Categories

Май айында аба ырайы кандай болот? ӨКМдин божомолу

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында май айында күтүлгөн аба ырайы жана жаан-чачындын көлөмүнүн божомолун жарыялады.

Ага ылайык, келерки айда абанын табы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан 12…17° жылуулукка чейин, күндүз 18…23° жылуулуктан 25…30° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

 Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 15…28° жылуу болот. Жаан-чачын нормадан азыраак жаашы мүмкүн.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 14…29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачын нормадан аз болушу мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

Бул чөлкөмдө айлык температура нормага жакын болуп 17…19°, тоо этектериндеги райондордо 14…16° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан12…17° жылуулукка чейин, күндүз 19…24° жылуулуктан 26…31° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Орточо температура климаттык нормага жакын болуп,  11…13° жылуу болушу күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы 9…14° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Абанын орточо табы 11…13º жылуу болушу болжонууда. күтүлөт. Кээ бир күндөрдө түнкүсүн жана эртең менен Ат-Башы районунда 0…-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы 13…18° жылуулуктан 21…26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачын аз жаайт.

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы 2…4º жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын түнкү температурасы  0…-5° суук,  абанын күндүзгү температурасы  -2…7° жылуулуктан, 10…15º жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачын аз болушу мүмкүн.

Суусамыр өрөөнү 

Бул өрөөндө абанын табы 7…9° жылуу болушу күтүлөт. Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн 0…-5° сууктан, 1…6° жылуулукка чейин, күндүз 13…18° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачын көбүрөөк жаашы күтүлүүдө.

 
Categories

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 20-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мертден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +14…+19 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көлдө +15…+20, Нарын жергесинде +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы Ошто +21…+23, Бишкекте +17…+19 градуска жете

 

 
Categories

Бүгүн көпчүлүк аймактарда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүн, 19-апрелде өлкө аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал багууну кыйындатат.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +18…+23 градус жылуу болот. Ысык-Көл жана Нарында +15…+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26 градуска жетет.

Ал эми Ош шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы +22…+24 градуска жетет. Бишкекте болсо күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +21…+23 градус жылыйт.

 
Categories

Аба ырайы: айрым аймактарда жамгыр жаайт

Бүгүн, 18-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди. 

Республиканын калган аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Таласта +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +20…+25 градус жылыйт.

Ысык-Көлдө +13…+18, Нарында +14…+19 градус болот.

Ал эми 18-апрелде Ош жана Бишкек шаарларында жаан жаабайт. Абанын температурасы Ошто +22…+24, Бишкекте +21…+23 градус жылуу болот.

 
Categories

Шаршембиге карата аба ырайы

Эртең, 17-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +14…+19, Талас облусунда +13…+18 градус жылуу болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +15…+20 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көлдө +13…+18, Нарын облусунда +14…+19 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы Ошто +17…+19 градус болсо, Бишкек шаарында +16…+18 градус жылуу болот.

 
Categories

Шейшемби күнгө карата аба ырайы

Эртең, 16-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул туурасында “Кыргызгидромет” кызматы билдирди. 

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18,

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° болот.

 
Categories

Жума күнгө карата аба ырайы

Өлкөбүздө 12-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, жамгыр төгүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Бийик тоолуу райондордун жолдору тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Талас облусунда +13…+18 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +12…+17 жана Нарын өрөөнүндө +13…+18 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +17…+22 градуска жетет.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы Ошто +19…+21, Бишкекте +17…+19 градус жылуу болот.

 
Categories

Аба ырайы: жамгыр жаап, тоолуу аймактарда карга айланат

Бүгүн,11-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланышын эскертет. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас облусунда +13…+18 градуска жылыйт. Ысык-Көл жана Нарында +13…+18 градуска жетет. Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +15…+20 градуска жетет.

11-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы Ош шаарында +18…+20, Бишкекте +16…+18 градус жылуу болот.

 
Categories

Шаршембиге карата аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 10-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, кар көчкү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 11…16,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 11…16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15 градус болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн 9…11, күндүз 14…16 градус болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

 
Categories

Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы күтүлөт

ӨКМдин маалымат кызматы шашылыш билдирүү таратты. Кыргызстанда 10-12-апрелб күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Алдыдагы күндөрдө күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 132-135 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 76-92 чакырымдарында кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы