Орусиялык алып баруучу жана ырчы Ольга Бузова Бишкекке келди. Ал соцтүйүндөгү баракчасына Бишкектин кооздугуна суктанганын жазган.

“Кутман таң, Бишкек! Саат 07.00, мейманканага бараткан жолдо күндүн укмуштуудай чыгып келе жатканын көрдүм. Тоолор, таза аба, жаратылыш абдан кооз экен! Эс алууга бара жатам жана сиздер менен боло турчу бүгүнкү жолугушууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн”, — деди Бузова.

Бузова бүгүн, 19-июлда коомдук жайлардын биринде талантын тартуулайт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз