Categories

Текебаев менен Бабанов бийлик үчүн кимдер?

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин абактан бошонуусу, Өмүрбек Бабановдун бозгундан кайтып келиши өлкөнүн саясий айдыңында бир топ кызыгууларды жарата алды. Бул эки ири  окуянын артында бир топ байкалбаган саясий оюндар жаткандыгын болголосо болот. Мындайды байкаган бийлик тарап да жөн калчудай эмес. Буга чейин кетирген кемчиликтерине бир кылчайып, анын кесепеттеринен арылуу аракетинде. Атамбаев “чалган балчыктан” чыга албай келе жаткандыгы ушундай абалга түртүп койду.

Расмий бийлик үчүн Текебаевге караганда, Бабанов бир топ опурталдуу экендиги маалым. Бабановдун президенттикке болгон амбициясы эле эмне деген коркунуч жарата алат. Текебаев болсо, абакта учурунда президент болчу учурун өткөрүп жибергендигин айтканы бар. Анын үстүнө Текебаев каржылык жактан чектелүү. Түштүк тарапта анчалык деле аброюу бийик эмес. Батышчыл саясаты карманганынан улам  карапайым калктын арасында анчалык деле колдоого ээ болбой келгендиги белгилүү. Ошенткен менен Текебаев саясаттагы узак жолунда абакка отуруп чыгышы менен өзүн саясатта бир топ реабилитация кылып алгандыгы анык. Учурда коомчулуктун жоон топ колдоосуна ээ.

Бийлик менен Текебаевди бириктирген эмне?

Расмий бийлик Текебаевди абактан бошотуу аркылуу өлкөдө Атамбаев камалгандан кийинки чыңалууну басаңдата алды. Бийлик мындай кадамы менен эки коенду бир атып, саясий максатын бекемдегенге кадам таштады. Бир жагынан Текебаевдин жактоочуларын ыраазы кылуу менен саясатта кимдер менен болорун тактап, аныктап алгандай таасир калтырат.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Текебаевдин ортосунда буга чейин жекелик түрдө кер-мур айтышкан айрым учурлар эле болбосо, анчалык ажырымды байкоого болбойт. Тескерисинче саясий көз караштары жагынан окшоштуктары бар. Текебаев узак жылдар социалистик көз караштагы “Ата  Мекен” партиясынын лидери катары батыштын баалуулуктарын колдоп келет. Кезинде парламенттик башкаруунун атасы катары таанылган. Азыр деле андай көз карашынан чегинген жок. Президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден көп өтпөй Евросоюз менен мамиле түзөөрүн колдогондугун билдирген. Демократиянын атасы АКШ менен жаңы кызматташтык келишимин түзүп жаткандыгы маалым. Негинен кыскартып айтканда экөөсү тең демократиялык көз караштагы саясатчылар.

Мындан сырткары Президент Жээнбеков да кезинде Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Ош облусун жетектеп турганда Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетишине себепкер болгон. Ал эмгеги менен республиканын түштүгүндө тынчтыкты сактап калууга ири салым кошо алган.

Ал эми Бабановдун бозгундан келишинин себептерин эки жактуу божомолдогондор жок эмес. Биринчиси, Атамбаев камалгандан кийин буга чейин расмий бийликке анчалык ичи чыкпай келген Талас облусунун элин ыраазы кылуу максатында Бабановго келгенге уруксат берилди дегендер да жок эмес.

Экинчиден, Бабанов капчык десе капчыктуу, өлкөнүн ичинде эле эмес сырткы өлкө жетекчилеринде тааныш-билиш дегендей таасири күчтүү. Азыркы бийлик үчүн оңой-олтоң саясий фигура эмес. Расмий бийликтин кичине бели бекчейип тургандан пайдаланып, арканды узун таштап турган учуру.

Айрым  белдүү саясатчылардын айтымында анын өлкөгө келишинин артында сырткы күчтөрдүн “колу” бар экендиги айтылып келет. Кезинде Атамбаевдин бийлиги анын мындай аракетин байкап калып, куугунтукка алганын коомчулук жакшы билет.

Текебаев Бабанов биригүүсү мүмкүнбү?

Кыргыз саясатында ар кандайлар болуп кетиши турган иш. Бу жээк менен тиги жээк бүгүн душман, эртең дос. Бул көндүм адатка айланганы качан. Текебаевдин Өмүрбек Бабанов премьер-министрлик кызматтан алып түшкөнү эле болбосо, анчалык деле бет келишпес душмандар эмес.

