Бишкекте Кытай өлкөсү тарабынан бөлүнгөн гранттын алкагында “Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү” долбоору боюнча шаардын алты көчөсү оңдолот. Бул тууралуу мериядан билдиришти.

Алар: Абай, Нуркамал, Алтымышев, Репин, Токтогул и Жайыл Баатыр көчөлөрү.

Оңдоо иштери бул айда башталат. Учурда жолдордун жабылуу эрежелери каралууда. Жолдор кезек менен жабылат. Кээ бир жерлерде жылуулук берүүчү трубалар да оңдолот. “Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында 23 жол оңдолот, жалпы узундугу 38 км.

2018-жылы, жалпы 17 жолдун оңдоо иштери жүргүзүлгөн, алардын ичинде Манас, Айтматов, Чүй жана Жибек Жолу проспектилери, Эркиндик бульвары, 7 апрель, Айни, Термечиков, Садырбаев (Баха), Үсенбаев, Үметалиев жана башка көчөлөр.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз