Categories

ИНАУГУРАЦИЯГА 10 МЛН. СОМ ЖУМШАЛБАЙТ

Садыр Жапаровдун тарапташы Адинай Марипова өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жаңы шайланган өлкө башчысы инагурацияга 10 миллион сом сарпталышына каршы экендигин жазып чыкты.

“Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Мындан сырткары ал президенттик кызматка киришкенден кийин Кайгуул кызматынын коштоосунан баш тартып, жол жапканды токтотот”, – деп жазды Марипова.

Кечээ президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 миллион сом коротуу пландалып жатканы айтылган. Мындай маалымат социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк интернет колдонуучулары пандемия шартында чоң суммада акча каражатын сарптоо ыксыз экенин белгилеп, каршылыктарын билдиришкен.

 
Categories

ВИЗАЛЫК ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Joe Biden is sworn in as the 46th President of the United States on the West Front of the U.S. Capitol in Washington, U.S., January 20, 2021. REUTERS/Kevin Lamarque

АКШнын жаңы президенти Жо Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

“Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык”, – деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды. “АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген.

Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.

 
Categories

ЖКда Садыр Жапаров жетектеген өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеште премьер-министр Садыр Жапаров башында турган жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өттү.

Бүгүн социалдык маселелер боюнча вице катары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элвира Сурабалдиева ант берди. Ал мандатын 27-октябрда тапшырганы белгилүү болгон. 28-октябрда өкмөт башчы Сурабалдиеванын талапкерлигин вицеликке сунуш кылып, депутаттардын колдоосуна ээ болду.

Буга чейин вицелик кызматты аркалап келген  Аида Исмаилова 27-октябрда кызмат ордун тапшырган болчу . Бүгүн ал эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунуш кылынып, бирок парламенттин колдоосуна ээ боло алган жок. Бул министрлик орунга жаңы талапкер сунуштала элек.

Парламентте өкмөт башчысы Садыр Жапаров, анын жогоруда аты аталган төрт орун басары менен кошо төмөнкү жетекчилер ант беришти:

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бактыбек Аманбаев, финансы министри Кыялбек Мукашев, транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев, юстиция министри Марат Жаманкулов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов.

Ант берүүгө тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышкан жок. Муну премьер-министр Жапаров министрдин Казакстанга иш сапарга кеткени менен түшүндүрдү.

 
Categories

Лукашенко айтпай туруп ант берди

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко бүгүн эгемендүүлүк сарайында жаңы президенттик мөөнөтүнө киришүү үчүн ант берди.
Лукашенконун ант берүү аземи акыркы сааттарга чейин коомчулуктан жашырылып, алдын ала элге айтылбады.
Аталган иш чаранын болуп өткөнүн мамлекеттик БелТА агенттиги жарыя кылды.
Кандай шартта болбосун Лукашенконун ант берүүсү мыйзамсыз болоорун оппозиция алдын ала айткан.
Дээрлик бир жарым айдан бери оппозициячыл күчтөр шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акцияларына тынбай чыгышууда.

 
Categories

Алты депутат ант беришет

Бүгүн парламент жыйынында
Жогорку Кеңешке жаңы депутаттык мандатка ээ болгон алты депутат ант беришет.
Мөөнөтү аяктап бараткан парламентке ар кайсы фракциялардын депутаттары беш жыл боюу саргарып кезек күтүшкөн партиялаштарына бир айлык
мандаттарын өткөрүп беришүүдө.
Ошентишип бир чети депутаттыктын да кадырын ого бетер түшүрүп бүтүшү.
Жок дегенде жарым жыл мурун ушинтишсе болмок.