Categories

Орусиянын экология министрлиги курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигине 20 компьютер белек кылды.

Орусиянын жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин материалдык-техникалык абалын жакшыртуу үчүн жаңы үлгүдөгү 20 компьютер жана көп функционалдык заманбап 10 принтер белек кылды.

Компьютердик техниканы Кыргыз-Орус “Мурас” ителги борборунун өкүлдөрү тартуулашты. Берилген жардамдын жалпы суммасы 8 миң 50 америка долларын түзөт. Мамлекеттик агенттиктин директору Мирслав Аманкулов көрсөткөн жардамы үчүн Орусиянын жаратылыш жана экология министри Дмитрий Кобылкинге жана Кыргыз-Орус “Мурас” ителги борборунун өкүлдөрүнө терең ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да эки тараптуу жемишүү кызматташуу улана берерине ишеничин айтты.

 
Categories

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы-жылдык белектер тартууланды

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова борбор шаарга канатташ жайгашкан Сокулук районунун Жаңы-Жер айылына атайын барып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жаңы-жылы менен куттуктап келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө ар улуттун өкүлдөрүнөн турган 10 миңден ашуун калк ынтымак менен жашап-иштеп келишет. Тилекке каршы, бул айылда да тагдырдын жазмышы менен майып болуп калган балдар жок эмес. Мына ушул тагдыр өгөйлөгөн балдарды ар нерсеге үйрөтүп, ата-энелеринин түйшүгүн жеңилдетүү максатында «Жакшы жашоого акылуу» деген коомдук фонд иш алып барып жаткан. Аталган фондду жалпыга белгилүү сиям эгиздери Зита менен Гитанын апасы Зумрият Резаханова түзгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова мына ошол «Жакшы жашоого акылуу» коомдук фонду мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн уюштурган жаңы-жылдык иш-чарага барган. Эл өкүлү балдарга белек-бечкектерин берип, алардын маанайын көтөрүп кошо бийлеп, кирип келген жаңы жыл менен куттуктады.

 
Categories

Жеке ишкер Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевге «ВАЗ-2107» унааны белекке берди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевге аталган райондун тургуну, жеке ишкер Аман Мамырбеков «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү авто унааны белекке берди. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, унааны тапшыруу иш-чарасы Ала-Бука районунун борбордук “Мухаммад Захид” атындагы мечитте болуп, анда жеке Аман Мамырбеков буларга токтолду.

Ишкер Аман Мамырбеков: “Райондун баш имам хатиби  айыл аймактарды кыдырып, мектеп окуучуларына ай сайын сабактарды уюштуруп,  жаш-каары дебей Ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирип келет. Районубуздун аймагы  тоолуу жана айылдар алыс жайгашкандыктан мындай унаа өтө керек”,-деди.

Ал эми баш имам хатиб  Шумкарбек ажы  Чыналиев жеке ишкерге ыраазычылыгын билдирип, өзүнө белекке берилген унаа хатибиятка кызмат кылаарын убада кылды.

 
Categories

Ишкерлер ИИМге “Лада Гранта” жана тез жардам автоунаасын белекке беришти

ИИМде автунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ишкерлер катышты.

“Элит Хаус” курулуш компаниясынын өкүлү иш-чаранын алдында сүйлөп жатып, Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекеси менен ички иштер органдарынын кызматкерлерин куттуктап, тынчтыкты каалады. Андан сырткары ишкер Мирлан Исагалиев сөз сүйлөдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Андан соң, ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана Милициянын кайгуул күзөт кызматынын башкармалыгы ишке киргендигине байланыштуу ишкерлер “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга өз салымдарын кошууну чечишкен. Аталган курулуш компаниясынын жетекчилиги ички иштер министрлигине “Лада Гранта” үлгүсүндөгү жаңы автоунаасын тапшырды. Ал эми, Мирлан Исагалиев ИИМге тез жардам унаасын белекке берди.

Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов өлкөдөгү коомдук коопсуздукту камсыздоого салымын кошкондугу үчүн ишкерлерге ыраазычылыгын айтты.

 
Categories

Алевтина Проненко: Бул ыйык элечек менден да күчтүү, кайраттуу, эмгекчил аял затына таандык

– “Мен силердин бул белегиңерге (элечек) татыктуу эмес экенмин, муну өзүм менен кошо ала кетүүгө эрким жетпейт. Бул ыйык элечек менден да күчтүү, кайраттуу, эмгекчил аял затына таандык, ошондуктан макул болсоңор ошондой аялзаты болсо мен ушул элечекти ырымдап берип кетейин деп чечтим. Каршы болбогула, бул менин терең ойлонуп, кабыл алган чечимим!

Мындай пикирин Жогорук Кеңештин 3 чакырылышынын депутаты Алевтина Проненко саясатчы Бекназаровдун баласынын үйлөнүү үлпөтү тоюнда айтып, элди ыйлаткандыгын коомдук активист Баялы Саркулов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Андан ары Алевтина айым Кыргызстандан биротоло кетип жаткандыгын айткан. Бул тойго ошол кездеги саясий үзөңгүлөштөрү жана ага “Датка” наамын ыйгарган, ак элечек кийгизген Аксылык энелерден кечирим сурап, коштошуу үчүн келген. Куру келбей ошол учурдан баштап той мааракелерде башынан түшүрбөй кийип жүргөн ак элечеги менен кыргыз чапанын адаттагыдай кийинип албай, аспиеттеп ороп, сактап ала келиптир. Табиятынан жоопкерчиликтүү, акыйкаттыкты туу туткан адам экенин дагы бир жолу далилдеп, сөз кезеги келгенде ошол Аксылык энелерден алган таберик белегин алып чыгып, буркурап ыйлап, кечирим сураган.

Бирок, Бекназаров менен Бөдөш Мамырова сөздү колдон алышып экөө тең Темир айымдын сунушуна ыраазычылык билдиришип, ак элекекти кайрадан ыйгарышып, – “Бул ак элечек сизге гана таандык. Буга татыктуу экениңизди сиз ошондо эле далилдегенсиз. Ошондуктан бул элечекти сиз гана кийишиңиз керек!”- дешип ороосунан алып чыгып кайрадан экөөлөп кийгизишкен.

Эске сала кетсек, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн зор эмгекти жумшаган, Аксы окуясы боюнча эл менен кошо ыйлап, сыздап чындык үчүн күрөшкөн Авлетина Проненкого ошол учурда Аксылык энелер   ак элечек кийгизишкен.

 
Categories

Жеке ишкер Ибраимов Курани карим окуу жарышына 2 унаа койду

Курани карим окуу жарышы  18-19-октябрь күндөрү Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечитинде өткөрүлөт.

Куранды 30 пара тилават тажвиди менен жатка билүү

Куранды 20 пара тилават тажвиди менен жатка билүү

Куранды 10 пара тилават тажвиди менен жатка билүү

Азан айтуу

Сынактын жол жобосу:

Катышуучулар КРнын жараны болууга тийиш

Катышуучу Ош шаары, Баткен, Ош жана Жалалабад облусунан болуусу шарт

Жарыштын бир эле түрүнөн катыша алат

Катышуучунун жашы 30 дан ашпаган болуусу зарыл

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер каралган ( 2 унаа, 3 умра,компьютерлер, телефондор жана башка  белектер

Кечээ, 10-октябрда  Баткен шаарында Куран жарыштын облустук туру  өткөрүлдү. Анда 1, 2, 3 орунду ээлеген жеңүүчүлөрү түштүк региону Куран жарышка катышышат.

Сынак Баткен казыяты жана жеке ишкер Ибраимов Ахун Абыталиевичтин демөөрчүлүгү менен өтүп жатат.