Биригип кетүү божомолун да четке кагууга болбойт. Бирок, Текебаевдин абактан кийинки айрым билдирүүлөрүнө караганда, азырынча бийлик менен тилектеш экендиги байкалат. Алардын биригүүсү бийликтин мындан кийинки кадамдарынан көз каранды болору айныксыз.

 
Categories

Парламентти монополдоштуруу өлкөдө туруктуулукка салым кошпойт

Президенттиги кезинде Атамбаев бүтүндөй бийликти монополдоштуруп алган. Ал кезде парламентке түрдүү партиялар келген менен алардын көпчүлүгү президент жана анын аппаратынын көзү менен айланып, кантип болбосун башкаруучу коалицияга кирүүнү эңсешчү. Кемсинтип тепкилесе да “бай жакшы” дешип, “токол” катары коалицияга мүчө болууну артык көрүшчү.

Атамбаев жана жан-жөкөрлөрү буга да канааттанбай Жогорку Кеңешти биротоло монополошотуруп, ал жерге көп болсо 3 партиянын келишине жетишүүнү көздөп, бул үчүн шайлоо босогосун 7%дан 9% көтөрүүнү максат кылып коюшкан.
Атамбаев аны турмушка ашырууга жетише албады. Бирок Сооронбай Жээнбеков ал линияны бекем карманып, турмушка ашыруу багытында баратат. Жакында эле президент Жээнбековду колдогон депутаттар тобу даярдаган шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү экинчи окууда кабыл алынды. Анда дал ошол 9%дык босого кабыл алынды. Башкача айтканда, Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялар шайлоого катышкан жарандардын кеминде 9%нын добуш алыш керек. Мына ошондо гана алар парламентке келе алышат.
Бул Кыргызстанда Жогорку Кеңешти монополдоштурууга алып келет. Анткени 9% алуу оңой эмес. Байкап көрүңүз, 2015-жылы Кыргызстанда 2 млн. 761 миң шайлоочу катталган. Анын ичинен 1 млн. 589 шайлоочу добуш берүүгө келген. Эгерде, 2015-жылы 9% босого болгондо “Ата Мекен”, “Бир бол” партиялары өтпөйт эле.
Босогону жасалма түрдө көтөрүү, мына ошону менен парламентти монополдоштуруу республикада саясаттын парламенттен көчөгө чыгуусуна алып келет. Парламентке келбей калган партиялар, саясатчылар өз максаттарына жетүү үчүн көчөдө акцияларды уюштурууга аргасыз болот. Бул өлкөдө туруктуулукка салым кошпойт.
Тескерисинче, азыркы кезде дүйнөдө парламентке өтүү босогосун төмөндөтүү коомдогу түрдүү палитрадагы күчтөрдүн парламентке келишине шарт түзүү тенденциясы бар. Маселен, Израилде босого болгону 3%, кечээ жакында Грузияда босого деген алынып салынды.
ПАСЕ парламентке өтүү үчүн босого 3% болсун деп сунуштайт.
Негизи Кыргызстанда шайлоо мыйзамын эмес, бийлик системасын өзгөртүү максатка ылайыктуу. Анткени бизде шайлоо эле эмес, аралашма болгон бийлик системасы аксоодо. Биздегидей эле кырдаал Украина жана Молдовада түзүлүп, бийлик натыйжалуулугу төмөндөп, саясий кризистер токтобой келатат. Бул өлкөлөрдө да биздегидей аралашма система.
Ошондуктан Кыргызстан таза парламенттик же таза президенттик бийлик системасына өтүүсү зарыл. Бул бийлик системанын кайсы бирине өтүүнү калк референдумда аныктап, ошого жараша конституция кабыл алыныш керек. Мына ошондо өзгөрүү, динамика, алар менен бирге жоопкерчилик жана натыйжалуулук пайда болот.

 
Categories

Кыргызга тийбеген кумтөр алтыны

Кумтөрдөн көз карандылыктан чыгуу жөнүндө 24-июнда президент катышкан жыйында сөз болду. Чындыгында Кыргызстан Кумтөрдөн Ички дүң продукция жана өнөр жай өндүрүшүн көрсөткөн кургак сандар жагынан гана көз каранды. Экономикага реалдуу салымы болсо чектелүү. Муну биз сандар менен далилдейбиз.

Кумтөр алтын кенинде жыл сайын 17-18 тонна алтын казып алынат. Бул 700-800 млн. доллар турат. “Центерра” ушунча алтынды казып алуу үчүн 2019-жылы 191 млн. доллар сарптайбыз дейт. Бирок алардын чынында канча акча сарптаганын Кыргызстан так билбейт. Анткени “Центерранын” бухгалтериясын карай албайт, текшере албайт.

12 кишиден турган Директорлор кеңешинде Кыргызстандын болгону 3 өкүлү бар. Кенди казып жаткан же оперативдик башкаруучу “Кумтөр голд компанинин” жетекчилиги бүтүндөй канадалыктар…

Кыргызстанда айрым патриоттор мына ушул абалды өзгөртүүгө көп аракет жасады. Бирок эч кандай натыйжа чыкпады. Тескерисинче алар куугунтукталды, камалды. Садыр Жапаровдун азыркы аянычтуу тагдыры анын күбөсү…

Мына ушундай абалдын түзүлүшүнө биринчи кезекте мурунку президент Аскар Акаев күнөөлүү. Ал бул ишти 2003-жылы өз колу менен жасаган. Ал кезде Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшү 67% болуп, мына ошол жылы кенди башкаруу кыргыз өкмөтүнүн колуна өтүш керек эле.

Буга жол бербештин айласын коррупциялашкан Акаев жана канадалык аферисттер таап, “Центерра голд инк” деген компания түзүшкөн. Анын курамына Кумтөрдөн сырткары АКШ, Түркия, Монголиядагы алтын кендер кирет, мына ошолордун баарын кошкондо Кыргызстандын үлүшү 33% болот деп элди, мамлекетти көз көрүнөө алдашкан.

Кийинчерээк АКШда дагы, Түркияда дагы, Монголияда дагы “Центерра” ээлик кылган эч кандай кен жок экени айкын болду. Бирок кылым аферасы жасалып калган эле. Акаев 33%дын 17% да дароо сатып жиберген. Бул чыныгы чыккынчылык, көз боемочулук болгон…

Мына ошондон кийин Кумтөр кыргыз өкмөтүнүн колунан да, көзөмөлүнөн да толук чыккан.

Бакиев учурунда “Центеррада” Кыргызстан үлүшү көбөйтүлгөн. Бирок андан эч кандай сапаттуу өзгөрүү болгон эмес. Директорлор кеңеште кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү үчөө бойдон калган, оперативдик башкаруу да канадалыктар колунда кала берген.

Атамбаев жети жыл бою анткорлонуп жүрүп, Кумтөр боюнча эч нерсе жасабады. “Өлгөн үстүнө көмгөн” кылып 4 млрд. долларга жакын алтыны бар Жерүйдү 100млн. долларга сатып жиберди…

Кумтөрдүн көрсөткүчтөрүнө келсек, 2018-жылы Кумтөр Кыргызстан өнөр жайынын 18.14% берген, жалпы ИДПнын 8.6% берген. Бул өтө чоң көрсөткүч. Ошондуктан Кумтөр өндүрүштү бир аз кыскартса эле ИДПга, өнөр жайдын көрсөткүчтөрүнө олуттуу таасир эте баштайт. Өкмөт жана президенттин корккону ушундан. Алар ИДП, өнөр жай төмөндөп кетти дегенден коркушат. Анткени анын саясий таасири болот.

Ал эми Кумтөрдүн бюджетке кошкон салымы андай бараандуу эмес. Ал жыл сайын болгону 80-85 млн. доллар же 6 млрд сомго жакын салык төлөйт. Бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн 25/1 бөлүгүн гана түзөт.

Карап көрүңүз, каржы министрлиги быйылкы жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн дээрлик 150 млрд. сом деп белгилеген. Кумтөрдүн бюджетке төлөгөнү 6 млрд. сом. Демек, Кумтөр бюджеттин киреше бөлүгүнүн 25тен 1 бөлүгүн гана берет…

Ал эми биздин мигранттар которгон акчанын суммасы 3 млрд. долларга жакындап баратат. Улуттук банктын эсеби боюнча, 2018-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 2 млрд. 685 млн. доллар же 188 млрд. сом которушкан. Банктык которуу эмес, башка жолдор менен алып келген акча канча экени белгисиз. Бирок ал дагы бир топ сумма болот.

Мына ушул мигранттар бир жылдык бюджеттен көп акча которуп, ички базардын кыймылдап турушуна, салыктардын төлөнүшүнө, улуттук валюта сомдун туруктуу болушуна эбегейсиз салым кошууда.

Кумтөрдө болсо алтын түгөнүп баратат, бирок Акаев аферасы гүлдөгөн бойдон турат…

 
Categories

Алканованын иликтөөсү боюнча Токтакунов үн катты

Журналист  Элнура Алканованын иликтөөсү    боюнча “Азаттыктын” алып баруучусу Али Токтакунов үн катты. Ал бул туурасында фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Биздин иликтөөдөгү документтер анык. Иликтөө дагы уланат. Күтүп аткандар, чыдабай аткандар, “диван эксперттери”, фейктер жана башкалар сабыр кылгыла. Дебат, маек же ушул сыяктууга чакырган кесиптештер, иштейли. Колуңардан келсе өткөндө Искендер Матраимовду чакыргандай Райымбек Матраимовду эфириңерге алып келгиле. Анан кел десеңер башка кеп. Мен ага суроо бериш үчүн барам. Болбосо башка жерден карматпай жүрөт. Суроолорум көп.  Эл үчүн арналган кымбат эфирди журналисттерди кайым айтыштыруу менен толтуруу элди сыйлоого жатабы? Кыргызстанда коррупционерлер, бажыдан же башка жактан арам байлык топтогондор азбы? Кесиптештер, андан көрө ошолорду иликтөөгө, жүзүн ачууга чакырам. Бул журналисттин анык милдети.
Кайсы бир саясатчынын же көпөстүн каалоосуна жетеленип калбайлы. Негизги маселеден көңүлдү алагды кылуу, анык коррупциялык көрүнүштү эптеп жокко чыгаруу, ачылып калган былыктарын унуттуруу аракеттери болуп атканын буга чейин жазгам. Карапайым эл менен эсепсиз акчалуу көпөстөрдүн, журналисттер менен жалданмалардын күрөшү кескин курчуганын дагы айтам”,-деп жазган Токтакунов.

"Азаттыктын" иликтөөсүндөгү документтер анык. Иликтөө дагы уланат. Күтүп аткандар, чыдабай аткандар, "диван эксперттери"…

Опубликовано Ali Toktakunov Воскресенье, 16 июня 2019 г.

 

 

 
Categories

Депутаттык комиссиянын Атамбаевге алы келеби?..

8-июнь күнү экс-президент Атамбаевдин Жогорку Кеңештин депутаттарынын адресине карата адаттагыдай эле катуу сөздөрдү айтканы белгилүү. Баягы “чимкириктер” дегенин кайра кайталаган. Депутаттар ал учурда шайлоочулар менен жолугушууда экендиктерине шылташып, учурунда үн чыгарышкан эмес. Негизи торпок кездеринде сүздүрүп койгондой эле таасир калтырып келет. Же экс-президент алардын баш көтөргөндөрүн бирден караңгы жерге каматып, “сүзгүлөтүп” коюп жатабы? Мындай имиштер да коомчулукта жок эмес.

Айтор, андан төрт күн өткөрүшүп, өткөн жумада жыйынга чогулушканда бул маселени көтөрүп чыгышкан. Комитет төрагалары 15 мүнөттөн сөз алышып, жакшы эле бакылдашкан. Алардын мындай аракетине карата коомчулукта атайын даярдалган деген сыяктуу бир топ сындар да айтылган болчу. Экс-президент Атамбаев тараптагылар анын артында кимдердин кызыкчылыгы бар экендигинен бери айтып чыгышкан. Негизгиси эл өкүлдөрү буга чейин боло келген саясий оюндардын чийини менен кыймылдап жатышкандыгы карапайым көзгө деле байкалган. Аны четке кагуунун деле кереги жок.

Ал турсун экс-президент Атамбаев тарабынан айтылган сындарды айрым эл өкүлдөрү өздөрү деле ичтен туура көргөндөрүн айтып жүрүшпөйбү?.. Бир кездеги кожоюну баштан ылдый кандай жугунду куйса деле ичтен сызып отура берүү аргасыздыгы бар. Спикер сиз бизди коргошуңуш керек? Сиз унчукпай отурасыз дешип,  өздөрүнө куюлган жугундудан да саясий оюн издемиш болгондон башка аргалары калбай калгандыгына  чейин түшүп кеткендиктерине баш чайкагандан башка арга жок. Өздөрүнүн укуктарын өздөрү коргой алышпагандан кийин алардан өлкөбүз үчүн кандай реформа же ийгиликти күтүүгө болот? Андан көрөкчө тарайлы, болбой калды дешип, чындыкты моюнга алышса коомчулук да колдоп беришмек.

Андан соң Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүп жиберишкен.  Ал комиссияга Атамбаевдин жеке өзүнө карата жакшы эле таарынычы барлар  Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев, Канат Исаев, Талант Мамытов жана башкалар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова,  Максатбек Эгембердиев, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков киришкен.

Ал эми бүгүн Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия алгачкы отурумга чогулууда. Жыйынга мурунку президент Алмазбек Атамбаевди же анын өкүлүн катышууга чакырышкандыгы маалым болду. Атамбаев ал чакырууга көңүл деле бөлбөсө керек?..

Айрым бир саясий эксперттердин, саясатчылардын маалыматына караганда, жогоруда аты аталган комиссия экс-президентке сес берип коюу үчүн гана жыйылып жатышканы айтылууда. Баягы эле жеке таарынычтын деңгээлинен аша алышпайт деген да жүйөөлөр арбын.  Ага карата кандайдыр бир кылмыш ишин чечкиндүү козгоп жибергенге жетишиши да күмөн. Мыйзам боюнча комиссия өздөрүнүн ишинин жыйынтыгын Башкы прокуратурага өткөзүп бериши керек. Андан соң башкы көзөмөл мекемеси эмне сөз айтат, эмне жыйынтык чыгарат? Ал да өзүнчө талдоону талап кылат. Комиссия канчалык эркин боло алат ал да күмөн. Баягы эле жогор жакты кылчактамай. Ал жактан кандай ишараат болот, ошого карап иш кылмай. Кыргызда “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы”-деп, бекер айтылбайт эмеспи. Анын үстүнө комиссия курамына киришкен эл өкүлдөрүнүн бул маселеде канчалык кесиптик дараметтери да шек жаратпай койбойт.

Экинчиден, абактагы саясатчы, учурунда Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча демилгени көтөрүп чыккан Өмүрбек Текебаевдин айткандарында жүйөө бар. Алгач Атамбаевдин 6 жылдын ичинде кылган иштериндеги кылмыштын белгилерин так, далилдүү изилдеп чыгуу кажет. Ал эртең, бүрсүгүнү акталып чыгуусуна жылчык болбошу керек. Бул жагынан алганда экс – президенттин ишинде күмөндүү жагдайлар арбын экендиги коомчулук көзүнө деле өөн эмес экендиги маалым.

 
Categories

Жасалма документтер. Чуу жараткан миллиондор боюнча Алканованын иликтөөсү. (видео)

Эки жума мурда “Азаттыктын” “Кыргызстандан изи сууган миллиондор” аттуу иликтөөсүндө банктын дүмүрчөктөрү деп көрсөткөн кагаздар дүмүрчөк эмес эле, акча которууга билдирмеби? (заявка) Бул туурасында белгилүү журналист Элнура Алканова атайын иликтөө жасап, жаңы жагдайларды таап чыккан.

Алканова аны аныктоо үчүн эксперимент жасап көргөн. Ал үчүн дүмүрчөктөрдө жазылган Түркиядагы банкка барышып, Кыргызстанга акча которушкан. Андан соң, алынган дүмүрчөк менен Али Токтакунов көрсөткөн дүмүрчөктү салыштыра келгенде, “Азаттык” көрсөткөн дүмүрчөктө бир топ орфографиялык  жана грамматикалык каталар бар болуп чыккан.

Ошондой эле, Матраимовдордун эсебине акча которгон Сайматинин колу да америкалык Адам Стэнфилд аттуу жаранга тиешелүү экенин интернет көрсөтүп берген.

Сайматинин колу коюлган документтер жасалма же чын экенин Алканованын иликтөөсүнөн көрөлү.

 

 
Categories

Токой агенттигине “Ширшовдун схемасын” алып келебиз дегендер кимдер?..

Деги ушу жердешчилик, тууганчылыктын арты менен кызмат, байлыкка жетүү деген балээден кутула албай койдук. Бул оору элибиз эгемендик алган күндөн баштап эле кулачын жайган. Анан гүлдөдү, өстү, өндү дегендей азыр деле туу чокусуна жетип турган учуру. Кыргыз бийлигин, элин ичинен иритип, жеп түгөтө турган абалга келип калды.

Учурда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин жетекчилигинин ишине тоскоол жаратып,  дал ушул оору бутунан тушап, жүдөтүп туру. Жердешчиликкке таянган бир ууч топ Коопсуздук кеңешинен баштап, вице –спикер, Мамлекеттик кадр кызматын кучагына алып  акыркы эле эки ай аралыгында агентикти текшерүү максатында үч комиссия түзүлгөнү мунун далили.

Мынчалык дуу түшүп комиссияны түзүүгө эмне себепчи болду десең? Баягы эле бийлик, байлык талашмай. Эки жолку революциянын каарманы, демократ, учурда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин директору Рустамовду кандай жол менен болбосун кызматтан шыпырып түшүү. Андан соң аталган министрликке өз адамдарын алып келүү, белдүү орундарга жайгаштыруу, коррупциялык схеманы түзүү. Жакынкы аралыкта Токой агентигине келчү гранттарына ээлик кылуу. Кыргызстанда сейрек кездешкен тоо жаныбарларына чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кыргын уюштурууну мурдагыдай эле улантуу. Бул тармакта ири кызыкчылыктар бар экендиги талашсыз.

Себеби, Токой агентигинин жетекчилиги тарабынан тарабынан 7миллион гектарга аңчылык кылууга толук тыйуу салынган. Ошондой эле жергиликтүү тыйуу Марко Пола, теке, каман, эликке 2020-жылга чейин салынган. Мындай жапайы жаныбарларды сактоого болгон аракеттер кимдир бирөөлөрдун кызыкчылыктарына жолтоо болуп келет.

Анда Кадр кызматы тарабынан түзүлгөн комиссиянын маңызына бир аз токтолсок. Комиссиянын түзүлүшүнө мурда Токой агентигинде кадр бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийин кызматтан кеткен Нурмамат уулу Нурдөөлөттүн арызы негиз болгондугу иштин чоо – чайы менен таанышкан адамга дароо эле байкалат. Нурдөөлөт мырзанын агенттикке кызматка келиши да бир топ талаш-тартыш  менен коштолгондугу тууралуу маалыматтар жок эмес. Тилекке каршы, түшүнүксүз жагдайлар менен Нурдөөлөт кызматка алынган. Бул иш Кадр кызматы тарабынан мыйзамдуу деп табылганы да суроо жаратат. Ошону менен катар эле агенттик Кадр кызматына бош турган үч кызмат орундарына конкурс жарыялоону өтүнгөн кат жөнөткөн. Негедир Кадр кызматынын сайтына  Кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматы жарыяланган эмес. Мында да кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктары жаткандыгы байкалбай койбойт.

Баягы эле буга чейин айтылып келген Ширшовдун электр энергиясы тармагындагы коррупциялык схемасы элдин эсинде болсо керек. Андай схема  аталган тармакта азыр деле жашап жана айрымдардын жеке капчыгын кампайтып келе жаткандыгын жокко чыгара албайбыз. Тилекке каршы мындай схемалар мурда жеке кызыкчылыктарын көздөшкөн «башковитый» чиновниктерди кучагына тартса, азыр жердешчилик, тууганчылыкка ыктап, жолдору куушуп бара жаткандыгы байкалат.

Ошондой эле мындай коррупциялык схемалар Бажы, салык тармагында орун алып, алардын жойуу мүмкүн болбой келет. Учурдагы статмаалыматтарга караганда, Бажы тармагындагы дал ушундай коррупциялык схемалардын айынан  50 млрд. доллар Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуулардагы эсептөөлөрдө айырма берип келет. Коңшу Казакстан, Россия Кыргызстандын Бажы тармагына ишеним билдиришпей келе жаткандыгы да бекер эмес.

 
Categories

Токой чарбасы агенттигиндеги “тополоңдун” артында кимдер турушат?..

Саясатта ар кандайлар боло берет эмеспи. Ага акыркы күндөрү таң калбай деле калбадыкпы? Жеке же бир топтун кызматтык кызыкчылыгы дегенде эмне деген шумдуктуу айла амалдардын табылганын, ойлонулганын көрүп эле жүрбөйбүзбү?

Жаңы бийлик келди. Коррупция менен күрөшөт, алардын кекиртегин жулат, жок кылат деген менен айрыкча кыргыз чиновниктеринен айла амал качып кутула албайт экен. Коррупционерлер Кыргызстанды дагы деле талап-тоноп жеп атышат. Мурдагы бийликтегилер каймагын калпып жеп кетишсе, улам кийинкилери эмне калды экен дешип, өлкөбүздүн тоо кен байлыктарынан баштап, мамлекетибиздин казынасына чейин аңтарып- теңтеришкени байкалып келет.

Мындай дегенибиз, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги деген бар. 2010-жылы революция болгондо бир аз убакытка айтылуу демократ Топчубек Тургуналиев агабыз жетекчи боло калган. Эми Топчукени коомчулук жакшы билет. Акыйкаттыгы, мекенчилдигинин азабын абакка чейин жатып тартып келбедиби? 60 жашка чыкканда, карылыгына байланыштуу дешип абактан чыгарышкан. Ошо кишини аталган агенттикте иштетишпей кууп чыгышкан. Эми ал башка сөз.

Коомчулук бул эмне болгон агенттик деши мүмкүн. Аталган агенттик анча байкала бербеген менен чет өлкөлөрдөн, Эл аралык уюмдардан финансылык жардамдар, гранттар арбын келген мекеме экендиги карайым калкка болбосо да Ак үйдөгүлөргө жакшы маалым. Муну жакшы билген мекемеге көз арткан ар кандай саясый топтор, жеке адамдар да ар учурларда пайда болуп келген. Кийинки учурларда дагы бир ушундай топтун пайда болгондугу, саясаттын шайтан оюндары менен алек боло баштагандыктары тууралуу азын оолак кеп салсак.

Балээнин баары бул топтун ана башында ак үй тарапта тургандар бар экендигин да жаап-жашырбашыбыз керек. Коопсуздук кеңешинде А. Кошиев аттуу инспектордун режиссёрлугу менен ишке ашырылып келе жаткандыгы айтылууда. Анан да кызыгы булар бир жерлик экендиктеринде. Акыркы учурларда айрым эл өкүлдөрү да алардын азгырыгына билип элеби же билбестиктенби аралашып кетип жатышканы кызык болууда. Ошол эле А. Касымалиева, У. Ормоновдун Жогорку Кеңештин микрофонунан пайдаланып жатышткандыгы өкүнүчтүү.

Ал эми Токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин коен жатагына чейин жакшы билген стат катчы А. Эркебаевдин директорлук кызматка көзү төрт болуп турган чагы. Бул топтун дагы бир “азаматы” Мамлекеттик кадр кызматынын адиси Атокуров башкалары тууралуу дагы да кеп кыларбыз.

Ал жердеги негизги кызыкчылык тууралуу четин чыгара турган болсок. Балээнин баары жакынкы учурларда агенттикке келчү гранттар болуп жаткандыгында. Тактап айтканда, Швецариянын 10 млн. АКШ доллары гранты. Аталган грант өлкөнүн аймагындагы эскирген пестициттерди утилизация кылганга жумшалат. Мындан сырткары МАГАТЭ тарабынан Кыргызстандагы уран калдыктары сакталган жайларын иретке келтирүүгө 100 млн. евро каралган. Учурда Европа өнүктүрүү банкы бул тармакта иш алып барууда. Ал каражаттын 2 млн. доллары келген. Ал каражаттарга долбоорлор түзүлүп, Миң-Кушта, Кажы-Сайда иштеп жатат, Майлуу-Сууда башталды.

Аттин десең, президенттибиз өлкөдө көптөн бери орун алып, тамырлашып калган коррупцияны жойууга билек түрүнө киришип жатканда жогорудагы айрымдардын дагын эле болсо болгон аракетин жеке кызыкчылыктарга жумшап жаткандыгы канчалык өкүнүчтүү? Көрсө байлык менен бийлик талашуунун карапайым калк, биз жана сиз билбеген сырлары арбын тура.

 
Categories

Эверест чокусу адамдардын өлүгүнө эле эмес таштандыларга да толду

Эверест чокусунан таштандыларды тазалоочу компания 10 тонна акыр-чикир чогултту. Таштандыларды жыйноого Непалдын армиясы да тартылган. Алар мындай иш-чараны 14-майдан бери өткөрүп келе жатышат. Тазалоо иштери  дагы бир жума уланат. Андан кийин чокуда каза болуп калышкан адамдардын сөөктөрүн алып түшүүгө кам көрүшөт.

Аталган компания бул иш-чарага 22,7 миллион доллар короткон. Андагы маалыматтарга караганда, Эверест чокусунун акыр-чикирге толушу ири көйгөйгө айланууда. Булганууга эс алууга келишкен туристтердин жана альпинистердин таасири күч болууда. Алар аркасынан тамак аш калдыктарын жана башка жараксыз буюмдарын калтырып кетишет.

Андыктан Непал бийлиги Эверестке чыгуучу экспедицияга, альпинистерге 4420 евро калтырып кетүүгө милдеттендирүүдө. Алар ал акчаны кайра кайтып келгенден кийин тийешелүу бийлик өкүлү  таштанды калтырышпаганын тактагандан кийин гана кайтарылып берилет. Ал жакты ар дайым таза кармоо үчүн ар бир альпинист өзү менен кошо 8 кг. таштанды алып кетиши керек.

Эверест чокусу: Бийиктиги: деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте.Гималай, Махалангур-Химал чокулары менен чектеш. Түштүк тарабы Непалдын жана Тибет автоном облусу(Кытай) менен чектешет. Түндүк тарабы Кытайдын аймагында жайгашкан. Дал ушул тарабы 8848 метрди түзөт.

Климаты: Эверест чокусунда аябай катуу шамал, бороон болуп турат. Шамалдын ылдамдыгы 55 м/с түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн – 60*С ге чейин төмөндөп кетет. Анын чокусун биринчи жолу 1953-жылы 29-майда Тенсинг Норгей менен Эдмунд Хиллари биргеликте багындырышкан.

Стат маалыматтарга караганда, 1920-жылдан бери Эвересте 200 альпинист каза болгон. Алардын айрымдарынын сөөктөрү азыр да белгисиз болуп келет.

 
Categories

Улуттук валютага 26 жыл же болбосо сомду киргизүүдө Акаевдин ролу…

Кыргызстандын биринчи президентти Аскар Акаев тууралуу ар кандай пикирлер айтылган менен ал кишинин улуттук валюта сомду киргизүүдөгу аракети тарыхыбызда калгандыгын моюнга алганга туура келет. Анда эгемендүүлүк эмне экендигин толук түшүнө эле кыргыз интеллигенциясы үчүн улуттук валюта сом эмне экендигин түшүнүү кайда? Өз учурунда ал аракеттер тобокелчилик менен ийгиликке жетишүүнүн эң бир карлыгач үлгүсү болгондугу көп өтпөй эле байкалган.  Ал учурдагы легендарлуу парламенттин көптөгөн депутаттары каршы чыгышкандыгы да маалым. Ошенткен менен сомдун киргизилиши менен өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүүгө жол ачылган. Кыргызстандагы рубль менен Россиянын карызынан кутулууга эң жакшы шарт түзүлгөн.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан улуттук валютаны биринчилерден болуп киргизген. Бул өз учурунда кошуна мамлекеттердин түшүнбөстүгүн жана каршылыгын жаратканы маалым. Мезгил ошол учурдагы кыргыз жетекчилигинин чечими туура болгонун көрсөттү. Кийин Кыргызстанды сындаган өлкөлөрдүн баары өз валюталарын киргизүүгө аргасыз болушту.

Бүгүн КМШ мамлекеттеринин ичинде сом рынокто эркин кармалып келет.

Бүгүн 2019-жылдын 10-майында Кыргызстандын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө чыгарылышына 26 жыл болду.

Тарыхка кайрылсак, улуттук валюта – сом 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө чыгарылган. Кыргыз сому менен орус рублинин катар колдонулушуна 5 күн – 1993-жылдын 10-майынан тартып 14-майына чейинки мезгил аралыгында гана жол берилген.

1993-жылдын 14-майынан тартып сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражатынан болгон. Эгемендүү мамлекеттин өзүнүн валютасын жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө чечими  өлкө үчүн экономикалык саясатты көз карандысыз аныктоого, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүгө негиз болгон.

Улуттук валютага болгон ишеним, анын сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баа туруктуулугу экономикалык туруктуулуктун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. 26 жыл ичинде кыргыз сому өлкөдөгү мезгил-мезгили менен болгон экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө карабастан өзүнүн туруктуулугун ишенимдүү тастыктай алды.

1992-жылы инфляциянын деңгээли 2000%дан ашык чекке жетип. Ал эми 1993-жылы улуттук валютанын киргизилишинен улам гана жеке акча-кредит саясатын жүргүзүүгө мүмкүн болгон. Бул чаралардан улам инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө шарт жаралып. 1994-жылы инфляция 62,1%, 1995-жылы – 32,1%га чейин ылдыйлаган. Кыргызстандын улуттук валютасы киргизилген күндөн бүгүнкү мезгилге чейин өзүнүн туруктуулугун сактап келе жатат. Сом азыркы учурда КМШ аймагындагы туруктуу валюталардын бири болуп саналат.  АКШ долларына карата сомдун курсу 1993-жылдан бери 15 ирет өзгөргөн. Эгер 1993-жылы 1 доллар 4 сомго барабар болсо, азыр алмаштыруу курсу болжол менен 70 сомдун тегерегинде.