Categories

МОМБЕКОВ БОРШАЙКОМГО УТУЛДУ

Бишкек шаарынын административдик соту Рыскелди Момбековдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууга байланыштуу арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январдагы отурумунда экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Буга анын жогорку кесиптик билими тууралуу алган дипломун УКМК мыйзамсыз деп тапканы себеп болгон. Момбеков БШКнын чечимин жокко чыгаруу арызы менен Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган.

Анын дипломуна байланыштуу маселе былтыр парламенттик шайлоодо да көтөрүлгөн. Боршайком өткөн жылы Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер кылып каттап, 24-ноябрда кайра аны жокко чыгарган.

 
Categories

КАЙРА ШАЙЛОО: БШК ТӨРТ ТАЛАПКЕРДИ КАТТАДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоого төрт талапкерди каттады. №27 Биринчи май округу боюнча Элвира Сурабалдиева, Нурбек Токтакунов жана №29 Свердлов округу боюнча Бакыт Бакиров менен Улукбек Тургунбаев катталды.

Алар Боршайкомго бардык тиешелүү документтерди берип, 100 миң сом шайлоо күрөөсүн да төктү. Бул эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар эң көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

Боршайкомго кайра шайлоого катышуу үчүн 32 киши билдирме берди. Арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков жана Шайлообек Атазов бар. Шайлоого катышарын мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да билдирген.

 
Categories

ЖОГОРКУ СОТ «АЗАТТЫКТЫН» АРЫЗЫН КАНААТТАНДЫРГАН ЖОК

Жогорку сот айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдорун жокко чыгаруу боюнча кайрылган “Азаттык” партиясынын арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Буга чейин Жогорку сот “Клооп Медианын” айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдору бурмаланганы боюнча жазган арызын да канааттандырган эмес.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү.

Парламенттик шайлоодон кийинки арыз-даттануулар, соттошуулар бүтө элек. Борбордук шайлоо комиссиясы сотто эки арыз каралып жатканын билдирди.

 
Categories

БШК САЙТЫНА ХАКЕРДИК ЧАБУУЛ БОЛГОН

Коопсуздук кеңештин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов БШКнын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болгонун билдирди. Ал маалымат борборунда шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу билдирүү жасады.

“Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен БШКнын серверин текшергени бардык. Ошол убакта адистер кандайдыр бир чабуул болгонун айтышты. Былтыр да ушундай аракеттер болгон экен, бирок экрандан хакердик чабуулду тосуп жатканын көрсөтүштү. Катуу корголгондуктан таасир эткен жок. Адис “чабуулдарды басаңдатып, жол берген жокпуз” деп айтты”, — деди Иманкулов.

Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого эч кимге жол берилбей турганын кошумчалады. Белгилей кетсек, БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен.

Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

 
Categories

КАМЧЫБЕК ЖОЛДОШБАЕВ ШАЙЛООДОН ЧЕТТЕТИЛДИ

Борбордук шайлоо комиссиясы 18-ноябрдагы отурумунда Бишкек шаары боюнча №26 Ленин округунан парламенттик шайлоого талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин каттоосун жокко чыгарып, шайлоодон четтетти. Бул чечимди Боршайкомдун 11 мүчөсү бир добуштан колдоду.

Жыйында УКМК Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун сатып алганын, ал бул ишти кудасы Муктарбек Сыдыков аркылуу ишке ашырганын билдирди. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Сыдыков 16-ноябрда төрт шайлоочуга 8 миң сомдон берген.

Тинтүү маалында шектүүнүн автоунаасынан 39 миң сом табылган. Ал 17-ноябрда Жазык кодексинин “Шайлоочуларды сатып алуу” беренесине шек саналып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Ошол эле күнү Жолдошбаевдин үгүтчүлөрүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 138 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси табылган. Камчыбек Жолдошбаевдин БШКдагы өкүлү Урмат Орозкулов Муктарбек Сыдыков Камчыбек Жолдошбаевдин үгүтчүсү катары каттоодон өтпөгөнүн, ал бул иштерди өз алдынча эле кылышы мүмкүн экенин айтты.

Ошондой эле добуш сатып алуу боюнча иш сотко өтө электигин кошумчалады.

 
Categories

БШК ЖЕКЕ КОРГОНУУ КАРАЖАТТАРЫН САТЫП АЛУУГА ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга 15 млн. 41 миң сом жумшалат.

Сынактык арыздарды берүү мөөнөтү 30-мартка белгиленди. Анын ичинен 1 млн. 170 миң сомго санитайзер, 3 млн. сомго төрт кабаттуу бир жолу колдонулуучу бет кап, 1 млн. 585 миң сомго респитатор, 1 млн. 806 миң сомго кол кап, 4 млн. 950 миң сомго шайлоо комиссиянын мүчөлөрү үчүн кийимдер, 1 млн. 680 миң сомго шайлоочулар үчүн спирттүү кол аарчылар сатылып алынат.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

 
Categories

БШК ДАГЫ 7 ҮГҮТ ТОБУН КАТТАДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-декабрдагы жыйында алдыдагы референдумга байланыштуу дагы жети үгүт тобун каттады. Буга чейин БШК парламентаризмди колдогон бир топту жана референдумда коюлган эки суроого тең каршы болгон үгүт тобун каттаган. Боршайкомдун маалыматына караганда, ушул убакка чейин жалпы тогуз үгүт тобу каттоодон өттү. Алардын төртөө президенттик башкарууну, экөө парламенттик башкарууну колдогондор, бирөө президенттик республикага каршы, экөө бардык варианттарга каршы чыккан топ. Мыйзам жалпы элдик добуш берүүнүн алдында референдумга коюлган маселелерди колдогондордун жана каршылардын үгүт тобун түзүүгө уруксат берет. Алар референдумду утурлай парламенттик же президенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөшөт. Мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда жарандарга үч суроо коюлат. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

 
Categories

БШК БЕКЕШЕВ ТҮЗГӨН ДЕМИЛГЕЛҮҮ ҮГҮТ ТОБУН КАТТАДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын башкаруу ыкмасын аныктоо боюнча референдумга карата үгүт жүргүзө турган топторду каттоо маселесин талкуулады. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев түзгөн “Парламенттик башкаруу үчүн” демилгелүү үгүт тобу катталды. Бекешев эми референдумду утурлай парламенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөй турганын, социалдык тармактар аркылуу парламентаризмдин артыкчылыктарын түшүндүрүп бергенге аракет көрөрүн билдирди. Мыйзам жалпы элдик добуш берүүнүн алдында референдумга коюлган маселелерди колдогондордун жана каршылардын үгүт тобун түзүүгө уруксат берет. Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдумда жарандарга үч суроо коюлат. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

 
Categories

БШК 43 ЧЕТ ЭЛДИК БАЙКООЧУНУ КАТТАДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого көз салуу үчүн 43 чет элдик байкоочуну каттады. Мекеменин басма сөз кызматы жети өлкөнүн жана алты эл аралык уюмдун эксперттерине аккредитация берилгенин маалымдады. Ханнс Зайдел фондунун, Шайлоо түзүмдөрү эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Азербайжан БШКсынан бир, Молдова БШКсынан эки, КМШ Миссиясынан төрт эксперт бар. Калган 34 киши КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү. Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Шайлоого катышууга башында 65 адам ниетин билдирип, документ тапшыруу жараянынан соң 20 киши калды. Үгүт өнөктүгү 15-декабрдан 9-январга чейин болот.

 
Categories

12 ТАЛАПКЕР ЖАРЫШТАН ЧЕТТЕТИЛДИ

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президенттигине ат салышуу ниетин билдирген 12 талапкерге документтерин кайтарып берди. Чечим БШКнын жыйынында кабыл алынган. Соттуулугу жоюлбаган үч кишинин талапкерлиги алып салынды. Алар: Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Нурлан Мотуев. Ал эми мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерген “Кыргызтесттин” сертификатын көрсөтпөгөн дагы 9 кишиге документи кайтарылды. Алар: Анар Зарипова, Анаркүл Араева, Тынчтык Акжолтоев, Юлия Лилиенталь, Елена Клипачева, Султан Ажиматов жана Куттумидин Базаркулов.