Categories

Умрага барган тажик жарандары Сауд Арабиясына кире албай калышты

Дубайда умрага барган Тажикстандын 48 жараны Сауд Арабиясына кире албай турушат. 26-февралда бул өлкөнүн бийлиги коронавируска байланыштуу умра сапары менен келгендерди убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Тажикстан өкмөтүнө караштуу Дин иштери комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким тажик жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында Сауд Арабия бийлигинин чечимин күтүп жатышканын ырастады. «Эгер бул өлкөнүн бийлиги алардын кирүүсүнө уруксат берсе, умра амалын аткарып келишет. Болбосо жооптуу компаниялар аларды Тажикстанга алып келишет», — деди Муким.

Азырынча тажик жарандарын кичи ажылыкка жиберген компаниялар бул абал боюнча комментарий бере элек. Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги 26-февралда тараткан маалыматка ылайык, өкмөт өлкөгө умра сапары менен баргандарды киргизбей турууну чечкен. Мындан тышкары вирус аныкталган өлкөлөрдөн туристтердин келишине да тыюу салынган. 2019-жылы Тажикстандан ажылык сапарга 5 миңге жакын адам барган. Бул жылы умрага барган тажик жарандарынын саны белгисиз.

 
Categories

Сауд Арабиясы умраны токтото турууну чечти

Буга чейин Сауд Арабиясы таажылуу вирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу саламаттыкты сактоо тармагында коопсуздукту күчөткөндүгү айтылган болчу. Анда, кичи умрага барчуларга маска кийүү, колдуу тез – тез жууп туруу керектиги сунуш кылынган.

Эми аталган лкөнүн Тышкы иштер министрлиги умраны токтото туруу керектигин чечкендиги маалымдалды. Ошондой таажылуу вируска кабылган өлкөнүн жарандарына да карантин жарыялады.

 
Categories

Ош облусунан 24 зыяратчы Умра ибадатын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетти

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган умра ибадатын аткаруу үчүн «Ош» Эл аралык аэропортунан  Ош-Кувейт-Жидда багыты боюнча таңкы саат 4:00дө Сауд Араб Падышалыгына жөнөп кетти.

Муфтияттан алынган маалыматка караганда, кичи ажылык амалдарын аткаруу үчүн жөнөп кеткен зыяратчылардын курамында 24 жаран бар. Алар Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Зыяратчыларга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев өзү жетекчилик кылууда.

Зыяратчылар 15 күндө Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Мекке жана Медина шаарларында кичи ажылык амалдарын аткарышмакчы. Ошондой эле атайын окуу сабактары  дагы уюштурулуп, анда облус казысы ыйык жерге баргандан кийин  ар бир күндү кантип туура жана пайдалуу өткөрүү керектиги боюнча баяндамаларын жсамакчы.

 
Categories

Ажылардын формасын тигүүчүлөр ортосунда жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылга карата ажылык сапарына кийип жүрүүчү кийимдерди даярдоо боюнча ишкерлердин арасында сынак өттү. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, сынакка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары жана Убактылуу республикалык штабдын төрагасы Жоробай ажы Шергазиев, УРШнын мүчөлөрү жана ишкерлер катышты.

Ажылардын формасын тигүүчүлөр ортосунда жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

Конкурска катышуу үчүн 7 талапкер арызын берип, анын ичинен бирөөсү сынакка катышкан жок. УРШнын мүчөлөрү сынактын талабына ылайык, кездеменин курамына, кийимдин тигилишине, дизайнына, кийимге коюлган наркына, өңү-түсүнө жана сапатына баа беришти. Мындан тышкары тийишттүү документтерин, ажылыкка кийүүчү эркектер жана аялдар үчүн кийимдердин үлгүсүн, ылайыктуулугун карап чыгышып, жыйынтыгында жеке ишкер Динара Акматбекова эң көп балл топтоп, сынактан жеңип чыкты.

