Categories

Ала-Бука районунун имамы Шумкарбек ажы жоокерлерди суицидге барбоого чакырды

Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев райондун борборунда жайгашкан №30670 аскер бөлүктө кызмат өткөгөн жоокерлердин ал абалы менен жакындан таанышты. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, жоокерлер менен жолугушууда Шумкарбек ажы мекенди коргоо,  сүйүү жана ага кызмат кылуу ар бир жарандын ыйык милдети экенине токтолуп, аларды адептүүлүккө, сабырдуулукка жана элге кызмат кылуунун жоопкерчилиги тууралуу баяндамасын жасады.

Мындан тышкары акыркы убактарда аскердик бөлүктөрдө суициддин  көп болуп жатканына байланыштуу ал тууралуу Куран, хадистерден мисал келтирип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш-чаранын соңунда жоокерлердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.

 
Categories

Бүгүн Бишкекте ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жыйыны өтөт

Аталган эл аралык уюмга Казакстан, Орусия, Тажикстан, Беларус, Армения өлкөлөрү мүчө. Өлкө лидерлери бүгүн жыйынга чогулушат. Быйылкы жылы Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылды. Мүчө мамлекеттердин ар бири кезеги келгенде бир жылдан уюмга төрагалык кылат.

Расмий маалыматтарга караганда, Бишкекте өтчү саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомартом Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 26-ноябрда,  президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө башчысынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда,сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити, ошондой эле 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкекте боло турган ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму тууралуу сүйлөшүштү.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: Турдакун Усубалиев — бир доордун кайталангыс инсаны

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнө жана коомдун турмушундагы бардык тармактарга кошкон зор салымын айтты. Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиев Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экенин баса белгиледи.

Эрмек Усубалиев мамлекет башчысына Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин кеңири өткөрүү боюнча демилгеси жана колдоосу үчүн Усубалиевдин туугандарынын жана жакындарынын атынан ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Эрмек Усубалиев 6-ноябрда, Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу 100 жылдык мааракесинин алкагында салтанаттуу иш-чараларга карата даярдыктардын жыйынтыгын чыгарышты.

 
Categories

Нурдин ажы Мамасабиров жоокерлерди Мекенди сүйүүгө чакырды

Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров Баткен шаарындагы №707 чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерге «Мекенди сүйүү» темасында лекция  өттү.

Муфтияттан алынган маалыматк араганда, жоокерлер менен жолугушууда Нурдин ажы мекенди коргоо,  сүйүү жана ага кызмат кылуу ар бир жарандын ыйык милдети экенине токтолуп, аларды адептүүлүккө, сабырдуулукка жана элге кызмат кылуунун жоопкерчилиги тууралуу баяндамасын жасады.

 
Categories

Имам Кант шаарындагы Россия Авия базасынын кызматкерлерине лекция өттү

Кант шаарындагы «Азери» мечитинин имамы Мухаммад ажы Дугларов Кант шаарында жайгашкан Россия Авия базасынында эмгектенген кызматчылардын суранычы менен аларга «Салттуу Ислам дини жана Ханафий мазхабы» боюнча лекция өтүп берди.

Муфтияттан алынган маалыматка караганда, аталган лекция орус тилинде болуп, кызматкерлер тарабынан берилген суроолорго да жооп берилди. Жыйын аягында мындан ары да ушул сымал лекцияларды улам уюштуруп турууга Авия базанын жетекчилиги менен макулдашылды.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ачык баарлашуу элдин бийликке болгон ишенимин бекемдейт

«Ачык баарлашуу элдин бийликке болгон ишенимин бекемдейт», – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков  Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Мамлекет башчысы ачык жана мазмундуу баарлашуу болгонун белгиледи. «Ар кандай мүнөздөгү суроолор ачык берилди. Бул элдин бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө көмөктөшө турчу коомубуздун ачыктыгын көрсөтүп турат», – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков бийлик жана эл биргеликте иштегенде гана жетишкендиктер болоорун белгиледи. «Эгерде бийлик бирди айтып, башканы жасап жаткан болсо, эл муну көрүп турат. Менин башкы максатым – таза иштеп, эл арасында жүзүм жарык болуу», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 
Categories

Феликс Кулов: Курсан Асанов дагы атышуу болуп кетпесин деп өзү сүйлөшүүгө чыкты

Бир тапшырманы берсе, ал кызматтык сырды сактабай, элге жарыялап жиберүү чыккынчылык болот. Асановго тагылып жаткан айып туура же туура эмес экенин тергөө көрсөтөт. Башкы маселе, Кашкар Жунушалиевди кызматтан Атамбаев алган. Демек, Жунушалиевге Атамбаевде ишеним жок. Курсан Асанов КСДПнын депутаты болгон. Атамбэевден генералдык наам алды. Ошондуктан,  Асановго ишеним бар. Мындай пикирин саясатчы Феликс Кулов «Жаңы Ордо» гезитине берген маегинде айтты.

Феликс Кулов: “Менин версиям боюнча Асанов дагы атышуу болуп кетпесин деп өзү сүйлөшүүгө чыкты. Асанов менен Атамбаевдин сүйлөшүүсү 3-кабатта болду. Ылдыйда Кашкар Жунушалиев күтүп турат. Атамбаевдин “Кашкар сен дагы келдиңби?” деп айтканы видеодо турат. Дагы бир учур, Курсан куралдарды санап жатканын көрдүк. Ал мезгилде Жунушалиев кайда кетти? Бул дагы белгисиз. Министр “Курсан азаматсың. Тапшырманы аткардың. Алмазбек Шаршенович сиз кармалдыңыз, протокол түзөбүз”деп айтышы керек.

Ошол учур видеого тартылдыбы, пакеттин ичинде эмне бар экендиги да көрсөтөлүшү керек эле. Бул кемчилик, чыккынчылык эмес”,-деди.

Эске сала кетсек, 7-8-август күндөрү Атамбаевди күч менен кармоо учурунда ИИМдин орун басары Курсан Асановго милицияга чыккынчылык кылды деген шек менен айып тагылып, кылмыш иши козголгон.

 
Categories

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү уйкудан ойгонду

Элибизде “Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт” деп, бекер айтылбаса керек. Мындай дегенибиз кечээ Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү кайрадан жолугушканы маалым болду. Алар абактан чыккан Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ал – акыбалын сурап коюу үчүн жолугушкан.

Андагы маалыматтарга караганда, алар Текебаев менен Чотоновго ак калпак кийгизишип, чай ичишкен.

Жолугушууга экс – президент  Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Абдыганы Эркебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков, Болот Шер, Эльмира Ибраимова катышкандыгы белгилүү болду.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Өкмөттүн социалдык оң жана терс көрүнүштөргө, күнүмдүк жашоодогу ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Президент Өкмөттүн негизги милдети — экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу ишине тоскоол болчу факторлор дээрлик жок экенин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Өкмөттүн иштөөсү үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан өкмөт иштеш гана керек. Башка талап жок», — деп баса белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономиканын тармактарын өнүктүрүү, аймактык өнүктүрүү боюнча актуалдуу чаралар, өлкөнү санариптештирүү, инфраструктуралык жана агроөнөржай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу бийлик органдарынын азыркы ишмердиги жөнүндө айтып берди.