Categories

8500 АКШ доллары турган автоунааны алдап алышкандар кармалышты

Сокулук РИИБге Чүй облусунун жашоочусу кайрылып, алдоо жана алдамчылык жолу менен ири материалдык чыгым келтиргендерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Арызда, 2013-жылы жайында Аман жана Эсен атуу адамдар ишенимге кирип, жер тилкесин алып беребиз деп 2002-жылы чыккан «Toyota Harrier» үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алышып, изин жашырып качып кетишкендигин билдирген. Автоунаанын баасы 8500 АКШ доллары турат.

Аталган учур катталып, Сокулук РИИБде Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жакында ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген эки жаран кармалып, Сокулук РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалган жарандар Аламүдүн районунун жашоочусу 1985-жылы туулган О.А. менен 1985-жылы туулган Б.Х. аттуулар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турат. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

 
Categories

Бишкек шаардык сотто Равшан Жээнбековдун аппеляциялык арызы каралат

Бүгүн Бишкек шаардык соту саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргооо чарасы боюнча аппеляциялык арызды карайт. Бул тууралуу Адиль Турдукулов маалымат каражаттарына билдирди.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков укук коргоо органдары тарабынан Кой-Таш окуясындагы башаламандык, барымтага алуу сыяктуу кылмыштарга шектелип камакка алынган.

 
Categories

ШИИБдин убактылуу кармоочу жайындагылар сууктан улам жылуу кийимдерди кийип отурууга аргасыз болууда

Акыйкатчы аппаратынын мониторинг жүргүзүү боюнча көз карандысыз  тобу жана «Голос свободы» укук коргоо фондунун эксперттери Бишкек шаарындагы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында болушту. Бул тууралуу АКыйкатчынын маалымат кызматы билдирди.

ШИИБдин убактылуу кармоочу жайындагылар сууктан улам жылуу кийимдерди кийип отурууга аргасыз болууда

Буга чейин айрым маалымат булактарында шаардык убактылуу кармоочу жайда кармалгандар үчүн абдан начар шарттар түзүлгөн, тактап айтканда бул жайда жылуулук жок, абдан суук. Мониторинг жүргүзүү учурунда изолятордо кармалгандар дагы камералар абдан суук экендигин, ар дайым шамал уруп, ным болуп турарын эксперттерге айтып беришкен.

Эксперттер камераларды кыдырганда камераларда абанын орточо температурасы 19-20 °C, ал эми абанын нымдуулугу орточо 65% болгон , ошондой эле айрым камералардын дубалдары менен шыбынан тамган тамчылардан улам күрөң тактар пайда болгон. Камактагылар жылуу жууркандардын да жетишпегендигин, терезелерден муздак аба кире тургандыгын дагы белгилешти. Камактагылардын көбү жылуу тыш кийимчен жана топуларды кийип отурушат.

Муну менен катар эле изолятордо кармалгандардын арасында 10 күндөн ашык убакыт отургандар да бар. Мындай учурларда көпчүлүгү алардын документтери (паспорт, форма №1, соттолбогондугу тууралуу маалымкат) жок болгондугу үчүн кармоого туура келерин, анткени тиешелүү документтери жок болгондуктан кармалгандарды тергөө изоляторуна кабыл алышпай тургандыктарын  УКЖ кызматкерлери айтышты. Бул маселе боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан бир канча ирет прокуратура органдарына кайрылуулар жолдонуп, анда жогоруда белгиленгендей кармалгандарга карата мыйзамда каралган мөөнөт сакталбай, мыйзам бузулуп жаткандыгы көрсөтүлгөн эле. Кармоо мөөнөтүнүн  сакталбашы боюнча мындан ары да иштер жүргүзүлөт.

 
Categories

А. Атамбаевге Ниязбековду өлтүрүгө шектелгендиги жөнүндө маалымдама тапшырылды

Айрым маалыматтык агенттиктерде А. Атамбаевдин жактоочусу З. Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге “Альфа” атайын багыттагы командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлтүрүлүшү боюнча расмий түрдө айып тагылган эместигин билдирген. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу ИИМ расмий түрдө билдирет, 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча иликтенип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан, 2019-жылдын 18-ноябрь күнү экспертизаларды эске алуу менен иликтөөлөрдүн жыйынтынгыда жактоочусу С. Слесаревдун катышуусунда А. Атамбаевге  Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча УКМКнын “Альфанын” командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылды.

 
Categories

Акыйкатчынын кызматкерлери Равшан Жээнбеков менен жолугушту

Акыйкатчы аппаратынын өкүлү №1 Убактылуу кармоочу жайга барып,  мурунку депутат Равшан Жээнбеков жана Пайзылда уулу Дамирбек аттуу жаран менен жолугушту. Акыйкатчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда,  жолугушуу учурунда Р. Жээнбеков Акыйкатчынын өкүлүнө убактылуу кармоочу жайында төрт күн жатканын айтты.

Равшан жээнбеков: “Мен жаткан жай аябай муздак. Мындай адам чыдагыс шартта адамдарды камабаш керек. Ал эми УКЖ кызматкерлерине менин дооматым жок, мени кармоо шарттары гана канаттандырбайт”-деген. Экс-депутат Р. Жээнбеков Акыйкатчынын өкүлүнө “ар кандай терс кырдаалдардан качуу үчүн” мезгил-мезгили менен келип байкоо жүргүзүп туруусун өтүндү. Ал өзү жабык мекемелердеги мыйзам бузуулар боюнча ММКга дайыма маалымдап турарын, андан тышкары адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга кайрыларын айтты.

 
Categories

Равшан Жээнбеков 9-февралга чейин камакка алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков  Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен  9-февралга чейин камакка алынды. Мындай маалыматты жактоочу  Замир Жоошев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Эске сала кетсек, буга чейин Равшан Жээнбеков 7-8-августта Кой-Таштагы окуя боюнча Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 1,2,3-бөлүмдөрүндө (массалык башаламандыкты уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыш иштерин жасоого тиешеси бар катары шектелип, кармалган болчу.

 
Categories

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 347 адам бар

Мындай маалымат Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери көз карандысыз эксперттер менен биргеликте  өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармоонун шарттарына байкоо жүргүзүшүү учурунда белгилүу болду.

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 71 жылдыгына карата адам укуктарынын бир айлыгы жарыяланган эле. Буга байланыштуу Акыйкатчы институту  ЖАМК мекемелерине караштуу өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган мекемелерге байкоо жүргүзүүнү улантууда. Байкоо ЖАМКнын төмөнкү мекемемелерин камтыйт: №1 ТК, 16-ТК,19-ТК, Бишкек шаарындагы №1 ТИЗО, Ош шаарындагы 25-ТИЗО жана Нарын шаарындагы 24-ТИЗО.

 
Categories

Өзбекстанда 100 миң калкка 94 соттолгон адам туура келет

Казакстанда 2019-жылдын башына карата пенитенциардык тутумдун жабык мекемелеринде  жаза мөөнөтүн 25 миң 892 соттолгон өтөп жатат (бул сан тергөөдөгү-камактагыларды кошпогондо).  Дагы 34 миң 780 соттолгон жазанын альтернативдүү түрлөрүн өтөөдө. Мындай маалымат Казакстандын Алматы шаарында «Абактагы калктын санын азайтуу жана пробация кызматын өнүктүрүү» аталыштагы экинчи Борбордук Азия II диалогунда  айтылды.

Ал эми Кыргызстанда ушул эле аралыкта ЖАМКнын жабык мекемелеринде 9 миң 315 соттолгон адам бар (бул сан тергөөдөгү-камактагыларды кошпогондо) жана  4 миң 686 адам жазанын альтернативдүү түрлөрүн өтөп жатышат.

Өзбекстанда азыркы учурда 100 миң калкка 94 соттолгон адам  туура келет.

 
Categories

Өлкөбүздө экстремисттик жана террористтик аракеттер менен абакта отургандардын саны 600 гө жетти

Акыркы беш жылдын ичинде экстремисттик жана террористтик аракеттер менен камалгандардын саны үч эсеге өсүп кеткен. Учурда өлкөбүздө мындай аракеттер менен абакта отургандардын саны 600 гө чамалап калган. Алардын жарымы өмүр бою абакка кесилгендер. Бул көрсөткүч  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматында айтылгандыгын  Stanradar.com сайты жазды.

Ошону менене катар эле Кыргызстанда динний радикалдык көз караштагы 20 ар кандай топторго тыюу салынган.

 
Categories

Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмеси жарыяланды

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмесин жарыялады.

Банктагы эсептер

 

1. “Кыргызкоммерцбанк”

2. “Кыргызстан” коммерциялык банкы

3. “Оптима Банк”

4. “Кыргыз-швейцария банкы”

5. “Капитал Банк”

6. Россия-Кыргызстан “Аманбанк”

7. “Толубай” акционердик коммерциялык банкы

8. “РСК Банк”

9. “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”

10. “БТА Банк”

11. “Дос-Кредобанк”

12. “ЭкоИсламикБанк”

13. “Евразия сактык банкы”

14. “Азия Банкы”

15. “Бакай Банк”

16. “Халык Банк Кыргызстан”

17. Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы

18. “Кыргыз инвестициялык-кредит банкы”

19. “ФинансКредитБанк”

20. “Айыл Банк”

21. “Росинбанк”

22. “Бай-Түшүм” банкы

23. “ФИНКА Банк”

24. “Чанг Ан Банк”

25. “Банк Компаньон”

Банктагы ячейкалар кимдерге таандык болгон? Юридикалык жана жеке тараптар

1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович

2. Атамбаева Раиса Минахмедовна

3. “Кыргызавтомаш” ААКы

4. “Апрель-ТВ” ЖЧКсы

5. “Апрель” коомдук фонду

6. “Редакция телерадиокомпании “Канал D” (“Канал Ди”) ЖЧКсы

7. “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеши” (“Республиканский общественный экспертный совет по вопросам устойчивого человеческого развития”) коомдук бирикмеси

8. “Ден соолук жана узак жашоо” медициналык-билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси

9. “Телерадиоуюмдарынын ассоциация” юридикалык жактардын бирикмеси

10. “Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси

Камакка алынган мал-мүлкү. Алмазбек Атамбаевге тиешелүүлөрү:

  • Toyota Land Cruiser, 2000-жылы чыккан;
  • Mitsubishi Pajero, 1997-жылы чыккан;
  • Toyota Land Cruiser, 1998-жылы чыккан;
  • MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа, 1993-жылы чыккан;
  • BMW X5, 2001-жылы чыккан;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, б/н көчөсү;
  • жер тилкеси, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айыл аймагы, квартал “Курорт-рекреациялык аймагы”;
  • жайыт, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • Ден соолукту чыңдоо борбору, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • турак үй, Аламүдүн району, Арашан айылы, Полевой көчөсү;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы, Татыр аймагы.

Раиса Атамбаевага таандык мүлк:

  • Toyota Land Cruiser, 2004-жылы чыккан;
  • Mercedes-Benz 600, 1994-жылы чыккан;
  • ГАЗ 3110, 1999-жылы чыккан;
  • батир, Бишкек шаары, Москва көчөсү;
  • турак үй, Бишкек шаары, Новооктябрь көчөсү.

“Кыргызавтомаш” ААКына таандык мүлк:

  • Бишкек шаарындагы Матросов көчөсүндө киши жашабаган 38 имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндө алты жер тилкеси;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү темир жолу;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү соода борбору;
  • Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү киши жашабаган имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 19 цех;
  • Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү үч батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү дүкөн;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү тогуз кампа;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү резервуар;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп бөлмөлүү үй;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы 17 батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү кеңсе;
  • Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

“Медиа Форум” ААКына таандык мүлктөр:

  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү адам жашабаган имарат;
  • “Форум илимий-өндүрүш фирма” ЖЧКсына таандык мүлктөр;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы жер тилке;

“Апрель-ТВ” ЖЧКсына таандык мүлктөр:

  • Радио, студия ТВ, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • Теле борбор, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • “Апрель” коомдук фонду;
  • “Канал D” (Канал Ди) телерадиокомпания редакциясы” ЖЧКсы;
  • “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш” коомдук бирикмеси;

“Ден соолук жана узак жашоо” медициналык билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси;

“Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси;

“Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси.