Categories

Ташиев менен Ятимов жолугушууда

Бүгн саат 10.00гө белгиленген жолугушуу түштөн кийин саат 15.30да башталды.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз – Тажик чек аралары боюунча эки тараптуу өкмөттүк комиссиялардын отуруму өтүп жатат.

Анда эки өлкөнүн улуттук коопсуздук боюунча мамлекеттик комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов сүйлөшүп жатышат.

Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы чек ара жаңжалы күчөп турган чакта өтүүдө.

Бүгүн эки өлкөнүн мамлекет башчылары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөшүшүп, кырдаалды тынчтык жолу менен тезирээк жөнгө салууну макулдашышкан.

Талаштуу чек ара тилкелерин тезирээк тактап, делимитация иштерин улантуу бүгүнкү отурумдун негизги өзөгүн түзөт.

 
Categories

Каракчылар менен жыргап турган губернатор Р. Ахмадзадо

28-апрельде кыргыз тажик чек арасын бузуп, кыргызстандык жай тургундарга ок чыгарган тажик жарандарынын куралчан сүрөтү интернетке тарады. Алардын катарында Согди облусунун губернатору Раджабой Ахмадзадо да бар. Аскер кийимчен губернатордун куралчандардын арасында күлүп-жайнап маанайы көтөрүңкү экенин байкоого болот.

 
Categories

Дагы жоготуу болду

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Лейлекте дагы эки адам окко учкандыгын маалымдады.
Министр учурда калааба болгон айылда медкызматкерлер менен бирге иштеп жаткандыгын билдирди.
Окко учкан эки киши качан жана кандай абалда курман болушкандыгын атайын мед экспертиза аныктаарын айтты министр.

 
Categories

ТАЖИК ЖАРАНДАРЫ КЫРГЫЗ АЙЫЛЫНЫН БАШЧЫСЫН БАРЫМТАГА АЛЫШТЫ

Тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди барымтага алып алышты. Кабарды Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.

“Интернационал айылындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” участкасындагы кыргызстандыктардын турак жайларын тажик аскерлери ээлеп алган. Ошол участкага жакын аймакта эки кыргыз жараны каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы барган учурда тажик жарандары аны барымтага алышкан”, – деп айтылат билдирүүдө.

Соңку маалыматка караганда, Баткендеги айрым айылдар толук өрттөлдү, май куюучу жайлар, дүкөндөр тонолуп, талкаланды, кеминде беш чек ара тозоту жабыркады. Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти. Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады.

Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду. Чек ара тозотторунун бешөөнө ок тийип, өрт чыккан. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

 
Categories

Кемпир-Абад: ТАШИЕВ ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир нече күндөн бери Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы, 50 гектар жердин Өзбекстанга алмаштырылышына каршы болуп, боз үй тигип нааразычылык акциясына чыгып жаткан, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургундары менен жолугушту.

Аталган айыл тургундарынын жер алмашуу боюнча арыз муңун уккан Камчыбек Ташиев, 50 гектар эмес 20 гектар жер алмашуу сунушуна, жыйналган эл макул экендигин айтып канаатандырарлык жолугушуу болгонун айтышты. Эми бул маселени Камчыбек мырза кайра Ташкентке барып ал жактагы өзбек кесиптешери менен чогуу чечерин белгилеп, сунушту кошуна тарап колдойт деген үмүттө экенин айтты.

Башкы чекист мындан ары “мамлекеттен бир тыйын эч ким урдабайт, эл үчүн кызмат кылабыз!” деп баса белгилеп аксакалдардын батасын алып, элдин колдоосу менен узатылды.

 
Categories

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА КАЙРАДАН ЖЕР ТИТИРЕДИ

Бүгүн эрте менен 07:49да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында кайрадан жер силкинди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө очогунда күчү 4 баллга жеткен. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Ишемби күнү дагы эки өлкөнүн чектеш жеринде 5 баллдык жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Баткен облусунун Баткен жана Кажамжай райондорунун бир катар айылдарында мектеп, бала бакча жана үй дубалдарынан жарака кеткен. Жарандык коргонуу комиссиясы тийиштүү акт түзүп, объектилерди кайра калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бийликке сунушун берди. Баткен району боюнча кошумча тактоо иштери бүгүн да уланууда. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

 
Categories

“КАРКЫРА” БЕКЕТИ ЖАБЫЛДЫ

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра”чек ара бекети 30-ноябрь күнү саат 18:00дөн тартып 1-мартка чейин жабылды. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады. Тараптар чек ара бекетинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында анын ишин убактылуу токтотууну чечкен. “Каркыра” чек ара бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында жайгашкан.

 
Categories

ЧЕК АРАДАГЫ АБАЛ

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал ыйгарым укуктуу өкүлдүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта жазылгандай, 25-октябрда облустун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Үч-Дөбө айылынын аймагында болгон окуяга байланыштуу эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөштү. Кыргызстан тараптан өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн аппаратынын укук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов, Баткен районунун акиминин орун басары А. Набиев, Тажик республикасынын Исфара районунун акиминин орун басары жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Чек арадагы абал облус башчысынын жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө, азыр кырдаал тынч. 25-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Үч-Дөбө айылында тактала элек аймакта тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары аларга такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө болбосун айтышкан. Бирок тажик жарандары аларды укпай, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан.

 
Categories

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекети иштей баштады

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети 7-сентябрдан тартып кайра иштей баштады. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, өткөрмө бекети саат 8:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.

«Каркыра» өткөрмө бекетинен адамдар, транспорт каражаттары, жүк, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт. «Каркыра» бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Өткөрмө бекети 2020-жылдан баштап жыл бою иштей турган режимге өткөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы бекетте электрондук виза боюнча эч ким өткөрүлбөй турганын эскертти. Ошондой эле Казакстанга барарда адамдар казак тараптагы эпидемиологиялык абалды жана чет өлкөлүктөргө киргизилген чектөөлөрдү эске алышы керек.

Казакстан пандемиядагы чектөөлөргө байланыштуу кыргыз жарандарына атайын уруксаты болбосо чек арадан өтүүгө уруксат бере элек.

Коңшу өлкөгө ооруканага бараткандар, дипломаттар, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен атайын уруксат алган адамдар гана кире алат.

Кыргыз-казак чек арасында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Чоң-Капка», «Каркыра» бекеттери иштеп жатат. Жалпысынан эки өлкөнүн ортосунда 12 өткөрмө бекет бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”