Кыргызстанда инвесторлор чоң киреше издеп экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар. Бул тууралуу Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда билдирди. Иш-чара кечээ, 21-сентябрда өткөн.

Жапаров кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп жатканын, ошону менен бирге зыяндуу калдыктарды коопсуз жайларга жайгаштырууну камсыз кылуу, таштандыларды утилизациялоо сыяктуу экологиялык кесепеттерди өздөрү чечүүгө аргасыз болуп жатканын белгилеген.

“Тилекке каршы, Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү деңгээлде кам көргөндүн ордуна экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар. Отуз жыл бою Кыргызстан туруктуу өнүгүү көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин чечүү үчүн эл аралык аренада деңизге чыга албаган тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү илгерилетип келет”, – деген өлкө башчы.

Президент өлкөнүн демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 2002-жыл “Эл аралык тоолор жылы” деп жарыяланганын билдирген. Ошол эле жылы Бишкекте биринчи глобалдык тоо саммити, ал эми 2018-жылы IV дүйнөлүк тоо форуму өткөрүлгөн.

Ошондой эле БУУнун сессиясында “Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобунан” 2022-жылды кайрадан “Эл аралык тоолор жылы” деп жарыялоону, ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитип, 2027-жылы “Бишкек+25” глобалдык саммитин өткөрүүнү демилгеледи.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.