Categories

Кыргызстандык ажылар бүгүндөн баштап Кыргызстанга келе башташат

Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 28-августта таңкы саат бештен тарта Манас аэропортуна келип конмокчу. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандык ажылар ыйык Мекке шаарынын  убактысы боюнча түнкү саат 21:00, ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча түңкү саат 12:00до Сауд Арабиясынын Жидда аэропортунан учуп кетишмекчи. Ар бир каттамда 300 ажы болуп, жалпысы 18 каттам учат.

 
Categories

Кыргызстандык ажылар бүгүн багымдат намазынан кийин  Арафат өрөөнүнө көчүшөт

Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылар кечээ, 19-августта толугу менен Мина өрөөнүнө көчүп келишти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Болочок ажыларды Мина өрөөнүнө жеткирүүдө 38 автобус кызмат кылып, бардыгы сак саламат жетишкен.  Ал эми Кыргызстандык ажылар бүгүн, 20-августта багымдат намазынан кийин  Арафат өрөөнүнө көчүшмөкчү.