Categories

АЙТЫЛУУ РОМАНОВ КОЙЛОРУН БАККАН ФЕРМЕР

Адылбек Муратов бир жылдан бери «Раманов» койлорун багып келет. Алгач эки кой, бир кочкор сатып алган чабан бүгүнкү күндө алардын санын 10 башка жеткирип алган. Бир жыл ичинде  бир нечесин,  бул пародадагы койлорду өлкө ичине жайылтуу максатында сурагандарга саткан учурлары да бар. Айтымында бул койлорду эң негизги артыкчылыгы козулары тез жетилип, койлору эгиздеп төл бергендигинде.

АЙТЫЛУУ РОМАНОВ КОЙЛОРУН БАККАН ФЕРМЕР

Мал чарбачылыгында өзүнүн өзгөчө орду бар, жыл өткөн сайын суроо-талап көбөйүп журүп олтурган асыл тукум койлор арбын. Алардын бири Романов койлору.  Раманов койлору 18 кылымда Орусиянын Ярославль губерниясынында жогорку сапаттагы тери алуу максатында  эчки менен койду аргындаштыруудан келип чыккан.  Эң алгачкы таркаган жери Романово-Борисоглебск району болгондуктан Романов койлору деп аталып калган дешет. Койлордун сырткы көрүнүшү кадимки кыргыз койлоруна окшошуп кеткени менен булардын сүтү, эти, териси кыргыз койлорунан алда канча айырмаланып турат.

АЙТЫЛУУ РОМАНОВ КОЙЛОРУН БАККАН ФЕРМЕР

Романов койлору Орусия мамлекетинен өстүрүлгөндүктөн мелүүн жана суук климатка толук көнгөн. Мындан улам калк арасында бул койлорду Кыргызстанга өзгөчө ысык климатта  багуу мүмкүн эмес деген пикирлер айтылып келет. А биролк ошол эле маалда  Романов  койлору суукка канчалык чыдамкай болсо, ысыкка деле ошончолук туруштук берет экен деген фермерлер да бар. Алардын бири  бир жылдан бери Чүй боорунда багып жаткандыктан Адылбек Муратов.

АЙТЫЛУУ РОМАНОВ КОЙЛОРУН БАККАН ФЕРМЕР

Алгач келген маалында бир гана колдон чөп жеп көнгөн Раманов койлорун Адылбек мырза маал-маалы менен талаага алып чыгып жайып, кадимки талаа шартында тамактандырууга үйрөтүп жаткан маалы. Бул деген демек, мындай пародадагы койлорду деле кадимки кыргыз койлорундай асыроого үйрөтүп алса болот дегендик дейт каарманым.

АЙТЫЛУУ РОМАНОВ КОЙЛОРУН БАККАН ФЕРМЕР

Адылбек Муратов койлоруна жайыт чөптөрдөн сырткары ар күн сайын салат, жем, кургак чөп жана суусун үзбөй берип турат. Мындай кадам өз кезинде мал жандыктарынын организм микро элементтерге байытып, ар кыл илдеттердин алдын алат.

АЙТЫЛУУ РОМАНОВ КОЙЛОРУН БАККАН ФЕРМЕР

Дарт демекчи Романов  койлору ооруга өтө туруктуу келип, көп деле илдеттерге чалдыга беришпейт. А кокустук болуп ооруп калса ветеринардык жардам көрсөтүлүүгө тийиш.  Анан да бул койлор  салкындыкты сүйгөндүктөн, бир жак тарабы ачык,  толук жабылбаган сарайда кармоо сунушталат. Алдына кадимки самандан төшөп, күн алыш алмаштырып туруу кажет. Ар кандай инфекциялардын алдын-алууда жылына эки ирет короону кадимки аки таштын сууга эритилген аралашмасы менен  дезинфекциялоо жетиштүү.

АЙТЫЛУУ РОМАНОВ КОЙЛОРУН БАККАН ФЕРМЕР

Совет мезгилинде эң көп талап кылынган породалардын бири болгон Романов койлорун сүйүп өстүргөн мамлекеттер арбын. Соңку беш жыл аралыгында кыргыз фермерлери да бул тармакка баш багууда. Ал эми Адылбек Муратовдун айтымында бул кадамдардын баардыгы элде анчейин өнүкпөгөн чарбачылыкты жайылтууга болгон аракеттер.

