Categories

Токмок шаардык хатибияты 7 тонна көмүр таратып, майыптарга ысык тамак уюштурушту

Токмок шаардык хатибияты ОО «Биримдик-Токмок» ишканасы жана шаар тургундары менен биргеликте муктаж 30 үй-бүлөгө 7 тонна көмүр таратышты. Ушул эле күнү кайрымдуулук иши шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген үйгө уланып, андагы 250 жаранга түшкү ысык тамак уюштурулду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов: «Кайрымдуулук ишине активдүү катышкан ар бир мекендешибизге жана ОО «Биримдик-Токмок» ишканасына ыраазычылык билдирем. Карымдуулук кылуу үчүн ар бир адам алардын турмушун жүрөгү менен сезүүлөрү керек. Бул ишибизди мындан ары улантууну максат кылуудабыз»,-деди.

 
Categories

Бек-Жар-Кичи-Тээке унаа жолун кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө

2019-жылдын 14-январында болгон катуу шамалдын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагындагы Бек-Жар-Кичи-Тээке ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күрткүсү пайда болгондугуна байланыштуу  унаа жол жабылган.

Жолду тазалоого Мады айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылып, 15-декабрь күнү унаа жолдун 4 чакырым аралыгы тазаланып, жол каттамы бир изге ачылган. 16-январь күнү жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

 
Categories

Ош облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 16-январь күнү саат 06:29да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Өзгөн районунун Чимбай, Кароол жана Мырза-Арык айылдарында  3 баллга, ал эми Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 
Categories

Ошто ымыркайы менен 4-этаждан секирген аял 12 жылга эркинен ажыратылды

Ош шаардык соту колундагы ымыркайы менен 4-кабаттан боюн таштаган аялды 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ош шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 40 жаштагы энеге «адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча айып тагылган. Айыпталуучунун  жактоочусу өкүмгө макул эместигин айтып, Ош облустук сотко даттанды.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында 40 жаштагы аял 10 айлык баласы менен 4-кабаттан секирип кеткен. Анын к есепетинен эне бала жаракат алып, келинге кылмыш иши козголгон.

https://newtv.kg/osh-shaarynda-40-zhashtagy-kelin-balasy-menen-k-p-kabattuu-zhatakanadan-boyun-tashady/

 

 

 
Categories

Кара-Кулжада катуу шамалдан жолдор жабылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагында 14-январь күнү саат  он бир жарымдан тартып болгон катуу шамалдын кесепетинен Ылай-Талаа-Шаркыратма ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күркүткүсү пайда болгон. Ошого байланыштуу айыл аймак башчысынын оозеки буйругунун негизинде унаа жол жабылган. Бул тууралуу  ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Унаа жолду тазалоого КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунан 1 бульдозер тартылган.

Тартылган техниканын жардамында унаа жолду тазалоо иш-чаралары  учурда жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында ушул эле күнү саат 12:30дан тартып катуу шамалдын кесепетинен Бек-Жар-Кичи-Тээке ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күркүткүсү пайда болгондугуна байланыштуу айыл аймак башчысынын оозеки буйругунун негизинде унаа жол жабылган.

Унаа жолду тазалоого Мады айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылган. Жолду кар күрткүсүнөн тазалоо иш-чаралары бүгүн саат 10:30 да башталды.

 
Categories

«Кум-Бел» көмүр кениндеги абал кандай?

«Кум-Бел» көмүр кениндеги «Цзинь Лун» жана «Эркебек» ЖЧКларынын  жаратылыш коргоо мыйзамдарын жана Жер казнасы тууралуу мыйзамын сакталуусуна байланыштуу  текшерүү жүргүзүүүдө. Ошондой эле төрт жерден анализ үчүн суунун үлгүсү алынган. Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды эсептөө боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Кум-Бел» көмүр кенинде жараксыз тоо-тек үймөгүн чогултуу долбоордук чечимден тышкары жүргүзүлүүдө.

Буга катар кен казууда чыккан үйүндүлөр бульдозердин жардамы менен тоо бооруна чогултулган. Жогортодо жайгашкан булак үймөктөлгөн тоо –теги аркылуу агып чыгып, төмөн куя баштаган. Натыйжада, булак суусу тоо тегинин майда урандылары жана көмүрдүн чаңы менен агып баштаган.

«Цзинь Лун» ЖЧК өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү тургундардын жолугушуусу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө аталган компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн ыктыярдуу түрдө скважиналарды казуу милдеттенмесин алышты.

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча «Кум-Бел» көмүр кенин мындан ары иштөөсү/эксплуатацияланышы боюнча тийиштүү сунуштар киргизилет.

Пландан тышкары текшерүүлөрдүн жана алынган суу үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, мурда пландык текшерүү учурунда «Эркебек» ЖЧКсына карата жер кыртышын бузгандыгы үчүн 362 000 сом көлөмүндө айыппул салынган.

 
Categories

Судьялар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттукташты

Бишкек шаардык сотунун демилгеси менен  Бишкек шаарынын судьялары  Токмок  шаарындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү  реабилитациялоо борборунда болушту. Судьялар  борбордогу балдар менен  тарбиячыларды Жаңы жыл менен куттукташты.

Бишкек шаардык  сотунун судьялары  реабилитациялоо борборуна  60 орунга эсептелген шейшеп жана  200 даана сүлгү беришти.

Өз кезегинде   Гульнара Аманбаева башында турган аталган борбордун  администрациясы  судьяларга балдарга көңүл буруп,  керектүү белектерди бергендиги үчүн  ыраазычылык  билдирди.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына инвестицияларды тартууну баса белгиледи

Президент Сооронбай Жээнбеков  Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулун кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда инвестициялык чөйрөнү жана ишкерлик тармакты жакшыртуу, тышкы соода-сатыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Шумкарбек Адилбек уулу өлкөгө инвестицияларды тартуу боюнча ведомствонун ишмердиги, Агенттиктин өнүгүү стратегиясы жана жакынкы жылдарга карата пландары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Агенттиктин директору инвестицияларды тартуудагы терс тенденциялар жана негизги өнөктөш өлкөлөрдөн инвестициялардын келишинин азайышынын себептери тууралуу айтып берди.

Президент айрым инвестициялык долбоорлор бир нече жыл бою ишке ашпай турганына өзгөчө көңүл бурду. Ошол эле маалда ал инвестицияларды өлкөгө тартып келгендеги негизги көйгөй катары инвесторлорго көрсөтүү үчүн даяр инвестициялык долбоорлордун жоктугун дагы белгиледи.

Инвесторлордун укуктарын коргоону камсыздоонун маанисин белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбеков Агенттиктин инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына дайыма мониторинг жүргүзүп, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын мыйзамсыз кийлигишүүсү учурунда өлкөнүн жетекчилигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга дароо маалымат берүү керектигин белгиледи.

Президент  Улуттук өнүктүрүү стратегиясына ылайык, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдети айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, өндүрүш, энергетика, туризм, тоо-кен өнөр жайы сыяктуу негизги багыттар боюнча өлкөнүн аймактарына инвестицияларды тартуу экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу процесстеринин ачыктыгын жана транспаренттүүлүгүн жогорулатуу максатында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүгө  өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

 
Categories

Ош шаарында тротуар куруу иштери башталды

Ошто Асранкулов көчөсүнө жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол куруу иштери башталды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.

Алардын маалыматында, тротуардын узундугу 157 метр, туурасы 3 метр болот.

Учурда таш таман (брусчатка) басууга даярдоо иштери жүрүүдө. Үч ай ичинде бүтөт.

Белгилей кетсек, шаар тургундары көчөлөрдө жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдор жоктугуна арызданып келишкен. Айрым көчөлөрдө жаңы салынган үйлөр, кафе, ишканалар тротуарга чейин чыкса, жаңы жолдордо жөө жүргүнчүлөр эске алынган эмес.

 
Categories

Ошто 2 жашар наристе жеңеси тарабынан сабалып, көз жумду

Ошто 2 жашар наристе жеңеси тарабынан сабалып, көз жумду

Ош облустук балдар ооруканасында ур-токмокко кабылган 2 жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай,  мындай каргашалуу окуя кечээ, 10-январда болгон. Ооруканага ушул күнү болжол менен саат 15:00 чамасында кичинекей наристе ” дене бою калчылдап жатат” деп алып келинген. Бирок бала бейтапканага жеткенче эле каза тапкандыгы айтылган. 

Милицияга дарыгерлер кабар беришкен.  Ош ШИИБинин ыкчам-иликтѳѳ тобу баланын өлүмүнө шектүү деп атасынын бир тууган агасынын аялы 1988-жылы туулган К.Б. аттуу аялды кармаган. 

Соттук-медициналык эксперттиза наристенин денесинде катуу сабалгандан калган дактар бар экендигин тастыктаган.