Categories

Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмеси жарыяланды

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмесин жарыялады.

Банктагы эсептер

 

1. “Кыргызкоммерцбанк”

2. “Кыргызстан” коммерциялык банкы

3. “Оптима Банк”

4. “Кыргыз-швейцария банкы”

5. “Капитал Банк”

6. Россия-Кыргызстан “Аманбанк”

7. “Толубай” акционердик коммерциялык банкы

8. “РСК Банк”

9. “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”

10. “БТА Банк”

11. “Дос-Кредобанк”

12. “ЭкоИсламикБанк”

13. “Евразия сактык банкы”

14. “Азия Банкы”

15. “Бакай Банк”

16. “Халык Банк Кыргызстан”

17. Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы

18. “Кыргыз инвестициялык-кредит банкы”

19. “ФинансКредитБанк”

20. “Айыл Банк”

21. “Росинбанк”

22. “Бай-Түшүм” банкы

23. “ФИНКА Банк”

24. “Чанг Ан Банк”

25. “Банк Компаньон”

Банктагы ячейкалар кимдерге таандык болгон? Юридикалык жана жеке тараптар

1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович

2. Атамбаева Раиса Минахмедовна

3. “Кыргызавтомаш” ААКы

4. “Апрель-ТВ” ЖЧКсы

5. “Апрель” коомдук фонду

6. “Редакция телерадиокомпании “Канал D” (“Канал Ди”) ЖЧКсы

7. “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеши” (“Республиканский общественный экспертный совет по вопросам устойчивого человеческого развития”) коомдук бирикмеси

8. “Ден соолук жана узак жашоо” медициналык-билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси

9. “Телерадиоуюмдарынын ассоциация” юридикалык жактардын бирикмеси

10. “Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси

Камакка алынган мал-мүлкү. Алмазбек Атамбаевге тиешелүүлөрү:

  • Toyota Land Cruiser, 2000-жылы чыккан;
  • Mitsubishi Pajero, 1997-жылы чыккан;
  • Toyota Land Cruiser, 1998-жылы чыккан;
  • MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа, 1993-жылы чыккан;
  • BMW X5, 2001-жылы чыккан;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, б/н көчөсү;
  • жер тилкеси, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айыл аймагы, квартал “Курорт-рекреациялык аймагы”;
  • жайыт, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • Ден соолукту чыңдоо борбору, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • турак үй, Аламүдүн району, Арашан айылы, Полевой көчөсү;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы, Татыр аймагы.

Раиса Атамбаевага таандык мүлк:

  • Toyota Land Cruiser, 2004-жылы чыккан;
  • Mercedes-Benz 600, 1994-жылы чыккан;
  • ГАЗ 3110, 1999-жылы чыккан;
  • батир, Бишкек шаары, Москва көчөсү;
  • турак үй, Бишкек шаары, Новооктябрь көчөсү.

“Кыргызавтомаш” ААКына таандык мүлк:

  • Бишкек шаарындагы Матросов көчөсүндө киши жашабаган 38 имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндө алты жер тилкеси;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү темир жолу;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү соода борбору;
  • Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү киши жашабаган имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 19 цех;
  • Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү үч батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү дүкөн;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү тогуз кампа;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү резервуар;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп бөлмөлүү үй;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы 17 батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү кеңсе;
  • Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

“Медиа Форум” ААКына таандык мүлктөр:

  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү адам жашабаган имарат;
  • “Форум илимий-өндүрүш фирма” ЖЧКсына таандык мүлктөр;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы жер тилке;

“Апрель-ТВ” ЖЧКсына таандык мүлктөр:

  • Радио, студия ТВ, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • Теле борбор, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • “Апрель” коомдук фонду;
  • “Канал D” (Канал Ди) телерадиокомпания редакциясы” ЖЧКсы;
  • “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш” коомдук бирикмеси;

“Ден соолук жана узак жашоо” медициналык билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси;

“Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси;

“Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси.

 

 
Categories

Экс депутат Кубанычбек Кадыров: Атамбаев үчүн эч ким төшүн тосуп бербейт

– Атамбаевдин убагында мыйзам иштеген эмес, ал оппоненттерин камоо, саясий талаадан жоготуу менен гана алек болгон. Өзү бийликтен түшкөндөн кийин былыктары ачыкка чыгып, иликтене баштаганда Кой-Ташка жатып алып, “мылтыгым бар, куралым бар атышам”- деп жар салганы анын “кара” президент болгонун далилдеп жатат. Бул биринчиси. Экинчиси, эгер анын күнөөсү жок болсо, сотко, жыйынга, тергөөгө барбайм дебей, барып, ак экенин далилдемек.