 
Categories

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Адам баласынын тарыхы жашоо турмушу менен тыгыз байланышы бар көгүчкөндөр бүгүнкү күндө сүйүүнүн жана мээримдүүлүктүн символу катары сыппаталып келет.  Жер бетинде кептерлер деген дагы бир аталыш менен кеңири тараган бул куштун учурда  43 уруусу, 285 түрү белгилүү. Көгүчкөндөрдүн жапайылары адатта  токой, талаа, тоону, эгин айдалган жерлерди мекендейт. Дарак, бадал, аскаларга, ар кандай  курулуштарга уялашат. Тарых барактарына көз чаптыра турган болсок, эң алгач адамдар көгүчкөндөрдү тамак-ашка колдонушкан, бирок көп өтпөй бул куштардын баккан ээсине кайра кайтып келүүгө болгон эбегейсиз  жөндөмдүүлүгүн байкашып,  көгүчкөндөрдү  кабарларды өз убагында жеткире алышкан  чыныгы почточу  катары  пайдаланышкан. Кээде алар аскердик буйруктарды жеткиришип,  согуш талааларында кадимки кат ташуучу кызамттарды аткарышкандыгы белгилүү.  Анын натыйжасында аскер адамдары бири-бирине ар кыл буйрутмаларды жазып жөнөтүшүп, жеңишке жетүүгө умтулушкан. А бүгүнкү күндө айрым көгүчкөндөр баккан ээсине  миллион доллар пайда  алып келиши  толук мүмкүн. Бул өңүттөгү окуялар көбүн эсе чет мамлекеттерде катталып келет. А бирок Кыргызстанда да аталган чарбачылыкка баш багып, алардын ысык-суугуна чыдап асырагандар да арбын. Алардын бири Раман Алданбергенов, ар кыл оюндарды көрсөткөн көгүчкөндөрдү багып келет.КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Дал ушинтип көгүчкөндөрүнүн ар бирине өз мээримин төгө, бала асырагандай эркелетип кароо Раман Алданбергенов үчүн адатта айланган. Өзү борбор калаадагы ЖЭБнун темир жол тармагында эмгектенет. Казакстан жергесинен да дал ушул кесиптин аркасы менен келип олтурукташып, кыргыз кызына баш кошуп, кийин куда күтүп жашап калган  экен. А бирок каарманым бул куштарды 15 жашынан бери багып келе жаткандыгын, көгүчкөндөр үчүн жаштыгын арнаганын айтат. Анын бирден-бир себеби, көгүчкөндөр адам баласын мээримдүүлүккө үйрөтүп, терс энергияны жокко чыгарып, көңүлдү жай кылганында дейт.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Кыргызстанда өзбек тукумундагы көгүчкөндөр кеңири таралган. Алар өз ичинен эки топко бөлүнөт. Бири сальто жасоого жөндөмдүү болсо,  экинчиси сырткы көрүнүшү кооз келип жогору бааланат. Раман Алданбергеновдун чарбасында да  бир канча пародадагы көгүчкөндөр бар. Алардын баардыгы сальто жасап, оюн көрсөтүүгө жөндөмдүү.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИКӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Көгүчкөндөр башка куштардан акылдуулугу жана тез көбөйгөндүгү менен айырмаланат. Эки-экиден же кээде топ-топ болуп жашаган бул куштардын жупташуусу жаз айларынан башталат. Анда эркектери ургаачыларын кызыктыруу үчүн бийлеп да беришет. Жапайы көгучкөндөр бири-бири менен өздөрү табышканы менен үй шартында багылган көгучкөндөрдү чарбакерлер пародасына, куштардын иммунитетине карап жупташтырат.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИКӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Көгүчкөндөр адатта бар болгону 2 жумуртка тууп, а бирок жумурткасын эркеги да, ургаачысыда  тең басат. Балапандары  жылаңач, айрым учурда  тыбыттуу болуп жаралат. 2 ай аралында эле көзү көрбөй жаралган балапандар учууга даяр болушат дешет. Дал ушул маалдан тарта балапандарын көгучкөндөрдүн энеси эмес атасы тамактандырууга өтөт. А энеси кайрадан жумуртка тууп басып чыгарууга кириешет. Ошентип көгүчкөндөр жаз айларынан тарта, кеч күзгө чейин ар эки ай сайын балапан чыгарып жүрүп олтурушат. Калк арасында көгучкөндөр балапандарын эң алгач ирет басып чыгарган маалда энеси сүт кусуп берип  багат деп да айтылып келет.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИКӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Көгүчкөндөрдү жыл мезгилине карата ар кыл дандар менен азыктандыруу сунушталат. Раман Алданбергеновдун айтымында канчалык туура тактандырса, кептерлер ошончолук күчтүү келип, оору сыркооодон алыс болушат. Көгүчкөндөр куш тумосу, витаминоз, орнитоз илдеттери менен көп жабыркашат. А бирок алдын ала эмдөө жүргүзүп, учурунда дарыласа анчейин деле коркунуч жаратпайт.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Көгучкөндөрдүн дарттарынан улам Раман Алданбергенов куштарын башка чарбаларга кошуудан жана бейтаныш адамдардан сатып алуудан кооптонот. Ал кептерлерин атайын буйрутма менен ишентичтүү гана чарбалардан алдырдат. Көбүн эсе Казакстан жергесинен. Мындан сырткары мындай көгүчкөндөрдү  көз боемочулар да кеңири колдонуп келишет. Буга да көгучкөндөрдүн жашаган жайына кайра кайтып келүүсү негиз болгон дешет.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Ал эми соңку мезгилдерде “Кинг” пародасынан чыккан эт багытыдагы көгүчкөндөр да чоң суроо-тлапка ээ болуп келет.  Көрүнүшү тооктор сымал болгон бул көгүчөндөр 800 граммга чейин эт берип, курамы табигый белокторго, аминокислоталарга, витаминдерге жана минералдарга бай дешет. Ошондуктан көгүчкөн этин колдонуу ден-соолукка абдан пайдалуу келип, чет элдик мейманканаларда жогору бааланып ар кыл тамактар жасалат.КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

Бир кездерде болуп көрбөгөндөй ачылыш жасаган бул куштар 19 кылымда Султан  Салах ад-Диндин хансарайында кат ташып миңдеп багылганы баяндалып келет. А бирок ал почточу көгүчкөндөр азыр анчейин деле суроо-талапка ээ эмес. Учурда дүйнө элин дүңгүрөтүп жаткан спортчу көгүчөндөр. Алар саатына 70-80 чакырым учушуп, белгиленген жерге биринчи жеткенине 100000 евро байге тартууланат. Бул мелдеш АКШдагы Сан-Сити шаарына ар жыл сайын өткөрүлүп,  таймашка 37 мамлекеттин өкүлдөрү алып келген  3000ден ашык көгүчкөн учурулат. 540 км аралыкка багытталган мелдешке учураар алдында көгучкөндөрдүн буттарына шакектер салынып, ар бирине белги коюулат. Ал эми Орто Азияда бул багыттагы көгүчкөндөр 8000 долларга чейин бааланып келет.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИКӨЗ ЖООСУН АЛГАН КӨГҮЧКӨН БИЗНЕСИ

 

 
Categories

ГИПС БИЗНЕСИ

«Адамдын жасап жаткан асыл буюмдары анын эсинде түбөлүк калат» -деп, кайсыл бир даанышман жазып калтыргандай эле, Машхура Усманжанованын кылган эмгектери да көпчүлүктүн көңүлүндө сакталып калаар. Эки жылдан бери гипс аркылуу көз жоосун алган көркөм кооз буюмдарды жасап аны ички рынокко алып чыгып жаткан бул чакан цехте Машхура айым жана анын жолдошу, бир кыз, бир уулу эмгектенет. Тактап айтканда үй-бүлөлүк бизнес. Аталган үй-бүлө Ош облусуна караштуу Өзгөн жергесин жердешкен.  Кийинчерээк борбор калаага келип олтурукташып калышкан. Калаага көлүүсүнүн себеби да, дал ушул бизнес болгон. Учурда аптасына 150 оюнчукту базарларга алып чыгып жаткан үй-бүлө айына 40,000 сом киреше табат.

