Categories

Жеңиш Разаков: Кыргыз тараптын кызыкчылыгы каралбай калды деген туура эмес

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу маселелерди чечүү боюнча сүйлөшүүлөргө ичи чыкпагандар да жок эмес. Эки тараптуу макулдашуунун келишими коомчулукка ачык айтылбай жаткандыгы көпчүлүктү тынчсыздандырууда.

Мындай күмөн саноолорго вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жооп берди.

Жеңиш Разаков: “Кыргызстан  Ворух анклавына эч кандай коридор берген жок. Бул жерде кыргыз тараптын кызыкчылыгы каралбай калды деген туура эмес, протокол деле жарыяланат. Эч кандай сыр жок», — деди.

Андан ары Тажикстан менен түзүлгөн протоколду жарыялоону убадалады. Кийинки жыйын Дүйшөмбүдө 4-5-апрелде өтөрүн, анда  делимитация, демаркация маселелери караларын билдирди.

Анын айтымында, Исфара-Ворух жолу боюнча туура эмес билдирүүлөр айтылууда.

 
Categories

Баткен: Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулушу улантылат

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул кабарды өкмөттөн кабарлашты.

Документке  вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшту.

Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулуш иштерин улантуу макулдашылды. Чектеш аймактардагы транспорттук каттам мурдагы режимде толук калыбына келтирилет. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өзгөчө белгилегендей, Проколго кол коюуда эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыктары эске алынды.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик башчылары Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулушу жүрүп жаткан жерди көрүп келишти.

Ошондой эле  белгилей кетсек, Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы кыдаалдын кесепеттерин иликтөө боюнча биргелешкен териштирүү тобунун иши улантылат.

 
Categories

Бүгүн чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр уланат

Учурда кыргыз- тажик чек арасында абал туруктуу. Эки өлкөнүн күч түзүмдөрү ал жерде  биргелешип, иш алып барышуууда. Мындай тартипте иш алып барууну Ички Иштер Министрлери кечээ сүйлөшүшкөн.

Ал эми жаңжалды мындан ары болтурбоо жана анын келип чыгуу себептерин иликтеген эки тараптуу сүйлөшүүлөр бүгүн уланат. Кыргыз тараптан  вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон мамлекеттик кызматкерлер ал жерде иш алып барышууда.

 
Categories

Баткен: чек арадагы кырдаалдын кесепеттери иликтенет

Кечээ, 14-марттан бери вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раундун өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар орун алган бардык маселелерди четтетүү жөнүндө эки жактуу ниеттерин билдиришип, өз ара шарттарды талкуулашты.

“Эки тараптан тең жабыркагандар боюнча биз биргелешкен тергөө топторун түзүүнү сунуштадык, ага эки өлкөнүн Башкы прокуратура жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү киришет. Бардык чечимдер биздин өз ара кызыкчылыктарга дал келүүгө тийиш. Бул маселе бүгүн чыгып жаткан жок жана биз жагдайды курчутпашыбыз керек”,-деди Разаков.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр улантылат.

 

 
Categories

Министр Кашкар Жунушалиев Баткен облусунун Ак- Сай айылына келди

Бүгүн эрте менен Ички Иштер Министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусунун Ак- Сай айылына келди. Ал жерде облусттук ИИМ Башкармалыгынын жетекчилиги  менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу маселеси талкууланды. Ошондой эле милиция кызматкерлерине жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздоону тапшырды. Элдин тынчтыгын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогу жүргүзүү милдеттендирилди.

Мындан сырткары чырдын келип чыгуу себеби иликтенип,  жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү керек.  Укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипке келтирилди.

 
Categories

Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 14-мартта Президент  Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин маалымат  кызматы  билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитацияны  аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарылдыгын белгилешти.

Президент  Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти.

 
Categories

Дагы бир тажик жараны каза тапканы кабарланды

«Азаттыктын» тажик кызматы Кыргыз-тажик чек арасында Рафоуддин Тешаев аттуу дагы бир тажик жараны каза болгонун  кабарлады.

Ал маалыматтарга караганда, ал жаран октон улам каза болгон. Бирок, кимдин огунан. кайтараптан атылган октон каза тапкандыгы белгисиз.

