Categories

Мал жандыктар сыртка сатылат

Мал жандыктар сыртка сатылат
Кыргыз өкмөтү 8-январга чейин сыртка мал сатууга уруксат берди.
Бир жума аралыгында ишкерлер коңшу өлкөлөрдөгү өнөктөштөрү менен мурда түзүлгөн келишимдериндеги милдеттемелерин аткарып алышына мүмкүнчүлүк берилди.
Белгилей кетсек акыркы үч айда эттин баасы кескин кымбаттап кеткендигине байланыштуу кыргыз өкмөтү сыртка мал сатууга тыюу салган болчу.

 
Categories

СҮТ ПАЛАТАСЫ ТҮЗҮЛӨТ

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргызстанда Сүт палатасы түзүлө турганын билдирди. Палатаны түзүү боюнча демилгелүү топтун курамына сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, фермерлер жана министрликтин тиешелүү адистери кирген. Бул орган сүт өндүрүүнү кеңейтүү, айыл жеринде сүттү кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу, жеңилдетилген насыяларды берүү, сүттүн баасын турукташтыруу, экспорттоо жана башка ушул сыяктуу маселелер менен алектенет. “Сүт палатасы инфраструктураны өнүктүрүү, ачык-айкын инвестициялык климатты түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча көптөгөн артыкчылыктуу функцияларга ээ болот. Ар бир тармактын өзүнүн адистери бар, тармакты өнүктүрүү жана өзүнүн саясатын жүргүзүү үчүн ассоциацияларды түзүп, олуттуу маселелерди чече алышат”, — деп айткан айыл чарба министри Тилек Токтогазиев палата түзүү боюнча жыйында. Жыл аягына чейин тиешелүү органдар менен Сүт палатасын расмий каттоодон өткөрүү жол-жобосун аяктоо пландалууда.

 
Categories

КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

Дүйнө жүзү боюнча коёндордун жалпы 10 уруусу, 50дөй түрү бар. Баардыгынын алдыңкы буту кыскараак келип, арткылары узун, секирүүгө жана чуркоого ылайыкташкан. Куйругу кыска жана кулактары узун, жүнү жумшак коюу келет эмеспи. Коёндор адатта токой- талааларды мекендешет. Алардын көбүн эсе  КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүнөн, Борбордук Азия, коңшулаш Казакстан, Кыргызстан  жана Байкалдын чыгыш жагындагы чөлдүү, жарым чөлдүү жерлерден көп кездештирүүгө болот. Ал эми бакма коендордун породалары кадимки эле жапайы коёндордон келип чыккан. Бүгүн дал ушул бакма коёндор менен жакындан таанышмакчыбыз.КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

Алёна Колесникова жана анын үй бүлөсүнүн бакма коёндор менен алектенип келе жаткандыгына быйыл толук беш жылдын жүзү болот. Айтымындарында эң алгач коёндорду кызыгуу иретинде эле бир-эки баш кармап көрүшкөн. Кийинчерээк улам көбөйтүп олтурушуп учурда алардын жалпы саны 100гө чукулдаган. Коёндор 6 түрлүү порода. Көбү эт багытындагылар. Мына бул сиздер көруп жаткан коёндордун салмагы 10-12 кг кем эмес. Декоративдик багытагылары, терилери кулпурган түрлөрү, ошондой эле беш жыл мурда эң алгачкылардан болуп сатылып алынган коёндорда бар.КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

 

Негизинен коёндор  8-9 айында жетилет да, 7-10 жылга чейин жашашат. Бөжөктөрү туулгандан1-2 айына чейин энеси менен бирге болот андан соң бат эле тыңып өз алдынча өмүр сүрүүгө өтөт. Адатта бир тууган бөжөктөрдү бир эле торго кармашат. А бирок кийинчерээк ар бирин өз алдынча бөлбөсө бири-бирине каршылык көрсөтүп, алсыздарын тиштегилеп коюусу да мүмкүн. КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

Мындан сырткары бул жайда кооздук учун кармалган коёндор да бар. Адатта алар башкалардан назигирээк келип, жасалма жарыктандыруу, жылуулук талап кылынат. Салмагы да башка коёндордон кичирээк болот.

КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

Жапайы коёндор  көк чөп, ар кыл  тамырларды жей турган болсо, бакма коёндор жем, чөптөн сырткары, сабиз, капуста, кызылча, картошка, дарбыз, коондун да кабыктарын жешет. А бирок жашылча-жемиштерди ченеми менен бербесе тамак сиңирүү органдарынын иштөөсү начарлап кетет. Ошондой эле таза, кышкысын жылуу суунун болуп туруусу талапка ылайык. Суу жаш бөжөктөрдүн өсүшүн тездедет. Ал эми жаңы төрөлгөн коёнго жетиштүү өлчөмдө суу берилбей калса, бөжөктөрүн жеп коюу коркунучу да бар. А бирок баары маалында аткарылса эч кандай ыңгайсыздыктар жаралбайт. Ал эми толук маалыматты төмөндөгү ссылкага баш багуу менен көрө аласыздар.

КЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДАКЫРГЫЗСТАНДА КӨЛӨМДҮҮ КОЁНДОР БАГЫЛУУДА

 
Categories

МААНИЛҮҮ ТОВАРЛАРДЫ ЭКСПОРТТООГО ТЫЮУ САЛУУ СУНУШТАЛУУДА

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу социалдык маанилүү товарларды сыртка экспорттоого тыюу салууну сунуш кылып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, айыл чарба министри Тилек Токтогазиев учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү экенин белгилеген.  Анын айтымында, ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар. Айыл чарба министрлиги экспорттоого тыюу салууну сунуш кылгандардын арасында тирүү мал-жандык, дан эгиндери жана айрым товарлардын түрлөрү бар. Мисалы, бодо мал, кой-эчки, үй канаттуулары, дан эгиндеринен арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну. Министр өсүмдүк майын, кумшекерди, тоок жумурткасын, йоддолгон тузду жана малга берилүүчү тоюттарды да сыртка ташууга тыюу салууну сунуш кылып жатат. Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет.

 
Categories

Кыргызстанда эт өндүрүү акыркы он айда өстү

2020-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда малдын жана тооктун этин жалпы алганда (союла турган мал жана канаттуулар тирүү салмагында) 338 миң 289 тонна өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети баштапкы эсептөөлөрүн чыгаргандан кийин кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 333 миң 336 тонна эт өндүрүлгөн. Быйыл он айдагы көрсөткүч мындан 5 миң тоннага көптүк кылат.

Улуттук статистика комитети ноябрга чейин сыртка канча эт жана мал тирүүлөй сатылганын тактай элек.

Кыргызстанда эттин баасы жай айларынан баштап кымбаттай баштаган. Алгач уй жана кой эти 350 сомдон 400 сомго чейин чыкса, айрым жерлерде баа андан да көтөрүлгөн. Статистика комитетинин эсебинде, ноябрь ичи аймактарда уй эти 410-450 сомдон, кой эти 380-450 сомдон сатылууда.

Баалардын өсүшү өлкөдө малдын жана эттин экспорту өскөнү менен түшүндүрүлүүдө. Жандыктардын сыртка сатылышы расмий эсепте бир нече эсе көбөйсө, расмий эмес эсеп андан да арбын. Анын ичинде мал негизинен Тажикстанга жана Өзбекстанга жөнөтүлүп жатат.

Бул жагдайга байланыштуу 19-ноябрда Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги социалдык маанилүү товарларды, анын ичинде тирүү малды сыртка экспорттоого убактылуу чектөө киргизүүнү сунуш кылды. Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет.

 
Categories

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюндарынын жандануусу менен бирге эле өлкөнүн улуттук оюндары болгон кыз куумай, улак тартыш, ат жарыш өңдүү ар кыл оюндар  көпчүлүктүн кызыгуусун артырууда. Мындан улам бул тармакка кайрылып, дал ушул улуттук оюндарга арнап  ат жандыгын баккандарда жыл санап өсүп барат. Алардын бири саяпкер Сыймык Аламанов . Кереметүү Ысык-Көл жергесинин кулуну.  Ат үстүндө шамалдай ойногон каарманыбыздын бала чагы жылкы баласын асыроо менен өткөн. Бара-бара бул жандыктыктарды  көбөйтүү, жасалма уруктандыруу жолдоруна кызыгып олтуруп, чет элден мал догдурлук  билим алып келген. Эми минтип топтогон тажрыйбасын өлкө кызыкчылыгына арнап ат фермалардын биринде иштеп келет. Заводдо жалпысынан таза кандуу асыл тукум жылкылардан 50 баш кармалып, өлкө желегин желбиретүү менен байгелүү орундарга ээ болот деген терең ишенимде багылууда.

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

Сыңар туяктуу жаныбарлар уруусуна кирген жылкы баласынын баары эле жорго салууга же ат чабышка жарай бербейт. Жорго салышта, чаап бараткан ат, бир жагынан экинчи жагына оодарылып, эки туяктын эле дүбүртү угулуп тураарын буга чейин эле саяпкерлер айтып келишкен. Жорголор адатта  эки туягын бирдей таштап,  бирдей чабып, мындайча айтканда аттын туяктары жупталып бирдей көтөрүлүп, бирдей жерге шилтелип чабылат эмеспи.  Сыймык Аламанов эмгектенген бул заводдогу  жылкылардын дээрлик баары дал ошондой жорголор.

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

Жорголордун байгеге ээ болуусуна бир гана жылкынын күлүктүгү себепкер болбостон аны чаптырган чабандестердин да тажрыйбалуу болгону чоң мааниге ээ. Мындан улам Сыймык Аламанов чабандестерди да үйрөтүп, жорго салыштын  ар кыл ыкмалары менен бөлүшүп келет.  Жылкы заводдо жалпысынан 4 чабандес бар. Алардын бири Бекжан Керимкулов. 16 жашынан бери спорттун бул түрү менен электенип келет. Айтымында аттын кулк мүнөзүн, жүрүш-турушун аңдап билүү кажет ал тургай, алардын салмагын да текшерип, жылкы баласы менен кошо өздөрү да  салмак кууган учурлары да көп кездешет.

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

А булар «суу төгүлгүс жорголордун» кулундары. Баардыгы табигый жол менен алынган. Саяпкер бул кулундарды багып жетилтүү менен бирге эле 1,5 жашынан тарта эле ат чабышка кошо баштайт.

 БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

Өлкө желегин алыскы аймактарда желбиретип келген жылкылар бул жайда быйылкы жылдан тарта жасалма уруктандыруу жолу менен көбөйтүлүүдө. Бул үчүн атайын аппараттар сатылып алынып, лаборатория түзүлгөн.

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

Азыркы  кезде  жылкынын 200ден ашык породасы белгилүү болсо бул фермада анын үч түрү багып өстүрүлөт. А жалпылап караганда жылкылардын дене түзүлүш бирдей, бирок бири-биринен  дене мүчөлөрүнүн пропорциялары менен айырмаланып турат. Аргымактар өз ичинен чуркоого ылайыкташкан тукумдарга,  ошондой эле түгү узунураак келген суук климатка ылайыктанкан түрлөрүнө жана  дене түзүлүшү кубаттуу болгон, оор жумуштарга туура келүүчү тармактарга бөлүнөт.

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

 
Categories

ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.

Бөдөнө бул кадимки кыргоолдор тукумундагы канатуу. Жапайыларынын денесинин узундугу 20 см ге чейин жетип, салмагы бар болгону 100-150 граммды түзөт. Өңү көбүн эсе чаар-ала келип, жону ак темгилдүү, боору пародасына жараша агыш, сары болот. Жапайы бөдөнөлөр Европа, Азия, Африка, Индияда, O. Азиянын түштүк жактарында  көп кезигет.  Ал эми Кыргызстандын ойдуң жана тоо арасындагы талааларында көп учурайт айрымдары Кочкор, Чүй өрөөнүндө кыштап калат дешет адистер. Жапайылары курт-кумурска, өсүмдүк жалбырагын жешип, бадал же куурай, чий арасын уялашат.

ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.

Бул канатуунун эти да, жумурткасы да абдан даамдуу келип үйдө да багышат. Айрымдары бөдөнөнүн сайраганын баалашып, сайроочу куш катары да бирин- экин кармашат, ошол эле маалда ишкерлик кылгандары да бар. Алардын бири Абдулбасит Билалидин уулу. Ал дин илимдери боюнча  мугалим. Ага эри-шаркак жарым жылдан бери бөдөнө багуу менен да алектенип келет. Дүйнө жүзүндө бөдөнөнүн 8 пародасы бар. Ал эми Кытай эли соңку мезгилде мутация жолу менен дагы 11 түрүн жасап чыгышкан. Ар бир пароданын өзүнө тиешелүү дене тузүлүшү, кулк мүнөзү, жашоо образы сыяктуу уникалдуулуктары бар деген каарманым, бүгүнкү күндө бөдөнүн беш түрүн асырап келет. Алар эт багытындагы фараон, феникс, техас ал эми  жумуртка багытындагы япон, англис бөдөнөлөрү.

ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.

Бөдөнөлөр атайын аппаратта инкубатор жолу менен чыгарылат. Эгерде электр жарыгы өчүп калса, анда жумурткалардан балапан чыкпайт. Жумуртканы он төрт күн бою ар бир 6 саатта оодарып туруу керек. Бул убакытта табиятта бөдөнөлөр өз жумурткаларына нымдуулукту, жылуулукту тартуулашып, жумурткасындагы жипчелерин үзбөй тегереткен сыңары эле аппаратта да баардык аракеттер көрүлөт. Адатта инкубатор аппаттары чет элден атайын буйрутма менен кымбат баада сатылып алынып келинсе, бул жайда фермер баардыгын өзү колго жасап чыккан. Кызыгы бул аппарат заводдон чыккан аппараттардай эле эч кынтыксыз жөжөлөрдү өз убагында басып чыгаргандыгында. Айта кетчү жагдай бөдөнө  жумурткасын толук 16–18 күндө басып чыгарат.

ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.

Фермердин айтымында  бөдөнөлөр назик, камкордукту талап кылган канаттуу.  Мындан улам балапан кезинде өзгөчө көңүл бөлүп аларга энесиндей эле мээрим төгүү менен кароо кажет дейт. Кезинде карай албай  бир эле учурда 50-60 балапанын өлтүрүп алган учурлары да болгон.

ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.

 

Учурда бул жайда 300дөй бөдөнө багылат.  Аларга жеми, суусу өз убагында берилбей кечигип калса эле бири-бирин чокуп баштайт. Мындан улам фермер  сууну үзбөй берүүнү сунуштайт. Ошол эле маалда жем да үзүлтүккө учурабоосу зарыл. Балапандары бир жумалык боло баштагандан кийин аларга курт-кумурскаларды, сөөлжан бере баштасаңыз бат торолот. Ошол эле маалда атайын иштеп чыгарылган жемдерин да колдонсоңуз болот.

ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.

Жумуртка алуу үчүн 3-4 бөдөнөгө бирден короз болушу керек. Алардын эркек ургаачысын сырткы көрунушөн эле таанысаңыз болот. Эгерде көбөйтүү максатында эмес жөн гана жумурткасын кунумдүк тамак ашка колдоном десеңиз эркегин бакпай деле койсоңуз болот. Анткени бөдөнөлөр кадимки тооктор сыяктуу эле биологиялык жактан жумуртка тууганга жөнөмдүү. Болгону ал жумурткаларынан балапан чыкпайт. Бөдөнөлөр адатта эки айдан соң тууй баштайт. Бөдөнөнүн жумурткасын муздаткычта сактаган туура эмес. Анткени адамдын денесинин орточо температурасы 37 градусту түзсө, бөдөнөнүн денесинин температурасы 47-50 градусту түзөт. Мындай учурда бул канаттуунун организминде бир да микроб жашай албайт. Ошондуктан жумурткасын ысык эмес, салкын бөлмөдө сактоо жетиштүү. Жылына бир бөдөнө 250-300 жумуртка берет.

ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.

Кызыгы бөдөнөлөр да адамдар сыяктуу эле стресске кабылат. Алар  катуу чыккан үндөн чочуп, стресске кабылып, жумалап жумуртка туубай калышы да толук мүмкүн. А тугүл кызыгып, көрүү үчүн келген чоочун адамды да жактыра беришпейт. Аны катуу үн чыгарып, кыйкыруу менен билдиришет. Бөдөнөлөр көп илдеттерге чалдыга беришпейт. Бул алардын иммундук системасы жогору экендигинен кабар берет дейт фермер. Ооруган маалында деле өзгөчө дарылоо ыкмасы колдонулбайт, 2-3 күндүн ичинде эле сакайып, кайра аралашып кетишет.

ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.

Балким дал ушул бөдөнөлөр көп илдеттер менен жабыркабагандыктан адамдын организмне чоң пайда алып келеттир. Бөдөнөнүн этин жана  жумурткасын дарылык үчүн сатып алышат. Кадимки тооктун жумурткасынан үч эсе кичине болгону менен көптөгөн ооруларга табылгыс дары дешет серепчилер. Мындай пайдалуу жандыктын эти да,  жумурткасы да жогору бааланат. Маселен бир килограммы 800дөн 1300 сомго чейин жеткен учурлары да болот.

ЧЫГЫМДАН КИРЕШЕСИ ҮЧ ЭСЕ КӨП. БӨДӨНӨ БИЗНЕСИ.

 
Categories

ӨЛКӨДӨГҮ ЭҢ КООЗ БАКТАР КАЙДА ӨСТҮРҮЛӨТ?