ГИПС БИЗНЕСИ

Гипстен буюм-тайымдарды жасоодо алгач керектелүүчү гипсти тандап алуу кажет. Машхура айымдын айтымында Бишкекте сатылган гипстердин сапаты анчейин эмес. Мындан улам алар Токмок жергесинен буйрутма берип алдырышат. Гипсти кармаганда канчалык колго сиңимдүү болсо ошончолук сапат жогору болот дейт.

ГИПС БИЗНЕСИГИПС БИЗНЕСИ

Андан соң ошол гипстки кадимки эле эч бир кошулмасы сууну куюп аралаштырып, керектелүүчү массаны даярдап алабыз. Ал эми даяр болгон аралашма атайын калыптарга куюлат. Биз барган маалда күн мурунтан куюлган акча чогултуучу бюумдар бар болгондуктан аларды калыптан чыгарып алып андан соң кайрадан жасоого туура келди. Айта кетчү жагдай калыптар желимден, Өзбекстан жергесинен буйрутма менен алдырылат. Ал эми аны тандоодо баардык жаш курактагы адамдардын табити эске алынат. Себеби, айымдар көбүн эсе карапаларды жактырышса балдар, кадимки оюнчуктарды тандашат.

ГИПС БИЗНЕСИГИПС БИЗНЕСИ

Аралашма калыпка эки ирет куюлат. Биринчиси 10 мүнөт, экинчи ирет куюлганы 20 мүнөт тыныктырылат. Канчалык көпкө тыныкса ошончолук кургап, сапаты жакшы болот. Ал эми кургаган акча салгычтардын  түбү тешик болгондуктан аларды кайрадан бүтөөгө туура келет. Ал үчүн болгону айнек жана жогорудагыдай эле ыкма менен даярдалган аралашма керектелет. Эми куратылган буюмдарды алып анын тегерек четин тазалоо керек. Ал үчүн кадимки бычак же өгөлөөчү шаймандар керектелет.

ГИПС БИЗНЕСИ

Эң акыркы этап болуп сырткы бетине боёк берүү саналат.  Адатта ишкерлер боёкторду  борбор калаадагы эле курулуш шаймандарын саткан  дүкөндөн  сатып алышат.

ГИПС БИЗНЕСИГИПС БИЗНЕСИГИПС БИЗНЕСИ

Мындай буюмдардын артыкчылыктары ошону менен катар эле кемчиликтери да бар. Меселен гүл салуучу карапаларга табигый гүлдөрдү сактай албайсыз. Анткени гипстен жасалгандыктан ичине суу куюуга болбойт. Ээрип  кетет. Жөн гана кооздук үчүн пайдалануу кажет.  А бирок акча чогултуучу буюмдардын түбүнө суу кездемени 1-2 саатка коюп койсо түбү  түшүп калат. Андан соң ичинедеги каражатын алып алууга толук мүмкүн.  А тешилген жерин кайрадан аз өлчөмдөгү гипс менен  бүтөп койсоңуз болот.

 
Categories

БАТИРГЕ ЭЭ БОЛУУНУН ЭҢ ОҢОЙ ЖОЛУ

Калкка ишенимдүү платформа тузүү менен жарандарды турак-жайлуу кылууну көксөп иштеп келе жаткан Бердияр Исматтилаев жана анын 1 турак-жай кооперативи быйыл түзүлгөнүнө 4 жылдын жүзү болот. Бул жылдар аралыгында кооператив 100гө чукул  жарандарды батир менен камсыз кылган. Арасында Ош, Жалал-Абад жана Чүй боорунан батирге ээ  болгондор да бар.

БАТИРГЕ ЭЭ БОЛУУНУН ЭҢ ОҢОЙ ЖОЛУ

Кооперативдин жетечиси Бердияр Исматтиллаев. Кесиби боюнча инженер. А бирок турак-жай менен камсыз кылуучу уюмга иштеп калуусунун да себеби бар. Айтымында жогорку окуу-жайды аяктаган соң Казакстан, Орусия өңдүү мамлекеттерде эмгектенип мигранттарын абалын жон териси менен сезген. Алардын дээрлик 80 % турак-жайга муктаж жарандар. Официалдуу статистика боюнча үйгө муктаждардын жалпы саны 200,000 түзөт. А бирок каарманым бул цифралар миллионго чамалашы мүмкүн дейт. Дал ушул миллиондогон жарандардын батирге  болгон таңкыстыгын жоюуга бел байлап келген 1 кооперативинин турак- жай берүү системасы төмөндөгүчө.

БАТИРГЕ ЭЭ БОЛУУНУН ЭҢ ОҢОЙ ЖОЛУ

БАТИРГЕ ЭЭ БОЛУУНУН ЭҢ ОҢОЙ ЖОЛУ

Батирге ээ болуу үчүн сизде баштапкы төлөм болуусу шарт. Анын негизинде калган сумманы 1 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Эгерде сизде баштапкы төлөмдү төгүүгө каражат жетишсиз болсо, топтоо программасы аркылуу турак-жай алсаныз болот. Ал эми батирге ээ болоор алдында баштапкы төлөм төлөп коюп,  балким алдап кетсечи деп кооптонгон жарандарга “1 турак-жай  кооперативди” толук кандуу  кепилдик бере алат. Кокустук болуп кезек күтпөй акча-каржатын артка кайтарууну талап кылган жарандардын да укугу мыйзам чегинде корголот.

Кооперативдин мүлкү жана кепилдиги:

1.Керектелүүчү документтердин аздыгы;

  1. Жаш өзгөчөлүк эске алынбайт;
  2. Сатып алуулардын баары КРнын №70 «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамы менен корголот;
  3. Кооперативдин ар бир мүчөсү КРнын Юстиция министрлигине катталат;
  4. Кооперативдин мүчөлүк фонду банктын эсебинде топтолот;
  5. Кыймылсыз мүлүктү сатып алуунун келишими КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынан каттоодон өтөт;
  6. Батирдин техпаспорту мүчөнүн колунда болот.БАТИРГЕ ЭЭ БОЛУУНУН ЭҢ ОҢОЙ ЖОЛУБердияр мырзанын айтымында учурда иштеп жаткан баардык эле кооперативдер калк арасындагы укугу корголбогон катмар менен иш алып барат. Мындан улам аларга коюлган талаптар да бир канча жеңил болуусу шарт. Маселен, документ топтоо жаатында. Бир гана өздүктүгүн тактаган паспорт талап кылынат. Ал эми жарандардын кезеги онлайн түрүндө www.1к.кg сайтында ачык-айкын жана таза жүргүзүлөт.

    БАТИРГЕ ЭЭ БОЛУУНУН ЭҢ ОҢОЙ ЖОЛУДАРЕГИ: Бишкек ш., Ахунбаев көчөсү 111/1, 3-кабат, 3-кеңсе

    ТЕЛ: 0553 10 20 40;

    0707 27 70 42.

 
Categories

ЖАРАТМАН АЙЫМДАН ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫК

Кереметтүү Ысык-Көл жергесинин кызы Кундуз Асаналиева жетектеген «Socks master» ишканасы жакынкы  айлардан бери «Lucky socks» брэндиндеги ар кыл дизайнга ээ байпактарды иштеп чыгарууда. Коомчулукта бул байпактар, өзгөчөлөнгөн  жазуулары менен саркечтикке айланып көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп турган маалы.

Ал эми соода брендинин англис тилинде жазылып жаткандагы өзүчө бир мааниге ээ.ЖАРАТМАН АЙЫМДАН ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫК

Ишкананын жетекчиси Кундуз Асаналиева.  Бала чагы, мектеп курагы Ысык-Көлдүн Кара –Кол шаарында өткөн. Кесиби тарыхчы. Айтымында ал кесипти аркалабаганы менен тарых илиминин ишкерлик багытына тийгизген таасири чоң. Анткени “Тамыры жок жер болбойт, тарыхы жок эл болбойт» -демекчи, ар бир иштин башаталышы да, уланышы да тарыхта кала берет. Ошол тарых барактарына көз жүгүртүп олтуруп деле, жаңы идеяларды тапса болот дейт.  «Аккан арыктан суу агат» –  деп, эзелтеден элибиз айткандай, Кундуз Асаналиеванын энеси колу билги уз айым болсо, атасы Ата-Мекендик согуштун ардагери, темирдей тартип менен  ар-намыс, атуулдук парзды жогору койгон инсан болгон. Дал ошол ата-энесинин калтырган изин улай, Кундуз Асаналиева да өлкөгө пайда алып келүү үчүн жан үрөп келет.

ЖАРАТМАН АЙЫМДАН ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫК

Учурда ар кыл дизайндагы байпактар иштелип чыгып жаткан фабрикада  10дон ашык адам нан таап иштеп келет. Жалпы жамааттын биргелешкен мээнетинин арты менен тигилип жаткан байпактардын ар бири өзүнчө кооздукка ээ, ошол эле маалда ден соолукка да пайдасы чоң. А эң башкысы байпактар «Кыргызстанда жасалган» -деген, ат менен улут  маданиятынын  ажырагыс бир бөлүгү болгон оюм-чийимдерди өз ичине камтыгандыгында. ЖАРАТМАН АЙЫМДАН ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫК

Мына бул сиз көрүп жаткан робот сыңар машинкалар да, жиптери да алыскы Корея мамлекетинен алынып келинген. Кыргызстанда мындай аппарат жок болгондуктан, иштетүүнүн сырларын үйрөнүү үчүн аталган мамлекеттен адистерди чакырып, фабрика кызматкерлери сабак алышып, андан соң гана иштөөгө киришишкен. ЖАРАТМАН АЙЫМДАН ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫКЖАРАТМАН АЙЫМДАН ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫКЖАРАТМАН АЙЫМДАН ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫК

Учурда бир гана ички рынокто эмгектенип, байпактарын борбор калаанын ири  соода түйүндөрүнө  жайгаштырып жаткан фабрика,  жакынкы жылдары өздүк продукцияларын чет элге экспорттоо пландарынын үстүндө иш алып барууда. Ал эми ишкана тууралуу толук маалыматты төмөндөгү ссылка менен көрсөңүздөр болот.

 

 
Categories

БАТИРЛҮҮ БОЛУУНУН ОҢОЙ ЖОЛУ.

«Келечек» турак-жай кооперативи бир жылдан бери өлкө ичинде азын -оолок кеп болуп, бир канча жардарды турак жай менен камсыз кылып келген коомдук уюм. Аны ким жетектейт?                                                                                                                                                                                                                                                                                         Уюмдун сап башында Курманалиев Эламан Курманалиевич турат. Ал өз кезинде борбор калаадагы базарларда эмгектенип, калктын абалын жон териси менен сезген. Мындан улам, жумурай журтка пайызсыз үй берүү жолдорун караштыра баштайт. Кийинчирээк жеке менчик кымылсыз мүлк агенттигинде эмгектенет. Андагы топтогон тажрыйбалары алгач «Келечек» кыймылсыз мүлк агенттигин түзүүгө, андан соң «Келечек» кооперативинин калыптанышына өбөлгө түзгөн.

БАТИРЛҮҮ БОЛУУНУН ОҢОЙ ЖОЛУ.

Уюмдун «Келечек» деп аталуусу да символикалык мааниге ээ. Анда «Кооперативдин алып барган иштери өлкө келечегинин өнүгүүсүнө аз да болсо салым кошсо, келечекте ар бир жаран өздүк үйүнө ээ болсо, келечекте бул кооперативдин кылган эмгектери артылып, миллиондогон жумуш орундуктары түзүлсө» – деген,  бир канча тилектер камтылган дейт Эламан Курманалиев. Өз сөзүндө ал «Мен студент кезимде катардагы жумушчу болуп эмгектендим. Мигрант катары Орусияда да жашагам. «Дордой» базарында да иштеген учурларым да болгон. Ошол  учурлар мени аябай көп ойго салды. Себеби, мага окшоп миңдеген жарандар стабилдүү жумушу, айлык-маянасы жок, турак жайга муктаж болуп журөт да. А балким менден да начар жашагандар бардыр. Мына ушул ойлор мени калкка кызмат кылууга үйрөттү» – деп, билдирет.

БАТИРЛҮҮ БОЛУУНУН ОҢОЙ ЖОЛУ.

Дал ушинтип жаркын келечекке жол баштап, Чүй боорунда батир азабын таркан жарандарга жардам кыла билген каарманым, Жалал-Абад облусунун Таш- Көмур шаарынын кулуну. Орто мектепти ошол аймактан аяктаган. Кесиби боюнча авиа-техник . А бирок ишкерлик менен алектенүү Эламан Курманалиевдин бала чагынан бери көөдөгү көксөгөн кыялдарынын бири.                                                                                                                                                                                                                                         «Кыял менен укта, максат менен ойгон»- демекчи, Эламан мырзанын максаттарын туура коё билүүсүнүн негизинде 2019-жылдын 15-октябрында түптөлгөн кооператив бүгүнкү күндө 59 адамдын үйлүү болуусуна жараткан алдында  себепчи болуп олтурат.  «Келечек» кооперативинин башка уюмдардан артыкчылыгы үйдү пайызсыз берүүдө жана дүйнөлүк практикада колдонулбаган каттоо системасы, тагыраагы үй дароо өз  ээсинин наамына жазылгандыгында.

БАТИРЛҮҮ БОЛУУНУН ОҢОЙ ЖОЛУ.

Өлкө жарандарынын саны 6 миллиондон ашканы менен анын баардыгы тең эле турак жай менен камсыз болбогондугун  буга чейин эле адистер айтып келишкен. Дал ушул үй алуу максатында чет элде иштеген мигранттарда бар. Ошол эле маалда региодордон көчүп келип, борбор калаада олтурукташып, батирде күн кечиргендер да аз эмес. Алардын айрымдары жаштар болсо, айрымдары улуу муундагы инсандар.

БАТИРЛҮҮ БОЛУУНУН ОҢОЙ ЖОЛУ.

Кооператив аркылуу үй алууда алгач Фурманов көчөсүнөдөгү 12-үйгө  барып акысыз эле кеңеш алсаңыз болот. Эгерде шарттары сизди ынандырса анда катоого турасыз. Ал үчүн сизден паспорт жана насыя баяны гана керектелет. Андан соң сиз уюмга мүчө болосузда, арыз жазуу менен келишим түзөсүз. Кийин алуучу батириңиздин баштапкы суммасын төлөө менен  кезекке турасызда, кезегиңиз келгенде үйгө ээ болуу мумкүнчүлүгү бар. Кошумчалап айта кетүү жагдай кооператив бир гана кызыл китеби жана техникалык документтери бар үйлөрдү алып берет. Анткени жарандарды коопсуз, талаш-тартышы жок батир менен камсыз кылуу ишкананын негизги максаттарынын бири.

БАТИРЛҮҮ БОЛУУНУН ОҢОЙ ЖОЛУ.

Ал эми сизде кезек күтүүдө кандайдыр бир бүдөмүк иштер болушу мүмкүнбү деген суроо туулган болсо, кулагыңызга күмүш сырга, баардык кезек күтүүлөр ачык- айкын      «kelechek-kooperativ.kg»   сайтында чагылдырылып турат.

БАТИРЛҮҮ БОЛУУНУН ОҢОЙ ЖОЛУ.

Эламан Курманалиев жетектеген «Келечек» кооперативи бир гана өздүк турак -жай менен алектенбестен, калкты ижарасыз арзан батир менен камсыз кылуучу кыймылсыз мүлк агенттигинде да иш алып барат. Анын негизинде 20дан ашык жумуш орундуктары түзүлүп, иштеген ишине жараша айлык- маяналары төлөнүп турат.

БАТИРЛҮҮ БОЛУУНУН ОҢОЙ ЖОЛУ.

«Келечек» кооперативи жакынкы аралыкта жети дубанга  да филалдарын ачуу пландарынын үстүндө иш алып барып жаткан маалы.

 

Дареги: Бишкек шаары, Фурманов көчөсү №12 үй.

Телефон: 0554 590-590, 0704 590-590 , 0774 590-590

                 0553 400-200, 0773 400-200, 0703 400-200. 

 

 
Categories

ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?

Сиздер көрүп жаткан бул жай «Авангард стиль» курулуш компаниясынын «Бизнес борборунун» биринчи кабаты. Борбор эки мунарадан турат. Ал  өзүнүн жайгашкан жери жана мүнөздөмөсү боюнча уникалдуу, заманбап он эки кабаттуу имарат. Шаардын маанилүү мекемелеринин көпчүлүгү бизнес борбордун жакын аймагында жайгашкан. Маселен, Өкмөт үйү, Бишкек шаарынын мэриясы, бир нече министрликтер. Банктардын, соода борборлорунун, ресторандардын жана башка мамлекеттик мекемелердин жакын жайгашкандыгы ишкердик менен алектенүүнү каалаган жарандарга эң мыкты ыңгайлуулуктарды түзүп берет.

ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?

«АВАНГАРД СТИЛЬ» КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫНЫН БИЗНЕС БОРБОРУНУН 17 артыкчылыгы:

  1. Бишкек шаарынын борборунда жайгашкандыктан ишкерлик менен алектенүүгө ыңгайлуу.
  2. Өнүккөн инфраструктура: ашкана, кофе дүкөнү, банкоматтар жана банктын филиалдары бар.
  3. Чоң зал жана чакан иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу конок аянты.
  4. 15-20 кишилик конференц-зал.
  5. Жайкы террасасы, европалык ашкананын рестораны.
  6. “AVANGARD Hall” – 150 адамга ылайыкталган заманбап иш-чаралар аянты.
  7. 100 унаага ылайыкталган жер алдындагы жана жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар.
  8. Компанияны кесипкөй башкаруу.
  9. «Sigma» жана «Otis» компанияларынын заманбап тез жүрүүчү лифттери.
  10. Европалык сапаттагы универсалдуу жана ыңгайлуу килемдери, «Armstrong World» шыптары.
  11. Панорамалык терезелер жана европалык сапаттагы айнек бөлүктөрдүн тутуму.
  12. Күнү-түнү күзөтүү.
  13. «Daikin Japan» компаниясынын заманбап желдетүүчү жабдыктары, өрт коопсуздугун көзөмөлдөө системасы.
  14. «Salto Spain» компаниясына кошулуу мүмчүлүгү.
  15. Ыңгайлуулукта жайгашкан бөлмөлөр.
  16. Заманбап инженердик тутумдар.
  17. Электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштөөсү.ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?                                                                        Экинчи кабаттан тарта ишкердүүлүк менен алектенүүнү каалгандар үчүн ижарага берүлүүчү бөлмөлөр жайгашкан. Ар бөлмөнүн чарчы метри ар кандай көлөмдө. Болгону сиз алып бара турчу ишиңизге жараша чоң же кичинесин тандап алсаңыз болот.                    ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?Ар бир ишкерлик менен алектенген инсан сөзсүз турдө жыйын залдарына муктаж болбой койбойт. Бизнес борбор бул көйгөйдү да эске алуу менен ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн кичи жана чоң жыйын залдарын курган. Бизнес борборунун конференц-залдары заманбап жогорку технологиядагы жабдуулар менен камсыздалып ар кыл  бизнес форумдарды, семинарларды, ар кандай форматтагы конференцияларды уюштуруу жана өткөрүүнүн толук спектрин камтыган. Ишкерлердин баар алышуусунун мейиндигине айланган бул  залдар  бир нече адамга ылайыкташкан.

    ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?Ишкерлердин арасында имараттан чыкпай эле тамактанууну каалагандар болса, бул жайдын өздүк ашканалары да бар. Ашканалар бир олтурганда 10-15 адамга ылайыкташып, баардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле мында иштеген инсандардын коопсуздугу да жогорку деңгээлде каралган.  Имарат күнү-түнү видео күзөтүүдө. Ошондой эле өрт коопсуздугу да көз жаздымда калган эмес.

    ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?“Авангард” бизнес борбору заманбап европалык “Skyberry” рестораны менен бириктирилген эки он эки кабаттуу үйдүн комплекси болуп саналат. Жогоруда биз көрсөткөн артыкчылыктардан сырткары, эки деңгээлдүү жер алдындагы унаа токтоочу аянтты, жогорку ылдамдыктагы интернетти, европалык сапаттагы жабдуулары,  борбордук желдетүү системалары  дүйнөлүк стандарттагы кеңселердин  сапаттынан кем калбайт. Ал эми 12 кабатта жайгашкан секичелер өз кезинде шаар кооздугун көз алдыңа тартып өтүп,  ишкерлик менен алектенген жарандарга эргүү таруулабай койбойт.

    ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?Бул жайда эмгектенген ар бир кызматкер “Авангард” курулуш компаниясында иштөө бул чоң жоопкерчилик жана аброй деп билет. Жалпысынан 50дөй адам эмгектенген борбордун ар бир кызматкери өз кесибинин дасыккан адистери.  Алардын бири Данияр Урмамбетов. Үч жылдан бери “Авангард” курулуш компаниясында иштеп келет. Өзү жердин бермети деп саналган Ысык-Көлдүн кулуну. А бирок орто мектепти жана жогорку окуу жайды борбор калаадан аяктаган. Данияр мырза алгач сатуу бөлүмүндө иш алып барган, кийинчерээк анын кылган эмгектеринин акы-бети кайтып,   маркетинг жана пиар жаатын жетектөөгө жетишкен. Айтымында “Бизнес борбор” компания сыймыктанган имараттардын бири. Анда карлаган мүмкүнчүлүктөр жана шарттар эч бир курулуш компанияларда эске алынган эмес.ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН БИЗНЕС БОРБОР ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?

    Авангард” стиль курулуш компаниясынын мындан сырткары да көптөгөн социалдык  обектилери бар. Ошону менен катар эле алдыга койгон максаттары да арбын.

 
Categories

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Сталбек Акматов Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Таш-Төбө айлынын кулуну. Бала чагы дал ушул тоолуу аймактын арчаларын аралап, жаратылыштын кооздугуна арбалып өткөн. Ошол ажайып аалам болчокто бүткүл зергерлердин башын бириктире турган инсанга өзгөчө шык, эргүү тартуулаган.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Сталбек мырза кесиби боюнча юрист бирок, устачылыктын улуу жолун тандап алганына быйыл 31 жылдын жүзү толот. «Көрө-көрө көсөм болот, суйлөй-сүйлөй чечен болот»- демекчи, каарманым алгачкы иш жолун балуу металлдарды алып –сатуу менен баштаган. Бара-бара зер буюмдарды жасоого өткөн. Убагында нечен кырдан аша албай кыйналганын, а бирок ошол өкүнүч толгон сыноолор зергерди улам чыйралтып, ийгиликке жетүүсүнө чоң түрткү берген. Бүгүнкү күндө ал бир гана «Кыргыз зергер» жеке менчик ишканасын жетектебестен, бүткүл зергерлердин башын бириктирген уюм түзүп, КРдагы зергерлер жана ишкерлер союзун да жетектептеп келет. Бул эмгектери кезинде экономика министрлигинин ардак грамотасына жана медалына татыган.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Зергерчилик фарсы тилинен келип чыккан. Ал кыргыз тилине которгондо «зер»  алтын, «гер» керектөөчү дегенди түшүндүрөт. Мындайча айтканда алтынды керектөөчү. Бул кесип байыртадан келе жаткан улуу жолдордун бири. Тарых барактарына көз чаптыра турган болсок, зергерлер өз алдынча устаканада узануудан сырткары, хандардын, колунда бар бай манаптардын үйлөрүн да шөкөттөшкөнү жазылат. Зергерчиликтин негизги материалдары темир, алтын, күмүш, жез ж. б. металлдар болгон. Алар жашытуу, эритүү, сыя төгүү,  чапкылоо,  тордоо, тогуз тоболоо, кертүү, согуу, эшүү жана башка ыкмалар менен устачылык кылышкан.  Зергерчилик өтө майда жумуш болгондуктан адамды сабырдуулукка, чыдамкайлыкка, токтоолукка, ошол эле учурда ой чабытын өстүрүүгө жардам берет. Зергерлер жөн гана устачылык кылышпастан бир эле учурда сурөтчү да болуусу шарт.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Дал ушундай адамдагы улуу сапаттарга ээ усталар иштеген «Кыргыз зергер»  ишканасында улуттун маданиятын чагылдырган оюу-чийимдерден тарта, этно жана  заманбап стилдеги буюм- тайымдар жасалат. ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Зер буюмдарды жасоодо усталар алгач китептерден керектүү делген буюмдун үлгүсүн тандап алышат. Андан соң гана аны жасоого киришишет. Тандалып алдынган үлгү кадимки эле компьютердин жардамы аркылуу кагаз бетине көчүрүлүп алынат. Эгерде кардарлар китептен сырткары буйрутма бере турган болсо,  зерегерлер коюлган талапты эске алуу менен сүрөт тартууга киришишет.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Үлгүнүн негизинде керектелүүчү күмүш тандалып алынат да, аны эритүү аракеттери көрүлө баштайт.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Эритилген күмүш атайын калыпка куюлат да, кайрадан аппараттын жардамы менен  жалпак формага келтирилет. Андан соң күмүштун бетине жогоруда чыгарып алган даяр үлгүнү желимдин жардамы аркылуу жармаштыруу кажет. Уста ошол үлгүнүн негизинде керектүү делген бөлүгүн кесип алат.  Кесүү үчүн атайын металл кесүүсү ара колдонулат.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Кийин чекесине керектүү делген кооздуктар шөкөөтүлөлүп ширетилет да сыртын тазалап өгөлөө процесстери башталат. Соңунда гана кайнак сууда тазалоо аракеттери көрүлөт.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Дал ушундай мээнетти талап кылган ажайып көркөм буюмдардын организмге тийгизген тааасири да жогору. Сиздер билесиздерби, ар бир кишинин организминде 10 микрограммга жакын алтын болот. Анын жарымы сөөктөрдүн курамына туура келип, алардын ийкемдүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет. А бирок, организмдин күнүнө канча көлөмдө алтын керектээрин окумуштуулар ушул күнгө чейин иликтей албай келишет. Дарыгерлер алтын адамды  депрессиядан чыгарып,  стресстин алдын алат деп келишет. Ал эми  күмүш болсо организмде мээнин, сөөк ткандарынын, кандын курамы үчүн маанилүү элемент дешет. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча адам бир суткалык рационунда 88 мг күмүш ионун кабыл алышы шарт. Ал үчүн жогоруда айтылган металлдардан жасалган буюмдарды тагынуу сунушталып келет.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