Үчүнчүсү, азыр Атамбаев үчүн эч ким төшүн тосуп бербейт.

Анткени, мамлекетти аңга түртүп, сазга батырган коррупциялык схемалардын башында Атамбаев турганы коомчулукка ачык эле билинип калды. Ошон үчүн эл колдобойт. Анын каражатына кыйналгандар гана арзыбаган акчасын алыш үчүн ал уюштурган нааразычылык акцияларына чыкпаса, көптөр чыкпайт.

Мен силердин гезит аркылуу Атамбаевдин арам акчасына алданбашыңарды суранам. Ал “жаралуу жаныбар коркунучтуу” дегендей, мыйзамсыз иштерге барып, провокацияга уюштуруп коюшу мүмкүн.

Булак: Майдан.kg

 
Categories

Москвада Кыргызстандыктардын мушташуусу боюнча кылмыш иши козголду

2019-жылдын 19-июнунда, россиянын жана ата-мекендик жалпыга маалымдоо каражаттары “Электрозаводская” станциясында Кыргызстандын тургундарынын арасындагы массалык мушташтын видеоматериалы чагылдырылган. Бейбаштыктын кесепетинен бычактан алган жаракатынын айынан бирөө каза болуп, үчөө Москва шаарынын ооруканаларынын бирине жеткирилген. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар коомдук резонанс жараткан.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын жаранына карата Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Чыгыш-административдик округу боюнча Тергөө башкармалыгынын аймактык райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан 2019-жылдын 19-июнунда Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмү (Өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, анда 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын жараны, Ош облусунун Өзгөн районунун 1999-жылы туулган Ы.Н. аттуу кылмышка шектелип кармалды. 20-июнь күнү Москва шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда каза болгон жигиттин туугандары тишелүү соттук-медициналык жана башка экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин гана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин иш-аракети менен “Жүк-200” кичи мекенине жөнөтүү маселелерин чечип жатышат.

Андан сырткары Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Соколиная гора району боюнча бөлүмү тарабынан М.С., Ш.Н. жана Ж.С. аттуу жарандар мушташтын айынан денелеринен ар кандай жаракаттарды алгадыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Жогорудагы факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасоого айыпталып Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун Өзгөн районунун 1998-жылы туулган КЧ. аттуу тургуну кармалды. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертизанынын жыйынтыгы боюнча кылмыштын курамын өзгөртүү меселелери чечилүүдө. Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын, Чыгыш-административдик округу боюнча ИИБдин жана укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

 
Categories

Ат – Башы районунан экстремисттик уюмдун мүчөлөрү ок дарылары менен кармалды

2019-жылдын 19-июнунда мурун козголгон кылмыш-иштин алкагында «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөсү болгон 6 адамдын Нарын областындагы Ат-Башы районунда жашаган жерлерин тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Анын жыйынтыгында тыюу салынган экстремисттик «Хизбут-Тахрир» уюмунун адабияттары, уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу куралдар, 5,45 мм калибр гильзалары, ок-дары салынган темир идиш, курал пистондору жана чачмалар, ноутбук, телефондор жана сим-карталар табылган. Бул учур боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары  Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

 
Categories

Бишкекте белгисиз айдоочу жаңы салынган декоративдүү тосмону сүзүп, качып кеткен (сүрөт)

Бишкектин Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги декоративдүү тосмо менен жарык берүүчү инсталляцияны бузуп кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,19-июнь күнү болжол менен саат 22.00дөр чамасында жол тандабас айдаган белгисиз айдоочу тосмону сүзүп жана окуя болгон жерден качып кеткен. ЖКККББнын кызматкерлери күнөөкөрдү табуу үчүн видеокөзөмөлдү карап чыгаары айтылды.

Ал эми сынган тосмону “Тазалыктын” кызматкерлери оңдоо үчүн алып кетишип, бүгүн кайрадан орнотула турганы белгилүү болду.

 

 
Categories

Чүйдүн Чалдовар айылында өспүрүмдөр арасында массалык мушташ чыкты.

Чүй облусундагы Чалдовар айылында өспүрүмдөр арасында массалык мушташуу болду.  Бул туурасында Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 16-июнга караган түнү катталып, Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда 4 өспүрүм денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага келгени маалымдалган. Алар 18 жаштагы К.А.,К.Н, А.С. аттуу эки бала жана 17 жаштагы А.Н., А.А. аттуу эки өспүрүм экени аныкталган.

Бул факты боюнча жерине ыкчам тергөө тобу барып ,массалык мушташты уюштурган деп 19 жаштагы Т.Б.жана Б.Д. аттуу эки өспүрүмдү кармап,  убактылуу кармоочу жайга киргизген.

 

 

 

 
Categories

Унаасын тепкич менен айдап кыздарга көрүнгүсү келген жигит. (видео)

Ош шаарында жаңыдан реконструкция болуп жаткан Токтогул паркынын кире беришиндеги тепкичтер белгисиз жаран тарабынан талкаланды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Абсаттаровдун айтымында, өзүн кыздарга көрсөткүсү келген жигит унаасын тепкичтер менен айдаган. Анын бул кылыгы паркка орнотулган көзөмөл  камерасына түшүп калган.

“Өтө адамды нааразы кыла турган иш болду. Кыздарга өзүн көрсөткүсү келген жигит “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын тепкичтен айдап түшүптүр. Жаңыдан оңдолгон тепкичтер талкаланды. Мунун баары көзөмөл камерасына түшүп ка+  Каражат, мээнет кеткен эле. Угушума караганда ал айдоочу эркиндикте эле жүрөт. Мыйзам алдында жооп берип, төлөп бериш керек! Биз да көзөмөлгө алабыз. Сиздер да кайдыгер карабаңыздар.”

Шаардык мэрия айдоочунун бул кылыгына укук коргоо органдарынын көңүлүн бурду.

 

Урматтуу ЖМК өкүлдөрү жана укук коргоо органдары!Өтө адамды нааразы кыла турган иш болду. Жаңыдан реконструкция болуп жаткан Токтогул паркынын кире беришиндеги тепкичтер талкаланды! Кыздарга өзүн көрсөткүсү келген жигит автоунаасын тепкичтен айдап түшүптүр. Жаңыдан оңдолгон тепкичтердин бир канчасы талкаланды. Каражат, мээнет кеткен эле. Угушума караганда ал айдоочу жооп бербей эле жүрөт. Мыйзам алдында жооп берип, төлөп бериш керек! Биз да көзөмөлгө алабыз. Сиздер да кайдыгер карабаңыздар. Окуянын баары видеого түшүп калган. "Коопсуз парк" кылабыз деп видеобайкоолорду орноткон элек. Толук видео менде бар.

Опубликовано Азамат Абсаттаров Понедельник, 10 июня 2019 г.

 
Categories

Бир күндө үрөй учурган эки мушташ. (видео)

Бир күндө үрөй учурган 2 мушташ. Экөө тең борбордун 3-кичи районундагы эс алуучу жайлардын биринин алдында болгон. Интернет баракчаларына тараган видеолордун биринде топ жигиттер эки баланы катуу ур-токмокко алганын, ал эми экинчисинде болсо топтошкондор эки жаат болуп алып, мушташканын көрүүгө болот. Бирок топ балдардын жемесине калган экөө окуя боюнча милицияга арыз жазган эмес. Ага карабастан шаардык ички иштер башкы башкармалыгы “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштерин баштады. Ага ылайык, учурда жабыркагандардын өздүгүн аныктоо аракети жүрүүдө. Кол көтөргөн тараптар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени да айтылууда.

 
Categories

Орок айылында чатакташкан тараптар ынтымакка келишти

Бүгүн Орок айылында кайрадан айыл аксакалдары ынтымак жыйынына чогулушту. Жыйынга Чүй облусунун облустук администрациясынын жетекчилери жана  Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана башкалар катышышты.

Жыйында токмоктолгон балдардын абалы тууралуу маалымат берилди. Алардын абалы жакшы экендиги айтылды. Жыйынтыгында ынтымакка келишип, тарап кетишти.

Эске сала кетсек, кечээ ал жерде балдардын мушташы чыгып, жаңжалдан улам бир топ үйлөрдүн терезелери талкаланып, 30 га жакын адам камакка алынган болчу. Кармалгандар бүгүн эрте менен үйлөрүнө кое берилген.

 
Categories

Журналисттер маска кийип Т. Абдраимовдун иш бөлмөсүнө кирүүнү ниет кылышууда

Учурда журналисттер Чүй облустук администрациясынын алдына чогулушууда.

Мелис Аспеков жарандык активист: “Эгерде премьер-министр бул ишке бүгүн баа бербесе биз бул митингди мөөнөтсүз кылуубуз керек. Эртең дагы улантабыз. Маска кийип алып, Чүй облусунун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовдун иш бөлмөсүнө кирели деген сунуштар болуп жатат. Азыр дагы журналисттер келишсе киребиз”,-деди.

Эске сала кетсек, кечээ Орок айылында чыккан чыр учурунда Чүй облусунун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов кайсы бир журналистти ага  кебетеси жакпай жаткандыгын, анын суроосуна жооп бербешин айтып, шылдыңдаган.