Categories

«7-апрель шейиттери» мечитинде 40 балага сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарындагы «7-апрель шейиттери» мечитинде июнь—июль-август айларында күн сайын Куран окуу боюнча сабак алган 40 бала толугу менен окуу курсун аяктап, сертификаттарга ээ болушту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мечиттин имамынын орун басары Таштемир ажы Эшматов  айтымында, бул жылы жакшы демилге болуп балдарга колдон келишинче сабактар өтүлгөн. Таштемир ажы Эшматов: “Балдар каникул учурунда такай билим алышып, аз да болсо диний сабаттуулугун жоюуга жетишти. Келечектеги жашоосунда аз да болсо пайдубал болуп берген болсо, биз максатыбызга жеткен болобуз. Бул жерде биздин мечиттеги Мураталы каары баштаган үч устаздын эмгеги зор экендигин баса белгилеп кетем. Эми мындан ары да ишемби, жекшемби күндөрү уланта беребиз»,-деди.

 
Categories

«Газпром Кыргызстан мектеби» ачылды

Анын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү. «Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан мектептин» жалпы билим берүүчү мектебинин ачылышында.

Президент Сооронбай Жээнбеков: »Россия менен бизди өзгөчө ишенимдүү мамилелер байланыштырып турат. Ал мамилелер тарыхый, салт болуп калган достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген. Россия биздин жакын досубуз, ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Россия менен болгон байланыштарыбызды жогору баалайбыз», — деди.

Ал бүгүн ачылып жаткан мектеп билим берүү жаатындагы алгачкы биргелешкен кыргыз-россиялык чоң долбоор экенин кошумчалады жана өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу билим берүү мекемелери көбөйө берет деген үмүтүн билдирди. Санариптештирүү доорунда ушул сыяктуу инновациялык мектептердин санын көбөйтүү зарыл экенин белгиледи.

Өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков «Газпромдун» биздин өлкөнүн экономикасына салган инвестициялык салымдардын көлөмү 35 миллиард сом болгонун эске салды.

Эске салсак, «Газпром Кыргызстан мектеби» жалпы билим берүүчү мектеби «Газпром — балдарга» долбоорунун алкагында курулуп, 960 окуучулук орунга эсептелген. Мектеп эң жаңы жабдуулар менен жабдылган жана окуу, административдик, ашканасы бар чарбалык имарат-жайларды, актылар залын, спорттук залды жана бассейндерди камтыйт.

 
Categories

“Ихлас” эл аралык мектеби ачылды. Томолой жетимдер бекер окуйт (сүрөт)

Бүгүн, 2-сентябрда “Ихлас” эл аралык мектеби ачылып, окуу жылын баштады. Аталган билим уясы эл аралык стандарттардын негизинде иш алып барат. Окутууда “Кембридж” системасы менен бирге Кыргызстандын билим берүү ыкмалары колдонулат.

Жалпысынан мектеп 90 окуучуга  ылайыкталып, быйылкы жаңы окуу жылына 1-6 класска чейинки окуучулар кабыл алынган. Сабактардын 95%ы англис тилинде өтүп, чет өлкөлөрдөн  мугалимдер жумушка чакырылган. Тарбиялануучулардын 40 пайызы өлкөнүн булуң-бурчунан келген томолой жетим балдар. Алардын окуу акысын Ихлас курулуш компаниясы төлөйт.

Эскерте кетчү жагдай, эл аралык мектептин жылдык акысы 5000 долларды түзөт. Негизги предметтерден тышкары балдарга ыйман, адеп-ахлак жаатында да тарбиялык сабактар өткөрүлөт. Окуу процесси беш күндүк тартипте болуп, балдар мектепте жатып окушат.

"Ихлас" эл аралык мектеби ачылды. Томолой жетимдер бекер окуйт (сүрөт) "Ихлас" эл аралык мектеби ачылды. Томолой жетимдер бекер окуйт (сүрөт)"Ихлас" эл аралык мектеби ачылды. Томолой жетимдер бекер окуйт (сүрөт) "Ихлас" эл аралык мектеби ачылды. Томолой жетимдер бекер окуйт (сүрөт) "Ихлас" эл аралык мектеби ачылды. Томолой жетимдер бекер окуйт (сүрөт) "Ихлас" эл аралык мектеби ачылды. Томолой жетимдер бекер окуйт (сүрөт) "Ихлас" эл аралык мектеби ачылды. Томолой жетимдер бекер окуйт (сүрөт) "Ихлас" эл аралык мектеби ачылды. Томолой жетимдер бекер окуйт (сүрөт)

 

 

 

 

 

 

 

 
Categories

Быйыл мектепке барчу окуучулар 1 миллион 300 миңге чамалайт

Өлкөбүздө быйыл мектепке барчу окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңге чамалайт. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Ал эми156 миңден ашык бала 1-класска барышат.

Бүгүн республиканын баардык мектептеринде салтанаттуу чогулуштар өтүп, эртең 3-сентябрда сабактар башталат.

 
Categories

Коррупциядан түшкөн акчага мектеп, бала бакча курулат

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепте жана Бишкек шаарындагы № 12 мектеп-гимназиясында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарынын эсебинен жаңы корпустар курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-августта мектептерге жаңы корпустарды курууга капсула салып жатып  билдирди.

“Ички миграциядан улам Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын орто мектептеринде окуучулардын саны көп болуп, мектептерге балдар батпай, чоң көйгөй бар экени маалым. Коррупция менен күрөштөн Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акча мектептерди жана аларга кошумча окуу корпустарын курууга жумшайлы деп чечкенбиз”, – деди  өлкө  башчысы.

Иш-чараларга жергиликтүү тургундар, мугалимдер, куруучулар катышты.

Сокулук районунун Орок айылында Мамлекет башчысы айыл жашоочулары жана мугалимдер менен баарлашты.

Президент дагы бир жолу коррупцияны түп орду менен жок кылуу мамлекеттин негизги максаты экенин белгиледи.

Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында түшкөн каражаттар үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган.

 
Categories

Жайлоо өнүгүү борборунда балдардын өз колунан жасалган буюмдарынын көргөзмөсү болду

Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Башарин жайлоосундагы «Заря» жайлоо өнүгүү борборунда «Баланын креативдүү сапаттарын өнүктүрүү» темасында семинар болуп өттү. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Заря корпоративи балдарга таттууларды таратып көңүлдөрүн көтөрүшсө, жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ЖӨБ каржы жагынан жардам беришти. Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун кызматкерлери эстафета оюндарын ойнотушуп, шурудан билээрик жасоо боюнча мастер класстарды көрсөтүштү.

Ысык-Көл облусу боюнча ЖӨБ координатору Эльмира Узакова: «Балдардын өз колунан жасалган буюмдарынын көргөзмөсү болду. Көргөзмөгө тобурчактан жасалган парда, жаныбарлар жана таштан боелгон доминолорду коюшту. Ошондой эле жайлоо өнүгүү борборунун тарбиялануучуларынан чакан концертке дагы күбөө болдук, жети жаштагы Нурэл “Кыялымда булуттар” темасындагы өз ой чабыты менен жаралган чыгармасын айтып берип, бизди таң калдырды», дейт.

ЖӨБ жетекчиси Г.Абыкеева балдарга кеңсе буюмдарын жаңы окуу жылына карата белек кылды.

 
Categories

Кыргызстанда МГУнун филиалы ачылат

Кыргызстанда 2020-жылы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Гүлмира Кудайбердиева МГУнун ректору Виктор Садовничий менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жол картасын талкуулоого Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов да катышты.

“Кыргызстан менен Россиянын мамлекет башчылары 2020-жылды кыргыз-орус кызматташтыгынын жылы деп жарыялады. КРдин Билим берүү жана илим министрлиги бул маселени өкмөттөр аралык жолугушуулардын күн тартибине киргизүү боюнча аракеттерди баштады”, — деди Кудайбердиева.

Жол картасын талкуулоо учурунда филиалды ачуу 2020-жылга пландалганы айтылат.

 
Categories

ЖОЖдорго кабыл алуунун үчүнчү туру башталды

Side view of a group of young students writing notes in the classroom

Бүгүн, 22-июлда Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-турдун жыйынтыгында бош гранттык орундар калгандыктан жана ЖОЖго тапшыруучулардын арызынан улам Билим берүү жана илим министрлиги 3-турду өткөрүүгө уруксат берген.

Белгилүү болгондой, окуу жайга өтүү үчүн талон салуу 24-июль саат 14:00дө аяктайт. 25-июль саат 10:00дө кабыл алынгандардын тизмеси ар бир окуу жайдын алдына илинет. Ошондой эле, 27-июлга чейин тапшыруучулардын окуур-окубасы такталат.

 
Categories

Калыгул Жунушбеков:”Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат“

“Жети элдин тилин бил, жети түрдүү билим бил” – деген сөздүн тамыры тереңде жатат. Дал ошондой жети түрдүү билим алуу үчүн чет жакта окуп жүргөн жаштарыбыздын саны арбын. Алардын бири Калыгул Жунушбеков. Ал билим кербенин улап Европа өлкөлөрүндө жүрөт. Чет жактагы жашоосу, окуусу, максаттары жөнүндө маек курдук. 