Бүгүнкү  ок атышууда дагы эки тажикстандык жаракат алган. Расмий маалыматтары боюнча, кыргыз тараптан 13-марттагы окуяда бир киши, 14-мартта дагы бир адам жаракат алып, ооруканада жатат. Бүгүн чатакта жараат алган адам милиция кызматкери экени аныкталды. Баткен облустук милициясы ал тажик тарап аткан октон жараат алганын билдирди.

 
Categories

Ак-Сайда кайрадан ок атылды

Баткен облусунун чек арага жакын жайланышкан Ак-Сай айылында кайрадан абал курчугандыгы,  ок атылганы тууралуу “Азаттыктын” жергиликтүү кабарчысы кабарлоодо.

Анын маалыматына караганда, октор Тажикстандын Ворух айылы тараптан атылган. Жыйынтыгында бир укук коргоо кызматкери жаракат алган. Ал ооруканага алынып кеткен.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарадар болгон адам тууралуу маалымат такталып жатканын билдирүүдө.

 
Categories

Өкмөт башчылар чекарадагы абалды жөнгө салууну талкуулашты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөшүштү. Мындай маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болуп өткөн чек ара окуясын жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Кырдаалды жөнгө салууга жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана коңшулаштык мамилелерди эске алуу менен эки мамлекеттин чек ара тилкелеринде абалды турукташтыруунун мындан аркы чараларын көрүүгө эки жактуу даярдык билдирилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода белгилешкендей, эки мамлекеттин мамлекеттик органдарынын биргелешкен иши жөнгө салынган жана окуяны биргелешип тергөө жүргүзүү жана чек арадагы кырдаалды эскалация кылууга жол бербөө чараларын көрүү макулдашылган.

Учурда эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары абалды жөнгө салуу жана чектеш аймактарда туруктуулукту камсыздоо үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүшүүдө.

Өкмөт башчылар ошондой эле мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигин активдештирүү боюнча белгилешти.

Окуя болгон жерге эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кырдаалды турукташтыруу боюнча ишин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Иброхим Азим барган.

 
Categories

Султанбай Айжигитов: Ак-Сай айыл өкмөтүндө чек араны эл кармап турат

Учурда коомчулукта  Баткен облусунун чек арасында болуп өткөн чыр талкуу жаратууда. Ал жердеги чырдын келип чыгуу себептери тууралуу Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов “Марал” радиосуна берген маегинде ой бөлүштү.

Султанбай Айжигитов: “Баткен облусундагы бул жагдайлар СССР убагынан бери келе жатат. Андан бери канча убакыт өттү, баарын жолго салса болот эле.  Ал көйгөйлөр: жол, суу, жайлоо. Анан чек аранын азыркы күнгө чейин  чечилбегендиги. Тоо жакта чек аралар чечилген, ал жакта көйгөй жок. Түз жерлерде талаш болуп жатат.

Кыргызстандыктар жайлоого барыш үчүн Ворух аттуу коңшулардын айылдарын аралап өтөт. СССР учурунда эле малдарды тажиктер короолоруна киргизип алчу. Азыр деле ал көрүнүш бар.

Убактылуу чек араны кылыш керек. Минскиде СССР учурундагы чек араларды таануу боюнча чечим кабыл алынган.  Ошол чечимди таануу керек. Ансыз тигилер бул жакка, биздикилер тигил жакка өтүп иш кыла беришет. Тажиктерде жер аз, эл көбөйүп жатат. Алар талаш жерлерге жылып, он жылдан кийин алардыкы болуп калып жатат.

Аксай айыл өкмөтүндө чек ара маселеси абдан татаал. Азыр ал жерди эл гана кармап турат. Башка ал жакты кармай турган күч жок. Аксай айыл өкмөтүнүн калкынын абалын жакшыртуу боюнча беш жылдык план түзгөнбүз. Ал иш азыр аткарылбай тийешелүү министрликте жатат.

Ошол жерде элдер канча жылдап жашаса да үйлөрдүн документи жок. Р. Отунбаеванын учурунда бул ишти жолго салып баштаганбыз. Элди жер салыгынан бошотуш керек.  Пайызы жок кредиттерди берүү зарыл”,-деди.