Өлкө ичинде Сталбек Акматов өңдүү өз арабасын өзү тартып, өлкө экономикасын өргө карай сүйрөгөндөр арбын. А бирок айрым ишкерлер  зергерлерге салынган кошумча нарк салыгын жогорулугунан улам, көмүскөдө иш алып барууга мажбур. Анан да мамлекет алтын, күмүшкө бай болгону менен аны зергерлер сатып алып иштете алышпайт. Тагыраагы мыйзам жол бербейт дешет. Усталар көбүн эсе иштелип чыккан же жарым жартылай жасалган  алтын күмүштү Туркия, Россия өңдүү мамлекеттерден импорттого мажбур.  Мындан улам Кыргызстанда зергерчиликте 600дөй компания иш алып бара турган болсо  алардын 50дөйү гана зер буюмдарын иштеп чыгат калган 550сү алып-сатуу менен гана алектенет.

Дал ушундай катаал шартка карабастан иш алып барып келе жаткан каарманымдын кол алдында бир нече адамдар нан таап иштеп келет. Андан сырткары үйрөнүүнү каалган жарандар үчүн да ишкананын эшиги ачык.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЗЕРГЕРЧИЛЕР КӨМҮСКӨДӨ ИШ АЛЫП БАРУУДА?

 
Categories

6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ…

Нью Тв каналынын «Азыркынын азаматтары» автордук берүүсү бул жолу коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып келген кадимки тамеки сыңар кыста дарысы туурасында кеп кылат. Ал дарыны иштеп чыгарган каарманыбыз Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын кызы. А турмушка түндүк менен түштүктүн башын бириктирип, кереметтүү Нарын жергесине чыккан. Кесиби туризм менеджменти жана экономист. А бирок адистиги борюнча эмгектенген эмес. Бир гана ишкерликтин үстүндө алектенип келет.

 6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...

«Пилди саткандан көрө, сатып алган жеңилирээк», деп окумуштуулар айтмакчы,  Луиза Алыбаевнын ары татаал, ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү ишкерликке баш багышы чоң эрдик. Өзгөчө өлкө рыногунда жок  буюмдун пайдубалын түптөп,  аны чоң атаандаштыкка алып чыгуусу. Калкка, айрыкча мусулман элине жат көрүнүш болгон тамеки сыңар дары-дармекти иштеп чыгаруу ар кыл ойлорду  жаратпай койбойт. А мындан улам  бул продукциясынын тарых-таржымалына да токтолуп көрүүнү эп көрдүк.6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...

Продукция «Кыст аль-хинди люкс» деп, аталат. Аты айтып тургандай эле дары “Кыст аль хинди” деп аталган дарактын майдаланган тамырынан жасалат. Дарак бийиктиги 2 метрге чейин жетип, ак гүл ачат жана гүлдү кармап турган өзөкчөсү кызыл түстө болот. Көбүн эс бул өсүмдүк Индиянын батыш тарабында, Гималай тоосунда, Түштүк жана Латын Америкада, Африка, Азиянын Түштүк-Чыгыш тарабында өсөт. Ал эми Кыргызстанга ишкерлер атайын буйрутма менен алдырышат. Дал ошол алдырылган тамыр ун сыяктуу майдаланат да андан көрүнүшү тамеки сыңар дары жасалат. Анын химиялык курамы өз ичине 140 ингридиентти камытыйт да, курамы  май, лимоноид, протеин, хилинин, бензоат кислотасы, кальций, темир, тиамин, фосфор, С,Е витаминдеринен жана минералдардан турат. Дары кадимки сасык тумоого, гайморитке, суук тийүүгө,  плеврит,  мите курттар, кургак учукка, тукумсуздукка, ала оорусуна,  склероз, нерв ооруларына, өпкөнүн жабыркашына жана башка жүздөгөн ооруларга миңдин бири.

6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...

Бул дары чөп туурасында Аллахтын элчиси Мухаммед (САВ) пайгамбардын айткандары бар.

  1. Бул индиялык тамырды колдонуңуз, анткени ал жети ооруну айыктырат, алардын ичинен өпкөнүн жабыркоосун.
  2. Сиздер дарылангандардын жакшыраагы- хиджама жана Кыст аль Бахри.
  3. Тамагы сезгенип калган балдарыңызды манжаларыңыз менен басып кыйнабаңыз, ага кыста бадалын колдонуңуз.
  4. Баласынын тамагы сезгенген же башы ооруп жаткан аялдар, Кыс-Аль Киндин бир сабагын суу менен аралаштырып анан ичиришсин.6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ... «Акматов» жеке менчик ишкасында мындан сырткары Х200 деп аталган капсулалар да бар. Каарманым бул дарылар да табигый нерселерден жасалып жаткандыгын айтуу менен организмге пайдасы чоң деп ишендирет. 6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...                                                                                                           А булар атайын дары шамдар. Аялдардын да эркектердин да жыныстык ооруларына табылгыс дарылардын бири. Өзгөчөлугү өз ичине табигый бактерияларга каршы  иммуно-чыңдоочу чөптөрдүн компоненттерин, ошондой эле кист аль-хинди тамырын камтып, организмге жакшы таасир этет. Адамдагы геморрой, гинекологиялык ооруларга ар кыл бездерге кеңири колдонууга болот.                                                                                                                                                                                      6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...Аталган ишканада иштелип чыккан баардык дары- дармектердин сертификаттары, тиешелүү документтери бар. Анын ичинде “халал” сертификаты. Ал эми дарылардын баалары да карапайым калктын капчыгына ылайыкталып, борбордогу мусулман дүкөндөрүнүн бири болгон “Каусардын” текчелеринде орун алган.Ийгиликке жетишкен бир адам болсо, аракасында ага түрткү болгон миң адам болот эмеспи. Ал эми Луиза Алыбаеванын Ата-мекендик продукцияны ойлоп таап, аны ишке ашырууда өмүрлүк жолдошу Руслан Алыбаевдин, ата-эне , курбуларынын салымы чоң. Айта кетчү жагдай өмүрлүк жолдошу Руслан Алыбаев да  Кыргызстанда эң алгачкылардан болуп, майып инсандар иштеп чыгарган буюм-тайымдарды сатууга ылайыкталган   дүкөндү ачкан ишкер.6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...Адам жакшы келечек куруу үмүтү менен, учурдун жакшы мүнөттөрүн коротот эмеспи. Жаш ишкер айым Лиуза Алыбаева да учурда бүтүндөй дүйнө жүзүн кооптондуруп ойго салган, “Ковид 19” илдетинен тарта бир нече ооруларды жок кылуу үчүн жан үрөп иштеп жаткан маалы. А балким ааламда сестенкен дарттардын дабасын жараткан алдында себепчи болуп, иштеп чыгараар балким дал ушул кыргыз кызыдыр! 6 КҮНДӨ ТАМЕКИНИ ТАШТАЙСЫЗ...
  5. https://www.youtube.com/watch?v=flyFXn8cdJc
 
Categories

КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

Дүйнө жүзү боюнча коёндордун жалпы 10 уруусу, 50дөй түрү бар. Баардыгынын алдыңкы буту кыскараак келип, арткылары узун, секирүүгө жана чуркоого ылайыкташкан. Куйругу кыска жана кулактары узун, жүнү жумшак коюу келет эмеспи. Коёндор адатта токой- талааларды мекендешет. Алардын көбүн эсе  КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүнөн, Борбордук Азия, коңшулаш Казакстан, Кыргызстан  жана Байкалдын чыгыш жагындагы чөлдүү, жарым чөлдүү жерлерден көп кездештирүүгө болот. Ал эми бакма коендордун породалары кадимки эле жапайы коёндордон келип чыккан. Бүгүн дал ушул бакма коёндор менен жакындан таанышмакчыбыз.КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

Алёна Колесникова жана анын үй бүлөсүнүн бакма коёндор менен алектенип келе жаткандыгына быйыл толук беш жылдын жүзү болот. Айтымындарында эң алгач коёндорду кызыгуу иретинде эле бир-эки баш кармап көрүшкөн. Кийинчерээк улам көбөйтүп олтурушуп учурда алардын жалпы саны 100гө чукулдаган. Коёндор 6 түрлүү порода. Көбү эт багытындагылар. Мына бул сиздер көруп жаткан коёндордун салмагы 10-12 кг кем эмес. Декоративдик багытагылары, терилери кулпурган түрлөрү, ошондой эле беш жыл мурда эң алгачкылардан болуп сатылып алынган коёндорда бар.КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

 

Негизинен коёндор  8-9 айында жетилет да, 7-10 жылга чейин жашашат. Бөжөктөрү туулгандан1-2 айына чейин энеси менен бирге болот андан соң бат эле тыңып өз алдынча өмүр сүрүүгө өтөт. Адатта бир тууган бөжөктөрдү бир эле торго кармашат. А бирок кийинчерээк ар бирин өз алдынча бөлбөсө бири-бирине каршылык көрсөтүп, алсыздарын тиштегилеп коюусу да мүмкүн. КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

Мындан сырткары бул жайда кооздук учун кармалган коёндор да бар. Адатта алар башкалардан назигирээк келип, жасалма жарыктандыруу, жылуулук талап кылынат. Салмагы да башка коёндордон кичирээк болот.

КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

Жапайы коёндор  көк чөп, ар кыл  тамырларды жей турган болсо, бакма коёндор жем, чөптөн сырткары, сабиз, капуста, кызылча, картошка, дарбыз, коондун да кабыктарын жешет. А бирок жашылча-жемиштерди ченеми менен бербесе тамак сиңирүү органдарынын иштөөсү начарлап кетет. Ошондой эле таза, кышкысын жылуу суунун болуп туруусу талапка ылайык. Суу жаш бөжөктөрдүн өсүшүн тездедет. Ал эми жаңы төрөлгөн коёнго жетиштүү өлчөмдө суу берилбей калса, бөжөктөрүн жеп коюу коркунучу да бар. А бирок баары маалында аткарылса эч кандай ыңгайсыздыктар жаралбайт. Ал эми толук маалыматты төмөндөгү ссылкага баш багуу менен көрө аласыздар.

КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДАКЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА