Categories

Жашы 65тен өткөндөр мектеп директору боло албайт

Кыргызстанда эми 65 жаштан ашкан адамдар мектеп директору боло албайт. Мындай демилге кечээ, 26-декабрда Парламенттин пленардык жыйынында көтөрүлдү. Анда жаңы сунушталган мыйзамга ылайык билим берүү мекемелеринин жетекчилери 65 жашка чыкканда алар менен түзүлгөн келишим токтотулат. Кааласа алар жаш жетекчилерге насаатчы болуп иштей алат.

Азыркы учурда мамлекеттик жана муниципиалдык билим берүү уюмдарынын 55 жетекчиси 65 жаштын тегерегиндеги адамдар. Мыйзамдын максаты билим берүү мекемелерин жаш кадрларды алып келүү менен билим деңгээлин көтөрүү. Эл өкүлдөрү демилгени колдоого алып, 25-30 жыл бою директор болуп, мектепти менчигиндей ээлеп алган жетекчилерди сынга алды. 

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: Чоӊ максаттарга аракет кылгыла, ошондо гана ийгилик болот!

«Алдыңарга чоӊ максаттарды койгула. Аракет кылгыла. Ошондо гана ийгилик болот!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда республиканын бардык областтарынан келген балдар үчүн коюлган жаңы жылдык балаты майрамында. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы балдар менен бирге жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган «Сыйкырдуу түш» аттуу театрлаштырылган оюн-зоок программасын көрдү. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков каармандарынын бири менен тогуз-коргоол улуттук оюнун ойноду.

Сооронбай Жээнбеков: «Ар дайым ден-соолугуңар чың болуп, бир туугандарыңар, досторуңар, ата-энеңер менен бактылуу болгула. Бийик максаттарга жеткиле! Намысты бек туткан, мекенди сүйгөн жаштардан болгула. Бүгүн мен үчүн өзгөчө кубанычтуу күн!  Силердин Жаӊы Жылдык маанайыңарды көрүп, кубанычым койнума батпай турат.

Азыр эле силер менен чогуу жаңы жылдык жомокту көрүп, абдан ыраазы болдум. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган уламышты көрдүк. Мага абдан жакты.

Билесиңер, быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгиледик. Бир гана Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө белгиледи. Силер да улуу ойчул, даанышман, акылман Чыңгыз атаңардай болуп, өз элиңердин атагын ааламга жеткирген инсан болуп өскүлө” – деди.

Бүгүн залда окуунун мыктылары, олимпиадалардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү, ар кандай ийгиликтин ээси болгон балдар отурганын белгилеп, Мамлекет башчысы аларга ийгилик каалап, алар менен сыймыктанып жатканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков балдарга эӊ жакшы билим алып, жакшы жүрүм-турум менен, досторуна үлгү болуп, ата-энелери, жалпы өлкө сыймыктанган уул-кыздардан болушун тиледи.

Президенттин атынан өткөрүлгөн Жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында — окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.

 
Categories

Жасалма диплом менен иштеген мугалимдер кармалды

Казакстандын Чымкент  шаарында бир бир нече колледжинде жалган диплом менен иштеп жүргөн мугалимдер кармалды. Бул маалыматты казак басылмалары таратты.

“ Текшерүү учурунда студенттердин билим алууда бир нече уктуктары бузулгандыгы, санитардык нормалардын сакталбагандыгы айкын болду. Ошондой эле бир топ мугалимдердин жалган диплом менен иштеп жүргөндүгү такталды”,- деп,билдирген Чымкент шаардык башкы прокуратурасынын орун басары Батыр Эргешов.

Жалган дипломго байланыштуу 7 учур белгилүү болгон.

 
Categories

Окумуштуулар канча жаштан баштап чет тилин үйрөнүү керектигин аныктады?

Чет тилин он жашка чейин баштаган наристелер ошол тилде баарлашкан адамдардын деңгээлинде сүйлөө мүмкүнчүлүгү көп. Мындай тыянакка Массачусетс теxнологиялык университетинин профессорлору биргелешип келген.

 Окумуштуулар  ар кандай жаштагы ( эң кенжеси 10, эң улуусу 70 жаш, орточо жаш 20-30) 670 миң ар түрдүү улут өкүлдөрүнө арналган маалыматты жайылтуу үчүн компьютердик программа ойлоп табышкан.

Катышуучулар жашын жазып, англис тилин канча үйрөнүп жатканын жазып, грамматикалык тест тапшырган.

Жыйынтыгында чет тилинин грамматикасын бала кезде же болбосо өспүрүм куракта өздөштүрүү жеңил деген чечимге келишкен. Ал эми он сегиз жаштан кийин тилди үйрөнүү жөндөмү калыптанганы менен  жеткинчек курактагыдай натыйжалуу  үйрөнүү мүмкүнчүлүгү аз.

 
Categories

Сиам эгиздеринин бири Гита Резаханова 30 пара Куранды жаттап алган

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Ош шаарындагы Саида Хадича кыздар медресесинде окуп, Куран жаттаган Сиам эгиздеринин бири  Гита Резахановадан кабар алды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Гита Резаханова Саида Хадича кыздар медресесинде билим алуу менен биргеликте араб тилин дагы мыкты деңгээлде  өздөштүрүүдө. Муну менен катар ал китеп окуу боюнча бир нече конкурстарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Сиам эгиздеринин бири  Гитаны зыярат кылуу учурунда Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын атынан акчалай жардам жана китеп белек кылды.

Акимжан ажы Эргешов: “Ош облусундагы диний окуу жайлардагы кошумча кесиптик билим берүү долбоорунун ишке ашуусун көзөмөлдөө жана тажрыйба алмашуу учурунда атайын Гита айымды зыярат кылып, анын ал абалынан жана окуусунан кабар алдым. Гита айым абдан жакшы окуп жаткандыгына күбө болуп, өзүм аябай ыраазы болдум. Эң жетишкендиги 30 пара Куранды жаттап алыптыр. Гита айым кээде түгөйү Зитанын түшүнө кирип, Куран жаттагынына ыраазы болгондугун укканымда көзүмө жаш тегеренди”,-деди.

 
Categories

Депутат А.Нурбаев: “ 10-12 миң сом алган мугалимдерден билим сапатын талап кыла албайбыз”

Бүгүн Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйыны өтүп жатат. Анда “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата бюджети жана 2020-2021-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйынга премьер-министр М. Абылгазиев да катышууда. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутат Алтынбек Сулайманов ички карыздын көбөйүшү дагы коркунучтуу жагдай экендигин баса белгилеп, Өкмөт башчыга аны азайтуунун үстүндө иш алпарууну сунуш кылды.

Абдувахаб Нурбаев: “Келечекте билим берүү тармагын көтөрбөсөк, эч өнүкпөйбүз. 10-12 миң сом алган мугалимдерден балдардын билим сапатын талап кыла албайбыз”- дейт. Эл өкүлү Чүй районундагы акча чогултуу фактыларын токтолуп, райондук билим берүү, шаардык билим берүү бөлүмдөрүн жоюу керек деген ою менен бөлүштү. Ошондой эле А.Нурбаев мугалимдердин ой-пикирлерин укпай туруп, ар кандай уюшуп алган топтор окуу китептерин чыгарып жаткандыгына дагы көңүл буруу керектигин айтты.

Премьер-министр М.Абылгазиев:  “2019-жылы мугалимдердин айлыгын сөзсүз көтөрүүбүз керек. Муну мамлекет өз мойнуна алышы зарыл. Акча чогултуу дегенди токтотуп, 2019-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрүүнүн үстүндө иш алпарабыз”,- дейт.

 
Categories

С. Жээнбеков: Биздин милдетибиз — өлкөнүн илимий дараметин сактоо жана өнүктүрүү

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн окумуштууларын жана илим кызматкерлерин кесиптик майрамы  — Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Урматтуу окумуштуулар жана илим кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктайм!

Биздин милдетибиз — экономикалык жана коомдук өнүгүүнүн негизги шарты катары өлкөнүн илимий дараметин сактоо жана мындан ары карай өнүктүрүү.

Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү аркылуу гана биз эл аралык аренадагы атаандаштыкка туруштук бере алабыз.

Атамекендик илимий-инновациялык потенциал орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүгө багытталышы керек. Бул үчүн илимий чөйрөнү башкаруу системасын, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, илимий-изилдөө институттарынын эскирген системасын алмаштыруу, илим менен өндүрүш ортосундагы байланышты чыңдоо, илимди максаттуу каржылоонун натыйжалуу системасын түзүү, келечектүү жаш окумуштууларды колдоо аркылуу жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо сыяктуу маанилүү маселелерди чечүү милдети турат.

Улуу муундагы көрүнүктүү илимпоздордун мыкты тажрыйбасын улап, Кыргызстандын окумуштуулары мындан ары да өлкөнүн бакубатчылыгын арттыруу үчүн изденип, иштешет деп ишенем.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, илимий жаңы ачылыштарды, ийгиликтерди каалайм!»

 
Categories

Кытайга окууга барчу студенттерге жол ачылды

Кытайга окууга кетчү Кыргызстандык студенттердин ишине ТИМ аралашпаса бүтпөчүдөй болуп калды.  Өткөн жылы да ушундай эле окуя кайталанганы маалым. Быйыл окуусу 30 – октябрда баштала турган Кыргызстандык студенттер Кытай элчилигинин эшигин тешип, бүтмөй болушту. Бирок, андан жыйынтык чыга турчудай эмес.

Эми ТИМ Кытай элчилигине студенттерге визаны тездетүү боюнча нота жибергендиги маалымдалууда. Андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин көйгөй бир тарапка оогондой болду. Эми   Тышкы иштер министрлиги Кытайга барчу студенттердин тизмесин элчиликке жиберет.

Анын негизинде студенттерге виза бериле баштайт. Учурда 50 студент Кытайга виза алба албай келет.

 
Categories

Имамдарды Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окутуу иштери башталды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аталышындагы темада региондордогу дин кызматкерлерин Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окутушуп, алардын квалификацияларын жогорулатышууда. Окуу семинары ар бир облуста өткөрүлүп, ага өлкөдөгү бардык имамдар катышат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Окуу семинарынын алкагчы бөлүгү бүгүн, 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында башталып, имамдар  Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча өздөрүнүн билимдерин тереңдетишүүдө.

2018-жылдагы пландык иш чараларыбыздын негизинде аймактагы имамдарыбызды Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окута баштадык. Окутуу иштери бардык облуста уюштурулмакчы. Окуу семинары менен кошо эле КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмү тарабынан даярдалган «Жума хутбалары» аттуу китепти таратабыз,-деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

 
Categories

Окуучулардын күзгү эс алуу күндөрү белгиленди

Өлкө аймагындагы мектеп окуучулары 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин күзгү каникулга тарашат. Бул тууралуу кечээ, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. 

Ага ылайык, окуучулар жалпысынан сегиз күн эс алышат.