Ийне жалбырактуу өсүмдүктөр, гүлдөй турчу бадалдар, чырмалышкан өсүмдүктөр, мөмө берүүчү бадалдар, өзгөчө форма менен өсө турчу өсүмдүктөр мунун баардыгын  Чүй боорунда жайгашкан ажайып жашыл ааламдан тапсаңыз болот. Республиканы жашылдандырууга белсенип иштеп келе жаткан  багбандардын  түзүлгөндүгүнө быйыл 15 жылдын жүзү болот.  Алгач Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында негизделген бакча борбор кийинчерээк Чүй жересинде да кеңсесин ачкан. Бул жайда бүгүнкү күндө өсүмдүктөрдүн  350 түрү багылып коомчулукка сунушталып келет. А жылына жыйырма, отуз миңден 100 000 данага чейинкилери өлкөнүн жети дубанына таратылат. Бакчанын көркөм өсүмдүктөрүн борбор калаанын көрүнүктүү жерлеринен, элчиликтерден, меймаканалардын тегерегинен а түгүл мамлекеттик практардан да кезиктире аласыз.

Тарых барактарына көз чаптыра турган болсок кооздук үчүн өстүрүлгөн эң байыркы гүлдөрдүн бири бул розалар. Бул гүлдөрдү адамдар мындан беш миң, алты миң жылдар мурда эле багып келишкен дешет. Розаларды сүйүүчүлөр азыр да аз эмес,  миңдеп саналат. Ошол эле учурда Кыргызстанда сейрек кездешүүчү Лилия гүлдүүлөр тукумун, Грейг жоогазынын, Чымылдыктар тукумун, Айгүл гүлүн бааландарда арбын. Дал ушул сыяктуу ар кыл кооздуктагы өсүмдүктөрдү багуу,  жашыл чарбаны өнүктүрүү да  билген адамга чоң эрдик.

 
Categories

КУТ ДАРАК

Өлкө ичинде «Кут дарак» деген ат менен таанымал болгон «Павловния» багынын тарых таржымалына  «Азыркынын азаматтары» автордук көрсөтүүсү кызыгып көрдү.

Мекени түштүк Кытай болгон бул тропикалык өсүмдүктү , ХIХ  кылымда соодагерлер  Орусия  аркылуу Европага алып барышып, Орус падышасынын кызы Анна Павловнанын урматынына «Павловния» деген ат коюшкан.  А бүгүнкү күндө  бул касиеттүү дарактын  28 сорту бар. А Кыргызстанда «Шантонг» деп аталган түрү өстүрүлүп келет. Анын өзгөчөлүгү суукка чыдамдуулугунда. Негизи эле кут дарак тез жетилип,  5-6 жылдын ичинде пайдалууга жарай баштайт. Даракты үй курууда, ар кыл эмеректерди жасоодо, декоративдик багытта, музыкалык аспаптарды иштеп чыгарууда кеңири колдонушат. Ошондой эле сырткары медицинада, косметалогияда да  жогору бааланат. Мындай баалуу даракты ишкерлер жыл санап көбөйтүп, өлкөнүн жети дубанына жайылтуунун үстүндө иштеп келишет. Алардын бири Нуралы Чырмашев.

 
Categories

ҮНДҮК БАГУУ КИРЕШЕЛҮҮ ТАРМАК

Гүлчоро Аксакалов үч жылдан бери үндүк багып келет. Алгач бар болгону базардан 35 баш үндүк алып келип багып, кийин алардын санын 1000 чейин жеткирген. Учурда жетилген балапандарын сурагандарга таратып өзүнө жүздөн ашыгын алып калган. Айтымында Кыргызстан боюнча ири тоок баккан фабрикалар болгону менен үндүк фермалары жокко эсе. Мындан улам дал ушул үндүктөрдү багып жайылтуу максатында иш баштаган.

Үндүктөрдүн тамактануусу чоң түйшүк.  Бир үндүкккө күнүнө 150 гр консентрат тоют керектелет. Жемине 50% буудай, 40% арпа, 10% жүгөрү кошсо туура болот. Мындан сырткары колго ар кыл чөптөрдөн салаттар, жер-жемиш, мөмө-жемиштерди да берсе  болот. Ошондой эле балапан кезинде ачуу пияз, сарымсак, калемпир сыяктуу азыктар да берилет. Анткени үндүктөр ачуу нерсени жактырышат жана тамакка болгон табити жакшырып, тез жетилет. Мындай ыкма, кеч күздө кышка жакын семиртүүдө да колдонулат. Көбүн эсе ишкерлер үндүктөрдү жаңы жылга карата семиртип, олжолуу кирешеге ээ болуп келишет.