Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемасы менен чектерин бекитти. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Парламентке пропорционалдык жол менен тизме аркылуу партиялардан келген талапкерлердин ичинен 54 депутатты шайлоо Кыргызстандын бардык аймагында бирдиктүү шайлоо округу менен болот. Муну менен катар өлкө аймагынан сырткары жашаган добуш берүүчүлөр бирдиктүү шайлоо округуна катталат деп эсептелет.

“Мажоритардык система менен ЖКнын 36 депутатын шайлоо үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт”, — деп айтылган маалыматта.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын аныктоо боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ага облустардагы жана райондордогу мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери катышкан.

Бир мандаттуу округдарды түптөө үчүн БШК элди каттоо, жер ресурстарын тескөө боюнча иш алып барган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарына таянган.

“4-сентябрда шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 687 миң адамды түздү. Ал эми сыртта жүргөндөрдү эсепке албаганда 3 миллион 617 миң адам болду”, — деп билдирди БШК.

Бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлерди көрсөтүү округдардын тизмеси расмий жарыялангандан тарта башталып, добуш берүүгө 45 календарлык күн калганга чейин аяктайт. БШК эсептеп көрүп, бул 13-октябрь болуп каларын кошумчалады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.