Ажылардын формасын тигүүчүлөр ортосунда жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

Эскерте кетсек, Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга быйыл 6110 квота бөлүп берген.

 
Categories

Умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчылар Мекке шаарына келишти

Умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчылар Мекке шаарына келишти. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, учурда зыяратчылар ыйык Харам мечитине келишип, Мекке шаарында аткарылуучу ибадаттарын башташты.

Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев: “Зыяратчыларыбыздын абалдары жакшы, Медина шаарынан атайын сабактар уюштурулуп, ыйык жайлар менен таанышып келишти. Эми минтип Мекке шаарына келип жеттик. Бул ыйык жерден дагы биз умра ибадатын туура аткаруу үчүн атайын сабактарды уюштурабыз»,-деди.

Ал эми умра башчылык милдетти аткарып жүргөн Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан умра сапары жогорку денгээлде өтүп жаткандыгын айтып, зыяратчыларга бардык шарттар бар экендигин баса белгиледи.

 
Categories

Бишкек шаарынан Ажылык сапарына 460 жаран документтерин толугу менен тапшырышты

Жалпы республика боюнча ажылыкка каттоого алуу иштери аяктады. Борбор калаабыз Бишкек шаарынан 2020-жылы ажыга аттанган 460 жаран документтерин толугу менен тапшырып бүттү. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, бул жылы каттоо электрондук тартипте жүргүзүлүп, жарандар үчүн бир топ жеңилдик болду. Бишкек шаары боюнча ажылык боюнча жооптуу адис Толкунбек Жумановдун айтымында, Бишкек шаарынан бул жылы катталгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу азыраак.

Толкунбек ажы: «Бул жылы 460 жаран каттоодон өттү. Бул былтыркыга караганда дээрлик 100 кишиге азыраак болду. Себеби шаарда жашагандардын көпчүлүгүнүн паспорттук каттоосу кичи мекенинде болуп, шаардан каттала алышпай калышты»,- деди.

Эске сала кетсек, 2020-жылкы ажылыкка каттоо 2019-жылдын 15-декабрынан 2020-жылдын 15-январына чейин жүргүзүлдү. Бул жылы Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстандын жарандарына 6110 квота бөлгөн.

 
Categories

Умра сапарына кеткен зыяратчылардын экинчи тобу Мединада ибадаттарын башташты

“Манас” Эл аралык аэропортунан Бишкек-Дубай-Медина багыты боюнча умра сапарына учуп кеткен зыяратчылардын экинчи тобу Медина шаарына жетип, алгачкы ибадаттарын башташты. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, умра сапарына келген зыяратчыларга бардык шарттар каралып, аларга заманбап автобустар кызмат көрсөтүшүүдө.

КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев: “Умра ибадатын аткаруу үчүн Сауд Аравия Падышачылыгына кеткен зыяратчыларыбыздын экинчи тобу Медина шаарындагы «Андалус» мейманканасына жайгашты. Бул жолу 40 зыяратчы кетип, аларды 4 умра башчысы коштоп жүрөт»,-деди.

 
Categories

2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн 7525 жаран акча каражатын төлөдү

2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн 16-декабрдан 30-декабрь, саат 17:00го чейин 7525 жаран РСК банкына акча каражатын төлөгөн. Учурда ажылыкка катталган жарандардын документ иштерин толуктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, быйыл ажылык сапарына каттоо иши 16-декабрда башталып, 30-декабрь саат 17:00до аяктаган.

 
Categories

Бүгүн, 30-декабрда ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды каттоо аяктайт

2020-жылдагы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде бүгүн, 2019-жылдын 30-декабрында саат  17:00гө чейин жүргүзүлөт. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, талапкерлер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы.

Талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

 
Categories

2020-жылдагы ажылык сапарына каттоо 30-декабрда аяктайт

2020-жылдагы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде 2019-жылдын 30-декабрында саат  17:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Талапкерлер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы.

Талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.