Categories

Эттин баасы неге кымбаттагандыгы айтылды

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы монополияны жөнгө салуу агенттигинин иликтөөсүнө ылайык акыркы убактарда эттин баасынын көтөрүлүшүнө фермерлерибиздин коңшу өлкөлөргө Казакстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга ийри мүйүздүү малды сатуулары көбөйгөнү негиз болуптур.
Анткен менен агенттиктин маалыматында эттин баасы 7-8 сомго 1,5-2,2 пайызга гана кымбаттады деп айтылат.
Ал эми чындыгында бүгүнкү күндө эттин баасы мурдагысынан 40 – 50 сомго 6-7 пайызга чейин кымбаттаганы көрүнүп эле турбайбы.

 
Categories

Азык-түлүк кымбаттады

Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык Кыргызстанда өткөн жарым жыл аралыгында дээрлик бардык азык-түлүктүн баасы жалпысынан 6,4 пайызга кымбаттаган.
Мында кескин кымбатагандары картошка эки эсеге жакын, чеснок эки эсе көтөрүлүп кеткен.
Ошондой эле ун 13,5 пайызга, макарон 11,5 пайызга, шекер 8,4 пайыз, өсүмдүк майы 4,7 пайыз, сүт азыктары 3,2 пайыз, нан 3,2 пайызга кымбаттаган.
Бул көрсөткүчтөр жарым жылдыкы.
Ал эми акыркы үч айда дагы да баалар өзгөрүүдө.