине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары да күнөлүү дешип, такталбаган аймакка  соода кылынбашы керек эле дешет.

Кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы чырдын башы, Максат аймагында болгон. Буга чейин макулдашылбаган футбол аянтчасында эки өлкөнүн тең жарандары басып өтпөшү керек эле. Бирок кыргыз жарандары аталган жайга мөмө жемиш алып чыгып соода кылып, натыйжада тажик чек арачылары аларды кууп чыгууга мажбур болгон. Кыргыз чек арачылары дагы жөн карап турбастан чатак чыгып, атүгүл асманга ок атылган. Натыйжада тажикстандын үч чек арачысы күч колдонуп кармалган.

Интернетке жарыяланган кыргыз чек арачыларынын аракетин учурда түрдүүчө жоругандар көп. Айрымдары чек араны ушинтип коргош керек, балли деп жактаса, такталбаган аймакка барып коңшу өлкөлүк кесиптештерине кол көтөрүү акылга сыйбаган кылык иш дегендер да жок эмес. Ошентсе да бүгүнкү күндө кырдаал көзөмөлгө алынып, буга чейин кармалаган үч тажик чек арачысы кое берилди.

Кырдаалда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен укук коргоо органдарынын дагы чабал иш алып баргандыгы айтылууда. Анткени макулдашылбаган аймакка соода сатык жүргүзүүгө жол берилбеши керек эле. Бирок өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү, абал туруктуу, Тажикстандын Согди облусунун губерантору менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтат.

Абал турукташты деп соороткону менен, окуяга тажик тарап олутту карап, бул боюнча көз карандысыз эксперттер өз баасын берсин деген пикирлерин тажик басылмалары жазып чыгууда. Ал эми чек арага жакын жайгашкан аймак тургундарынын чыры буга чейин да көп ирет болуп келген. Баары келип эле эки өлкөнүүн чек араларынын ушул күнгө чейин так аныкталбай келишине  такалууда.

 
Categories

Баткенде чек арада кайрадан жаңжал чыккандыгы кабарланууда

Тажикстан менен чектешкен Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда тирешүү болуп, ок атылганы кабарланууда. Бул тууралуу 4-июндун түнү жергиликтүү тургундар маалымдады.

Алардын айтымында, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келди делген үч тажикстандык чек арачы курал-жарагы менен кармалган. Ушул окуяда тартылган деген видео интернеттеги социалдык тармактарга да тарады. Анда кыргызча сүйлөгөн аскер кийимчен, колуна курал-жарак кармаган жоокерлер башка аскер адамдары менен жаңжалдашып жатканын көрүүгө болот.

Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын өкүлдөрү да ок атуу болгонун ырастап, окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок. Расмий комментарийди Мамлекеттик чек ара кызматы гана берет деп билдиришти. Чек арачылардын сөзүнө караганда, жаңжалды токтотуу максатында эки тараптан тең асманга ок атуу болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик азырынча расмий комментарий бере элек.