Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги билдирди. Картошка айдоо акыркы 3-жыл ичинде 81,0-84,0 миң га аянттын деңгээлинде калууда. 2019-жылга картошканын аянты 81,2 миң га, же өткөн жылдан 3,2 миң га азайышы болжолдонууда. Картөшкөнүн аянттарынын кыскарышынын негизги себеби, 2018-жылда  коңшу Өзбекстан, Казахстанда жана Росиияда картөшкөнүн түшүмдүлүгү жогору болуп, баалардын  төмөндөп кетиши менен түшүндүрүлөт.

2018-жылы картошканын дүң жыйымы 1446,6 миң тоннаны түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 30.6 миң тоннага жогору болгон. 2017-жылы картошканын себүү аянты 83 миң га түзсө, 2018-жылы 84,4 миң га аянты себилген. 2017-жылга караганда 2018-жылы картошка 1,4 миң га аянтка көп себилген. Мурунку жылдарга салыштырмалуу картошканын себүү аянты көп өзгөргөн жок.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз