ИСФАНАДАГЫ АЭРОПОРТКО ИСХАК РАЗЗАКОВДУН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
Баткен облусунун Исфана шаарындагы аэропортко белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 7-декабрда Баткен облусундагы жумуш сапарында аэропорттун жаңы аэровокзалынын ачылышында билдирди. «Мындай аэропорттордун ишинин жанданышы менен биздин өлкөнүн аба майданы бардык өлкөлөр үчүн ачык экенин айтууга болот. Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөнү колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Республиканын авиакаттамдарынын географиясы кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учак каттап жатат жана бул багыттагы иштер улантылат», – деди Новиков. Ал Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, анын музейине да барды. Новиков ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.