Кереметтүү Ысык-Көлдөн Европага болгон билим сапары…

Калыгул Жунушбеков:”Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат“

Атым Калыгул, өзүм кыргыздын бермети аталган ЫсыкКөл районуна караштуу, Темир айылынан болом. 6-класска чейин окуумду айылдагы орто мектептен окуп, кийин Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Сапат лицейин бүтүргөм. Мен алгач мектепти аяктаганга чейин эле чет мамлекетте окуу кыялым болчу, ошентип ал максатым мектепти бүтөр жылы ишке ашты. Бакалаврга Румынияга тапшырып, үстүбүздөгү жылы ийгиликтүү аяктадым. Андан кийин Германияга магистратуралык даражаны окуганы келип, учурда окуп жаткан чагым.

Калыгул Жунушбеков:”Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат“

Европанын мамлекеттери кооз,бири биринен өтөт. Бирок ошолордун ичинен Румыния менен Германия мен үчүн өзгөчөрөөк. Румынияда бакалаврды окуп жатканда, Германияга 6 ай окуп келүүгө жолдомо утуп алгам. Мурда 7 айдан ашык жашап кеткем, учурда да бул жактамын. Аталган өлкө технологиянын, индустриянын мамлекети болгон үчүн, тышка абдан чоң көлөмдө өндүрүм  экспорттойт. Өндүрүм компаниялары көп болгон үчүн, жумушчу орундары да бар. Эгерде немис тилин жакшы деңгээлде билсең, бул жакка келип иштөөгө, окуунун жолдору арбын. Башка мамлекеттен келген, өз кесибин жакшы билген адистерге  жашоого жеңилдетилген шарттар түзүлгөн. Себеби Германия мамлекети ар тармактуу кесиптин ээси болгон адамдарга муктаж.

Мекенден алыста жашоо, сагыныч, кусалык…

Калыгул Жунушбеков:”Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат“

Кыргызстандан тышка чыкканыма буйруса 4 жылга жакындап калды. Эн сагынганым бул ата-энем. Аларды кантип ыраазы кыла алам,кантип үмүтүн  актай алам,деп көп ойлоном.  Төөнүн өркөчүндөй, бири-бирине уланган ак мөңгүлүү тоолорду, кереметтүү көлүмдү сагындым. Тамак-ашын да албетте сагынбай койбойсун. Бул жакта биздикиндей аш-той деген түшүнүк жок.

 Немистер өздөрүн  абдан тартипке салышкан,бардыгы мыйзам  түрүндө. План менен жашаганды үйрөнүп, убакытты аябай барктайсын. Университеттеринен кадимкидей академиялык чөйрөнү байкайсың. Студенттеринин арасынан окууга болгон атандашуу да аябай күч, бул нерсе мага жактыЭртең менен китепканаларына барсаң, ачыла электе эле студенттердин катарга туруп калганын көрөсүң. Сабактарда да немис студенттеринин күчтүүлүгүн байкайсың, себеби көп нерсени мектеп курагында эле өздөштүрүп коюшкан. Алар бир окуса, биз аларга жетиш үчүн алардан да көп окууга туура келет. Бул көйгөйдү чет мамлекетте окуган жаштар сезсе керек. Мындай көрсөткүчтөр аркылуу мамлекетибиздин билим берүү системасын айгинелей алсак болот.

Эң көп берилген суроолордун бири Мамлекетибизге кайтып келесизби” – деген. “Ат айланып казыгын табат”- дегендей, убагы келгенде кайтып барамын. Чет өлкөнүн теориясын окуп, ишин үйрөнүп анан барайын деп буюрса пландап жатам.

Эң алгачкы эстен кеткис элестер…

Калыгул Жунушбеков:”Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат“

Бир жолу  Франкфурттан өзүм жашаган шаарга билет алып, башка шаарларды айланып өтүүчү туура эмес поездге отуруп алыпмын. Чынында эки поезд тең мен жашаган жерге барат, бирок башка багыттар менен. Мен туура эмес багытты алганымды поездден билетимди текшергенде гана билдим. Абалымды түшүндүрсөм ” Мен болгону ишимди аткарып жатам. Аны темир жол (Deutsche Bahn) комиссариятына чалып же онлайн түрүндө жазышып көр”- деп 60 евро же 4800 сом өлчөмүндөгү  жаза төлөө керектигимди айтып кетти. Онлайн  түрүндө  жазышып, абалымды  түшүндүрүп  берсем “Сиз бактылуу адам экенсиз! Темир жол комиссиясы 60 евро жаза төлөөңүздү жокко чыгарды, күнүңүз жакшы маанайда өтсүн”–деп жооп беришти. “Ой- тобоо–деп таң калып отуруп калдым.

