Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-апрелде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. 

Анда өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча чаралар жана маселелер  талкууланды. 

Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын президентинин  жарлыгы менен 2018-жылдын 13-майына дайындалган жергиликтүү кеңештерге  шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. 

Шайлоо дайындалган алты жергиликтүү кеңештин ичинен Жалал-Абад областынын  Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине жана Чүй областынын Сокулук  районунун Сокулук айылдык кеңешине шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт. 

«Токтогул шаардык кеңешине шайлоого 6 партия катышат, алар 21 мандат үчүн  күрөшөт. Шайлоого үгүт иштери башталды. Шайлоо комиссияларынын курамдары  бекитилди», – деп билдирди Нуржан Шайлдабекова. 


Булак: NewTV

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз