Categories

Сиз биздин Бакайыбыз элеңиз да…

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу эмне деген гана ыр, эссе, макалалар, дилбаяндар жазылган жок. Алардын ар биринде терең сыр катылган бар экендиги талашсыз. Төмөндө биз сунуштап жаткан ой-толгоо эч бир адамды кайдыгер калтырбасы анык. Болгону 11-класстын окуучусу жазган дилбаянды окуп , таң калаарыңыз анык. Чыканактай баладан кантип ушундай жан-дүйнө жаңырыгы чыксын дешиңиз да мүмкүн… Автордун уруксаты менен аны  окурманга сунуштайбыз.

Ар улуттун уюткусун кармап, жол көрсөтүп, баш болоор бир “Бакайы” болушу керек турбайбы, көрсө.

«Эзелтен чечилбеген улуу талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Ураалап жоо кууса да ушул талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

 

Ажалга көз жумса да ушул талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Душмандан жан соогалап качканда да,

Душманды кырып-жоюп басканда да,

 

Түбөлүк чечилбеген улуу талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Адамзат качан чечет, качан коёт,

Канткенде адам уулу адам болот?»

 

(Чыңгыз Айтматов)

Сиздин ысымды эшиткенде, башкалардын оюн эмне ээлей тургандыгы мага белгисиз. Балким бирөө балалыгын эстээр. Себеби ар кыргызды эс тарткандан тээ карылыкка дейре коштоп жүрүүчү күч эмессизби. Балким бирөө жөн гана Ала-Тоодой карааныңызды көз алдына элестет чыгаарсыз. Кыскасы, ар ким акыл дараметине, көрөңгөсүнө жараша өзүңүздү кабыл алаары бышык. Атыңызды кулагым чалганда, тээтиги жүрөктү болк эттирген, жамы адамзатка узаткан соболуңуз дене-боюмду чымыратып жиберет. Али күнчө ушул сурооңузга жарытылуу жооп бере албай келе жатканыбызды ойлоп ичим эңшерилет. Канткенде адам болууну мындай коюп, адам болуу өзү эмне экенин, кандай экенин аңдай элекпиз…

Бул улуу суроонун жообу ошол эле Сиздин чыгармаларда катылгандыр деп ойлойм, кээде. Балким адамзат Эдигей сыяктуу аманатка бекем болуп, космосту багындырган күндө да тамырын унутпаганда адам болор. Балким Арсен өңдүү адамдык жеке жыргалчылыктан Мекендин топурагын артык көргөндө адам болор. Же Орган карыя сыяктуу урпактын уланышы үчүн жанын садага чапкан учурдабы? Кашайып, Сиз жазган бул улуу ойлордун маңызына биз жете элекпиз. Ал ансайын айланабыз “маңкурттарга”, “радиомаңбаштарга”, Таштанафгандарга, Орозкулдарга, Сабитжандарга толуп баратканын кантейин… Ар бир чыгармаңызды окуп отуруп, көрөгөчтүгүңүзгө баа берем. Мындан чейрек же жарым кылым мурун жазылган эмгектериңизде мына бүгүнкү коомду сүрөттөп койгонуңузга таңмын. Мисалы, “сүйүү жөнүндө эң сонун баян” катары дүйнөлүк адабияттын төрүнөн орун алган “Жамийлаңыздагы” бир эле кыз бактысы деген идеяны алалы.

Маалында бул табылгаңыздын айланасында өйдө-төмөн пикирлер айтылганы маалым. Бүгүн бизде бул тема өтө актуалдуу. Ала качуунун кесепети, эркектердин аялдарга жасаган орой мамилеси, ажырашуу, аялдардын укуктары деген сыяктуу бир топ маселелерди эчак эле жазып койгонуңуз – даанышмандык. Сиз өткөн кылымда сыпаттаган “Токой-Төш” планетасы XXI кылымдагы Жер планетасы экендигин таң калуу менен кабыл алганымды жашырбайм. Мындай мисалдар өтө көп. Ар бир чыгармаңыздын ар бир бетинен мындай көрөгөчтүктү баамдоого болот. Ким билет, балким чыгармаларыңыздагы дагы далай ойлордун учуру келе электир. Балким дагы жарым кылымдан кийинки көрүнүштөр да ошол омоктуу ойлоруңузда орун алгандыр. Бекеринен Сизди түбөлүктүү жазуучу деп атканыбыз жок. Мезгил тараза.

Ар бир адамдын бул жашоодо аткара турган миссиясы болору белгилүү. Эч нерсе жок жерден пайда болбогон сыяктуу эле, адам да жөн жерден жаралбайт. Анан да, ошол миссияңды толук өтөш үчүн айрым өзгөчөлүктөрдү, жөндөмдү кошо берет тура, Жараткан. Эң башкысы – ошол мүмкүнчүлүктөрүңдү маалында баалап, аткара турчу миссия эмне экенин эрте аңдап, аткарууга үлгүрсөң болгону. Болбосо, максатсыз жашап, өмүрүн сая өткөрүп жибергендер деле бар. Андайдан Кудай сактасын. Сиздин бул жашоодогу аткарган ошол миссияңыз адамзатты адамдыкка үндөө, улуулук үрөнүн себүү, аң-сезимдерди жаркытуу болгон шекилдүү. Эгер андай болгон болсо, сиз миссияңыздын өтөөсүнө жеттиңиз. Мен буга толук ишенем. Ар качан Сизге таандык каалаган чыгарманы алып окуган сайын, дүйнөм арууланат. “Аа, көрсө…” деп турмушка болгон көз карашым жаңы нукка багытталат. Улам кайталап окуган сайын, мурда байкалбаган сыйкыр көшөгөлөр ачыла берет. Минтип окурманынын жан дүйнөсүнө жаңылануу жүргүзө алган жазуучулар саналуу гана. Мындай кудуретиңиздин илебин дүйнөдөгү 170тен ашык улуттун миллиондогон өкүлү сезди. Миссиянын ишке ашканы ушул эмеспи…

Мезгил Сары-Өзөктөгү чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай каттап турган ба-аягы поезддерден да тез өтөт экен, Чыңгыз ата. Сизден айрылып, Манастан кийинки тообуз кулаганына он жыл болуптур. Ал ортодо дүйнөгө келгениңиздин 90 жылдыгын белгилөө алдында турабыз. Дүйнө: “Элин даңазалаган уулду эли кандай даңазалайт болду экен?” деп кыргызыңызга көз салып турган чагы. Мен да санаадамын.  Кечээ жакында киндик каныңыз тамган касиеттүү Талас жергесинде бир топ иш-чаралар болду. Бирок бир аз бетим чымырап турат. Сиздин зобололуу маарекеңиз салттуу аш-той деңгээлинен көтөрүлө алган жок. “90 жылдык” деп шылтоо кылып, балчылдата эт чайнап, ырдап, бийлеп тим болушту. Эртеси түрдүү кеп чыгып, “башкача өткөрсөк болмок” деп бармак тиштешти. Кандай тыянак чыгарсак болот? Ооба, элиңиз сизди али толук таанып бүтө элек экен. Сизди көп жазуучунун бири катары гана кабыл алышат тура. А чынында, таанып, түшүнүүгө дарманы келбей турат…

Ар улуттун улуттук уюткусун кармап, жол көрсөтүп, баш болоор бир Бакайы болушу керек турбайбы, көрсө. Антпесе, бизге окшоп… Сиз биздин Бакайыбыз элеңиз да. Сизди атаңыз Төрөкулдун жанына, “Ата-Бейитке” жашырып келген күндөн тартып кыргыз ушунчалык майдаланды. Улут деген түшүнүктөн ыраактап баратабыз. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол” деген аталар жок же ошол ата сөзүн эске салып турчу өзүңүз жок. Ар ким өз арбайын согуп, эл ырысы менен ойноп, Мекен тагдырын каалагандай калчап атышат. Улут деген жөн эле бир канча миллион адамдын тобу эмес да!  Биз кайсы бир деңгээлде бири-бирибизге көз карандыбыз. Арабызда бирибиз тизелесек, калгандарыбыз ийилерибизди, бирибиз жыгылсак, калганыбыз тизелеп каларыбызды түшүнбөй атпайбызбы. “Мен” же “өзүм” деп жанталашып жашап, өйдө-төмөндө айланабызга кылчайбай калдык. “Баарыбыз бир кемедебиз” деген сиз жок… Азыр сиз айткан кеме күнүгө дүрбү салып күткөн Баланын көл жиреген Ак кемесиндей эмес, ба-аягы калың туманда адашкан Кирисктин кемесиндей…

Нурболот Азаматов

 
Categories

Төрт метр чыт (Аңгеме)

Үйлөнүп алдык. Айлык берген күнү атайы магазинге барып, Букешке арнап, роза гүлү бар көгүлтүр түстөгү 4 метр чыт сатып келдим. Келинчегим алып келген белегимдин жупунулугуна карабай мулуңдап сүйүнүп, чыттын бир учунан кармап, боюна ченеп көрдү да:

— Абдан сонун чыт экен. Эртең көйнөк тигип алам. Карасаң, кандай жарашыктуу,— деди жан-алы калбай.

— Кана,— деп бурула бергенимде, колумдагы авторучкамдан бир тамчы сыя чачырап кетип, жанагы чыттын кыргагына бармак басымдай көк-жашыл так болуп калды. — Каап, булгап койбодумбу…

— Ой, эчтеке эмес, бычканда эле бул жерин кесип таштайм,— деп Букеш дегеле кайгырган жок.

«Ана-мына» деп көйнөктү тиккенче Букештин «жеңеси келген жатыптыр» деген кабар угуп калдык. Эми эмне кылдык. Шаарда турабыз. Кызматка орношконума жарым жыл да боло элек. Букеш болсо, али окуусун бүтө элек. Алган айлыгымдын да бир тобун эңшерип салганбыз. Бирок жеңебизди түзүктөп күтпөсөк да болбойт.

— Билесиңби? — деди Букеш азыр эле таба койгон акылын ортого салып,— жеңем келсе колубуздан келишинче коноктойлу да, кетээринде мына бул чытты берели.

— Жупуну болуп калбас бекен?

— Жупуну болсо канттик? Тим эле келип-кетсе деле алыбызга жараша сыйыбызды көрмөк. Бирок жеңем куру келбейт. Демек, биз дагы бирдеке берип жөнөтүшүбүз керек.

— Мейлиң анда, өзүң эле билчи!

Ошентип, Букештин жеңеси келди. Букешке деп көйнөктүк 4 метр «креп-де-шин» алып келиптир. Жеңекелеп асты-үстүнө түшүп коноктогон болдук. Эртеси кетээринде 4 метр чытты алдына койсок, жеңеси:

— Тим эле койбойсуңар да. Мен чыт үчүн келиптирминби? — деп мурдун чүйрүдү.

— Жеңе, кечирип коюңуз, шарт ушундай болуп калды, аман болсок дагы сыйлашып аларбыз, капа болбой кетиңиз,— деп болбой атып, 4 метр чытты колуна карматып жөнөттүк.

Жеңеси бизге таарынгансып кетти. Көп узабай, эми менин жеңем бизди куттуктаганы келип калды. А да куру кол эмес, келиниме деп 4 метр «креп-жор-жет» алып келиптир. Муну да мурунку эле жеңебиздей коноктоп, кетээринде «баягы» Букештин жеңеси алып келген «креп-де-шинди» берип жөнөттүк. Менин жеңем кубанып кетти.

— Эми, Букеш жанагы жеңем алып келген кездемеден көйпөк тигип ал, өңү да түзүк экен,— дедим.

— Жо, тикпей калайын! — деп Букеш айтканыма көнгөн жок. — Али бизди куттуктап келе тургай тууган-уруктун чети оюла элек. Алардын ар бирине бирден көйнөк ала берсек, дайныбызды таппай калабыз. Андан көрө мына бул «креп-жор-жетти» «жүжүр» кылып коёлу.

— Эмне, эмне?

— Хм… «жүжүр» кылып коёлу дейм. Жанагинтип келип калгандарга «жүжүр» кездемени берип, алмаштыра беребиз.

— Ой, ырас айтасың?

Букештин оюнун орундуу экенин, биздин үйдү эжебиз, жеңебиз, жеңебиздин сиңдиси, таажеңебиз, таажеңебиздин кудасы, анын келини дагы ушул сыяктуу «сыйлуу» коноктор сел жүргөндөй каптай баштаганда бир билдим.

Биздин үй өзүнчө бир мейманкана болуп калды. Кээде базарлап келгендер атайылап эле бизге келишпесе да, кечигип калышса дүкөндөн төрт метр кездеме ала коюп келип калышат, анткени, шаарда турабыз да. Жанагы төрт метр чыт: бирде 3 метр «креп-де-шин» болсо бирде 6 метр «шта-пельге» же 5 метр «атласка» айланып калат. Өзүбүз болсо товар алмашуунун кынуусун таап, бир конок алып келген кездемени эмки келчүсүнө арнап коёбуз.

Кээ бир коногубуз таарынып кетсе, кээси кубанып кетет же анын тескерисинче. Анткени бирөө — «креп-де-шин» алып келип, чыт алып кетип жатса, экинчиси — «штапель» алып келип «креп-жор-жетке» ээ болуп жатпайбы.

Биз аркылуу республиканын түштүгүндөгү менин туугандарым менен, түндүгүндөгү Букештин туугандары да таанышышып, катташышып, жанагы биздикиндей «товар алмашуунун» ыкмасын бизден да өркүндөтүп алышкан. Биздин үй болсо эки жактан келгендер үчүн — «автовокзал».

Жакында дагы бир жаңы конок келди.

— Баланча акеңиздин зайыбы, түкүнчө жеңеңиздин эжесинин кайынсиңдиси болом,— дегенде тааныбасам да: — Аа, амансыңарбы? Баланча акем күүлүбү? — деп бабырап-сабырап үйгө киргиздим.

Чай ичип отурганыбызда келинчегим эле ымдап сырткы үйгө чакырат. «Эмне болду экен»,— деп чыгып келсем, жанагы коногубуздун бизге деп алып келген кездемесин колуна кармап алып боору эзилгенче күлүп жатыптыр.

— Тааныдыңбы?

— Эмнени?

— Жакшылап карачы…

— Э-эй, ошобу?

— Ошол.

Баягы биздин, кыргагына сыя тамган, роза гүлү бар, көгүлтүр түстөгү 4 метр чытыбыз. Колдон-колго өткөндүгүнөнбү, айтор, өңүнөн азып кирдебирээк калганына карабастан, баягы биздин чыт экенин жазбай тааныдык.

Байкуш чыт! Туптуура бир жылдан кийин өзүнүн алгачкы ээлерин издеп келгенин карасаң! Бул чыт канча кишини таарынтып, канча кишинин көңүлүн алып, канча кишинин колунан өттү экен? Биз, Букеш экөөбүз, чытка ыраазыбыз, анткени, бир жыл бою «жүжүр» болуп, келген конокторубузду күзөтүп, «саякаттап» жүрүп акыры өзүбүзгө кайра келбедиби. Эми Букеш мындай «малтабар» чытты колдон чыгарбай, жакшылап жууп туруп, көйнөк тигип алат.

КРнын Эл артисти Дооронбек Садырбаев

 
Categories

Султан Раев: “Парламентке маданиятты түшүнгөндөрдүн келиши “музду” ордунан козгоого түрткү болду”

КР эл жазуучусу, белгилүү драматург Султан Раев кыргыз маданиятына көрүлүп баштаган камкордуктар тууралуу “Парламент” радиосунун түз эфирине маек берди. Султан Раев: “Кыргыз маданиятына жалпы республикалык бюджеттен 3% өлчөмүндө каражат бөлүү аракети мыйзамдык талаада бекемделип, маданиятка болгон көңүл буруу дурус жолго салынууда. Болбосо, 2005 – жылдары мамлекеттен маданиятка каралган каражат 100 – 120 млн. сомду, ал эми ага чейин 64 – 68 млн. сомду гана түзүп келген. Ушул абалдан өйдөлөп чыгып кетүүгө ЖК депутаттарынын салымы зор. Анткени, парламент курамына маданиятты ийне – жибине чейин мыкты билген кесикөйлөрдүн келиши “музду” ордунан козгоого түрткү болду, – деди. Бул тууралуу   Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Маданияттын тармактуу багыттарынын катарында адабияттын да ролу зор. Ошондуктан, ой жүгүртүү формаларынын түрдүү жанрдык формулаларын түшүндүрүп берген жазуучу, –  прозанын, поэзиянын, драматургиянын артыкчылыктуу айырмачылыктарын атады.

С.Раев: “ Айтматовдун чыгармачылыгын окуп – таануудагы жаңы демилгелердин жүрүшү улам ыкчамдап олтурушу зарыл. Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизиндеги жазылган “МАН” спектакли 2019- жылдын күз айларында Англиядагы театр көрүүчүлөрүнө тартууланат. Буга чейин бул чыгарма Казакстанда коюлду. Негизи Айтматовдун чыгармаларын окуган сайын, андан улам жаңы табылгаларды табууга болот”, – деди.

Эл жазуучусу ошондой эле ар бир адамдын жеке жашоосунда эненин эмгегин актоого кылган далалаты, спорттук машыгууну, китеп окууну калыптандыруусу, ыйманды бекемдөөсү сыяктуу сергек турмуш образын менчигиндеги милдеттей туя билүүсү жаман жолго алып барбастыгын баяндап, угармандардын бир топ суроолоруна жооп берди.

 
Categories

Пакистанда Айтматовго арналган сүрөт көргөзмө өттү

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасынындагы элчилиги, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган документталдуу фильм, сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасынындагы элчилиги, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган документталдуу фильм, сүрөт көргөзмөсүн Пакистандагы алдыңкы жеке жогорку окуу жайларынын биринде Лахор шаарынын Университетинде өткөрдү.

Университеттин ректору Авайс Рауф мырза жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Элчилигине чоң ыразычылыгын билдирди жана мамлекеттердин ортосундагы маданий алмашуулардын зарылдыгын ырастады.

Элчи Э.Бейшембиев жолугушуулардын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө, жазуучунун  90 жылдыгына арналган иш-чаралар Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө майрамдаганын,  анын адабий мурасынын дүйнөлүк коомчулук  үчүн маанисин айтып берди.

 
Categories

Москвада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды

Бүгүн Москва шаарында президент Соооронбай Жээнбековдун катышуусунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков: “ Бүгүн биз дагы бир жолу Кыргызстанда гана эмес Москвада да улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына жана анын элесине урмат менен мамиле кылаарына күбө болуп отурабыз. Чыңгыз Айтматов кыргыз, орус адабиятынын эле эмес, дүйнө маданиятынын, адабиятынын алдыңкы өкүлү болуп калды. Ал киши  кыргыз тили менен орус тили менин эки канатым – деп, көп айтчу. Чыңгыз Айтматов жазуучу эле эмес ал – публицист, гуманист, философ, мамлекеттик жана коомдук ишмер  болгон”- деди.

Андан сырткары мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматов  1986- жылы дүйнөнүн интеллектуалдары катышкан Ысык-Көл эл аралык форумун өткөргөндүгүн. Анын ишин улай быйыл Кыргызстанда Ысык-Көл форуму өткөрүлгөндүгүнө токтолду.

 
Categories

Бишкекте “Тил жана Айтматов” аттуу иш чара ɵткɵрүлɵт

Эртең саат 10 до Кыргыз-Түрк “Манас”  университетинде Бишкек шаарынын мэриясынынын билим берүү башкармалыгы,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгын, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарыяланган “Тил жана Айтматов” үч айлыгын жыйынтыктоочу “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз” аттуу салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызмсаты билдирди.

Иш чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгын, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөдөгү иш планга ылайык өткөрүлгөн кароо-сынактардын, эң мыкты иш-чаралардын жыйынтыгын чыгаруу менен мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын бекемдөө, рухий дөөлөттөрдү, маданий-тарыхый мурастарды, залкар жазуучу, улут сыймыгы Ч.Айтматовдун  чыгармаларын кеңири даңазалоо максатында өткөрүлөт.

 
Categories

Айтматов жана менин жан дүйнѳм…

Кыргыз адабияты дегенде эле, зор талант ээси Айтматов эске келет. Айтматов ким? Айтматов бүтүндѳй кыргыздын жан дүйнѳсү. Айтматов ким? Айтматов адабият. Айтматов ким? Айтматов маданият, театр, кино деги койчу толкуган бир дүйнѳ. Болгондо да ушунчалык сырдуу дүйнѳ, эгер ага карата кыпындай эле күдүк ойлор жаралса, ал дүйнѳгѳ түнѳрүп түн түшѳт да экинчи сага карап эч качан күлѳ карап, эшигин ачпай турган болот. Айтматовдун ааламына сүңгүп, ал жактагы каармандар менен кошо ыйлап, сүйүнүп, кайгырып, кубанып ѳзүбүздү кошо ал дүйнѳдѳ жашагандай сезебиз. Айтматовдун жан дүйнѳсү толкуган деңиз. Бирде толкун да бирде мелмилдеп тыптынч. Ошол эле убакта анын чыгармаларын окуп жаткан адамдын бүтүндѳй жан дүйнѳсүнѳ ээлик кылат. Жан дүйнѳңдѳн тынчтык тапкан чыгармаларды жараткан биздин КЫРГЫЗдын залкар жазуучусу-Чыңгыз Айтматов.

Бир жылдан бери мамлекеттик деңгээлде Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин ѳткѳрүү каралып, ар бир мекеме, мектеп, жогорку окуу жайлар баардыгы бул иш-чарадан четте калган жок. Окуу жайлардан кыйноо менен алынып келинген студенттерди жан дүйнѳсү балкып, Айтматовду укту, ѳзүнѳ таасир алды деп ойлойсуздарбы?

Убактымдын жетишинче театрга барууга аракет кылып жүрдүм. Бир күнү кечиктим го деп шашып жетсем, баштала элек сүрмѳ топ эл. Жадымда ыраазы болдум. Жаштар. Кѳбү жаштар. Жадымдагы «Булар кыйноо менен келген студенттер»- десе, ал ойго кошулгум келбей, «Жок. ϴз каалоолору менен келген «искуство» студенттери» дедим. Бир маалда жанымдагы кыз «Кыздар биз кайсы киного келдик эле» деди. Мындан эмнени билсек болот? Айтматов тууралуу омоктуу ойду уга албаган адамды кыйнап отургузуп, мажбурлоонун кереги бар беле?

Бурулкан Кенжебекова

 
Categories

Акын,Жыргалбек Касаболотов: “Кем дүйнө,кечигүүмдү кечирбеген,Кең дүйнө,барым-жогум байкалбаган”

Жылдар өтүп, сүрөтүңдү көз көрдү.

Жыйнай албай отурамын, сөздөрдү.

Мен өзгөрдүм. Сен өзгөрдүң. Ал тургай

Мезгил өзү таанылгыстай өзгөрдү.

 

Даңгыр жолдор аябаптыр, эч кимди.

Далай жолу таңдар атып, кеч кирди.

Жүзүң тааныш, күлкүң ынак… А бирок

Жүрөгүмдүн канаттары эскирди.

 

Өзүң менен кошо кеткен жаш чагым,

Өткөн турмуш эстен чыккан жаштамын.

Өзгөрүлдүм, сен тааныган учурдан

Өмүрүм да, өзүм дагы башкамын.

 

Эчак өчкөн, жаштыгымдын нур табы.

Эсимде жок, сага арналган ыр сабы.

Тартылса да каректерим көркүңө

Тамырыңда – башка жердин турпагы.

 

Мен – бир китеп, далай бети жоголгон.

Мен – бир кеме, кыйрап барып оңолгон.

Сен – бир калаа, боекторуң кетсе да

Сепилдериң гүлдөн кымкап оронгон.

 

Элесиңди кайра козгоп бүтүндөй,

Эске түштүң, жакшы жышаан түшүмдөй.

Ээн бөлмөдө отурамын, бул ырды

Эми эмнеге жазганымды түшүнбөй…

********************************

“Дүйнө”

Түптүүсүң, түпкүрүнө кайта албаган,

Түрдүүсүң, тилим жетип айта албаган.

Кем дүйнө, кечигүүмдү кечирбеген,

Кең дүйнө, барым-жогум байкалбаган.

 

Башымдан айлар учса, жылдар конуп,

Баратам, эл катары жылган болуп.

Келечек – кечээкимден бөлөк карап,

Кетишим – келгенимден ылдам болуп…

 

Жарыксың, жалпысына кеч кирбеген.

Жаңысың, жашоом бүтсө эскирбеген.

Улуусуң! Ушунчалык терең туруп

Ууртамга бир өмүрүм жеткирбеген.

 

Чыйырың карап жүрүп көзүм талаар.

Чындыгың акырында өзүмдү алаар.

Ак калпак аталардан мурас болгон,

“Атаңдын көрү…” деген сөзүм калаар.

 

Кымбатсың, өз кезинде байкалбаган.

Кылдатсың, кыл үстүндө чайпалбаган.

Тигилип тойбой келем, көркөмүңө

Тирүүлөр тилин безеп айта албаган.

 

***********************************

 

ПОЭЗИЯ

 

Артымдагы милдеттерим такымдап,

Алдымдагы асыл максат закымдап,

Баскан жолдон башка тарап көрүнбөй,

Барчусуна баратамын жакындап.

 

Кээде карап Күн төбөдөн тийгенин,

Кээде байкап түндө чырак күйгөнүн,

Айтор, эптеп аман чуркап келатам

Арасында айланкөчөк дүйнөнүн.

 

Азайгансып каталарым кетирген,

Акыл-эсим мурдагыдан жетилген.

Бир кемтигим – каректерим карыккан.

Бир өксүгүм – туяктарым кетилген.

 

Кыялдарым элес албай башканы,

Кырды көздөй кетип барам, ашканы.

Кысталганым – кубатымдын тозгону,

Кыйналганым – кыя жолдун таштагы.

 

Алыс калып асыл кездин көктөмү,

Азыр гана эске түшөт, кеткени.

Амалым жок, алга жыла бербеске —

Артта калсам – ажалымдын жеткени…

 

*********************************

 

ТҮНКҮ ЖАМГЫР

 

Көптөгөн жылдыз көрүнбөй бүгүн карааны

Көнөктөйт жамгыр, көлчүктүн үстүн чегелеп.

Сергитип, тыптынч уйкуда жаткан калааны,

Себелеп атат, себелеп атат, себелеп…

 

Талпынып төмөн, таштаган бойдон денесин

Тамчылар кулайт, тагдырга моюн сунушуп.

Ушунча жылдар, узаган күндөр элесин

Унутуп барам, унутуп барам, унутуп…

 

Таң калып койдум, эстутум өчкөн жан сымал.

Таба албай турдум, тааныла турган тарапты.

Алардын баарын акырын жааган тамчылар

Асмандан түшүп, агызып кетип баратты.

 

Теребел — жамгыр. Терезе тартат мезгилдер.

Тептегиз болуп термелет, тунук көңүлүм.

Уйкусуз түндө учурдун баасын сездирген

Умтулган сайын уучумдан аккан Өмүрүм.

 
Categories

Төкмө акын, Майра Керим кызы: “Нөшөрдөн кубат алган дарак сымал, Турмушум мөмө төгүп жайды багын”

Төкмөлүк – сейрек жаралуучу өнөр. Ал өнөрдү аял киши аздектегени андан бетер чанда кездешет. Дал ушул өнөрдүн сересине чыгып, кыргыздын атын тааныткан акын Майра Керим кызы эле. Кыргыздын келини Майра акын 1962-жылы 8 – январда Алматы облусуна караштуу Кеген районунун Жылысай айылында жарык дүйнөгө келген. 40тан ашык обондору жана термелери бар. Төмөндөгү ырларынын баарына дээрлик обон чыккан. Төкмө акын 2009-жылы 18 -август күнү узакка созулган оорудан улам каза болгон. 

Мага жар керек,

Өзөктү жалгай турган,

Жогумду камдай турган.

Тагдырым татаал болсо,

Тар жолдо тайбай турган.

Мага жар керек,

Берилип сүйүп турган,

Күн сымал тийип турган.

Аялдык көрсөтсөм да,

Ар дайым бийик турган.

Мага жар керек,

От болуп жалындаган,

Сөз айтсам таарынбаган.

Жагымсыз адаттардын,

Артынан салынбаган.

Мага жар керек,

Чалынбай тузактардан,

Чарбасын түз аткарган.

Алыс бол деп айтмакмын,

Узун тил ушактардан.

Мага жар керек,

Ыраак болуп кара жерден,

Ырыскы ала келген.

Ынтымак өмүр сүрүп,

Ыймандуу бала берген.

Мага жар керек,

Деп көңүл ооруп турду.

Купулум толуптурмун.

Кыз кезде көксөгөндү,

Кыргыздан жолуктурдум.

*********************************

“Ысык-Көлгө таазим”

Ысык-Көл касиеттүү энем менин,

Тартпаса тузун мени келээр белем.

Илхамым ырдаганда келген сымал,

Толкунга толуп турат кемерлериң.

 

Окшошуп көйнөгүнө көгөргөнүң,

Өзүңдүн кызың болчу энем менин.

Деди эле кайран энем көз жумарда,

Көлүмдү көрүп барып неге өлбөдүм.

 

Багымды сен ачпасаң төгөр белем,

Энемден көрбөгөндү сенден көрдүм.

Өмүрлүк жарымды таап өрөөнүңдөн,

Сезерсиң көшөгөмдүн көгөргөнүн.

 

Ыйык көл касиеттүү,не көрбөдүң,

Түбүңө канча сырды чөгөрбөдүң.

Жаннатты,бейишти да берем десе,

Мен сенин бир тамчыңа теңээр белем.

 

Чыгардың манасчынын берендерин,

Күүчүнүн сен чыгардын чеберлерин.

Акындан Алыкулга жолдош болуп,

Таптадың Поэзия кеменгерин.

 

Тузумду түгөстө Аллам эгер менин,

Эл журтум керезимди элер белең.

Толкуган шарпылдактын үнүн угуп,

Буйруса жээгиңде көмөр жерим.

 

Ысык-Көл касиеттүү энем менин,

Тартпаса тузуң мени келер белем.

Илхамым ырдаганда келген сымал,

Толкунга толуп турат кемерлериң.

********************************

           “Кайрылуу”

Кезим жок сени ойлоп эстебеген,

Болсо да өз босогом,өз керегем.

Туптунук ошол сезим эсиңдеби?

Сүйүүнүн табышмагын чечмелеген!

 

Бирок сен жаштыгын өткөргөндө,

Жашооңо кеч киргенде.

Туюп кой өксүп мени сагынаарсын.

Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенде.

 

Сен кайгыга кабылганда,

Тагдырга таарынганда.

Барып кайт биз кездешчүү ак кайынга,

Жоготкон махабатын сагынганда.

 

Курдуңбу өмүрүңдүн пай дубалын?

Мен сага сырымды айтып кайрыламын.

Нөшөрдөн кубат алган дарак сымал,

Турмушум мөмө төгүп жайды багын.

 

Бирок сен жаштыгың өткөргөндө,

Жашооңо кеч киргенде .

Туюп кой өксүп мени сагынаарсын,

Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенде.

 

Сен кайгыга кабылганда,

Тагдырга таарынганда,

Барып кайт биз кездешчүү ак кайыңга,

Жоготкон махабатты сагынганда.

 

Өткөндү эстеп билем кыйналаарың.

Көрдүңбү чогуу бакыт кыйбаганын.

Секелек кыз эмесмин сезип жүрөм,

Жүрөгүң жалгыздыктан ыйлаганын.

 

Эми сен жаштыгың өткөргөндө,

Жашооңо кеч киргенде.

Жаныңдан издеп мени сагынаарсын,

Кадырын  ак сүйүүмдүн кеч билгенде.

 

Сен кайгыга кабылганда,

Тагдырга таарынганда.

Барып кайт биз кездешчүү ак кайыңга,

Жоготкон махабатың сагыңда.

*******************************

 “ Кызган, бирок билдирбе”

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,

Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө.

Көңүл жиби – тыт көпөлөк тарткан жип,

Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө.

 

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,

Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө.

Капкайдагы жаман ойду ойлосоң,

Акылыңдан адашасың бир күндө.

 

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,

Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө.

Эмне болуп кетер экен дегендер,

Карап турат, мага аларды күлдүрбө

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Адамзат жана сөз бар болсо, Чыңгыз Айтматов жашай берет»

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош шаарында өтүп жаткан «Ош — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында» аттуу салтанаттуу иш-чарасында сөз сүйлөдү.

«Урматтуу мекендештерим!

Быйыл кыргыз журту менен чогуу дүйнөлүк коомчулук биздин улуу жердешибиз, ааламдын акылманы, дүйнөнүн даанышманы Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилеп жатат. Ааламдын булуӊ бурчунда кыргыз уулунун элесине тереӊ урмат көрсөтүлүп, талантына таазим кылынып жатканы — бизге чексиз канааттануу алып келет.

Бизге зор сыймык тартуулаган бул иштерге астейдил көӊүл буруп, аларды ынтызардык менен колдоп келебиз. Кыргыз жергесинин бардык айыл-шаарларында улуу инсаныбыздын мааракеси жалпы элдин чын пейилден чыккан ыраазылыгы, чыныгы колдоосу менен өтүп жатат.

Күнөстүү Ош менен Айтматовдун тагдыры да, үй-бүлөсүнүн тарыхы да бекем байланышкан. Мына ушул байыркы шаарда, Сулайман тоонун этегинде, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы өткөн. Ал ордолуу Оштун бала бакчасында тарбияланган. Атасы Төрөкул Айтматовдун мамлекеттик ишмердиги касиеттүү Оштон башталып, партиянын Араван-Буура райкомунун биринчи катчысы болгон.

Байыркы Ош — Айтматовдун балалык кыялдарын ойготуп, анын дүйнө таанымына таасир эткен. Балким, кичинекей Чыңгыз — жазуучулуктун башатын ушул керемет шаардан алгандыр. Айтматовдун өмүр таржымалын изилдеген окмуштуулар Ош шаарынан көптөгөн кызыктуу фактыларды табаарына шек жок.

Байыркы Ош калаасы Чынгыз Айтматовдун элесин кийинки миӊ жылдарга аздектеп сактап, урпактарга жеткирет деген үмүт ар бир шаардыктын жүрөгүндө жашай берет.

Урматтуу мекендештерим!

Чыңгыз Айтматов өз элин, өз өлкөсүн, эне тилин сүйгөн. Ага бүт өмүрүн, зор талантын, чыгармачылык дараметин арнаган. Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнө жүзү биздин элибизди тааныды. Ал дүйнөлүк адабиятка өз Мекенинин, кыргыздын образын жеткирип, аны адамзаттын руханий энчисине айлантты.

Айтматов рух дүйнөбүздүн ажырагыс бөлүгү катары, ар бирибиздин адам катары калыптануубузга зор таасир этти. Өзүнүн акылы менен тең бөлүштү, ички дүйнөбүздү аруулантып, көкүрөгүбүзгө улуу сөздүн уругун септи. Айтматов толеранттуулук идеяларын даңазалап, элдерди биригүүгө үндөгөн, улуттарды жакындаштырган инсан болгон.

Улуу жердешибиз гуманизмди, жогорку адептүүлүктү, жарандык ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө үчүн опол тоодой эмгек кылган. Тынчтыкты сүйүүнү, тең укуктуулукту сактоону, этникалык, диний, саясий ар түрдүүлүккѳ сабырдуулук менен мамиле кылууну осуят калтырган.

Өлкѳдѳ улуттар аралык ынтымакты көздүн карегиндей сактап, мамлекеттин ѳнүгүүсүнө кызмат кылууну — улуу даанышманыбыздын осуятын аткаруу деп түшүнүү керек.

Ошондуктан коомубуздун бардык катмарлары биргелешип, бир эл, бир өлкө катары аракет кылышыбыз зарыл. Улутубузга, тилибизге, динибизге, саясий позициябызга карабай, баарыбыз теӊ „Мен — кыргызстандыкмын“ деген күчтүү жарандык сезим менен жашоого милдеттүүбүз.

Урматтуу мекендештерим!

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнө элдерине кеңири тарап, бүтүндөй адамзатка руханий гүлазык болууда. Айтматов дүйнөдө биринчи жолу „маңкуртчулук“, тарыхый эс-тутумду жоготуу -адамзатты кандай трагедияга алып келээрин жазып чыкты. Айбанаттын тукуму, мисалы, карышкыр дароо эле карышкыр болуп туулат, же жылкы туулганда эле жылкы болуп жаралат. Ал эми адам туулгандан эле адам болуп кетпейт.

Адам болуш үчүн өмүр бою бүтпөгөн күрөш зарыл экенин далилдеп кетти. Адам канткенде адам болот деген суроо аны өмүр бою түйшөлттү. Айтматов коомдук акыл — эстен алда канча алдыга кетип, өз ойлору менен мезгилден озуп, түбөлүктүүлүккө кетти. Муну азыр баарыбыз сезип жатабыз. Анын ар бир айткан ою адамзатка жол көрсөтүп турат. Ошондуктан анын мааракеси бүткүл дүйнө жүзүндө белгиленип жатат.

Урматтуу мекендештерим!

Айтматов деген — бул өзүнчө бир дүйнө, өзгөчө аалам. Дүйнөнү канчалык тереӊ тааныган сайын, анын белгисиз жаӊы сырлары чыгып, билгениӊден билбегениӊ көп экенине ынанасыӊ. Айматовдун ааламы да — дал ошондой, канчалык көп изилдесеӊ, белгисиз жактары жаӊыдан чыга берет. Ушул ойду жакында эле өткөн эл аралык Ысык-Көл форуму да тастыктады. Дүйнөгө таанымал ойчулдардын кыргыздын залкары жөнүндө айткан сөздөрүн уктук.

Бирок, Чынгыз Айтматов жөнүндө канчалык мазмундуу, канчалык тереӊ ой айтылганы менен, баары бир, бул улуу даанышмандын нарк-насилине, рух дүйнөсүнө теӊ келчү сөз айтылбай калгандай сезилет. Дагы эле анын дүйнөсү кол жеткис бойдон калгандай туюлат.

Демек, Айтматов жөнүндө айтылчу сөз — али алдыда…

Урматтуу мекендештерим!

2008 — жылы июнь айында биз, Айтматовду гана эмес, бүтүндөй бир доорду акыркы сапарга узаттык. Бирок адамзаттын түбөлүк сапары урпактары аркылуу улана бергендей, өткөн доордун руханий дүйнөсү кийинки доордо да жашоосун уланта берет.

Жылдар өтөт, кылым тогошот. Айтматовдун замандаштары кетет, баарыбыз кетебиз… Бирок Чынгыз Айтматовдун руху жашай берет. Ошол мезгилдерде да кыргыз урпактарынын Чынгыз Айтматовго болгон урмат-сыйы бөксөрбөй, тескерисинче, Айтматовго болгон сыймыктануу сезимдери күчөйт. Планеталык масштабдагы улуу жазуучу жана орошон ойчул менен улутташ, мекендеш, замандаш болгонубуз үчүн биз, ар дайым сыймыктанууга акылуубуз.

Кыргызстаныбызды, ар бир жараныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун!»