Чет жерде бир туугандай болгон мекендештер…

Калыгул Жунушбеков:”Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат“

Азыркы тапта Германияда Кыргызстандын каттоосунан 4860 жаран өткөн. Ал эми немистердин статистикасы боюнча 8575 адам жашап, эмгектенип келет. Элчилик  футбол, концерт жана башка ишчараларды уюштуруп турат. Ошондой эле ар кайсы региондордо уюмдарыбыз бар. Жакында эле 27-октябрда Kyrgyz club Germany уюмунун Франкфурт шаарындагы майрамдык кечесине барып келдим. Германиянын ар кайсыл тарабынан, жана башка Европа өлкөрүнөн 130дай кыргызстандык топтолдук. Патриоттук сезимдерди ойготкон  “Көк  Бөрү” тасмасын да көрдүк. Мындай кечелер башка шаарларда да болуп турат. 

 Тил билсең кор болбойсуң…

Калыгул Жунушбеков:”Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат“

 

Менин окуум негизи англис тилинде, бул тилди эң жакшы билеминАл эми немис тилин керектүү даражада, буйруса дагы өнүктүрүүнүн аракетиндемин. Бир тилди баарлашуу аркылуу абдан жакшы  үйрөнөсүң. Практика кылуу үчүн да башында эрежелерди, бир канча сөз да билишиң керек, анан ошол тилде сүйлөгөн дос күтүп, сүйлөшүүнү сунуштайт элем. Биз уялчаак калк келебиз, бирок билим алууда уялбаш керек. Көп ката кетирсек да тартынбай сүйлөп алдыга карай умтулуу зарыл.

Калыгул Жунушбеков:”Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат“

Бул жактын билим  берүүсүнө дагы деле суктанып бүтө албайм. Ошол эле учурда ичим да аябай ачышат. Мамлекетибиз экономикалык жактан артта калса мейли, бирок билим жактан да аябай артта болгонубуз абдан өкүндүрөт. Европада билим берүү тармагы эң жогорку деңгээлде. Ар бир окуучу, студентке мамлекет  жетишээрлик  кам көрөт.  Эгерде ата – энеси баласынын окуусун камсыздай албаса, жоопкерчиликти мамлекет өз мойнуна алат. Сен оку, шартты биз түзүп беребиз” – деген сөз  өлкөнүн девизиндей сезилет.

Ааламдашуу доорундабыз…

Калыгул Жунушбеков:”Билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат“

Азыр ааламдашуу доору. Бул нерсени башка мамлекеттер колдонуп жатат. Биз, ошону эч пайдалана албай келебиз. Ушул макаланы окуп жаткан окурмандарга, инилериме, карындаштарыма айта турчу эң биринчи насаатым – кесипти туура тандагыла, изденгиле. Кийинки 10- 20 жылдыкта  көптөгөн кесиптер жоголуп, жаңылары пайда болот. Силер ошол доорго ылайыктуу кесиптерди үйрөнгүлө. Азыр информациялык технологиянын заманы болуп жатат. Ким окуп билим алса– дүйнө демек ошонуку. Көбүнчөсү IT, программист, биотехнология, финансист жалпысынан технологияга багытталган кесиптерди тандасаңар болот. Англис тилинен эл – аралык TOEFL,IELTS, SAT жана немис тилинен TestDaf, DSH тесттери бар, ошолорго даярданып тапшыргыла. Аракет аркасында берекет бар. Мезгил бизди күтпөйт андыктан жетишип жашоо керек. Жаңыча  жашоону азыр баштагыла. Китепти көп окуган адам эч качан караңгыда калбайт.

Маектешкен: Гүлзада Абдырахманова 

 

 
Categories

Абитуриенттер үчүн сайт ачылды

Кыргызстанда абитуриенттер үчүн сайт ачылды. Сайтты Билим берүү жана илим министрлиги ачып, абитуриенттердин окуу жайды туура тандоосуна көмөктөшүү максатында ишке киргизди.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, www.university.edu.gov.kg онлайн-куралы «Ачык Өкмөт» долбоорунун алкагында «Жарандык катышуу» коомдук фондунун колдоосу менен түзүлгөн. Бул сайт Кыргыз Республикасында иштеген бардык ЖОЖдордун (мамлекеттик жана мамлекеттик эмес) тизмесин карап чыгууга жардам берет.

Ресурстан ЖОЖдор жөнүндө жалпы жана айрым статистикалык маалыматтар, факультет, бөлүмдөрү менен таанышууга болот. Ошондой эле, байланыш телефондорун алып, сайттын сервисин колдонуу менен түз байланышка чыга алат.

Өлкөдөгү жогорку окуу жайлар 2 пункт боюнча категорияларга бөлүнгөн: аймактар боюнча жана окутуу багыты, адистиги боюнча. Долбоор тарабынан берилген ЖОЖдор тууралуу бардык маалыматтар, анын ичинде медиа-файлдар (сүрөттөр жана видеолор) жана статистикалык маалыматтар ЖОЖдордун расмий өкүлдөрү тарабынан жарыяланган. Андан тышкары, долбоордо ЖОЖдордун жаңылыктары камтылган.

Эске сала кетсек, 8-июлда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталган.