Categories

Ажылыкка каттоо 30-декабрь, кечки саат 17:00гө чейин жүргүзүлмөкчү

Чүй облусу боюнча 2020-жылына карата ажылык амалын аткарууну ниет кылган жарандарды каттоо иши кызуу жүрүп жатат. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, ажылыкка катталуучулар алгач РСК банкына 500 доллар төлөп, кезеке турушууда. Учурда облус боюнча жети жерде каттоо жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Чүй облусу боюнча ажылыкты уюштуруу иштеринин куратору Ташболот ажы Курманов билдирди.

Ажылыкка аттанган жарандар, өздөрүнүн райондоруна тиешелүү төмөндөгү операторлор менен байланышып, Ыйык сапарга кезекке турса болот:

Аламүдүн району боюнча – Кабир Фазилов (0704722633)

Ысык-Ата району боюнча – Алым Байгазиев (0555260914)

Кант шаары боюнча – Пазылбек Абдурахманов (0550454285)

Москва району боюнча – Акылбек Күмүшбеков (0550416310)

Сокулук району боюнча – Бектен Зарылбеков (0706337711)

Жайыл жана Панфилов райондору боюнча – Болот Нышанбаев (0552302299)

Токмок шаары, Кемин жана Чүй райондору боюнча – Кифаят Аширматова (0708274663)

Эске сала кетсек, ажылыкка баруучу жарандарды каттоо 2019-жылдын 30-декабрына чейин кечки саат 17:00гө чейин жүргүзүлмөкчү.

 
Categories

Ош шаарында ажылыкка бара тургандардын кезеги пайда болду

Кечээ, 16-декабрдан тарта 2020-жылына карата ажылык сапарына бара турган зыяратчыларды алгачкы тобун каттоо иштери кызуу жүрүүдө. Ажылыкка бара турган талапкерлер алгач 500$ акчасын «РСК» банкына төгүшүүдө. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, банктын алдындагы келишпөөчүлүк, тартышып-талашуу жана катар номери аркылуу кирүүсүн көзөмөлдөө иштеринде Ош шаардык казыятынын кызматкерлери «РСК» банкынын эмгек жамааты үчүн тынчтыкты сактап турууда көмөк көрсөтүштү.

Ош шаардык мусулмандар казыятынын Ажылык-Умра боюнча башкы адиси Жанарбек ажы Матиев: “Жылдан-жылга ажылык сапарына бара турган талапкердин катары күндөн-күнгө көбөйүүдө”, -деди.

 
Categories

Бүгүн, 16-декабрда 2020-жылдагы ажылык сапарына каттоо башталды

2020-жылдагы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде 2019-жылдын 16-декабрынан 30-декабрь, саат  17:00гө чейин жүргүзүлөт. Муфтияттан алныган маалыматка караганда, талапкерлер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы.

Талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

 
Categories

2020-жылдагы ажылыкка каттоо башталат

2020-жылдагы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде 2019-жылдын 16-декабрынан 30-декабрь, саат  17:00гө чейин жүргүзүлөт. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, талапкерлер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы.

Талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

 
Categories

2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылдагы ажылык иштерин баштоо боюнча ажылыкты уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, ажылыкты ачык-айкын өткөрүү үчүн Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин 306 буйругу чыгып, 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү.

УРШнын алгачкы жыйынында 2019-2020-жылдагы өтө турган конкурстар жана ажылыкка каттоо маселеси каралып, декабрь айынын ортосунда конкурстарга жарыялар берилээри жана ажылыкка каттоо башталаары белгилүү болду.

 
Categories

Ош шаарында Умра ибадатын уюштуруу иштери башталды

Ош шаарынын  мечит имамдарына жыйыны болуп,  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган Умра ибадатын уюштуруу иштерин жүргүзүү жана жума баянынын акыркы 10 мөөнөтүндө ибадат тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзү керектиги баса белгиленди.

Мындан тышкары калаады жума намазы окулуучу 41 мечит болсо анын ар бирине Умра ибадаты тууралуу жарыяларды жайгаштыруу тапшырмасы берилди. Абу Хурайра р.а риваят кылган хадисте, сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айткан: Умрадан умрага чейинки аралыктагы күнөөлөрдүн бардыгы кечирилет».

 
Categories

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Умра ибадатын уюштурууну баштады

Умра ибадатын аткаруу максатында  ыйык Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар үчүн каттоо жакынкы убакытта облустук жана шаардык казыяттарда жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

«Абу Хурайра р.а риваят кылган хадисте, сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айткан: Умрадан умрага чейинки аралыктагы күнөөлөрдүн бардыгы кечирилет».

 
Categories

Курман айт майрамы 11-августта белгиленет

2019-жылдагы Курман айт майрамы 11-августта белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

2-август  Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет.

Ал эми 10-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз  бул күнү  ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө  болушмакчы.

Куттуу  Курман айт майрамын  Алла Таалам  бизге жана жалпы адамзат үчүн  куттуу, берекелүү кылып, Жаратканыбыз  ушул  улуу күндөрдө көптөгөн ибадаттарды кылууну  насип кылып, жасаган ар бир жакшылыктарыбызды  кабыл кылсын. Өлкөбүзгө  тынчтык, ынтымак менен бактылуулукту жана  бейпил  жашоону насип кылсын.

 
Categories

Кыргызстандык ажылардын биринчи тобу Медина шаарына келишти

Ош-Медина багыты боюнча Ош эл аралык аэропортунан учкан кыргызстандык ажылардын биринчи тобу, 300 жаран  Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына келип конду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Учурда ажылар мейманканалардан орун алышып, алгачкы зыяраттарын башташты.

Баткен облусунан ажылардын тобун жетектеп келген  Нурдин ажы Мамасабиров: «Болочок  ажыларыбыздын маанайлары абдан жакшы. Учурда Медина шаарындагы мейманканалардан орун алышып, ыйык жайлар менен тааныша башташты,-деди.

 
Categories

Каракол шаарында ажылык сапарга бара турган зыяратчылар эмдөөдөн өтүштү

Эмдөө учурунда алгач жарандар медициналык кароодон өтүшүп, андан соң эмдөөдө жүргүзүлдү.Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты шаардык эмкананын жетекчилиги менен бирдикте ажылык сапарына баруучуларды эмдөөдөн өткөрүү иши ийгиликтγγ аяктады.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча быйыл 83 жаран ажылык сапарга барууга жолдомо алышкан. Алардын бардыгы эмдөөдөн өтγшкөн. Учурда  ажы башчылар атайын ажылык милдеттер, Мина, Арафат өрөөндөрүндө аткарылуучу ажылык амалдар туурасында окуу иштерин жүргүзүүдө.