 
Categories

Бекназаров Атамбаевдин ордуна бак отургузду

Саясатчы Азимбек Бекназаров: “Алмазбек Атамбаев түрмөдө болбогондо ал өзү отургузмак. Түрмөдө жаткан адам үчүн бак отургузуу эки эсе сооп болот. Биз ошол убакта (2010-жыл, 7-апрель  элдик революция) Убактылуу өкмөттүн 14 кишиси Кыргызстандын тагдырын моюнубузга алганбыз. Аны бүгүнкү күндүн сын көз карашы менен карабашыбыз керек”,-деди.  Мындай пикирин саясатчы Түштүк магистралда жайгашкан жаңы ачылган “Ынтымак” эс алуу паркына  бак отургузуп жатканда билдирди.

Эске сала кетсек, 14-сентябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушаар алдында Түштүк магистралда жайгашкан жаңы ачылган “Ынтымак” эс алуу паркына  бак отургузушкан. Атамбаев абакта жатканына байланыштуу келген эмес.

 
Categories

Шамшиев «Я помню» (Эсимде) аталышындагы китеп жазды

“Дордой Плаза” соода-оюн-зоок борборунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине арналган “Я помню” ( Эсимде) китебинин бет ачары болуп өттү. Романдын автору белгилүү кинорежиссёр Болотбек Шамшиев. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу аземде укук коргоо органдарынын ардагерлери жана өкүлдөрү катышты. Китепте согуштан кийинки оор кырдаал, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызматындагы кыйынчылыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өздөрүнүн ден соолугун, жеке керт башын ойлобостон акыркы күчүнө чейин алпурушуп келгени мыкты чеберчилик менен сүрөттөлгөн.

Министрлик бүгүн китептин 100 нускамасын алууга даяр жана аларды билим берүү мекемелерине ошондой эле өздүк курамга тапшырып берет. Аземдин соңунда китептин автору Болотбек Шамшиев өзүнүн китебинин кыскача мазмунун тааныштырып кетти.

 
Categories

Депутат Б.Субанбеков согуш ардагерлерине акчалай колдоо көрсөттү

Жайыл району, Кара-Балта шаары боюнча болгону 17 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери калган. Анын ичинен 11и сыркоолоп төшөктө. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков Улуу жеңиш күнүн утурлап уюштурган иш-чарага ооруктун ардагерлери, бала чагы согуш жүргөн аймакта өткөн улуу муундагы адамдар дагы чакырылган. Жеңиш күнүн ардагерлер менен бирге белгилөө, аларды Улуу майрамы менен куттуктоо эл депутаты үчүн салт болуп калган. Мындай иш-чара акыркы 10-15 жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Бул жолу да эл депутаты ардагерлер үчүн сый тамак уюштуруп, анда апаат согушту баштан кечирген аталарыбыздын эбегейсиз эрдиктери, тынчтык күндөр үчүн кан-жанын аянбаган каармандыктары туурасында сөз болду.

Алды 100 жаштан ашып, арты 100гө чамалап барып калган ардагерлердин дагы деле күч-кайратынан жанбагандыгы, келечек муундарга үлгү боло турган наркты, улуу муундан мурас болуп келаткан каада-салтты карманып отурушканы өзүнчө белгилөөгө арзыйт.

Улуу Ата Мекендик согуштун, эмгектин ардагерлерин Улуу жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктаган Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков  Ардагерлердин ар бирине белек-бечкектерди тапшырып, акчалай колдоо көрсөттү.

 
Categories

11 мектепке Ч.Айтматовдун 10 томдон турган китептери тапшырылды

Бишкек шаарынын күнүнө карата Бишкек шаарынын Свердлов районунун “Дордой” конушундагы №94 орто мектебинде улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдон турган китептерин тапшыруу чакан аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага окуучулар, мугалимдер, Свердлов районунун башчысы М.Осмонов, улуу жазучунун  карындашы, педагог, физика жана математика илимдеринин кандидаты Р.Айтматова, БШКнын депутаты Ж.Салымбеков,  коомдук ишмерлер, райондук билим берүү борборун  директору А.Абдылдаева жана райондук мектептердин директорлору катышышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Иш-чаранын алкагында райондогу 11 мектепке Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдон турган китептери тапшырылды.

Келген конокторго концерттик программа көрсөтүлүп, жагымдуу маанай тартууланды.