Categories

ҮШҮДҮҢҮЗБҮ? ЭРТЕҢДЕН ТАРТА БИШКЕКТЕ ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛИП БАШТАЙТ

5-октябрдан тарта ордо калаада жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов «NewTV» телеканалына билдирди.

Айтымында, жылуулук алгач мектеп, бала бакча, оорукана жана социалдык мекемелерге, андан соң батирлерге берилет. Объекттерге жылуулук берүү бир канча күнгө созулат.

Белгилей кетсек, былтыр жылытуу сезону 15-октябрда башталган.

 
Categories

БИШКЕКТЕ ЖОЛ КИРЕ 1-НОЯБРДАН ТАРТА КЫМБАТТАЙТ

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүн, 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттады. Ага ылайык, троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы – 11 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы – 15 сом болот. Жол кире 1-ноябрдан тартып кымбаттайт.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары “Шыдыр жол” ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарган. Булардан тышкары 800дөй кичи автобустар эл ташууда.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Ушул тапта муниципалдык автобус-троллейбустарда жүрүү акысы – 8 сом, ал эми маршруттук таксилерде жана менчик автобустарда жол кире – 10 сом. Пенсионерлер саат 9:00-17:00 аралыгында 5 сомдон төлөшөт.

 
Categories

БИШКЕКТИН БОРБОРДУК КӨЧӨЛӨРҮ ЖАБЫЛАТ

Бүгүн, 7-сентябрда футболго байланыштуу ордо калаада бир нече көчө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн ордо калаада футбол боюнча “Үч улуттун кубогу” жолдоштук мелдешинин кезектеги оюну өтөт. Буга байланыштуу саат 17:00дөн 23:00гө чейин эки көчөнүн кесилиши жабык болот.

Алар: Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү Панфилов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин. Кайгуул кызматы айдоочуларды чектөөнү түшүнүү менен кабыл алып, маршрутту алдын ала пландоого чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладеш менен беттешмекчи. Буга чейин улуттук команда Палестинаны 1:0 эсебинде уткан.

 
Categories

АЗАМАТ САГЫНДЫК УУЛУ БИШКЕКТИН ВИЦЕ-МЭРЛИГИНЕН БОШОТУЛДУ

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындыу уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай маалыматты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы таратты.

Тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Эскерте кетсек, Азамат Сагындык уулу жер маселеси, шаар куруу жана архитектура жагын жетектеп келген.

 
Categories

ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ АКИМ БОЛДУ

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, мэр Айбек Жунушалиевдин буйругу менен аталган райондун акими Максат Нусувалиев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна буга чейин вице-мэр болуп иштеп жаткан Жамалбек Ырсалиев дайындалган.

Ырсалиев 2020-жылдын октябрь айынан бери тиричилик-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп иштеп келе жаткан.

 
Categories

БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ ӨЧҮРҮЛДҮ

Бүгүн, 17-майдан тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, ысык суу 17-июнга чейин токтотулду. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.

Белгилей кетсек, өчүрүү жыл сайын жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө иштерине жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумдарын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

 
Categories

«МААРИФ»: МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА АЧЫЛАТ

Түркиянын “Маариф” фонду жаңы окуу жылында Бишкекте аянты 11 миң чарчы метрди түзгөн мектептин кампусун ачат. Анда 61 класс тийиштүү жабдуулар менен камсыздалат.

Бул тууралуу 10-майда Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев “Маариф” фондунун жетекчилиги менен жолугушканда белгилүү болду. Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, фонддун мектептеринде сабактар кыргыз, түрк, орус тилдеринде жүргүзүлүп, англис тили үйрөтүлөт.

Андан тышкары, химия, физика жана биологияны, гуманитардык илимдерди, жаңы технологияларды жана маданиятты окуп-үйрөнүүгө багыт берилет.

 
Categories

БИШКЕККЕ ГАЗ МЕНЕН ЖҮРҮҮЧҮ 350 АВТОБУС АЛЫП КЕЛИНЕТ

Бишкекке Өзбекстандан газ менен жүрүүчү 350 даана автобус алып келинет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Меморандумга ылайык, “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясы Бишкекке Өзбекстандын өндүрүшүндөгү жапон ISUZU брендинин 350 газ менен жүрүүчү экологиялык автобустарын жеткирүү милдеттенет”, – деп жазылат билдирүүдө.

Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттамдарына 2021-жылдын 1-июлуна чейин жеткирилет.

2022-2023-жылдар аралыгында “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясы газ менен жүрүүчү автобустардын санын миң даанага жеткирүүнү пландаштырууда. Анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган 9, 10, 12 метрлик автобустар бар.

 

 
Categories

МОЗГАЧЕВА КАЙРАДАН ВИЦЕ-МЭР БОЛДУ

Айжан Чыныбаева Бишкектин вице-мэрлик кызматынан бошотулуп, ордуна Виктория Мозгачева дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Кадрлар боюнча бул буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.

Эске салсак, былтыркы жылдын июль айынын аягында Виктория Мозгачева вице-мэр болуп дайындалып, бирок 27-октябрда ал кезде мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев иштен алган. 29-октябрда Мозгачеванын ордуна Айжан Чыныбаева келип, аталган кызматта жарым жылга чукул иштеди.

4-майда Чыныбаева Facebook тармагындагы баракчасына вице-мэрликтен кетип жаткандыгын жазган. Ал Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергеновдун иш ыкмасы менен макул эместигин билдирип, “мамилеси келишпей калгандыгын” жазган.

 
Categories

МОТО КАЙГУУЛ ИШКЕ КИРДИ

Мындан ары Бишкек шаарынын аймагында мото кайгуулдар да кайгуулга чыгат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, калаа аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо учурунда жөө кайгуул жана авто кайгуул болуп бөлүнүп, бөлүнгөн аймактарда кайгуул кылса мындан ары шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында мото кайгуул ишке кирди.

Алар авто кайгуул кирбеген сейил бактарга, шаардыктар эс алуучу жайларга чейин кирип коопсуздук үчүн болгон чараларды көрүшөт. Ошондой эле ар кандай кырдаалга жараша кылмышка шектүү жарандар кабат үйлөрдүн ичине кире качкан учурларда аларды артынан кууп, кылмыштын изи сууй электе бетин ачканга да жардамы тиет.

Мото кайгуулда жөө кайгуул жана авто кайгуул сыяктуу эле бардык мүмкүнчүлүктөр берилет. Демек, жол эрежесин бузган унааны токтото алат жана тийиштүү протоколдорду түзө алат. Ошондой эле мото кайгуулда электрондук планшет, рация мигалка сыяктуу бардык атайын техникалык каражаттар орнотулган.