Categories

Гепатитти дарыгерлер жуктурууда (видео)

Бир жылда эле Аксы районундагы Кызыл-Жар Республикалык психиатриялык ооруканасынын 43 кызматкери гепатит илдетин жуктуруп алган. Азыр да алар бейтапканада иштеп жатышат. Мындай маалыматты тастыктаган документти өздүк булактар биздин каналга жиберишти. Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо муну тастыктаган да, четке каккан да жок. Ал эми өлкө боюнча дарттын кан аркылуу жуга турган түрүн алып жүргөндөрдүн саны 4 миңден ашты. Жылына миңге чукул дарыгер гепатитти жуктуруп алат. Ак халатчандардын бул дартты алып жүрүшү коомчулук үчүн өтө кооптуу экенин адистер белгилешүүдө. 

 
Categories

Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы кант заводунун ачылыш аземине катышты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусунда иш сапары менен жүрөт. Төрага Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айыл аймагында жайгашкан кант заводунун ачылыш аземине катышты. Көп жылдар мурун кант завод ачуу мерчемделип, бирок алынган жабдуулары иштетилбей, токтоп турган ишкананы кайра калыбына келтирүү үчүн 10 млн сом сарпталган. Азыркы тапта жылына 7 миң тонна шекер чыгаруу кубаттуулугуна ээ заводдо 60 жумушчу эмгектенет.

Бул завод облустун эле эмес, өлкөнүн да өнүгүүсү үчүн мааниси жогору экенин айткан Дастанбек Жумабеков, аймактардагы өндүрүштү алдыга жылдыруу аркылуу бир катар социалдык маселелерди чечүүгө болоруна токтолду. Айрыкча, жергиликтүү дыйкандар үчүн чоң колдоо экенин кошумчалаган Төрага заводдун ишине ийгиликтерди каалады.

 
Categories

Аксы районунда жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-декабрь күнү саат 09:32де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. ӨКМден алынган маалыматка караганда, жер титирөө Аксы районунун Райкомол, Кечүү айылдарында 3 балл, Ит-Сай, Кызыл-Бел, Ак-Жол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 
Categories

Ошто 1 кг көмүр 4 сом 80 тыйындан сатылууда

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Оштогу өкүлдөрү менен биргеликте шаар аймагында көмүрдүн сатылышын текшерүүгө алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-мэр Ош шаарынын негизги көмүр менен камсыздап турган «Пэрити-Коал» ЖЧКнын отун базасына барып, жеринен таанышты.

Ош шаарына кире бериштеги Фуркат айылындагы «Пэрити-Коал» ЖЧКнын отун базасында 1 кг көмүр 4 сом 80 тыйындан сатылууда.

“Бир апта ичинде шаардын Манас-Ата кичи районунда да арзан баада көмүр сатуучу жай уюштурулаарын аталган ЖЧКдан кабарлашты. Шаар тургундары арзан баада көмүр базаларынан сатып алышса болот”, – деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында өз алдынча көмүр саткан жеке ишкерлер көмүрдүн килограммын 5 сом 50 тыйындан баштап, 6 сомдон жогору баада сатып жаткандыгы маалым болду.

Мэриянын өкүлдөрү көмүрдүн баасын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

 
Categories

Өзгөн районунда 3 баллга жеткен жер силкинүү катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2019-жылдын 26-ноябрь күнү саат 07:08де  Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. ӨКМден алынган маалыматка караганда, жер титирөө Өзгөн районунун Жийде, Ничке-Сай, Ак-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 
Categories

Баткенде жерди айдатпай “Түз себүү” ыкмасы менен 30 га жерге эгин эгилди

Баткенде 5000 гектардан ашык жерге күздүк дан эгиндери себилди. Анын  4773 га буудай, 236 га арпа. Айыл чарба министрлигинен алынган маалыматка караганда, өткөн жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылы жерди айдатпай туруп эгүү же “Түз себүү” ыкмасы пайдаланылып, Баткен районунда 30 га жер түз себүү ыкмасы менен эгилди.  Бул багытта  “Мол түшүм” айыл чарба кооперативи GIZ өкмөттүк эмес уюму  менен иш  алып  барууда.

Анын натыйжасында  Баткен районунун Кара-Булак, Самаркандек айыл  аймактарынын кайрак эгин талааларына, жаңы  технология менен “Түз себүү” методу колдонулуп, күздүк Стекловидный жана Наз буудай үрөндөрү себилди. Учурда бул ыкманы башка айыл аймактарга да жайылтуу иш аракеттери жүрүүдө.

 
Categories

Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат

Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерди кыдырмакчы.

 
Categories

Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык кечээ, 20-ноябрь күнү саат 15:32де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

ӨКМдин маалыматына карагаанда,  жер титирөө Кадамжай районунун Орозбеков, Сары-Талаа, Гайрат айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 
Categories

Кара-Суу районунда жол кырсыгынан каза болгондорго багышталып Куран окулду

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында жалпы жол кырсыгынан каза болгон жарандар эскерилип, аларга багышталып Куран окутулду. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, эскерүү иш-чарасына Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Бакиров, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугунун камсыздоо бөлүмүнүн начальниги Айжигит Закиров катышты. Анда жол кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, биргеликте күрөшүүгө чакырышты.

Нурбек каары Орунбаев: «Автоунаанын көп болуусу жол кырсыгынын негизги себеби катары каралбашы керек. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө деле автоунаанын саны бизге салыштырмалуу алда канча көп. Болгону мыйзамды жана эрежени сактоо зарыл», — деди.

Эскерте кетсек, ЖКККБнын берген маалыматына караганда, соңку 10 айдын ичинде Ош облусунда 544 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 106 адам каза болуп, миңден ашуун адам жараат алышкан.

 
Categories

Жээнбеков: “Аймактарды өнүктүрүү эң башкы максатыбыз”

Аймактарды өнүктүрүү  эң башкы максатыбыз бойдон калат. Бул тууралуу Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан форумда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтуусунда, аймактарды өнүктүрүү 2023-жылга карата жасала турчу иштердин катарына киргизилген. Туруктуу жумуш орундарын түзүү үчүн региондук долбоорлорду колдоо максатында финансы институттарынын жана фонддордун иши күчөтүлөт.

“Бюджеттер аралык мамилени реформалайбыз, биринчи кезекте, жергиликтүү бюджеттин дараметин жогорулатып, дотациялык аймактарды азайтууга басым жасалат. 20 таяныч шаарларды даректүү колдоо менен, бул шаарларда индустриалдык парктарды жана өнөр жай кластерлерин түзүү — маанилүү багытыбыз болот. Келечекте туруктуу иштеп кете турган долбоорлорду жер-жерлерде ишке ашырууга түрткү беребиз. Ар бир регионду адистештирүү аркылуу анын ички жана тышкы рыноктогу атаандаштыкка жөндөмүн күчөтөбүз”, – деди Жээнбеков.

Региондорду өнүктүрүү, инфраструктураны оңдоо, аймактардагы ишкерлерди колдоо, социалдык объектилерди куруу, жолдорду оңдоо иштерине ички резервдерди толук пайдаланып жатабыз, – деп кошумчалады президент.